Кыргыз республикасынын билим бepyy жана илим



Pdf көрінісі
бет3/30
Дата04.01.2022
өлшемі469,88 Kb.
#129147
түріДиссертация
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   30
Байланысты:
1484375650 avtoreferat (1)
autoref-sovershenstvovanie-algebraicheskoi-podgotovki-uchashchikhsya-5-6-klassov-sredstvami-informat, moluch 112 ch10
Байсеркеев А. Э.

 



 

ИЗИЛДӨӨНҮН ЖАЛПЫ МҮНӨЗДӨМӨСҮ 



Изилдөөнүн  актуалдуулугу.

  Жогорку  окуу  жайларында  билим 

берүү  учурда  төмөндөгүлөр  менен  мүнөздөлөт:  билим  берүүнүн 

өнүгүүсүнүн  инсандын  шыктуулугуна  жана  билиминин  сапатына  көз 

карандылыгы;  коомдун  туруктуу  өнүгүшү,  анын  билимдүүлүк  менен 

тыгыз байланышы; кесипке багыттап окутуунун керектүүлүгү. 

Азыркы  коомдун  талабына  ылайык  келген  адистерди  даярдап 

чыгаруу  проблемалары  боюнча  Кыргыз  Республикасында  бир  кыйла 

маанилүү документтер каралган: «2020-жылга чейин КРда билим берүүнү 

өнүктүрүү  концепциясы»  (2012-жыл),  «КРда  жогорку  кесиптик  билим 

берүүнүн  эки  деңгээлдүү  түзүмүн  белгилөө  жөнүндөтоктому»  (2011-

жыл) ж.б. 

Адистерге 

атаандаштыкка 

туруштук 

бере 


ала 

тургандай 

даярдыктарды  берүү,  социалдык  жана  кесиптик  мобилдүүлүккө  ээ 

болушун камсыз кылуу, өз жашоосундагы инсандык деңгээлин өнүктүрүү, 

бүтүрүүчүлөрдүн 

болочоктогу 

кесибине 

компетенттүү 

болушун 

калыптандыруу,  кесипке  багыттап  билим  берүүнүн  актуалдуулугун 

көрсөтөт. 

Жогорку  окуу  жайлар  (ЖОЖ)  адистин  болочоктогу  кесиптик 

ишмердүүлүгүнүн  фундаментин  түптөөгө,  инсандын  чыгармачылык 

өнүгүшүнө,  адамдын  мүмкүнчүлүктөрүнүн,  керектөөлөрүнүн,  таанып 

билүү  өзгөчөлүктөрүнүн  негизинде  өз  жашоосунун  жеке  программасын 

тандай билүүсүнө түрткү берүүгө милдеттүү.  

Гуманитардык  адистиктеги  студенттерге  математиканы  окутуунун  ар 

түрдүү  аспектилери  Т.А.Гавазанын,  Г.В.Дорофеевдин,  С.Ю.Жолковдун, 

P.M.Зайкиндин,  Г.Г.Левитастын,  И.Прошлецованын,      Н.Х.Розовдун, 

Т.Н.Тарасованын, Е.В.Шикиндин эмгектеринде жана С.И.Бордаченконун, 

А.Д.Иванованын,A.B.Макееванын, 

Н.В.Набатникованын, 

A.A.Соловьеванын ж.б. диссертацияларында берилген.  

Кыргызстандын  ЖОЖдорунда  математиканы  окутуу  маселелеринин 

айрым 

аспектилери 



 

З.Абдывасиеванын, 

Ш.А.Алиевдин, 

А.А.Акматкуловдун,И.Б.Бекбоевдин, 

Дж.У.Байсаловдун,С.К.Калдыбаевдин,Н.К. 

Кайдиеванын,Т.А. 

Курамаеванын,М.Т. 

Раеванын, 

Г.А.Салиеванын, 

К.М.Төрөгелдиеванын,М.М.Шайланованын 

ж.б. 

эмгектеринде 



чагылдырылган. 

Бүгүнкү 


күндө 

жогорку 


кесиптик 

билим 


берүүнү 

фундаменталдаштыруунун  көрүнүшү  болуп,  гуманитардык  багыттагы 

адистерди даярдоо системасына табигый-илимий дисциплиналардын жана 

математиканын 

кириши 

эсептелет.Гуманитардык 

багыттагы 

студенттердин  математикалык  даярдыктарга  ээ  болушу  объективдүү 




 

себептерге 



шартталган:кесиптик 

гуманитардык 

ишмердүүлүктө 

математикалык ыкмалардын кеңири колдонулушу; татаал социалдык укук 

таануунун 

кубулуштарын 

жана 

процесстерин 



 

математикалык 

моделдештирүү аркылуу аныктоо.  

Гуманитардык  багыттагы  студенттерге  математиканы  окутууда 

болочоктогу 

адистик 


ишмердүүлүгүнө 

карата 


математиканын 

жеткиликтүү  жана  ишенимдүү  мисалдардын  жоктугунан,  алар    бул 

предметтин пайдасы жок деп эсептешет. 

Ошол эле учурда математика юридикалык объектилерди изилдөөнүн 

инструменти  катары  көп  колдонула  тургандыгы  илимий  талдоолордон 

тастыкталды: 

нормативдүү-укуктук, 

криминалогиялык, 

кылмыш-

статистикалык  маалыматтар  математикалык  иштеп  чыгууларды  жана 

интерпретациялоону 

талап 


кылат. 

Бирок 


юристтер 

өздөрүнүн 

ишмердүүлүгүндө  мамлекеттик  укуктук  көрүнүштөрдүн  өзгөчөлүгүн 

билүү  менен  аларды  анализдөөдө  математикалык  ыкмаларды  жана 

аналитикалык аппараттарды колдонууну биле беришпейт. 

Биздин    республикадаЖОЖдо  болочок  юристтерге  математика 

курсун  окутуунун  көйгөйлөрү  боюнча  багытталган  илимий  изилдөөлөр 

саналуу  гана.  П.С.  Панковдун  изилдөөсүндө  дипломаттар  жана  юрист 

адистигиндеги  студенттерге  математикалык  билим  берүүнүн  теориялык 

жана методикалык негиздери каралып, бирок кесипке багыттап окутуунун 

методикалык  шарттары  кеңири  каралган  эмес.Болочоктогу  юристтерге 

математиканы  окутуу  көйгөйлөрү  боюнча  орус  окумуштуулары 

Д.Ф.Богатов, Ф.Г.Богатов, P.M. Зайкин, Т.Н. Тарасова,Н.Б.Тихомиров ж.б.  

бир  катар  изилдөөлөрдү  жүргүзүшкөн.  Мында  P.M.Зайкин,  Т.Н.Тарасова 

өз  эмгектеринде  болочоктогу  юристтерге  математиканы  окутууда 

дисциплина  аралык  комплекстерди  колдонууну  карашкан.Ал  эми  Д.Ф. 

Богатов,  Ф.Г.Богатов,  Н.Б.Тихомиров  ЖОЖдордо  кесипке  тиешелүү 

мазмунду  берүүнү  сунушташкан.  Бирок  бул  изилдөөлөрдө  болочоктогу 

юристтерди  математикага  окутуунун  толук  методикалык  системасы 

иштелип чыккан эмес.  

Изилдөө  жүргүзүлүп  жаткан  проблема  боюнча  илимий-теориялык 

жана  практикалык  кеңири  анализ  жүргүзүүнүн  негизинде  болочоктогу 

юристтерге  математика  курсун  окутууда  төмөндөгүдөй 



Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   30




©engime.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет