Биринчи глава
«Болочоктогу юристтерге математиканы кесипке
багыттап окутуунун негиздери» деп аталып, изилдөөнүнбиринчи жана
экинчи милдеттеринин чечилиши баяндалды.
Окутууга болгон компетенттүү мамиле, дүйнөлүк билим берүү
системасында эң негизги багыттардын бири болууда. Болочок
юристтердин өздөштүргөн математикалык даярдыктарын, кесиптик
ишмердүүлүктөрүндө
колдонуу
мүмкүнчүлүгү,
негизги
компетенттүүлүктөргө кирет.
Окуу процессине кесипке багыттоо принцибинин негизинде
юридикалык тематикадагы кесипке багытталган тапшырмаларды
киргизүү, болочоктогу юристтердин математикага болгон кызыгуусун
жогорулатууга шарт түзүү менен математикалык даярдыгынын сапатын
жогорулатууга алып келет. Математиканы окуу процессинде талдоо
жүргүзүүнү, гипотезаны фактыдан айырмалай билүүнү, алдыга коюлган
милдеттин маанисин түшүнүүнү, жыйынтыгын алдын ала божомолдой
алууну, схемалаштырууну, моделдештирүүнү ж.б.у.с үйрөнөт.
Жогорку кесиптик билим берүүнүн 530500 юриспруденция багыты
боюнча Мамлекеттик билим берүү стандарты «Билим берүү жөнүндө»
КРдинмыйзамына ылайык, иштелип чыккан жана КРдин Өкмөтү
аныктаган тартипте бекитилген. Стандарт боюнча, математика
дисциплинасына 60 саат бөлүнгөн: 14 саат лекция, 16 саат семинар, 4 саат
студенттердин мугалим менен биргеликте иштеген өз алдынча сабак, 26
саат өз алдынча иштөө.
Жогорудагы изилдөөлөрдөн, болочок юристтерге математиканы
окутуу төрт аспектти эске алуу менен жүзөгө ашырылышы керек деген
корутундуга келебиз. Биринчиден, студенттер ой-жүгүртүүлөрдү туура
жүргүзүүгө үйрөнүүгө, өз көз карашын аргументтештирүүгө жана туура
эмес корутундуларды четке кагууга мүмкүндүк бере турган
математиканын негиздерин билүүсү керек (көптүктөр теориясы, логика,
катыштар теориясы). Экинчиден, студенттерди конкреттүү кесиптик
тармакта колдонула турган математикалык методдор менен тааныштыруу.
Үчүнчүдөн, бул билимдерди кесипке колдонууну өздөштүрүү.
Төртүнчүдөн, математикалык түшүнүктөрдүн келип чыгуучу таанып-
билүү структурасындагы өзгөчө орунун эске алуу.
Жогорудагы билгичтиктерди өркүндөтүүнүн эффективдүү каражаты
болуп атайын тандалган кесипке багытталган тапшырмалардын
системасы эсептелет.
Окутууну кесипке багыттоо маселелерине
М.И. Дьяченко, Л.А. Кандыбович, М.И. Махмутов, Ю.М. Колягин,
Н.А.Терешин, С.И. Шапирож.б. белгилүү окумуштуулардын иштери
арналган.Алар, кесипке багыттап билим берүүнү, инсандын кесипке
9
карата өзүн-өзү аныктоосун, анын тигил же бул эмгек чөйрөсүнө карата
мамилесин өркүндөтүү процесси деп түшүндүрөт.
М.И. Дьяченко менен Л.А. Кандыбович кесипке багытталгандык –
бул өз билимдерин, тажрыйбасын, жөндөмдөрүн тандап алган кесиби
тармагында колдонууга жекече умтулуусу деп карашкан.
Аталган изилдөөлөрдөн окутуунун кесипке багытталышы өзүнө
колдонмо багытын камтый тургандыгы жана предметтер аралык
байланыштардын көрүнүшү деген корутунду чыгарсак болот.Ошондой
эле инсандын кесиптик жактан олуттуу сапаттарын жана математикалык
даярдыктарын өркүндөтүүгө түздөн-түз жардам берет деген бүтүм
чыгарабыз.
Мындан, «Математика» курсу боюнча кесипке багытталган
тапшырмаларды окутуу процессине киргизүүгө карата төмөндөгү жобо
иштелип чыкты: математика курсуна студенттер үчүн кесиптик мааниси
бар математикалык түшүнүктөр менен методдорду берүү, болочок кесип
менен байланышын ачып көрсөтүүчү тапшырмаларды түзүү;болочок
юристтерге математиканы окутууда математикалык даярдыктарын
өркүндөтүүчү окуу ишмердүүлүктөрүн уюштуруу.
Достарыңызбен бөлісу: |