12
Структуралуулукпринциби
системага камтылган элементтеринин
арасындагы байланыштарды чагылдырат.
Үзгүлтүксүздүк принциби
, кесипке багытталган тапшырмаларды өз
ара байланыштырып улануучулук ыкмасы менен пайдаланууга багыт
берип турат.
Кесиптик маанилүү мазмунду баскычтар менен кароо принциби,
тематикалык өз ара байланыштагы чынжырында ишке ашырылат
(үйрөнгөндү колдонуу, окулгандарды жалпылоо жана системалаштыруу).
Жогоруда иштелип чыккан жоболорго жана принциптерге таянып
болочок юристтерге окутулуучу «Математика» курсуна кесипке
багытталган математикалык тапшырманы түзүүгө жана аны окутуу
процессине киргизүүгө карата төмөндөгү талаптар иштелип чыкты:
- тапшырманын мазмунун тандоо, ага дал келе турган субъекттин,
объекттин жана процесстердин элементтеринин сандык жана сапаттык
мүнөздөмөлөрүн берүү;
- математикалык мазмунуна киргизилбеген чоңдуктардын тапшырманын
мазмуну менен дал келүүсү үчүн тиешелүү жардамчы элементтерди
киргизүү жана алардын математикалык мүнөздөмөлөрүн берүү;
- математикалык
мүнөздөмөлөргө
белгилүү
жана
белгисиз
маанилердин мазмунунун элементтерин берүү;
- кесипке багытталган математикалык тапшырманын шарттарын жана
талаптарын түзүү.
Математика курсун окутууда юридикалык курстар менен
байланыштыруу төмөндөгүдөй функцияларды аткарат:математикалык
билимдерди
системалаштыруу;математикалык
билимдерди
өздөштүрүүнүн деңгээлин жогорулатуу;билимдердин бышыктуулугун
камсыз кылуу жана улануучулук принцибин ишке ашыруу;практикалык
маселелерди чечүүдө математикалык жана юридикалык билимдерди
комплекстүү колдонуу.
Иштелип чыккан негизги принциптерге жана талаптарга таянуу
менен болочок юристтердин математикалык даярдыктарын кесипке
багытталган тапшырмалар аркылуу өркүндөтүүнүн модели түзүлдү, ал
2-сүрөттө берилди.
Болочок юристтердин математикалык даярдыктарын кесипке
багытталган тапшырмалар аркылуу өркүндөтүүнүн моделитөмөнкү
мазмунга ээ: Математика курсун окутууда юридикалык кесипке багыттоо
үч багытта каралат: түзүүчүлүк, өркүндөтүүчү жана методологиялык.
Түзүүчүлүк багыт, прикладдык мисал-маселелердин жардамы менен иш
жүзүнө ашырылат. Методологиялык жана өркүндөтүүчү багыттарында,
математика юридикалык дисциплиналар менен интегралдашып, кесиптик
компетенттүүлүктөр жана математикалык даярдыктары өркүндөтүлөт.