Диссертациянын темасынын илимий изилдөө иштери менен
байланышы:
Диссертациялык изилдөөнүн темасы Кыргыз мамлекеттик юридикалык
академиясынын жана И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик
университетинин илимий-изилдөө иштеринин тематикалык планы менен
байланышта.
Изилдөөнүн максаты:
Жогорку окуу жайларында болочок
юристтердин математикалык даярдыктарын кесипке багытталган
тапшырмалар аркылуу өркүндөтүүнүн методикасын иштеп чыгуу жана
аны окуу процессине киргизүү.
Изилдөөнүн максатына жетүү үчүн төмөндөгү
милдеттер
коюлду:
-
коюлган проблема боюнча психологиялык, педагогикалык,
методикалык
жана
математика
боюнча
адабияттарга
илимий-
методикалык анализ жүргүзүү;
-
болочок юристтерге математика курсун окутуунун учурдагы абалын
аныктоо;
-
болочок юристтердин математикалык даярдыктарын кесипке
багытталган тапшырмалар аркылуу өркүндөтүүнүн моделин иштеп чыгуу
жана аны эффективдүү колдонуунун шарттарын аныктоо;
-
моделди ишке ашыруунун технологияларын иштеп чыгуу;
-
иштелип чыккан моделдин натыйжалуулугун эксперимент аркылуу
текшерүү жана жыйынтыгын жалпылоо.
Коюлган милдетти чечүүдө төмөндөгүдөй
Достарыңызбен бөлісу: |