Литература
Бадретдинов С. М. За жизнью – жизнь. Уфа: Китап, 1996. 224 с. (на башк. яз.).
{Badretdinov S. M. After life – comes life. Ufa: Kitap, 1996. 224 p. (in Bashkir)}.
Султангареев Р. Г. Очерки. Уфа: Башкирское книжное издательство, 1991. 228 с. (на
башк. яз.). {Sultangareev R. G. Essays. Ufa: Bashkir publishing house, 1991. 228 p. (in Bashkir)}.
УДК 811.512.154'28
Ясин Севим, Турция
АТООЧТУКТУН КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ ИЗИЛДЕНИШИ
ИЗУЧЕНИЕ ПРИЧАСТИЙ В КЫРГЫЗСКОМ ЯЗЫКЕ.
В грамматике кыргызского языка вопросы
разграничения причастия и омонимичных глагольных форм не достаточно изучены. В статье обсуждаются
вопросы, связанные с изучение причастий в кыргызском языке и предлагаются формальные методы
разграничения омонимичных явления.
Ключевые слова:
кыргызский язык, причастие, история изучения.
THE STUDY OF PARTICIPLES IN THE KYRGYZ LANGUAGE.
In the grammar of the Kyrgyz language, the
issues of demarcation of participle and homonymous verb forms are not sufficiently studied. The article discusses issues
related to the study of participles in the Kyrgyz language and suggests formal methods for distinguishing homonymous
phenomena.
Keywords:
Kyrgyz language, participles, history of the study.
Кыргыз тилиндеги атоочтуктар жөнүндө биринчи жолу 1939-жылы жарык көргөн
У.Бактыбаевдин грамматикасынын этиш бөлүмүндө маалымат берилген. Бирок бул эмгекте
атоочтуктар өзүнчө категория катары берилбей, жалпы этиштердин курамында каралып,
атоочтуктарды уюштуруучу бир гана
-ган
формасы көрсөтүлөт [Бактыбаев
, 1943
]. Ал эми
1940-жылы басылып чыккан Ү.Асылбековдун «Грамматика. I бөлүк. Морфология» аттуу
окуу китебинде атоочтуктар
этиштик атооч
термини менен өзүнчө категория катары
көрсөтүлүп, аларга «өзүнүн этиштик мааниси менен формасын сактоо менен бирге атоочтук
мааниге да ээ болгон этиштер этиштик атооч» деген аныктама берилет [Асылбеков
, 1940,
23
]. Ушундан баштап атоочтуктар өзүнчө бөлүнүп иликтене баштаган. Бул эмгекте
атоочтукту уюштуруучу мүчөлөр катары -
ган, -ар, -бас, -оочу, -уучу
мүчөлөрү көрсөтүлөт.
Ошондой эле, автор -
ачак
мүчөсүн атоочтук мүчө катары өзүнчө бөлүп көрсөтпөй туруп,
аталган мүчө аркылуу жасалган
болочок
деген сөздү да атоочтук катары мисал келтирет.
Биздин оюбузча, бул жөнүндө С.Кудайбергенов: «Бул мүчө кээ бир түрк тилдеринде
атоочтуктарды уюштуруучу мүчө болгону менен кыргыз тилинде жок, жана ал «болочок»,
«келечек» деген сөздөрдө гана сакталган, бирок алар этиштик маанисинен ажырап, зат
атоочтук маанисинде колдонулат» - деп туура белгилеген [Кудайбергенов
, 1956
].
Ү.Асылбековдун грамматикасында да атоочтук сүйлөмдө көбүнчө аныктоочтук милдет
аткарып, жөндөмө, жак, таандык мүчөлөр менен өзгөрбөй тургандыгы көрсөтүлөт
[Асылбеков
, 1940
].
И.А.Батманов
-ган, -ар, -бас
көрсөткүчтөрүн гана атоочтук формалар катары көрсөтүп,
Ү.Асылбековдун грамматикасында берилген
-оочу, -уучу
формасы жөнүндө сөз кылган эмес
[Батманов
, 1940,
17-24]. Бул кемчиликтер К.Бакеевдин 1943-жылы чыккан «Морфология. 1
бөлүк» аттуу окуу китебинде да, 1948-жылы басылган «Кыргыз тилинин грамматикасы»
деген окуу китебинде да кайталанып, -
оо, -уу, -ыш, -мак
сыяктуу кыймыл атоочторду
231
уюштуруучу мүчөлөр да атоочтук мүчө катары жаңылыш киргизилген. К.Бакеев
атоочтуктарга: «этиштин уңгусуна тийиштүү мүчөлөр уланып, бирде этиш маанисинде,
бирде атооч маанисинде болгон жана атоочторчо өзгөргөн этиштин түркүмүн атоочтук
дейбиз» деген туура эмес аныктама берген [Бакеев
, 1943,
125; Бакеев
1948,
128-130].
Анткени атоочтуктар, бул аныктамада айтылгандай, бирде этиштик маанисинде, бирде
атоочтук маанисинде болбостон, бир эле мезгилде атоочтук да, кыймыл-аракеттик да
мааниге ээ болот.
Ы.Жакыпов, Д.Майрыков, С.Турусбековдордун грамматикасында
Достарыңызбен бөлісу: |