РәСӘй халыҡтары телдәре диалектологияһының КӨНҮҘӘк мәСЬӘЛӘЛӘре XVIII бөтә Рәсәй фәнни конференция материалдары



Pdf көрінісі
бет179/200
Дата18.04.2023
өлшемі2,67 Mb.
#174842
1   ...   175   176   177   178   179   180   181   182   ...   200
Байланысты:
Dialectology-2018

-ган, -ар, -бас, -оочу/-
уучу
мүчөлөрү менен бирге жогоркудай кыймыл атоочту уюштуруучу мүчөлөр атоочтук
мүчөлөр катары көрсөтүлүп, атоочтуктарга «этиштик формада туруп, атооч маанисинде
колдонулган сөздөрдү атоочтук дейбиз» деген так эмес аныктама берилген [Жакыпов,
Майрыков, Турусбеков
, 1954, 
215-217].
Д.Исаевдин мектептер үчүн жазылган окуу китебинде да ушундай кемчиликтер
кездешет [Исаев
, 1951
]. Китептин 2-басылышында атоочтук формалар мурдагыдан бир топ
такталып, алардын курамынан
-ыш, -мак, -оо, -уу
мүчөлөрү чыгарылып салынган, бирок
атоочтуктун негизги формаларынан болгон 
-ар, -бас
мүчөлөрү да киргизилбей калган. Анда
атоочтуктарга «этиш сөздөрдүн сын атооч сыяктуу белгилерди билдирген формалары
атоочтук деп аталат» деген атоочтуктардын табиятын бир жактуу (сын атооч сыяктуу
белгини билдиришин) гана камтыган аныктама берилген [Исаев
, 1951, 
182]. 
Атоочтук формалар С.Кудайбергеновдун 1956-жылкы макаласында бир кыйла
такталып,
-оо, -уу, -ыш, -мак
мүчөлөрү кыймыл атоочту уюштуруучу мүчөлөр экендиги
көрсөтүлгөн. Ал 
-ган, -ар, -бас, -оочу / -уучу
мүчөлөрү менен бирге, 
-а,-е (й) + элек
жана -
а,
-е (й) + турган
формаларын да атоочтукту уюштуруучу мүчөлөрдүн катарына киргизген,
ошондой эле атоочтук формалардын тарыхына кыскача экскурс жасап өткөн. Автор
-ган
мүчөсүнүн мааниси байыркы түрк тилдеринде
-мыш, -дык
мүчөлөрү аркылуу
берилгендигин, ал эми азыркы кыргыз тилинде кийинки формалар сенек түрдө
турмуш,
жазмыш, Токтомуш
өңдүү сөздөрдүн курамында сакталгандыгын белгилейт
[Кудайбергенов
, 1956
]. Ч.Хидирова «кыргыз тилиндеги 
-мыш, -дык
формаларын атоочтуктун
тарыхый формалары деп атоо туура. Анткени жогоркудай сөздөр азыркы кыргыз тилинде
атоочтук катары колдонулбайт жана бул формалар аркылуу азыркы мезгилде атоочтуктар
жасалбайт. Мына ушундай эле формалардын катарына сөз болуп жаткан макалада, К.К.
Юдахиндин сөздүгүндө, 1920-жылдардагы айрым жазуучулардын чыгармаларында
кездешери белгиленген
-асы, -еси
формасын да киргизүүгө болот. Мындай форма азыркы
учурда колдонулбайт» - деп белгилейт [Хидирова
, 2006,
21]. 
М. Мураталиев «Кыргыз тилиндеги этиштик сыпаттар жөнүндө» деген 1960-жылкы
макаласында 
-ган,-ар, -бас, -оочу / -уучу
формалары менен бирге 
-а, -е (й); -ып, -п+жүргөн,
жаткан, турган
сыяктуу мүчөлөрдү да атоочтуктарды уюштуруучу татаал формалар катары
көрсөтөт [Мураталиев, Турсунов
, 1961,
33]. Мисалы:
Карап турган
дубана кайып болду
көзүнөн.
Байкап турган 
адамдар жыгуудан күдөр үзүптүр («Манас»). Мындагы
карап
турган, байкап жүргөн
 
деген атоочтуктар 
-ган
формасынын 
карап жүр, байкап жүр
деген
татаал этиштерге жалгануусу аркылуу жасалды. 
Окумуштуунун бул пикири да кыргыз тил илиминде талаш маселени жаратат. Алсак,
Ч.Хидирова
-ган, -ар, -бас, -оочу/-уучу
формалары менен бирге
-а, -е (й); -ып, -п+жүргөн,
жаткан, турган
сыяктуу көрсөткүчтөрдү атоочтуктун татаал формалары деп эсептөө туура
эмес деп эсептейт: «Эгерде жогоркудай формаларды атоочтукту уюштуруучу татаал
формалар дей болсок, анда
-а, -ып, -п
түрүндөгү чакчыл этиштерге
сал, кой, ташта, бер
ж.б.у.с. этиштердин айкашып келүүсү аркылуу түзүлгөн этиштерге 
-ган
формасы жалганган
учурда,
-ып, -п
+
салган, койгон, таштаган, берген
деген сөздөрдү да атоочтуктун татаал
232


формасы деп атоого туура келет. Бул болсо, чындыкка такыр жакындашпайт. Мисалы:


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   175   176   177   178   179   180   181   182   ...   200




©engime.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет