турганы
да, сырткы кебетеси да кадимки өкмөтчүлөргө окшош (Т.С.).
Бараарың
чынбы?
Ошол эле маалда
-дай
мүчөсү менен келген учурда атоочтуктар мындай касиетке ээ боло
албайт. Мисалы: Баргыдайың чынбы? деп айтылбайт»- деп туура белгиленген [Хидирова
,
2006,
23].
Грамматикада «функционалдык атоочтуктар» деген түшүнүк киргизилип, аларга
төмөнкүдөй мүнөздөмө берилет: «Функционалдык атоочтуктар этиштин чактык формалары
боло алышпайт, бирок аныктоочтук орунда атоочтук катарында
кыймыл-аракетти заттын
белгиси катарында көрсөтөт. Алар
-гылык, -максан, -аган,-еген
мүчөлөрү аркылуу уюшулат»
[Давлетов, Кудайбергенов
, 1980,
186].
Функционалдык атоочтуктардын нагыз атоочтуктардан айырмачылыгы чактык маанини
билдире албагандыгында гана эмес, аныктоочтук милдетте гана атоочтук касиетке ээ болуп,
ал эми башка учурларда башка сөз түркүмдөрүнө жакындашып, аларга өтүп кетишинде да.
Сал.: 1.
Ит тургулук
жер эмес. 2.
Көргүлүктү
көрөсүң. Биринчи мисалда
-гылык
мүчөсү
менен келген сөз атоочтук болуп турат да, ал эми экинчи мисалда
-гылык
мүчөсү аркылуу
жасалган сөз зат атоочко жакындашат. Мындай мүчөлөрдүн дагы бир мүнөздүү касиети
пассивдүүлүгүндө [Хидирова
, 2006,
24].
1980-жылдардан кийинки илимий грамматикаларда атоочтуктардын синтаксистик
табиятына көбүрөөк көңүл бурула баштаган, бирок толук, системалуу түрдө берилген эмес.
1982-жылдан бүгүнкү күнгө чейин кыргыз тилиндеги атоочтуктарга арналган үч
кандидаттык диссертация жазылган [Мусаев
, 1982
; Кеңешбекова
, 1988
; Хидирова
, 2006
].
Н.А.Кеңешбекова кандидаттык диссертациясында кыргыз
жана орус тилдериндеги
атоочтуктарды салыштырма-типологиялык аспектиде иликтегендиктен, эки тилдеги
атоочтуктарды салыштырууга көп көңүл бурулуп, кыргыз тилиндеги атоочтуктардын
семантика-грамматикалык функциялары иликтенген эмес [Кеңешбекова
, 1988
].
Кыргыз
тилиндеги, дегеле түрк тилдериндеги атоочтук конструкциялардын синтаксистик табиятын
ачып берүүдө өзгөчө ролду С.Ж. Мусаевдин эмгеги ээлеп тургандыгын баса белгилеп кетүү
зарыл. Анткени бул эмгекте атоочтук конструкциялар жаңыча багытта иликтенип, түрк
тилдеринде атоочтук конструкциялардын парадигматикалык жана деривациялык типтерин
изилдөөгө биринчи жолу кадам шилтенген [Мусаев
, 1982
].
С.Ж. Мусаев кыргыз тилиндеги атоочтук конструкцияларды иликтеп, алардын
грамматикалык табиятын, семантика-функционалдык типтерин, синтаксистик функцияларын
кеңири ачып берген. Автор атоочтук конструкцияларды багыныңкы сүйлөмдүк жана
түрмөктүк деңгээлде карап, атоочтук түрмөктөрдүн парадигматикалык типтерин (үч негизги
тип жана 43 ядролук структуралык типтердин схемасын, 37 ички структуралык моделдердин
схемасын) схемалаштырып берген. Кыргыз тилиндеги атоочтук түрмөктөрдүн синтаксистик
функцияларын иликтеген. Ошондой эле атоочтук түрмөктөрдүн
бир составдуу же эки
составдуу болорун белгилеген. Булардын ичинен бир составдуу атоочтук түрмөктөр өзгөчө
кеңири каралган [Мусаев
, 1982
].
Ч.Х.Хидированын эмгегинде атоочтуктардын семантикалык-грамматикалык табияты,
синтаксистик кызматы менен деривациялык типтери андан ары тереңдетилип иликтенген.
Автор негизги атоочтуктарды семантикалык-грамматикалык жактан нагыз атоочтуктар;
затташкан атоочтуктар; заттык функциядагы атоочтуктар: а) кыймыл атоочтук маанидеги
атоочтуктар, б.а., актанттык атоочтуктар; б) сирконстанттык атоочтуктар; 4) окшоштуруу,
салыштыруу, болжолдоо маанисиндеги атоочтуктар деген топторго бөлүп карайт. Атоочтук
түрмөктөрдүн гана эмес, жөнөкөй жана татаал атоочтуктардын да семантика-грамматикалык
кызматын жана деривациялык типтерин терең жана системалуу изилдөөгө алат [Хидирова
,
2006
].
234
Кыргыз жана түрк тилдеринин салыштырма грамматикасын жазган окумуштуулардын
эмгектеринде да атоочтуктар жөнүндө маалыматтар берилген [Садыков, Сагынбаева
2010;
Сагынбаева, Дербишева
2014
].
Кыргыз жана түрк тилдеринин салыштырма грамматикасында атоочтуктар (
sıfat fiiller
)
этиштин өзгөчө формаларынын бири деп каралат. Кыймыл-аракетти, чакты билдиргендиги
жагынан этиштик касиетке ээ болсо, заттын белгисин билдиргендиги жагынан сын атоочко
жакын келет. Ошондуктан атоочтуктар сүйлөм ичинде мүнөздүү түрдө аныктоочтук
милдетти аткарары белгиленип:
okunacak kitap - окулуучу китеп, solmuş çiçek - соолуган гүл,
kırılmaz cam - сынбас айнек ж.б.у.с.
мисалдар келтирилген. Атоочтукту уюштуруучу
мүчөлөр катары -
an/-en, -mış /-miş/ -muş/ -müş, -r /-ar/ -er/ -ır/ -ir/ -ur/ -ür, -acak /-ecek, -maz
/-mez, -ası /-esi, -dık /-dik/ -duk/ -dük
формалары көрсөтүлүп, алардын маанилери мисалдар
менен түшүндүрүлгөн [Садыков, Сагынбаева
, 2010,
242-243].
Кыргыз жана түрк тилдеринин
,
башка салыштырма грамматикасында атоочтуктардын
түшүндүрмөсү андан ары кеңейтилип «Этиш сөздөрдөн жасалып, кыймыл-аракетти заттын
белгиси катарында көрсөтүп, сүйлөмдө баш жана айкындооч мүчөлөрдүн милдетин аткаруу
менен этиштик жана мамиле категорияларынын өзгөчөлүктөрүнө ээ болгон сөздөр
атоочтуктар деп аталат» деген аныктама берилген. Атоочтуктардын этиштик жана атоочтук
белгилери, атоочтук түрмөктөр жөнүндө кыскача маалымат көрсөтүлгөн [Сагынбаева,
Дербишева
, 2014,
188-190]
Ошентип, жогортодогу серептен төмөнкүдөй жыйынтык чыгат:
1. Азыркы кыргыз тилинде
-ган, -ар, -бас, -оочу/ -уучу, -а, -е (й) +элек, -гандай, -гыдай,
-гыс
атоочтук формалары колдонулат, ал эми
-ачак, -мыш, -дык, -гур, -атын, -етин, -аған,
-малы/-мели, -чаң, -аси
формалары колдонулбайт.
2.
-ган, -ар, -бас, -оочу/ -уучу
формаларындагы
сөздөр бир гана кыймыл-аракет, ал-
абалдык маанини билдирип, баяндоочтук милдет аткарса, нагыз этиш болуп эсептелет.
3. Эгерде
-ган, -ар, -бас, -оочу/-уучу
мүчөлөрү аркылуу жасалган сөздөр бир эле
мезгилде кыймыл-аракеттик жана заттык мааниге, же бир эле мезгилде кыймыл-аракеттик
жана белгилик мааниге ээ болуп, заттын кыймыл-аракеттик белгисин же фактысын билдирип
турса атоочтук болот.
4. Кыргыз тилиндеги атоочтуктардын табияты системалуу түрдө
кыйла терең
иликтенген, бирок тектеш тилдер менен салыштырма пландагы кыргыз тилинде жазылган
атайын илимий эмгектер жокко эсе.
Достарыңызбен бөлісу: