.
Неологизмдердин калька аркылуу пайда болушу тууралуу кеп козгоодон мурда, биз Ф.Энгельс менен
В.Г.Белинскийдин калькага токтолгондоруна кайрылууну туура көрдүк. Ф.Энгельс өз эне тилге которууга
мүмкүн болбой турган сырттан кирген сөздөр жөнүндө: «Чет тилдеги зарыл сөздөр, чынында, алар
которууга жеңил болгондо гана зарыл сөздөргө кирбес эле. Демек, котормо бул ойдун маңызын ачып
көрсөтөт деп жазган [5, 624]. Ал эми В.Г. Белинский:
«
Кандай гана сөз болбосун ал өзүңдүкүбү, же
бөлөкпү, негизи, анда тиешелүү жыйынтыкталган ойдун маңызы болуу керек. Эгерде бөлөк бирөөнүн
сөзү өз сөздөн жакшы ойду билдирсе, анда ошол сөздү колдонолу, ал эми өз сөзүңөрдү сөз кутучаңарга
сактагыла», - деп адилет оюн айтып кеткен [3, 193].
Тилдин лексикалык маанилер менен толукталышы калька (сөзмө-сөз которуу) жолу менен да ишке
ашат. Азыркы кездеги кыргыз тилинде неологизмдердин кыйласы калька (калька –фр. Calque «тунук
кагазга түшүрүлгөн копия» деген маанидеги сөздөн алынган) аркылуу пайда болууда.
Достарыңызбен бөлісу: |