Пленарлық баяндамалар



Pdf көрінісі
бет14/433
Дата16.05.2024
өлшемі9,68 Mb.
#202366
түріСборник
1   ...   10   11   12   13   14   15   16   17   ...   433
Байланысты:
Халықаралық пед. оқу. жинагы 10-11.04 2024 (1)
КУРСТЫК ЖУМЫС, result 12371664
ПЛЕНАРЛЫК БАЯНДАМАЛАР 
ПЛЕНАРНЫЕ ДОКЛАДЫ
 
12 
даярдоо процессинде кесиптин мааниси жана баалуулугу тууралуу активдүү изденүү, 
тандалып алынган кесип менен шартталган жашоо стилин түшүнүү жүрөт. Педагогикалык 
багыттарда даярдаган жогорку окуу жайларынын алдында студенттердин билим берүү 
процессине жана педагогикалык кесипке киришүүсүн ишке ашыруунун адекваттуу 
ыкмаларын издөөнүн татаал милдети коюлган. Ушуга байланыштуу педагогикалык 
жогорку окуу жайларга мазмуну жана структурасы азыркы замандын талаптарына жооп 
берген чечүүчү
өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн зарылдыгы келип чыгат.
Бирок азыркы учурда педагогика илиминде жогорку окуу жайда 
педагогикалык 
кесипке даярдоо
түшүнүгү тууралуу так аныкталган, бир беткей аныктама жок. Андыктан 
биздин көз карашыбызда бул түшүнүктү тереңден изилдөө жана анын негизги 
аспектилерин
бүтүндөй карап чыгуу талап кылынат.
Педагогикалык кадрларды даярдоонун ар кыл аспектилери көптөгөн психологиялык
-
педагогикалык изилдөөлөрдүн обьектиси болуп калды. Азыркы учурда мындай 
изилдөөлөрдүн бир нече багыттары келип чыкты.
Изилдөөлөрдүн 
биринчи багыты 
педагогикалык кадрларды даярдоо түшүнүгүн 
кесиптик
-
педагогикалык ишмердүүлүктүн 
структурасынан
чыга ачыктоо аракетин 
жасашкан (А.И. Высокодворский, В.И. Гиневицкий, Е.Ф. Есарева, A.M. Колесова, Н.В. 
Кузьмина, И.А. Урклин). Мында изилдөөчүлөр жогорку окуу жайларынын студенттерин 
педагогикалык кесипке даярдоо болочок кесиптик ишмердүүлүктүн негизги түрлөрүн 
өздөштүрүү аркылуу ишке ашарын бекемдешет. 
Изилдөөлөрдүн 
экинчи багыты
педагогикалык кадрларды даярдоонун мазмунуна
формаларына жана методдоруна арналган (Е.И. Антипова, Г.А. Арутюнова, Н.Ф. Белокур, 
М.И. Волошина, Р.А. Еремина, Н.Ю. Крутогорская, О.Н. Соловьева, В.И. Спирина, Н.А. 
Томин, Н.Я. Яковлев ж.б.). 
Үчүнчү багыттагы
изилдөөлөр мугалимдин негизги мүнөздөмөлөрү аныкталган 
профессиограмманы
иштеп чыгуу менен мүнөздөлөт (А.И. Пискунов, В.А. Сластенин и 
А.И. Щербаков ж.б.).
Изилдөөчүлөр 
жогорку педагогикалык окуу жайларда студенттерди педагогикалык 
кесипке даярдоону ар кандай көз караштардан чыгып карашкан. Көптөгөн изилдөөлөрдүн 
ичинен эки негизги багыт кеңири тарагандыгы белгилүү болду:
-
 
ишмердүүлүк – 
функционалдуулук (В.И. Гинецинский, В.А. Крутецкий, Н.В. 
Кузьмина, И.М. Машаров, А.И. Щербаков ж.б.) жана компетенттүүлүк (И.С. 
Батракова, Е.С. Заир
-
Бек, В.А. Козырев, С.А. Писарева, Е.В. Пискунова, Н.Ф. 
Радионова, А.П. Тряпицына ж.б.)
мамиле концепциялары; 
-
 
инсандык – 
инсандык
-
ишмердүүлүк (О. А. Абдуллина, Ю. К. Бабанский, Ф. Н. 
Гоноблин, В. А. Сластенин ж.б.) жана аксиологиялык (А.А. Деркач, Е.Н. Дмитриева, 
И.С. Ломакина ж.б.) мамиле концепциялары.
И.Арановскаянын пикири боюнча аталган багыттардын изилдөөчүлөрдүн 
арасындагы популярдуулугу практикада ишке ашып жаткан жогорку билим берүүнүн 
моделдери менен байланыштуу. Бул моделдер педагогикалык билим берүүгө дагы 
таандык. Биринчи моделдин өзгөчөлүгү болуп анын агартуучулук ишмердүүлүккө 
багытталгандыгы эсептелет. Мындай учурда адисти даярдоого идеологиялык түс берилип 
жана ал сырттан тапшырылган буйрутма, эреже, стандарттардын негизинде түзүлөт. 
Мында адамды өстүрүү процесстерине кызмат көрсөтүү ролу берилип, алар жалпысынан 
билим берүү тармагынын жана коомдун койгон милдеттерине баш ийишет. Экинчи, 
либералдык деп аталган моделде, тескерисинче, инсандын өнүгүүсүнүн маанилүүлүгү 
баса белгиленет [2].
Тарыхый жактан алып караганда, XX кылымдын 90
-
жылдарына чейин 
Кыргызстандын жогорку билим берүү системасындагы
биринчи моделге негизденген 
даярдоо идеологиясы жогорку окуу жайларда билим берүүчүлүк максаттарды коюуга, 




Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   10   11   12   13   14   15   16   17   ...   433




©engime.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет