Кыргыз республикасынын



бет2/2
Дата18.02.2018
өлшемі474,73 Kb.
1   2

Такесика. Пикир алышуунун такесикалык каражатына кол кысуу, кол булгалоо, өбүү өӊдүү динамикалык жакындашуунун түрлөрү кирет. Пикир алышууда адамдын мындай жакындашуусу көптөгөн факторлор менен аныкталат да, алардын ичинен пикир алышуучулардын жашы, жынысы, статусу, жакындык байланышы өзгөчө орунда турат. Башка бейвербалдык каражаттардан айырмаланып, такесикалык каражаттар адамдардын статусун, мамилелерин көрсөтүүчү бирдик болуп саналат.

Алсак, кыргыздардагы кичүүнүн улууга болгон ызааты сыяктуу көрүнүштөр буга мисал боло алат. Бул каражат изилдөөнүн объектиси болгон «Манас» эпосунда да көз жаздымда калган эмес. Мисалы: Атынан түштү кыз байкуш Апкаарый турган ошол иш. Аттан түшүп бүгүлүп, Арстан Манас баатырдын Аягын кучту жүгүнүп. Акты жашы буурчактап, Атаң тирүү деген соң Аягын келип кучактап. “Кечкин деди катамды” [СО: 317]. Бутун кучактоо бейвербалдык каражаты аркылуу кечирим суроо, баш ийүүнүн маанисин билдирген. Же болбосо: Бакдөөлөт өптү, балам –деп, Манаска Алмаӊ келгени Баштадан маалим кеп, Баш куттуктаар тоюм –деп, Сексен бээ союп сел кылды [СК: 1090]. Өбүү ишаараты кыргыздарда чанда гана колдонулган. Бул сыйлоонун, жакшы көрүүнүн жогорку деӊгээли катары эсептелинген. Эпосто кичинекей баланын башынан сылап, бешенесинен, чекесинен өбүү, чачынан жыттоо, эне баласын өбүүдө гана берилген.



Фонация (гр. phone – тыбыш, үн): 1) тыбыштардын жасалышы, кептеги тыбыштардын жасоо учуру, тыбыш жасоочу органдардын биргелешип иштеши, о.э. кептеги угуу аркылуу кабылдоонун жыйынтыгы; 2) кептеги тыбыштын сапаты, аны айтууга зарыл болгон кекиртектин иштеши менен шартталышы. Демек, бардык тилдерде фонациялык айырмачылыктар экспрессивдик каражат катары колдонулат [Кыргыз тили 2004: 447].

Аябай катуу ачуулануу менен кошо кайгырганда фонациялык бейвербалдык каражат менен кинемалар паралеллдүү түрдɵ колдонулат: «Алда!»-деп жолго кирди эми, Бабаң барды бакырып, Манасты кɵздɵй акырып [СО: 220]. Айгай салып акырды, абаке деп бакырды [СК: 697].

Ар бир эмоциянын өзүнө ылайык фонациялык үн угумдарынын өзгөчөлүктөрү бар. Үшкүрдү деген вербалдык каражат, бейвербалдык абалында: «уф-ф», «оф-ф» ж.б. үн каражаттары менен берилет да, ал контекстке ылайык кээде чарчаганды, кыйналган ж.б. абалды туюндурат.

Арстан Серек айтып кеп, Ачууланган баштанып, Араң турат алсырап, Үйүн көрүп Каныкей, Үшкүрүккө кирди эми [СК: 1429]. Адам өтө ачууланганда үнүнүн тону жогорулайт, бул учурдагы фонациялык үн каражаттарын лексемалаштырсак: жаалданды, бакырды, айкырды, аӊкылдады, аркырады деген сыяктуу ж.б. сөздөр менен сүрөттөлөт да, жазууда илеп белгиси менен көрсөтүлөт.

Cенсорика. Өӊ-түс да ар кайсы маданиятта айырмаланат. Кээ бир улуттар ачык түстү жактырса, кээ бири күӊүрт түстү тандашат. Бул өзгөчөлүктү өлкөлөрдүн желектеринен көрүүгө болот. Кыргыздын ак калпагы, ак боз бээси, ак элечеги, ак куржуну, ак келтеси, ак сакалы буга жакшы мисал боло алат: Түп көтөрө айдашып, Баабедин жол бер –деп, Ак боз бээ союшуп [СК: 126]. Кыргыз эли ак түстү баалап, аны жакшылыктарга жоорушкан. Манасты хан көтөрөөрдө да ак килемди салышып, ак боз бээни союшкан. Бул жолу дайым ачык болсун, зоболосу бийик болсун, кылган иши эли үчүн ак болсун, - деген сыяктуу маани камтылып турган. Манас, Манас болгон жер, Манас атка конгон жер, ак калпагын кийди эми, Алчайып атка минди эми [СК: 126]. Мисалдардын контекстик негиздеринде сенсорикалык бейвербалдык элементтеринен кыргыз элинин дүйнө таанымын туйсак болот.

Бейвербалдык каражаттардын көркөм текстте колдонулушу – эки жактуу татаал процесс. Бир жагынан, бул оозеки пикир алышуудагы бейвербалдык каржаттарды кабыл алуу, экинчи жагынан, алардын текстте вербалдык каражаттар менен берилиш жана чагылдырылыш процесси болуп саналат.

Вербалдык эмес каражаттардын тилдик маанисин аныктоо үчүн көркөм чыгармадагы чагылдырган окуянын негизги маанисин, андагы каармандардын байланыш катыш жүрүм-турумуна, вербалдык бирдиктерге көз салганыбыз оң [Саидханов 1998: 257]. Анткени, чыгарманын көркөмдүүлүгүн арттырууда каармандын ар бир бейвербалдык абалын туура лексемалаштыруу керек. Ошондо окурмандын, угуучунун көз алдына каармандын образы даана тартылып, таасирдүүлүгү жогорулайт. «Манас» эпосундагы бейвербалдык каражаттар айтуучунун сөзү аркылуу ишке ашкандыгын көрүүгө болот: Үтүрөйүп калмактар, Үшкүрүшүп алыптыр [СО: 1229]. Атаңар сөзү акыл – деп, Көзүн кысып, күлүптүр [СО: 1237].



Бейвербалдык каражаттар кепте төмөнкүдөй сөз түркүмдөрү аркылуу берилет. Алсак, күчөтмө сын атоочту жасап, сын сыпаттын жогорку деӊгээлин көрсөткөн эӊ, өтө, абдан, эбегейсиз, ашкан, мүлдө, чымкый, чылк, андан көп деген күчөтмө бөлүкчөлөрдүн жардамы менен уюштурулат. Мисалы: Кара куйрук нарларын Айдап жүргөн андан көп, Кажылдатып катынын Байлап жүргөн сандан көп [СО: 1594],

Күчөтмө сын атоочту төмөнкү учурларында фонациялык элементтер коштоп турат:

1. Сын атоочтун толук кайталанып айтылышы же кыскартылып кайталанышы аркылуу да күчөтмө сын атооч түзүлүп: кыпкызыл, капкара, жапжашыл деген сыяктуу сөздөр катышканда; Арба-дорбо сүйлөшүӊ, Аркалыктай мүнөзүӊ, Аппак сакал башыӊда, Ордосуна паашанын Осолдуктан киргенсиӊ [СО: 357].

2. Субстантивдешип кайталанган сын атоочтор да күчөтмө сынды уюштурган кезде: актын агы, мыктынын мыктысы, сулуунун сулуусу ж.б.

Мындан сырткары ат атооч сөз түркүмүнүн ичинен шилтеме ат атоочторду айтып жатканда ымдоо-жаӊсоо дайыма коштоп жүрөрүн байкай алдык. Анткени, шилтеме ат атоочтор бир өӊчөй заттардын ичинен бирөөнү бөлүп көрсөтүп, мейкиндик жагынан сүйлөөчүгө жакын турган затты көрсөтөт, - деп белгилеп кеткен окмуштуу С.Кудайбергенов. Не деген сөзүӊ ушу деп Канына сүйлөп калганы [СО: 371], шилтеме ат атоочтун тиги, бул, ушу, мына бу ж.б. сөздөрдү айтып жатканда ээктин, баштын, каштын колдун кыймыл-аракети ошол зат турган багытка жаӊсалат.

3. Ушундай эле көрүнүш сурама ат атоочтор катышкан сүйлөмдөрдө байкалат. Ким? эмне? кайсы? кандай? кана? кайда? качан? ж.б. белгисиз затты, же сандык жана сапаттык белгилерди аныктоо үчүн колдонулуучу сөздөр сүйлөмдүн контекстине жана интонацияга карай кээде суроо, кээде күчтүү сезим маанисинде айтылганына жараша дене мүчөлөрү коштойт.

4. Тангыч ат атоочтордо болсо берилген маани көрсөтүлгөндүктөн, баштын кыймылы горизонталдык абалда кыймылдап, баш чайпаган ишааратты көрсөтөт. Тангыч ат атоочтор эч бөлүкчөсүнүн сурама ат атоочторго кошулушу аркылуу жасалат да маани жагынан аныктама жана сурама ат атоочторго карама-каршы болуп, дайыма тануу маанисинде колдонулат: эч ким, эч нерсе, эч кандай, эчтеме, эч убакта, эч качан ж.б. Тангыч ат атоочу бар сүйлөмдөрдө тануу маанисин туюндурган колдун, дененин, баштын, ооздун ж.б. бейвербалдык каражаттар коштоп келет. Мисалы: Эсиӊ болсо ойлогун Эгем таала өзүӊө Эч нерсе келбес катар!-деп [СО: 654].

Бөлүкчөлөр – сөздүк курамдагы оозеки кепке көбүрөөк мүнөздүү катмар. Алар стилдин дал ушул түрүндө, диалогдук кепте, көркөм чыгармаларда дээрлик жыш колдонулат. «Манас» эпосунда абыдан, түк, эң, чылк, өңкөй, аябай, өтө, дегеле өңдүү көптөгөн күчөткүч бөлүкчөлөр кызматчы сөздөр да, анын ичинде бөлүкчөлөр да адегенде оозеки кепте пайда болуп, андан соң акырындык менен жазма текстке тарала баштайт. Демек, оозеки кепте кызматчы сөздөрдү кыймыл-аракет, ымдоо-жаңсоо сыяктуу бейвербал каражаттар коштоп жүрөт [Цой 2008: 103]. Мисалы: Аны укканда Дөгөндун Абыдан ачуу келгени, Абсап жагын көргөзүп: Ал мунуңду сен деди [СО: 70]. Абыдан – негизги сөздөн мурда келүүчү бөлүкчө, лексикалык мааниси солгун, грамматикалык мааниси абстрактуу. Сын атооч, этиш, айрым тактоочтор менен бирге айтылып, күчɵтүү маанисин берет. Бул жерде абыдан деген сөз менен каармандын жөн гана ачуусу келбегенин, каттуу каарданып жинденгенин берүү менен катар манасчы бул сөздү сөзсүз түрдө өзгөчө кырааттын (сөз же фразага үндүн так, таамай, ачык түшүшү) коштоосунда айткан.

Сырдык сөздөрдүн маанисин баяндоодо көбүнчө: таң калды, кубанды, сүйүнүп кетти, чочуп кетти, кайгырды, терең же катуу үшкүрдү, кекенди, жек көрүү менен кароо жана башка ушул сыяктуу сөз жана сөз тизмектери адабий чыгармаларда кеңири колдонулат.

«Манас» эпосунда сырдык сөз менен ымдоо-жаӊсоолор кошоктошуп келген төмөнкүдөй саптар бар. Мисалы: Колун сууруп кетти деп, Татай-кокуй, нетти!-деп, Үтүрөйүп Акбалта, Үйдө отуруп алыптыр. Бул мисалда татай-кокуй деген сырдык сөз жана үтүрөйүп деген бейвербалдык каражат камтылып, Акбалтанын учурундагы эмоциялык абалын туюндуруп турат.Оозумду кестиң, кокуй – деп, Ой-бой салып курутту.Бул мисалдардан көрүнүп тургандай, сырдык сөздүн сүйлөмдөгү коннотациясы автордук кептеги ремарка-сүйлөм (же ремарка-сөз) аркылуу такталат.

Ар бир тилдеги руханий маданиятты таанууда соматикалык компоненттерден түзүлгөн фразеологизмдик бирдиктер өзгөчө мааниге турат. Кыргыз тилинин сөздүк курамындагы өзгөчө мааниге ээ тилдик каражаттар фразеологизмдер болуп саналат. Фразеологизмдер өзгөчө көркөм, таасирдүү жана элестүү сүрөттөөчү касиеттери менен эркин сөз айкашындагы сөздөрдөн айырмаланары байыркы мезгилдерде эле так аныкталган.

Адам баласы тарабынан дайыма аткарылып турган бейвербалдык кыймыл-аракети убакыттын өтүшү менен өтмө мааниге ээ болот. Алсак, колун шилтеп, терс басып кеткен көрүнүшү: «Билгениӊерди кыла бергиле, мага баары бир, эмне болсо ошо болсун» деген сөздөр менен коштолуп келип жүргөн болсо, кийинчерээк бул маанини туюнткан кеп коштолбой, бейвербалдык кыймыл аткарылбаса да, «колун шилтеп басып кетти» деген фразеологизм айтылганда кептин төркүнү эмне жөнүн болуп жатканын угарманга түшүнүктүү болуп турат. Демек, бейвербалдык каражаттар соматикалык фразеологизмдердин пайда болушундагы негизги булак болуп саналат.

«Манас» эпосунда аталган фразеологизмдик топтор бир топ кездешип, каармандардын болуп жаткан жагдай-шартка болгон мамилеси, ошондогу абалы, алардын жан дүйнөсүнө таасир этиши көркөм чагылдырууда көмөктөшөт. Аны төмөнкү саптардан байкай алабыз:

Алкымга жүрөк чыкканы, Боконо жүрөк болк этип, Жүрөгү кетип кабынан, билеги кетип сабынан [СО: 1109]. Баркыраган доошу, Тай чабым жерден угулду, Олтурат элем үйүмдө. Окшуп келип жүрөгүм, Оозума келип тыгылды [СО: 37]. Байбиче белги көрүптүр, Ал белгини көргөндө, Он эки катпы бечара, Жүрөгү түшүп өлүптүр [СК: 40]. Бул саптардан көрүнүп тургандай, жүрөккө байланышкан фразеологизмдер көбүнчө коркуу сезимин туюндурат.

Диссертациянын III бабы «Манас» эпосундагы эмоциялык жана менталдык абалдын бейвербалдык каражаттар аркылуу туюндурулушу» деп аталып, бул бөлүмдө эмоция тууралуу маалымат, «Манас» эпосундагы таӊ калуу, кубануу, ачуулануу, коркуу, кайгыруу, «Манас» эпосундагы этномаданий өзгөчөлүктү чагылдырган менталдык бейвербалдык каражаттардын контексти талдоого алынат.

Эмоция - физиологиялык, коомдук жана психологиялык гана процесс эмес, ал адам жашоосундагы руханий, мааниси зор, табигый кубулуш болуп саналат. Натыйжада айлана-чөйрөдөгү жагымдуу, жагымсыз көрүнүштөрдүн, таасири аң-сезимге чагылышы жана акыл-эсте маалымат катары катталышы, эмоциялык лексиканын жаралышына негиз болот. Эмоциялык лексиканын боёкчолуу көркөмдүү таасири контекстке жараша тилдик деңгээлдердин коммуникативдик кызматында көрүнөт [Ажыбаева 2007: 12].

Изилдөөнүн негизинде жана топтолгон факт-материал, мисалдардан байкагандай «Манас» эпосунда: айласы кетүү, ачуулануу, байкуш болуу, жакшы көрүү, жаман көрүү, кайгыруу, наалуу, нааразы болуу, суктануу, сүрдөө, уялуу, чочуп кетүү, ыраазы болуу, эӊсөө ж.б. эмоциялар түрдүү бейвербалдык каражаттардын негизинде туюнтулуп, аларды тилдик каражаттар аркылуу мыкты сүрөттөлгөн. Мындай эмоциялык абалдардын беш гана тибине (таӊ калуу, кубануу, ачуулануу, коркуу, кайгыруу) токтодук жана кийинки бөлүмдөрдө талдоого алынат.

Адам баласы өзүнүн өмүр жашоосунда ар кандай жагдай-шартка кабылып, күтүлбөгөн жерден коркунучтуу абалга кириптер болуп, кандайдыр бир кызыктуу окуяга тушугуп же түшүнүксүз бир нерсеге таңданып таңыркоо сыяктуу эмоциялык абалды баштан кечириши мүмкүн. Мындай шартта кокусунан болуп өткөн окуялар адамдын жүрүм-туруму менен кыймыл-аракетине өзгөчө таасир этет. Алсак, шашканда, корккондо, түшүнүксүз шарттарда бул абалдарды байкоого болот: Адамдар турду жабылып, Аты-тонун бергенге Арстан эрди таң кылып, Акыры ɵзʏ кантет-деп, Арстан эр ʏчʏн сабылып [СО: 1080].

Психологдордун изилдɵɵсү көрсөткөндөй, кубануу - оң эмоциялык абал. Жанындагы адамдарга да оң таасирин тийгизип, сүйлɵшүүдɵ жакшы жыйынтык берет. Албетте, мындай учурда адам организиминде да өзгөрүү болуп, көздөрү жайнап, баскан турганы жайдары болуп, күлкүсү чыгып, ууртунда жылмаюу пайда болот. Манасчылар эпосто мындай көрүнүштөрдү угуучуга таасирдүү лексемаларды колдонуу менен жеткиргенге аракет кылышкан. Мисалы: Акбалта кɵрүп акыры, «Сүйүнчү!»-деп бакырды. Кубангандан бай Жакып: «Не дейсиң»-деп чакырды [СО: 36]. Эгер бул ыр саптарын оозеки түрдө манасчынын оозунан уксак, анда анын үнү көтөрүңкү маанайда болуп, кубануу тууралуу маалымат берет. Ал эми жазууда ошол эмоция илептүү белги менен көрсөтүлгөн.

Адамдын терс эмоциясына жактырбоо, жаман кɵрүү, кыжырдануу жана ачуулануу ж.б. кирет. Адамда бул сезимдер пайда болгондо каалайбы, каалабайбы, анын эмоциялык абалын жанындагылар айттырбай түшүнүшɵт. Демек, пикир алмашууда адамдын сырткы кебете-кепшири, дене-бою менен бирге кыймыл-аракети, ымдоо-жаңсоолору да кошо коштолот. Кыргыз тилинде аталган эмоцияга байланыштуу мындай макалдар бар: Адамдын кандайы – ачуусу келгенде билинет. Аталган эмоциянын адам психологиясына өзгөчө таасир этери эпосто да жакшы эскертилген: Ачуу деген бирɵɵ бар, Аңдап муну билип ал. Ал тозоктун адамы, Аңдап алгын сен дагы. Ай, кыламын! – деп, жапырба Ачууң келсе сабыр кыл [СК: 409] – деп, Бакай эр Манаска акыл айтып, оң колу­нун ачуусун сол колу менен баскын, ачуу душман акыл дос экендигине кеңеш берет.

«Манас» эпосундагы коркуу сезимин туюндурган сөздөрдү төмөнкүдөй топторго бөлүштүрүүгө болот: а) коркуу эмоциясынын адамдын жүрүм-турумуна тийгизген таасири; б) эр жүрөктүүлүктүн карама-каршысы; в) өлүм жана коркуунун айкалышы; г) коркуу сезиминен чыгуу д) коркуунун тарбиялоочулук функциясы.

«Барсаң, барсаң, барсаң!» - деп, Кайраттуунун баарысын. Баралбады баарысы, Ɵңүнɵн чыгып сарысы, Камалып коркуп токтолду [СО: 179], же: Акылы кетип аз болуп, Коркуп ɵңү саз болуп [СО: 1041] деп, коркуу эмоциясын коштоп жүргɵн адамдын жүзүндɵгү ɵзгɵрүүлɵр жана аларды чагылдыруучу ымдоо-жаңсоо белгилер эпосто манасчы тарабынан ийине жеткирилип сүрɵттɵлгɵн. Мында ɵңдүн саргарышы, ɵңү саз болуу деген бейвербалдык каражаты аркылуу туюндурулуп жатат.

Кайгыруу эмоциялык абал кандайдыр бир себептен улам, капа чегип, санаа тартуу сезими. Убайым, капалык, азап чегүү дегенди туюнтат. Кайгыруу абалын, кɵптɵгɵн дене кыймылы, колдун жаңсоолору, беттин, жүздүн мимикалык ымдоолорунан да байкалып турат, б.а. бейвербалдык каражаттар аркылуу бизге аң-сезимсиз, тилге кɵз карандысыз абалда чагылдырат. «Каралдым кайда болду?» - деп, Бай Жакып кɵзүн салыптыр Баладан караан кɵрɵ албай, Кайгыланып калыптыр [СО: 112

Бейвербалдык пикир алышуу этнография менен тыгыз байланышта, жана да материалдык дүйнөдөгү буюмдар гана эске алынбастан, андагы ритуалдар, жөрөлгөлөр, мифтер да каралат. Адамзат тарыхынын алгачкы доорлорунда ритуалдар адамдардын маданиятынын бейвербалдык тексти болгон. Ал эми ритуалдарды билүү адамдардын маданиятын жана коомдук ордун айгинелейт. Ошентип, ритуалдар мааниси боюнча маданий-этникалык баалуулуктарды камтып турат [Колшанский 2010: 8].

Бул этномаданий, адамдын аӊ-сезимин чагылдырган кыймыл аракеттер менталдык абалдар деп аталат. Аталган бейвербалдык каражаттар эмоциялык кыймыл-аракеттерден айырмаланып, аӊ-сезимдүү түрдө ишке ашып жатат.

Жүгүнүү – бул этиш байыркы түрк тилинде йүкүн түрүндө айтылган. Ошол кезде эле бул сөз кандай морфемалардан куралганы белгисиз болуп калган. Байыркы түркчө йүкүн сөзү андан да мурдараактагы чөкүн сөзүнөн келип чыккан. Ошондо кан катыны Каныкей Кан Кошойго жүгүнүп, Тизеси жерге бүгүлүп, Бата сурап балага, Жалдырап турду ийилип [СК: 6].

Камчы сүйрɵп кирүү – душмандыкты билдирүү. Yй ээси менен келише албаган, уруш, жаңжал чыгаргысы келген, камчысын колунан түшүрбɵй кыйкымдуу учурду күткɵн адамдын кыймыл-аракет, ишаараты болуп саналат [СК: 665], Айыбына Манасты Ошол бурут бербесе, Камчы сүйрɵп киргиле, Кызыталак буруттун Как куйкасын тилгиле [СК: 120].

Жыйынтыктап айтканда, кубануу, ачуулануу, таң калуу эмоциялары тилде лингвистикалык жана лингвистикалык эмес каражаттардын жыйындысы аркылуу туюндурулат. Бул эки каражаттын айкашы - мыйзам ченемдүү көрүнүш. Лингвистикалык деңгээлде эмоциялык маалымат просодикалык жана лексика-грамматикалык каражаттар менен берилсе, ал эми лингвистикалык эмес деңгээлде кинесикалык каражаттар аркылуу берилет.


КОРУТУНДУ

Корутунду бөлүмүндө изилдөөнүн натыйжалары чыгарылды. Азыркы учурда бейвербалдык каражаттардын бирдиктүү типологиясы калыпташпаганы анык. Андыктан бул маселе ар тараптан изилдөөгө алынып, ар кандай классификациянын пайда болушун шарттап келет.



  1. «Манас» эпосундагы бейвербалдык каражаттарды иликтөөдө аларды

ымдоо, жаңсоо, пантомимика, проксемика, такесика, сенсорика, фонациялык ка­ра­жаттар деп бөлүштүрүлдү. Бул топтордун ар бирине тиешелүү өзгөчөлүктөрү, аткарган функциялары бар.

Изилдөөчүлөр бейвербалдык кубулуштардын вербалдашуусуна, алардын эмоциялык жана баалоочулук маӊызына көӊүл бурушуп, алардын тексттеги стилистикалык функциясын, көркөм чыгарманы которууда улуттук өзгөчөлүгүн эске алуу керек экендигин талдоого алышат. Бейвербалдык каражаттардын көркөм текстте чагылдырылышы – татаал эки тараптуу процесс. Бир жагынан, бейвербалдык компоненттердин оозеки кепте кабыл алынышы болсо, экинчи жагынан алардын текстте вербалдык каражаттар менен берилиши болуп саналат.



2. Тигил же бул улутка тиешелүү эмоция, негизинен, көркөм адабияттта кеӊири чагылдырылат. Бейвербалдык каражаттардын көркөм текстте сүрөттөлүшү окурман тарабынан каармандардын кебин түшүнүүгө көмөктөшөт жана сүрөттөөчү каражат катары келет. Көркөм чыгармада ар кандай ымдоо, жаӊсоолор жана дене кыймылдары аркылуу каармандардын мүнөзү, алардын улуттук жана индивидуалдык өзгөчөлүгү, сүйлөө манерасы, маданияты жана башка мүнөздөрү берилет.

3. Текст ичиндеги бейвербалдык жагдайлар пауза, кептин ылдамдыгы, интонацияга тиешелүү тыныш белгилери аркылуу ишке ашат. Тембр, интенсивдүүлүк, кептин паралингвистикалык каражаттардын (кыйкырды, колун шилтеди, баш ийкеди, көзүн кысты, көзүн жүлжүйттү) коштоосу негизинен сыпатталып, сүрөттөлүп берилет. Бирок кээ бир учурларда адамдын ички сезими тыныш белгилер (суроо, илеп, көп чекит) аркылуу гана сыпатталышы мүмкүн. Мисалы таң калууну суроо белгиси аркылуу туюндурса болот: Кармашпай Манас коюппу? Карадан көзү тоюппу? [СО: 369].



4. Паратилдик элементтер жана жесттер кептик коммуникацияны толугу менен бузуп, сөздөрдү сүрүп чыгарып да салат. Кээ бир жагдайларда эч кандай сөздүн, сүрөттөөнүн кереги жок, болгону ошол мезгилде болуп жаткан эмоциялык абалдар, кыймыл-аракеттер аркылуу гана иштин чоо-жайын аӊдап билүүгө болот. Карап көрөлү: Бул кабарды укканда Үндөн кетти кан Бакай. Эки көзү алайып, Тилден кетти кан Бакай [СК: 232]. Бул жерде каармандын коркуу, чочуу сыяктуу эмоциялык абалын чагылдырып турат.

Бейвербалдык каражаттар айтымда этиштердин жардамы менен аталып, сырдык сөздөрдү коштоп келип, алардын маанисин күчөтүп, толуктап турат. Мисалы: Колун сууруп кетти деп, Татай-кокуй, нетти!-деп, Үтүрөйүп Акбалта, Үйдө отуруп алыптыр. Бул мисалда татай-кокуй деген сырдык сөз жана үтүрөйүп деген бейвербалдык каражат камтылып, Акбалтанын учурундагы эмоциялык абалын туюндуруп турат.

Азыркы мезгилде тил илиминде эмоциялык сырдык сөздөрдүн жазууда берилиши вокалдык жесттер деген термин менен да аталып жүрөт.

Бейвербалдык каражаттар бөлүкчөлөр менен айкашып келип да, алардын мазмундуулугун арттырып турат: Аны укканда Дөгөндүн Абыдан ачуу келгени [СО: 70]. Бул жерде абыдан деген сөз менен каармандын жөн гана ачуусу келбегенин, каарданып жинденгенин берүү менен катар, манасчы бул сөздү сөзсүз түрдө өзгөчө кырааттын (сөз же фразага үндүн так, таамай, ачык түшүшү) коштоосунда айткан.

5. Соматикалык фразеологизмдердин курамында көз, мурун, бет, ооз, тил, тиш, кол, бут сыяктуу дене мүчөлөрүнүн аталыштары жыш колдонулат. Бул сөздөрдүн фразеологизмдердин компоненттеринде болушу бир мыйзам ченемдүүлүккө баш ийет, экстралингвистикалык жана тилдик ички факторлор менен шартталат. Анткени адам бир жагынан дүйнөнү сезим органдары менен туюп билсе, экинчи жагынан ар кандай кыймыл-аракеттер жана процесстер ар кандай дене бөлүктөрүнүн жардамы менен ишке ашат. Мисалы: Шай колдогон шер Манас, Карап чыдап туралбай, Кайнап жини кармады, Эки жаагы шакылдап, Эрдин кесе чайнады [СК: 256].

Илимде эмоциянын базалык тобунун так бөлүнүшү жок, ошондой эле негизги эмоциялардын так саны анык эмес. Бул изилдөөдө тигил же бул эмоциянын маанилүүлүгү тиешелүү топтордун универсалдуулугу менен белгиленди.



6. Изилдөөдө «Манас» эпосунда кубануу сезими башка эмоциялык каражаттарга (ачуулануу, кайгыруу, коркуу, сыйлоо, таң калуу ж.б.) салыштырмалуу аз кездешери аныкталды. Мунун себеби, эпостун жалпы мазмунунда кыргыз элин, жерин коргогон баатырлар жɵнүндɵ, согуш темасы, басып алуучулук, калмак-кытайлардын кол салышы, зордук-зомбулук сыяктуу кɵрүнүштɵр баяндалган.

Ошентип, диссертациялык изилдөөдө «Манас» эпосунда кездешкен эмоциялардын жана менталдык абалдардын бейвербалдык каражаттар аркылуу туюнтулушу берилди. Адам баласынын пикир алышуу учурунда коштоп, паралеллдүү түрдө жандап келген бейвербалдык каражаттардын эпосто номинацияланышы каралды. Ар бир туюндурулган бейвербалдык каражаттардын артында кыргыз элинин дүйнө таанымы, аӊ-сезими, маданияты, кулк-мүнөзү, психологиясы чагылдырылып, ал көз менен көрүп, акыл менен туюп турган салттык, ырым-жырымдык кыймыл-аракеттери, эмоцияны коштогон ымдоо-жаӊсоолор, дене мүчөлөрдүн абалы, көздүн, кабак-каштын өзгөрүүлөрү, аралыктын сакталышы, жыты, өӊү-түстүн өзгөрүлүшү, фонациялык каражаттар сыяктуу бейвербалдык каражаттарга лингвистикалык талдоо жүргүзүлдү.

Жыйынтыктап айтканда, бул иштин кыргыз тилиндеги эмоциялык концепттин келечекте изилденишине өбөлгө болору шексиз.

Диссертациянын негизги мазмуну төмөнкү макалаларда
чагылдырылды:

1. Артыкова, Ж.А. Оозеки сүйлɵɵ речиндеги ымдоо-жаңсоонун (мимика-жестин) улуттук бɵтɵнчɵлүктɵрү [Текст] / Ж.А. Артыкова // Академик Б.М.Юнусалиев жана кыргыз филологиясы: илимий макалалар жыйнагы. – Бишкек, 2003. - 150-156-бб.

2. Артыкова, Ж.А. «Манас» эпосунда ачуулануу эмоциясынын бейвербалдык каражаттар аркылуу берилиши [Текст] / Ж.А. Артыкова // Наука и новые технологии. – 2012. - №9. - 259-266-бб.

3. Артыкова, Ж.А. «Манас» эпосундагы сырдык сɵздɵрдүн бейвербалдык контексти [Текст] / Ж.А. Артыкова // Наука и новые технологии. – 2012. - №9. - 286-288-бб.

4. Артыкова, Ж.А. Бɵлүкчɵлɵрдүн бейвербалдык контексти [Текст] / Ж.А. Артыкова // «Ахмет Байтұрсынұлы – қазақ руханиятының кɵсемi»: эл аралык илимий-теориялык конференция материалдары. - Алматы: «Елтаным баспасы», 2013. - 213-216-бб.

5. Артыкова, Ж.А. «Манас» эпосундагы улуттук ɵзгɵчɵлүктү чагылдырган ымдоо-жаӊсоолор [Текст] / Ж.А. Артыкова // Кыргыз тили жана адабияты. - 2013. - №22. - 89-92-бб.

6. Артыкова, Ж.А. Бейвербалдык каражаттардын изилдениш тарыхы [Текст] / Ж.А. Артыкова // К.Карасаев атындагы БГУнун жарчысы. – 2013. - №2 (25). - 4-8-бб.

7. Артыкова, Ж.А. Соматикалык фразеологизмдер жана бейвербалдык каражаттар [Текст] / Ж.А. Артыкова // К.Карасаев атындагы БГУнун жарчысы. – 2013. - №2 (25). - 45-47-бб.

8. Артыкова, Ж.А. «Манас» эпосундагы таң калуу эмоциясынын бейвербалдык контексти [Текст] / Ж.А. Артыкова // Вестник КГУ им. И.Арабаева (специальный выпуск). Серия: педагогические науки. – 2013. - №2. - 76-79-бб.

9. Артыкова, Ж.А. «Манас» эпосундагы этномаданий ɵзгɵчɵлүктү чагылдырган бейвербалдык каражаттар [Текст] / Ж.А. Артыкова // Цивилизациялардын кесилишиндеги - тил, маданият, коомдук аспектилери. 11-чи эл аралык илимий конференциясы, Цукуба университетинин Борбор Азия бɵлүмү. – Бишкек, 2014. - 147-149-бб.

10. Артыкова, Ж.А. Бейвербалдык каражаттардын көркөм чыгармаларда берилиши [Текст] / Ж.А. Артыкова // К.Карасаев атындагы БГУнун жарчысы. - 2014. - №1(27). - 13-16-бб.

11. Артыкова, Ж.А. Кыргыз элинин маданий өзгөчөлүгүн чагылдырган бейвербалдык каражаттардын «Манас» эпосунда берилиши [Текст] / Ж.А. Артыкова // К.Карасаев атындагы БГУнун жарчысы. – 2014. - №4 (30). - 65-67-бб.

12. Артыкова, Ж.А. «Манас» эпосундагы улуттук өзгөчөлүктү туюндурган бейвербалдык каражаттар [Текст] / Ж.А. Артыкова // Научный мир Казахстана. – 2014. - №3,4. - 48-51-бб.

13. Артыкова, Ж.А. «Манас» эпосунда коркуу эмоциясын чагылдырган бейвербалдык каражаттар [Текст] / Ж.А. Артыкова // Вестник БГУ им. К.Карасаева. – 2015. - №3-4 (33-34). - 231-236-бб.

14. Артыкова, Ж.А. «Манас» эпосунда кубануу эмоциясынын бейвербалдык каражаттар аркылуу туюндурулушу [Текст] / Ж.А. Артыкова // Вестник БГУ им. К.Карасаева. – 2015. - №3-4 (33-34). - 241-244-бб.

15. Артыкова, Ж.А. «Коркуу» эмоциясынын «Манас» эпосундагы семантикалык топтору [Текст] / Ж.А. Артыкова // Наука, новые технологии и инновации Кыргызстана. – 2015. - №5. - 208-210-бб.
Артыкова Жамал Абдисаламовнанын «Манас» эпосундагы бейвербалдык каражаттардын туюнтулуш өӊүттөрү» деген темада 10.02.01 – кыргыз тили адистиги боюнча филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын алуу үчүн жазылган диссертациясынын

РЕЗЮМЕСИ__Негизги_сөздөр'>РЕЗЮМЕСИ

Негизги сөздөр: бейвербалдык каражаттар, ымдоо-жаӊсоо, «Манас» эпосу, эмоция, паралингвистика, лексема, соматикалык фразеологизмдер, кинесика, такесика, сенсорика, проксемика, фонация.

Изилдөөнүн объектиси – «Манас» эпосундагы бейвербалдык каражаттар, предмети - бейвербалдык каражаттардын «Манас» эпосунда берилиш жолдору.

Иштин максаты – «Манас» эпосундагы бейвербалдык каражаттардын лексика-семантикалык жана лингвомаданият таануу аспектилеринде вербалдашуусун аныктоо жана анын тилдик системадагы ордун көрсөтүү болуп саналат.

Колдонулган ыкмалар: теориялык адабияттарды талдоо, тилдик фактыларды териштирүү, талдоо, сыпаттоо, салыштыруу, топтоштуруу, психолингвистикалык эксперимент ж.б.

Изилдөөнүн илимий жаӊылыгы. Диссертациялык ишти аткарууда бейвербалдык каражаттарга байланыштуу бай факты-материалдар, илимий-теориялык адабияттар, көз караштар, концепциялар кеӊири талдоого алынды жана мунун натыйжасында «Манас» эпосундагы бейвербалдык каражаттардын контексти ачып көрсөтүлдү.

Иштин теориялык жана практикалык мааниси. Диссертациялык иш сүйлөшүүдөгү вербалдык жана бейвербалдык каражаттардын карым-катышын так аныктоодо, лингвомаданият таануу, этнолингвистика жана маданият аралык коммуникация маселелерин тереӊ изилдөөгө өбөлгө болот.

РЕЗЮМЕ

кандидатской диссертации Артыковой Жамал Абдисаламовны на тему «Аспекты, означающие невербальные средства в эпосе «Манас» на соискание ученой степени кандидата филологических наук по специальности 10.02.01 – кыргызский язык


Ключевые слова: невербальные средства, мимика, жесты, эпос «Манас», эмоция, паралингвистика, лексема, соматические фразеологизмы, кинесика, такесика, сенсорика, проксемика, фонация.

Объект исследования – невербальные средства в эпосе «Манас», предмет – пути подачи невербальных средств в эпосе «Манас».

Цель исследования – определение вербальности лексико-семантических, прагматических и лингвокультуроведенческих аспектов невербальных средств в эпосе «Манас» и определение его места в языковой системе.

Методы исследования: анализ теоретической литературы, разбор языковых фактов, анализ, синтез, сравнение, группирование, психолингвистический эксперимент и др.

Научная новизна исследования. При работе над диссертацией были глубоко проанализированы богатые фактические материалы, научно-теоретическая литература, точки зрения, концепции связанные с невербальными средствами и вследствие этого был раскрыт контекст невербальных средств в эпосе «Манас».

Теоретическое и практическое значение исследования. Диссертационная работа послужит основой для точного определения связей вербальных и невербальных средств при общении, дальнейших глубоких исследований в сфере лингвокультуроведения, этнолингвистики и международной коммуникации.


RESUME

Of the dissertation work of Artykova Jamal Abdisalamovna on the theme «Aspects of mean non-verbals in epic «Manas» for the scientific degree of the candidate of philological sciences

Speciality 10.02.01 – Kyrgyz language
Key words: non-verbal means, mimics, gesture, epic «Manas», emotion, paralinguistics, token, somatic phraseology, kinesics, takesics, sensor, proksemics, phonation.

The object of the research work – non-verbals in epic “Manas”, the subject – the way of use of non-verbals in epic “Manas”.

The main purpose of the dissertation – determine the verbality of lexica-semantic, pragmatic and linguistic-cultural aspects of non-verbals in epic “Manas” and its place in linguistic system.

Research methods: analyze the theoretical literature, linguistics facts, analyze, synthesis, comparison, grouping, psycholinguistic experiment and e.t.c

Scientific novelty of research. Research analyzes non-verbals in epic “Manas”, by lots of sourses, scientific-theoretical literature, point of view, conseptions of non-verbals and was determined the context of non-verbals in epic “Manas”.

Theoretical and practical meaning of the research. The results of the dissertation work can be widely used in speech, further research in the sphere of linguistic-cultural sciences, ethno linguistics and international communication.

Артыкова Жамал Абдисаламовна
«МАНАС» ЭПОСУНДАГЫ БЕЙВЕРБАЛДЫК КАРАЖАТТАРДЫН ТУЮНТУЛУШ ӨҢҮТТӨРҮ

АВТОРЕФЕРАТЫ

16.12.2016-ж. Басууга кол коюлду. Өлчөмү 60Х84 1/16.

Кагаз офсет. Офсеттик басуу. Көлөмү 1,75 б.т. Нускасы 100.

Бишкек ш., Раззаков к., 49. ЖИ «Сарыбаев Т.Т.»

т. 62-67-76, 0 (550) 05-83-68



e-mail: talant550@gmail.com


Каталог: media -> uploads -> Diss
uploads -> Сабақ "Тұрақты дамуға көмектесу" Орталығы" Қоғамдық қоры "Маңғыстау облысының табиғи ресурстар және табиғат пайдалануды реттеу басқармасы"
uploads -> Сабақ "Тұрақты дамуға көмектесу" Орталығы" Қоғамдық қоры "Маңғыстау облысының табиғи ресурстар және табиғат пайдалануды реттеу басқармасы"
uploads -> Балалардың құқықтарын қорғау 2013 «Маңғыстау облысының балалар құқықтарын қорғау басқармасы»
uploads -> Форт-Шевченко қаласын дамытудың 2013- 2015 жылдарға арналған кешенді жоспары
uploads -> Маңғыстау облысы Төтенше жағдайлар департаментінің және бағынышты мекемелердің қызметі бойынша тиімділік талдауы
uploads -> 23. орталық азиядағы тұРАҚты даму "Тұрақты дамуға көмектесу" Орталығы" Қоғамдық қоры
uploads -> Конференция жұмысына 179 елден, оның ішінде Қазақстаннан және әр түрлі қоғамдық ұйымдардан өкілдер қатысты. Онда басты негізгі 5 құжат қабылданды, соның бастыларының бірі «ххі ғасырдың Күн тәртібі» деп аталады
uploads -> Халықты әлеуметтік қорғау және жұмыспен қамту жүйесі басшыларының, мамандарының және басқа да қызметшілері лауазымдарының үлгілік біліктілік сипаттамаларын бекіту туралы
uploads -> Сабақ "Тұрақты дамуға көмектесу" Орталығы" Қоғамдық қоры "Маңғыстау облысының табиғи ресурстар және табиғат пайдалануды реттеу басқармасы"
Diss -> Артыкова Жамал Абдисаламовна «Манас» эпосундагы бейвербалдык каражаттардын туюнтулуш өңүттөрү Адистиги 10. 02. 01 кыргыз тили Филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертация


Достарыңызбен бөлісу:
1   2


©engime.org 2017
әкімшілігінің қараңыз

енгізу | тіркеу
    Басты бет


материалдарды жүктеу