Кыргыз республикасынын



бет1/2
Дата18.02.2018
өлшемі474,73 Kb.
#38009
  1   2
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ

К.КАРАСАЕВ АТЫНДАГЫ
БИШКЕК ГУМАНИТАРДЫК УНИВЕРСИТЕТИ


Ж.БАЛАСАГЫН АТЫНДАГЫ
КЫРГЫЗ УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТИ


КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНЫН
Ч.АЙТМАТОВ АТЫНДАГЫ ТИЛ ЖАНА АДАБИЯТ ИНСТИТУТУ

Д.10.14.501 диссертациялык кеӊеши

Кол жазма укугунда

УДК: 81 (575.2) (043.3)

Артыкова Жамал Абдисаламовна
«МАНАС» ЭПОСУНДАГЫ БЕЙВЕРБАЛДЫК КАРАЖАТТАРДЫН ТУЮНТУЛУШ ӨҢҮТТӨРҮ

10.02.01 – кыргыз тили

Филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук

даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациянын

АВТОРЕФЕРАТЫ

Бишкек – 2015

Диссертациялык иш К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин кыргыз тил илими кафедрасында аткарылды.

Илимий жетекчи: филология илимдеринин доктору, профессор

Садыков Ташполот

Расмий оппоненттер: филология илимдеринин доктору, доцент

Дунканаев Абдыкалык Токтогулович
филология илимдеринин кандидаты

Шаршенбаев Акыл Кадырбекович

Жетектөөчү мекеме: Ош мамлекеттик университетинин

кыргыз тил илими кафедрасы, дареги:

714000, Ош шаары, Ленин көчөсү 331.

Диссертациялык иш 2016-жылдын 22-январында саат 10.00дө К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтуна караштуу филология илимдеринин доктору (кандидаты) окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертацияларды коргоо боюнча түзүлгөн Д.10.14.501 диссертациялык кеӊештин жыйынында корголот. Дареги: 720044, Бишкек шаары, Тынчтык проспектиси, 27.


Диссертациялык иш менен К.Карасаев атындагы БГУнун илимий китепканасынан таанышууга болот. Дареги: 720044, Бишкек шаары, Тынчтык проспектиси, 27.

Автореферат 2015-жылдын 18-декабрында жөнөтүлдү.



Диссертациялык кеӊештин

окумуштуу катчысы,

филология илимдеринин

кандидаты, доцент Жайлообаев Б.А.

ИШТИН ЖАЛПЫ МҮНӨЗДӨМӨСҮ

Теманын актуалдуулугу. Азыркы лингвистика заманга бап өзүнүн теориялык парадигмадагы олуттуу өзгөрүүлөрдү баштан кечирүүдө. Тилдин ички структурасына багытталып, тил системасын калыбына келтирүүнү аркалаган адепки теориялык вектор тил аркылуу адам менен улутту таанып билүү максатын көздөгөн лингво-когнито-культурологиялык парадигмага орун бошотууда. Мындай өзгөрүүлөр коммуникациянын ар түртүү өңүттөрүн изилдөөгө жана өзгөчө бул процессти ишке ашырган жандуу кептеги вербалдык жана бейвербалдык каражаттардын катыштарын иликтөөгө багытталууда. Бул жагынан улуттук маданиятыбыздын туу чокусу болгон «Манас» эпосунун тексти жандуу кепке жатары жана аны иликтөө лингво-когнито-культуроло­гиянын актуалдуу маселеси экендиги талашсыз. Демек, диссертациялык иштин актуалдуулугу, биринчиден, теориялык парадигмада орун алган жогорудагы проблемалык жагдай менен аныкталса, экинчиден, кыргыз тил таанымында «Манас» эпосундагы бейвербалдык каражаттардын туюнтулуш өңүттөрү алгачкы ирет иликтөөгө алынып жаткандыгы менен шартталат.

Диссертациянын темасынын негизги илимий-изилдөө иштери менен болгон байланышы. Изилдөөнүн темасы К.Карасаев атындагы БГУнун кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз тил илими кафедрасынын илимий иштеринин планына дал келет.

Иштин максаты «Манас» эпосундагы бейвербалдык каражаттардын лексика-семантикалык жана лингвомаданият таануу аспектилеринде вербалдашуусун аныктоо жана анын тилдик системадагы ордун көрсөтүү болуп саналат.

Бул максат төмөнкүдөй милдеттердин аткарылышын шарттайт:

1) бейвербалдык каражаттарды изилдениш тарыхына сереп салуу менен бирге анын кыргыз тилиндеги иликтениш абалын аныктоо;

2) «Манас» эпосундагы бейвербалдык каражаттарды семантикалык топторго бөлүштүрүү;

3) «Манас» эпосундагы бейвербалык каражаттардын тилдик каражаттар менен берилиш өзгөчөлүктөрүн териштирүү;

4) эпостогу ымдоо-жаӊсоо жана фонациялык каражаттардын туюнтулуш өзгөчөлүктөрүн изилдөө;

5) «Манас» эпосундагы эмоциялык абалдын туюндурулуш өзгөчөлүктөрүн ачып көрсөтүү;

6) «Манас» эпосундагы соматикалык бейвербалдык каражаттардын туюндурулуш өзгөчөлүктөрүн аныктоо.



Иштин илимий жаӊылыгы. Диссертациялык ишти аткарууда бейвербалдык каражаттарга байланыштуу бай факты-материалдар, илимий-теориялык адабияттар, көз караштар, концепциялар кеӊири талдоого алынды жана мунун натыйжасында «Манас» эпосундагы бейвербалдык каражаттардын туюнтулуш өзгөчөлүктөрү ачып көрсөтүлдү. Бул жагынан төмөнкү натыйжалар диссертациялык иштин илимий жаӊылыгы деп табылат:

1. «Манас» эпосундагы бейвербалдык каражаттар алгач ирет иликтөөгө алынышы жана мунун натыйжасында этнолингвистикалык, когнитивдик багыттагы болочок изилдөөлөргө өбөлгө түзүлүшү;

2. Кыргыз тилиндеги бейвербалдык каражаттардын изилдениш тарыхынын териштирилиши;

3. «Манас» эпосундагы бейвербалдык каражаттардын семантикасынын жана текст ичинде колдонулушунун айкындалышы;

4. «Манас» эпосундагы бейвербалдык каражаттардын семантикалык топторго бөлүштүрүлүшү;

5. «Манас» эпосунун негизинде этномаданияттык өзгөчөлүктү чагылдырган менталдык абалдардын аныкталышы.



Иштин теориялык жана практикалык мааниси. Диссертациялык иш сүйлөшүүдөгү вербалдык жана бейвербалдык каражаттардын карым-катышын так аныктоодо, лингвомаданият таануу, этнолингвистика жана маданият аралык коммуникация маселелерин тереӊ изилдөөгө өбөлгө болот.

Изилдөөнүн жыйынтыктарын «Манас» эпосун тереӊдеп таанып-билүүдө, кыргыз тилинин лексика, стилистика бөлүмдөрүн окутууда, этнолингвистика, бейвербалдык семиотиканын маселелерин кароодо даяр материал катары кароого болот.

Иштин коргоого сунушталган негизги жоболору:

1. Бейвербалдык каражаттардын вербалдашуу процесси тилдин бардык деңгелдерин ичине камтыйт.



2. «Манас» эпосунда фонациялык жана кинесикалык бейвербалдык каражаттардын жыш колдонулушу эпостун көркөмдүүлүгүн, образдуулугун арттырат.

3. «Манас» эпосунда бейвербалдык каражаттар тилдик белги катары эмоциялык-экспрессивдик абалды туюндурууда олуттуу кызмат аткарат.

4. «Манас» эпосунда бейвербалдык каражаттар коомдук-экономикалык жана маданий шарттарга ылайык өзгөрөт жана улуттук өзгөчөлүккө ээ.

5. Соматикалык фразеологизмдер бейвербалдык каражаттардын негизинде пайда болгон.



Изилдөөчүнүн жеке салымы. Диссертациялык иштин максат-милдет­те­ри­нин аныкталышы, илимий адабияттарга сереп салынышы, факты-мате­риал­дар топтолуп, талдап териштирилиши, сыпаттап баяндалышы, илимий натый­жа­лары, коргоого коюлган теориялык негизги жоболору, жыйынтыктары изилдөөчүнүн жеке салымы деп табылат.

Иштин апробацияланышы. Иштин мазмуну боюнча «Ахмет Байтұрсынұлы – қазақ руханиятының кɵсемi» аттуу эл аралык илимий конференцияда (Алматы 2013), К.Карасаев атындагы БГУда ФЭЦ факультети тарабынан уюштурулган «Образования. Культура. Современность.» (26 февраля, Бишкек 2014) аттуу илимий конференцияда, Япониянын Цукуба университети жана БГУ тарабынан уюштурулган «Цивилизациялардын кесилишиндеги – тил, маданият, коомдук аспектилер» аттуу эл аралык илимий конференция (Бишкек 2014), «Казак лексикографиясы: тарыхы, тажрыйбасы, болочогу» аттуу эл аралык илимий-теориялык конференцияда (Алматы 2015) баяндамалар жасалды. Изилдөөнүн материалдары К.Карасаев атындагы БГУнун кыргыз филологиясы факультетинин маданият аралык сүйлөшүүнүн тили, тандоо боюнча курс предметтери боюнча 3-4-курстун студенттери үчүн лекциялык жана практикалык сабактарда пайдаланылууда.

Изилдөөнүн жыйынтыктарынын жарыяланышы. Коргоого коюлган илимий-теориялык жоболор, практикалык сунуштар жана темага тиешелүү маселелердин айрымдары илимий журнал, жыйнактарда, кабарларда жарык көргөн 15 илимий макалада чагылдырылган.

Иштин түзүлүшү. Диссертациялык иш кириш бөлүмүнөн, үч негизги баптан, корутунду, пайдаланылган илимий адабияттардын тизмесинен, глоссарийден жана тиркемеден турат.

ДИССЕРТАЦИЯНЫН НЕГИЗГИ МАЗМУНУ

Киришүү бөлүмүндө теманын тандалышы, изилдөөнүн актуалдуулугу, милдеттери, илимий жаӊылыгы, теориялык базасы, изилдөө материалдары, изилдөөнүн теориялык жана практикалык баалуулуктары, коргоого коюлуучу жоболору, иштин апробацияланышы, изилдөөчүнүн жекече салымы, иштин түзүлүшү жөнүндө кыскача маалыматтар камтылган.

Иштин I бабы «Бейвербалдык каражаттардын изилдениш тарыхына сереп» деп аталып, бейвербалдык каражаттардын изилдениши, калыптаныш, классификациясы боюнча теориялык адабияттардын, илимий концепциялардын иликтенишине арналган.

Кинесикалык изилдɵɵнүн илимий негизинин башатын Ч.Дарвин түптөгөн [Дарвин 1908: 76]. Бирок, б.э.ч. 335-жылы Аристотелдин чечендик ɵнɵрдүн негизи баяндалган «Риторика» деген эмгегинде, адамдарды айтылган сɵзгɵ ынандыруу, ишендирүү, макул кылуу ыкмалары көрсөтүлгөн. Угуучунун кɵңүлүн буруу үчүн чечендер качан, кандай учурда, кандай себептерден жек кɵрүү, муюу, жакшы кɵрүү, кызганыч, коркуу сезимдерин пайда кылуу шарттарын билүүсү зарыл экендигин айтышкан.

Адамзат турмушунда колдонулган ымдоо-жаӊсоолору, ишаараттары, интонациянын маанилерин, ордун аңдап түшүнүүнүн классикалык үлгүсү катары XVIII кылымдын француз агартуучусу Жан-Батист Дюбонун «Поэзия жана живопись тууралуу сынчыл ойлом» деген эмгегин эсептɵɵгɵ болот. Анда автор мындай деп белгилейт: «Абалтадан бери эле оозун ачпай, кол же дене мүчɵлɵр аркылуу сүйлɵɵчү «нема» деген илим болгондугун белгилеп өткөн.

ХХ кылымдын башында бул багыт боюнча эң бир таасирдүү эмгек катары Ч.Дарвиндин 1972-жылы жарык кɵргɵн «Адамдардын жана жаныбарлардын эмоцияларынын билдирүүсү» деген китеби болуп саналат. Ал илимий эмгек дене тили (ишаарат, кыймыл-аракет) багытындагы изилдɵɵлɵргɵ жол ачып, жандандырган. Дарвиндин кɵптɵгɵн идеялары жана байкоолору учурда дүйнɵнүн бардык окумуштуу, изилдɵɵчүлɵрү тарабынан таанылган [Дарвин 2001].

Өткөн кылымдын 70-жылдарынын аяк ченинде австралиялык окумуштуу Аллан Пиз «боди лэнгвидж» дене кыймылынын тили боюнча изилдɵɵлɵрүн баштаган. Ал учурунда коммуникация негиздери боюнча окутуу методикасынын автору жана адамдардын сүйлɵшүү психологиясы боюнча таанылган устат.

ХХ кылымда бейвербалдык каражаттар аркылуу баарлашууга кызыгуу ɵскɵндүктɵн, бул тармакты изилдеген кинесика (бай. грек. kinesis - кыймыл) аттуу ɵзгɵчɵ тармак пайда болгон.

Ал эми паралингвистика деген түшүнүк 1940-жылдардын аяк ченинде америкалык лингвист А.Хилл тарабынан киргизилген [Николаева 1990: 21]. Фердинанд де Соссюр: «Тил - ойду чагылдыруучу белгилердин системасынан турат, аны дүлɵй-дудуктардын алиппеси, символикалык образдар, аскердик сигналдар, сылыктык формалары шарттуу белгилери менен салыштырса болот жана да ушул системанын эң маанилүүсү» деген [Соссюр 1999: 23]. Ошону менен бирге тилди белгилер системасы катары карап, семиотика илимин негиздеген.

Ошентип, адам баласы сүйлɵп жатканда угуучунун кɵңүлү, негизинен, тɵмɵнкү үч факторго бурулары белгилүү:


  • биз эмнени сүйлɵп жатканыбызга - 7%;

  • кантип сүйлɵп жатканыбызга - 38%;

  • биздин денебиздин тилине – 55% [Поваляева 2004: 7].

Демек, оюбузду билдирүүдө сɵз 7% аркылуу айтылуучу маалыматты, ички сезимибизди, ошол маалыматка жараша эмоциябызды туюнта алсак, үн ыргагы аркылуу оюбуздун 38% фонациянын элементтери камтыса, колу-буттун, бети-баштын, ооз, мурун, каш, дененин турган абалынын ымдоо жаңсоолору, кинемалары 55% информациянын бөлүгүн жеткирерин далилдеген.

ХХ кылымдын 50-60-жылдарында бейвербалдык каражаттарды изилдɵɵ иштери совет жана орус окумуштуулары тарабынан да колго алынган. Буга мисал кылып паралингвистика жана кинесика маселелерине арналган З.М.Волоцкая, Т.М.Николаева, Т.В.Цивян [1962], Б.А.Успенский [1966], А.А.Капанадзе, Е.В.Красильниковдун [1970] эмгектерин, лексика багытындагы Е.М.Верещагин, В.Г.Костомаров [1981], С.Б.Гончаренко [1984], Ю.Л.Агафоновдун [1982] изилдөөлөрүн, грамматика багытындагы И.В.Василенко [1978], Т.И.Малинин [1982], кинеманын лексика-семан­тикалык талаасынын функционалдык өӊүтү багытындагы М.В.Дементьев [1985], И.И.Серякова [1988] жана С.М.Пахардын басылмаларын [1999], А.Акишина, Х.Канонун [1991] ымдоо-жаӊсоо сөздүгүн келтирүүгө болот.

Ошентип, XXI кылымда бейвербалдык каражаттар түшүнүгү бир жактан такталган. Орус изилдөөчүсү Г.Е.Крейдлин бул системаны бейвербалдык семиотика деп атап, бейвербалдык бирдиктердин катарына колдун ишааратын, буттун кыймыл-аракетин, мимика, позаларды жана дене кыймылдарын кошкон [Крейдлин 1/2000: 342]. Г.Е.Крейдлиндин жана М.А.Кронгауздун «Семиотика - сүйлɵшүүнүн азбукасы» [2000] деген эмгеги жарык кɵргɵн. Анда кыймыл-аракет ишаараттары бейвербалдык каражаттардын негизги бирдиги болуу менен сүйлɵшүүнү толуктайт, түшүндүрɵт, коштойт, сɵздүн ордун алмаштырат, кээ бир кездерде вербалдык каражаттарга карама-каршы келет.

Негизинен, бейвербалдык каражатты изилдɵɵдɵ бирдиктүү пикирлер аз жана терминологиялык башаламандыкка да жол берилип келген, ар бир окумуштуунун ɵзүнүн кɵз карашы жана классификациялык бɵлүштүрүүлɵрү бар. Мисалы, А.Хилл, Г.В.Колшанский паралингвистикалык каражаттар деп аташса, Г.Л.Трейгер экстралингвистика, М.Давыдов эмоциялык интонация, Г.Е.Крейдлин, Е.М.Верещагин бейвербалдык каражаттар деп аташат. Биздин изилдөөбүздө бейвербалдык каражаттар деген термин колдонулат.

Паралингвистикалык каражаттардын лингвистикада каралыш маселеси Р.Л.Бирдвистел [Birdwhistell 1964; 1970]; П.Экман жана В.В.Фризен [Ekman, Friesen 1979; 1981]; К.Р.Шерер [Scherer 1977]; Леонхард [Leonhard 1976]; Д.Эфрон [Efron 1972]; Э.Холл [Hall 1959]; Дж.Трейгер [Trager 1958] ж.б. эмгектеринде кеӊири чагылдырылган.

Дж.Трейгер паралингвистикалык кубулуш катары оозеки кепти коштогон тыбыштарды, кинесикалык кубулуштардын жыйындысын жана семантикалык маркерлердин бир катарын эсептейт да, вербалдык сүйлөшүүгө кирбеген тыбыштык каражаттарды чечмелеп, паралингвистика деген терминди киргизген.

Д.Кристел интонацияны изилдеп, анын пауза, ритм жана башка үнгө байланыштуу кубулуштар менен байланышын карап, айтымдын маанисине тийгизген таасирин иликтеген жана паралингвистика менен лингвистиканын байланышын аныктаганга аракет кылган.

Коммуникациянын бейвербалдык каналын вербалдык каналдар менен байланышта изилдөө аракети алардын ортосундагы окшоштуктар менен айырмачылыкты түшүнүүгө алып келди. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, бейвербалдык каражаттардын вербалдык каражаттарга караганда маалыматты берүү мүмкүнчүлүгү кеӊири.

Орус тилинде алды менен оозеки кепте колдонулган паралингвистиканын теориясына жана практикасына басым жасалган. Паралингвистиканын орус тил илиминде тилдик тармак катары калыптанышында Г.В.Колшанский­дин орду чоӊ. Ал паралингвистиканын кээ бир базалык түшүнүктөрүн жана бул илимдин изилдөө чөйрөсүн тактаган. Г.В.Колшанскийдин пикири боюнча ымдоо-жаӊсоолорду изилдөөнү биологиялык, психолингвистикалык, паралингвистикалык, маданий-тарыхый жана этнографиялык аспектилер менен бирдиктүү жүргүзүү керек [Колшанский 1974: 32].

Г.Е.Крейдлиндин вербалдык жана бейвербалдык белгилердин карым-катышын изилдөөсүндө негизги максаты кылып, бейвербалдык компоненттердин ички тилдик семантикалык типологиясын вербалдык каражаттар менен байланышын аныктоону алган. Ал эми предмети бейвербалдык коммуникация, кыймыл-аракет жана адамдардын өз ара карым-катышы болгон илимди бейвербалдык семиотика деп атооону сунуштайт.

Түркологияда бейвербалдык каржаттарды изилдөөнүн башталышы катары түрк тилдерине мүнөздүү болгон табыш жана элес тууранды сөздөргө байланыштуу жүргүзүлгөн иликтөөлөрдү айтууга болот. Мындай изилдөөлөрдүн башында 1918-жылы жарык көргөн Н.И.Ашмариндин «Основы чувашской мимологии» аттуу эмгеги турат. Аталган эмгекте алгач ирет мимемаларды изилдөөнүн теориялык негиздери гана эмес алардын практикалык классификациясы сунушталган.

Казак тилинде бул маселеге арналган төмөнкүдөй эмгектерди атоого болот: С.Бейсембаеванын «Невербальные компоненты коммуникации в казахском языке» аттуу диссертациялык иши [2002], Б.Қ.Момынова, С.Бейсембаева «Қазақ тіліндегі ым мен ишараттың қазақша-орысша түсіндірме сөздігі» [2003]; Б.Момынованын «Лидерлер имиджін қалыптастырудағы бейвербалды элементтер мен бағалауыштық лексиканың рөлі» [2003], А.Т.Оналбаеванын «Фразеологизмы жестовой семантики» [2010], А.Т.Оналбаеванын «Невербальное общение: социальный и национально-культурный контекст» [2010], Р.Ш.Бердалиеванын «Национально-культурная специфика невербальной модели общения (на материале художественных текстов казахских писателей)» [2010] ж.б.

Өзбек тилинде М.Саидхановдун «Невербальные средства коммуникации и их лингвистическая манифестация в узбекском языке» [1993] деген диссертациялык иши өзбек тилиндеги бейвербалдык каражаттардын функционалдык кызматын изилдөөгө арналган.

Чуваш тилиндеги бейвербалдык каражаттардын табияты А.В.Кузнецов­дун «Вербальные средства этикетного общения в чувашском языке: Опыт компаративного, контрастивного и этнолингвокультурологического изучения» [2004] аттуу диссертациялык ишинде кеӊири иликтөөгө алынган. Бул иште чуваш тилиндеги бейвербалдык каражаттардын өзгөчөлүгү, алардын коомдо, маданиятта жана тилдеги орду аныкталган.

Кээ бир түрк тилдериндеги бейвербалдык каражаттардын орду, мааниси «Национально-культурная специфика речевого общения народов СССР» (НКСРОНС) [1982] аттуу жыйнакта берилген. Мында азербайжан, татар, башкыр жана кыргыз тилдериндеги пикир алышуунун өзгөчөлүктөрү жана бейвербалдык каражаттардын тилдеги, маданияттагы орду кенен каралган. Ошону менен бирге абхаз, монгол, калмак, адыгей, эскимос тилдериндеги пикир алышуудагы бейвербалдык каражаттар тууралуу сөз болот. Жыйнакта ар бир тилдин коммуникативдик шарты, үндүн тембри, андан соӊ ар бир улуттун маданиятындагы ритуалдар, паралингвистикалык каражаттар баяндалат. Алсак, кыргыз элинин пикир алышуусундагы өзгөчөлүк тууралуу Д.Сыдыкбеко­ва­нын сыпаттамасы берилет. Автор кыргыз тилиндеги ымдоо-жаӊсоолор баш­ка тектеш тилдерге караганда азыраак экендигин белгилейт: «Жестикуляция и мимика киргизов отличны от таковых даже у родственных по языку и истории народов – казахов и узбеков: так жесты казахов кажутся сравнительно более размашистыми, а мимика несколько более оживленной. В жестикуляции узбеков заметнее более дробные движения пальцев, имеющие, впрочем, немалую выразительность. В киргизской народной этике считается предосудительным усиленно жестикулировать или мимировать» [НКСРОНС 1982: 86].

Кыргыз тилинде ымдоо-жаңсоолордун колдонулушу, алардын текст ичиндеги орду С.Иманалиевдин «Кыргыз тилиндеги сырдык сөздөр» [1969] аттуу эмгегинде учкай айтылып кеткен. Аталган эмгекте бейвербалдык каражаттар жаңдоо, ымдоо деген термин менен аталат. Окумуштуунун пикири боюнча, жаңдоо жана ымдоону адамдар ар дайым эле колдоно бербейт. Аны адамдар оозеки сүйлөө кеби менен бирдикте белгилүү гана шартка жараша колдонушат. Бул учурда жаңдоо жана ымдоо көбүнчө адамдардын ички сезимин билдирүүчү сырдык сөздөрдү коштой келип, айрым көп маанилүү сырдык сөздөрдүн тигил же бул маанисин тактоодо бир аз көмөк берет [Иманалиев 1969: 46].

Кыргыз элинин ымдоо-жаӊсоолорунун улуттук өзгөчөлүгү жөнүндө Д.Сыдыкбекованын, этнографиялык жагы А.Мырзакматовдун, байыркы таш бетиндеги жазмалардагы ымдоо-жаӊсоолордун чагылдырылышы жана алардын маанилери тууралуу Л.Жусупакматовдун эмгектеринен кезиктирүүгө болот [Сыдыкбекова 1982, Мырзакматов 2000, Жусупакматов 1998]. Ал эми Т.Аширбаев жазуучулардын тилинде, оозеки кепте ымдоо-жаӊсоолордун орду жөнүндө, С.Ж.Мусаев паралингвистикалык каражаттардын прагматикалык аспектиси, С.Өмүралиева көркөм чыгармалардагы бейвербалдык каражаттардын аткарган функцияларын, Т.Маразыков ымдоо-жаӊсоолордон түзүлгөн унчукпоо тууралуу өздөрүнүн эмгектеринде кыскача токтолуп кетишкен [Аширбаев 2000, Мусаев 2000, Өмүралиева 1999, Маразыков 2004].

Белгилүү окумуштуу, профессор Б.Усубалиев көркөм чыгарманын жалпы эстетикалык дөөлөтүн ачып берүүнүн негизги өбөлгөлөрүнүн бири – бул анын тилин иликтөө деп белгилейт. Ошондой эле, чыгармада ой менен тил – экөө бирге жуурулуша ишке ашат, ачыкка чыгаарын төмөнкүдөй белегилейт: ...Айталы, ичинен уйгу-туйгу болуп, жер карап отурган адамды берүү керек дейли. ...Элес пайда болгондон кийин, аны дал ошол кейпинде беришим, дааналап айтканда, жаратышым керек. Бул үчүн ушул элести берүүгө мурда эле аздыр-көптүр даярдыгы бар, образдуулук дүрмөтү бар каражатты табууга тийишмин: «Ал жер карап үңкүйүп отурду». Үңкүйгөн сөзүн таба албадым дейин, эмне беришим ыктымал. Анткени бул сөз бир гана сырткы кейпти берип жаткан жок, ал, баарыдан мурда, кейипкердин психологиялык уйгу-туйгусу менен да өтө тыгыз байланышта болуп отурбайбы. Демек, мен үңкүйгөн сөзүн таппаган болсом, анда кейипкер уйгу-туйгуда экенини узун сабак сөз кылып, сырткы кейпин сүрөттөөгө (жерди теше тиктеп отурат, ыйлап жиберчүдөй жер тиктеп отурат, кабагын карыш салып, жер тиктеп отурат, эч кимге назар бурбай жер карап отурат ж.б.) өтөм. Ошентип, акыры ички абалы менен сырткы кейпин узун сөз менен чубалжытып жебиреп беришим ыктымал, бирок анын баары биригип келип үңкүйгөн деген жалгыз сөз камтыган тактыкты, образдуулукту жана мазмунду бере албайт [Усубалиев, 1994: 41].

Ымдоо – жамдоолор, кыймыл – ишарат факторлору дээрлик бардык функционалдык стилдердин оозеки формаларына, айрыкча сүйлөшүү стилине мүнөздүү фактор болуп саналат. Ал эми көркөм чыгармада бул фактор өзүнүн көп түрдүү белгилери, көркөмдүк өзгөчөлүктөрү менен автордук максатта кеңири колдононулат [Аширбаев, 2004, 98].

Кыргыз тилинде ымдоо-жаңсоолорду атайын иликтөөгө алган изилдөө А.Ботобекованын эмгеги болуп саналат. Бул изилдөөдө биринчи жолу бейвербалдык каражаттар ишарат, паралингвистикалык каражаттар, вербалдык эмес каражаттар деген сыяктуу терминдер менен берилген. Аталган эмгекте бейвербалдык каражаттардын жалпы тил илиминдеги классификациясы, кыргыз элинин коммуникативдик жүрүм-турум өзгөчөлүктөрү сыяктуу маселелер талдоого алынып, илимий жыйынтыктар кабыл алынган [Ботобекова 2002].

Жыйынтыктап айтканда, башка тилдерде бейвербалдык каражаттардын изилдɵɵ иши бир топ мезгилди кучагына алса, кыргыз тил илиминде бул багыт заманбап, жаш илимдердин арасын толуктагандыктан, изилдɵɵ иштери али алдыда турат.

Диссертациянын II бабы «Бейвербалдык каражаттардын «Манас» эпосунда номинацияланышы» деп аталып, бул бөлүмдө бейвербалдык каржаттардын классификациясы, көркөм чыгармаларды бейвербалдык каражаттардын колдонулушу, бейвербалдык каражаттардын грамматикалык жол менен берилиши, соматикалык фразеологизмдер иликтөөгө алынат.

Азыркы мезгилде паралингвистикага фонациялык (просодикалык), кинесикалык каражаттарды камтыйт деп каралат. Булардын ичинен фонацияга кептин тембри, бийиктиги, пауза, мелодикалык кубулуштар, ошондой эле кептеги тыбыштардын (диалектилик, социалдык жана идиолектилик) айтылыш өзгөчөлүгү киргизилсе, кинесикага ымдоо-жаңсоолор, адамдын турган турпаты (позасы) киргизилет. Ошондой эле проксемикалык компоненттер да паралингвистикалык каражаттарга кирет, анткени мейкиндиктин, аралыктын да коммуникативдик мааниси зор.

Ошентип, пикир алышуудагы бейвербалдык каражаттарды иликтөөдө буга чейин топтолгон илимий тажрыйбага таянуу менен аларды кинесикалык (ымдоо-жаңсоо жана пантомимика), просодикалык жана проксемикалык каражаттар деп түркүмдөштүрүү зарылчылыгы келип чыгат. Жогоруда көрсөтүлгөн паралингвистиканын элементтери «Манас» эпосунда топтолгон факт-материалдар, мисалдардын негизинде төмөнкүдөй топторго бөлүштүрүлдү.

Мимика (ымдоо). Адам жүзүндөгү эмоцияны туюндуруу менен байланышкан маанилүү маселелердин бири – маданиятка тиешелүү универсалдуулук. Бул жерден эки көз карашты көрсөтүүгө болот. Биринчисине адам жүзүндөгү эмоциялар универсалдуу деген Ч.Дарвиндин көз карашы кирсе, экинчисине ага карама-каршы келген Клинебергдин көз карашы кирет. Клинеберг кытай көркөм адабиятындагы эмоциянын чагылдырылышын изилдеп, мындай деген жыйынтыкка келет. Дүйнө адам жүзүндөгү кыймылдардын окшоштугуна карабастан, ачуулануу жана таң калуу сыяктуу негизги эмоциялар европалыктар үчүн такыр башка көрүнүш. Демек, ар бир улуттун маданиятында тигил же бул эмоцияны туюндурган кандайдыр бир мимикалык компоненттер бар. Ал эми кээ бир эмоциялардын ар кайсы улуттун маданиятында окшошоштугу – кокустук [Клинеберг 1935: 278].

Адамзат жашоосундагы физиогномикалык тарыхын сактоочу, чагылдыруучу база - көркөм адабият. Бирок көркөм адабиятта көпчүлүк учурда эмоциянын мимикалык туюндурмасы толугу менен бериле бербейт. Буга төмөнкүдөй мисалдарды келтирүүгө болот: Кара көзү чачырап, Кайраса тишин качырап, Муруту шаптай сайылып, Жүзүнүн заары жайылып, Күркүрөшү күн болуп, Бетинен чыгып заары, Беш байпактык жүн болуп, Турган экен баатыры [СО: 818]. Көрүнүп тургандай, ачуулануу эмоциясынын мимикалык жактан туюндурулушу келтирилген мисалдар аркылуу кадиксиз тастыкталган.

Көркөм текстте көбүнчө бир гана эмоция чагылдырылса, кээде бир же эки мимикалык компоненттер сүрөттөлөт: Жапак жүрөт күүлөнүп, Жаалданып сүйлөнүп, Ачууланып эр Манас, Аларга кабак түйүптүр. Түйүп алып муштумун, Көп өткөргөн билегин, Байжигитке кеп айтып [СО: 1257]. Үтүрөйүп калмактар, Үшкүрүшүп алыптыр [СО: 1229]. Кабак түйүү, түйүп алып муштумун деген сөз айкаштары аркылуу мимикалык бет түзүлүшүн сүрөттөп, каармандын жинденип, кекенип баратканынан кабар берип, чыгарманы көркөмдөө менен, каармандын ички жан дүйнөсүн окурманга ачып берүүдө. Ал эми үтүрөйүп деген сөздү укканда: кабагын салып, бешенеси тырышкан, көздөрү ичкесинен жүлжүйө тартылып, маанайы чөккөн каармандын көрүнүшү көз алдыбызга тартылат.

Бейвербалдык каражаттардын көркөм чыгармалардагы негизги орду жана милдети көркөмдүүлүгүн арттыруу менен, чыгарманы окурманга элестүү, таасирдүү болушу менен шартталат.

Кинесиканын эң негизги түшүнүктөрүнүн бири - жаӊсоо (жестика) түшүнүгү. Жест колдонулуш өзгөчөлүгүнө карай сөзгө карата комплементардык (толуктоочу) элемент катары келет. Бул функцияны «Манас» эпосунда кездешкен жесттер да толугу менен аткаргандыгына күбө болобуз.

А) Айтымды коштоп жана толуктап жүргөн жесттер: Аттан түшүп эр Чубак Алмаңды көздөй жүгүрүп: Кечкин, берен, күнөөм-деп, Тизеси жерге бүгүлүп. Эки колу боорунда, Эр жабдыгы жанында [СК: 585]. Жандын баары күңгүрɵп, «Жакшы кеп!»-деп, дүңгүрɵп, Жалпы аламан баарысы, кол куушурду бооруна [СО: 134]. Мисалдардан көрүнүп тургандай, Чубак Алмамбетти көздөй жүгүрүшү жана тизесинин бүгүлүшү аркылуу Алмамбеттен айбыгып, кечирим сурап тургандык белгиси болуу менен катар, аны сөз менен паралеллдүү түрдө коштолуп турат. Ал эми экинчи мисалдагы тизе бүгүү жана баланы бооруна кысуу жесттери аркылуу каармандын мүӊкүрөп тургандыгынан кабар берет.

Б) Сөздүн ордуна колдонулган жесттер: Кой дээр киши жок болду. Акылмандын баары бар, Ак сакал Жакып дагы бар. "Манастын сөзү макул" — деп, Баш ийкеген чагы бар [СК: 419]. Акбалтанын Чубагы Алаканын койгулап, Арман кылып көп ыйлап [СК: 721]. Бул мисалдарда каармандардын кеби катышпай, алардын кыймыл-аракеттери аркылуу болуп жаткан окуяга мамилеси туюндурулуп жатат.

Кинесикалык коммуникациянын үчүнчү маанилүү компоненти - пантомимика, башкача айтканда, адамдын дене кыймылдары жана турган турпаты. Кээде адамдын турган турпаты менен жесттерди ажыратуу кыйынчылыкты туудурат. Биздин көз карашыбыз боюнча, окумуштуу В.Ламб бул түшүнүктөрдү так ажыратат. Анын аныктамасы боюнча, адамдын турган турпаты (позаcы) жагдайдын өзгөрүүсүнө жараша ар бир дене мүчөлөрүнө ылайыкталган кыймыл. Ал эми жест бир же эки дене мүчөлөрүнө гана тиешелүү болгон кыймыл-аракет [Ламб 1976: 35].

Мындай бейвербалдык каражатты «Манас» эпосунун төмөнкү саптарынан көрө алабыз: Кырмуз шаанын сарайга, Кыраан Манас барганы. Карап алып катыны, Кара бою калтырап, Коркуу кирди акыры [СО: 230]. Көрөөрбүз ушул!-деп, Оозун ачып эр Бакай, Отурган бойдон калганы [СО: 230]. Биринчи мисалда кара бою калтыроо – коркуу маанисин билдирсе, отурган бойдон калуу – таң калуу маанисин туюндуруп турат.

Пикир алышуучуларга мейкиндик, аралыктын да мааниси чоң. Паралингвистиканын бул өзгөчөлүгүн проксемика бөлүмү изилдейт. Аталган багыт Э.Холл тарабынан алгач ирет негизделген. Проксемикалык каражаттар да адамдардын ортосундагы мамилени аныктап, кандай мааниде экендигин чагылдырып турат. Алсак: Моюнга минсе шайтаным, Бирок менин айтарым, Арстан сындуу эрдир ээ, Алып келип үстүмө Ар качан кыйын болсо да Ат менен салам бердирбе [CО: 1070]. Бул жерде кыргыз элинин этномаданий түшүнүгү чагылдырып турат. Ат үстүндөгү киши сыйлаган кишисин аттан түшүп, жакын келип учурашуусу, ал эми теӊине албаган адамына ат үстүнөн алыстан салам бериши жөнүндө кеп болуп жатат.

«Манас» эпосунда каармандардын бири-биринен айбыгып, коркуп, бири-бирин сыйлоодо аралыктын сакталган проксемикалык каражаттарды арбын көрүүгө болот. Төмөнкү мисалдарды карап көрөлү: Аркасынан эр Манас Кошо келди жол менен Айкожонун кошуна Отургузду кашына [CК: 204]. Тизеси жерге бүгүлүп, Кытайча чокунуп, жүгүнүп, Алмамбеттин алдына Таазим кылды чуркурап [CК: 656]. Бул мисалдардан көрүнүп тургандай, каармандардын ортосундагы аралык аркылуу кандайдыр бир маалыматты туюндуруп тургандыгына күбө болобуз. Кыргыз элинде аралыкты билдирген сөздөр бар. Мисалы: ат чабым, чакырым, миӊ кадам, эки аттам ж.б сыяктуу сөздөрдү алсак болот. Ат чабым – 25-30 чакырым келген кыргыздын эски аралык өлчөмү. Маӊдай-тескей бетме-бет, бет маӊдай деген түшүнүктү берет. Өйүз-бүйүз – суунун, өзөндүн эки жак жээги, маӊдай-тескей тарабы. Кашына келүү – адамдын алдына өтө жакын келүүсүн билдирет.




Достарыңызбен бөлісу:
  1   2




©engime.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет