Артыкова Жамал Абдисаламовна «Манас» эпосундагы бейвербалдык каражаттардын туюнтулуш өңүттөрү Адистиги 10. 02. 01 кыргыз тили Филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертация



бет1/12
Дата27.05.2018
өлшемі3,02 Mb.
түріДиссертация
  1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   12
Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлиги

К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети

Кыргыз тил илими кафедрасы

Кол жазма укугунда



УДК: 82.09 (575.2) (043.3)

Артыкова Жамал Абдисаламовна

«Манас» эпосундагы бейвербалдык каражаттардын туюнтулуш өңүттөрү

Адистиги - 10.02.01 – кыргыз тили

Филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук

даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертация

Илимий жетекчи:

филология илимдеринин доктору,

профессор Т.САДЫКОВ

БИШКЕК-2016

Шарттуу кыскартуулар:

БЭСЯ Большой энциклопедический словарь. Языкознание. / Гл. ред. В.Н.Ярцева. - 2-е изд. - М.: Большая Российская энциклопедия, 1998. - 685 с.

КТС 1 Кыргыз тилинин сөздүгү. Биринчи бөлүк.

-Б.: «AVRASYA PRESS», 2011. – 880 б.

КТС 2 Кыргыз тилинин сөздүгү. Экинчи бөлүк.

-Б.: «AVRASYA PRESS», 2011. – 891 б.

КТФС Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү. - Ф.: 1980.

МЭ "Манас" энциклопедиясы / Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Б.: Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б.

НКСРОНС Национально-культурная специфика речевого общения народов СССР - М.: Наука, 1982.

СО Манас: Кыргыз элинин баатырдык эпосу. С.Орозбаковдун варианты боюнча. КРУИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту. Түз.: С.Мусаев – Б.: Хан-Теңир, 2010. – 1840 б.

СК Манас: С.Каралаевдин варианты б-ча / Түз.: А.Жайнакова, А.Акматалиев.- Б.: «Турар», 2010. -1008 б.

Мазмун

Киришүү……………………………………………………………………...…...3

I Бап. Бейвербалдык каражаттардын изилдениш тарыхына сереп ……..9


    1. Бейвербалдык каражаттардын жалпы тил илиминде изилдениши… ….9

    2. Бейвербалдык каражаттардын түркологияда изилдениши……….…....20

    3. Бейвербалдык каражаттардын кыргыз тил илиминде изилдениши…..24

    4. I бап боюнча жыйынтык…………………………………...…………..28

II Бап. Бейвербалдык каражаттардын «Манас» эпосунда номинацияланышы………….…….……………….…………………..………30

2.1. «Манас» эпосундагы бейвербалдык каражаттардын классификациясы..30

2.1.1. Кинесика ……….………………...………………………………………..33

2.1.2. Проксемика…………………………………………………………..……40

2.1.3. Такесика………………………… …………………………..……….……43

2.1.4. Фонация……………………………………………………………...…….44

2.1.5. Сенсорика………………………………………………………………….47

2.2. Бейвербалдык каражаттардын көркөм чыгармада номинацияланышы...48

2.3. Бейвербалдык каражаттардын сөз түркүмдөрү аркылуу берилиши….....64

2.4. Соматикалык фразеологизмдер ……............................................................74



2.5. II бап боюнча жыйынтык…………………………………………..….…91

III Бап. «Манас» эпосундагы эмоциялык жана менталдык абалдын бейвербалдык каражаттар аркылуу туюндурулушу……….…….………..93

3.1. Эмоция – лингвистикалык изилдөөнүн объектиси……………...….….. 96

3.1.1. «Манас» эпосунда таң калуу эмоциясынын берилиши.......................100

3.1.2. Эпостогу кубануу эмоциясынын бейвербалдык каражаттар аркылуу берилиши..............................................................................................................110

3.1.3 «Манас» эпосунда ачуулануу эмоциясынын бейвербалдык каражаттар аркылуу берилиши..............................................................................................121

3.1.4. «Манас» эпосунда коркуу эмоциясын чагылдырган бейвербалдык каражаттар............................................................................................................140

3.1.5. Эпосто кайгыруу эмоциясынын бейвербалдык каражаттар аркылуу берилиши .............................................................................................................157

3.2. «Манас» эпосундагы этномаданий өзгөчөлүктү чагылдырган менталдык абалдын бейвербалдык каражаттар аркылуу туюндурулушу.........................168



3.3. III бап боюнча жыйынтык………………………………………...……174

Корутунду………………………………………………………………...…….176

Колдонулган адабияттар……………………………………………………..181

Глоссарий………………………….…………………………………………...199

КИРИШҮҮ

Иштин жалпы мүнөздөмөсү. Азыркы лингвистика заманга бап өзүнүн теориялык парадигмадагы олуттуу өзгөрүүлөрдү баштан кечирүүдө. Тилдин ички структурасына багытталып, тил системасын калыбына келтирүүнү аркалаган адепки теориялык вектор тил аркылуу адам менен улутту таанып билүү максатын көздөгөн лингво-когнито-культурологиялык парадигмага орун бошотууда. Мындай өзгөрүүлөр коммуникациянын ар түртүү өңүттөрүн изилдөөгө жана өзгөчө бул процессти ишке ашырган жандуу кептеги вербалдык жана бейвербалдык каражаттардын катыштарын иликтөөгө багытталууда. Бул жагынан улуттук маданиятыбыздын туу чокусу болгон «Манас» эпосунун тексти жандуу кепке жатары жана аны иликтөө лингво-когнито-культурологиянын актуалдуу маселеси экендиги талашсыз. Демек, диссертациялык иш, биринчиден, теориялык парадигмада орун алган жогорудагы проблемалык жагдай менен аныкталса, экинчиден, кыргыз тил таанымында «Манас» эпосундагы бейвербалдык каражаттардын туюнтулуш өңүттөрү алгачкы ирет иликтөөгө алынып жаткандыгы менен шартталат. Ошондой эле бул изилдөөдө пикир алышуу учурундагы негизги факторлордун бири бейвербалдык каражаттардын «Манас» эпосундагы көркөмдүктү жаратуудагы орду каралат.

Азыркы тил илиминде бейвербалдык пикир алышууга болгон кызыгуунун жаралышы анын вербалдык семиотика менен карым-катышы өзгөчө интерпретацияны туудурганы менен байланыштуу.

Пикир алышуунун бейвербалдык каражаттары кептеги объективдүү компоненттердин бири болуп саналат. Ал адамдардын жалпы пикир алмашуу системасына тереӊ сиӊип кеткен, белгилер системасына тиешелүү болгон көп багыттуу - феномен. Окумуштуу Бирдвистеллдин пикири боюнча сүйлөшүү учурунда вербалдык пикир алышуу 30%ды түзсө, 70% маалымат ымдоо жана жаӊсоонун жардамы аркылуу берилет [Пиз 1992: 16]. Ошондой эле адам баласы жүзүндөгү ымдоо-жаӊсоону 250 000 түрдүү өзгөртө аларын, жана ошол өзгөрүүлөрдүн баарын байкап, таанып турарын белгилеген. Ушундан улам тилге жакын жана коммуникативдик каражаттардын системасында социалдык маанилүүлүгү жагынан тилден кийин экинчи орунда турган бейвербалдык каражаттар өзүнчө изилдөөнү талап кылары мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Теманын актуалдуулугу кыргыз тилиндеги бейвербалдык каражаттардын текст ичинде лексемалаштырылып берилүү өзгөчөлүгүн «Манас» эпосунун негизинде иликтениши менен шартталат. Кыргыз тилинде эпостогу бейвербалдык каражаттар алгачкы жолу илимий изилдөөнүн объектиси болуп жаткандыктан, иште кыргыз элинин лингвомаданият таануу жана этнолингвистикалык маселелер да көз жаздымда калбайт. Демек, изилдөөдө эпос ичиндеги бейвербалдык каражаттардын вербалдашуусу лингвомаданият таануу жана этноспецификалык феномен катары аныкталат, паралингвистикалык каражаттардын вербалдык каражаттар менен туюндурулушу жана ымдоо-жаӊсоолордун вербалдык репрезентациясынын түрлөрү (тилдик жана кептик) талдоого алынат.

Бул изилдөөдө лингвистикалык илик менен катар эле психолингвистика, социолингвистика, этнолингвистика, тексттин теориясы ж.б. илимдерге тиешелүү маселелер да камтылат.

Диссертациянын темасынын негизги илимий-изилдөө иштери менен болгон байланышы. Изилдөөнүн темасы К.Карасаев атындагы БГУнун кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз тил илими кафедрасынын илимий иштеринин планына дал келет.

Иштин максаты «Манас» эпосундагы бейвербалдык каражаттардын лексика-семантикалык, лингвомаданият таануу аспектилеринде вербалдашуусун аныктоо жана анын тилдик системадагы ордун көрсөтүү болуп саналат.

Бул максат төмөнкүдөй милдеттердин аткарылышын шарттайт:

1) Бейвербалдык каражаттарды изилдениш тарыхына сереп салуу менен бирге анын кыргыз тилиндеги изилдениш абалын аныктоо;

2) «Манас» эпосундагы бейвербалдык каражаттарды семантикалык топторго бөлүштүрүү;

3) «Манас» эпосундагы бейвербалык каражаттардын тилдик каражаттар менен берилиш өзгөчөлүктөрүн териштирүү;

4) Эпостогу ымдоо-жаӊсоолордун, фонациялык каражаттардын туюнтулуш өзгөчөлүктөрүн изилдөө;

5) «Манас» эпосундагы эмоциялык абалдын туюндурулушун өзгөчөлүктөрүн ачып көрсөтүү;

6) «Манас эпосундагы соматикалык фразеологизмдердин туюндурулуш өзгөчөлүктөрүн аныктоо.



Иштин илимий жаӊылыгы. Диссертациялык ишти аткарууда бейвербалдык каражаттарга байланыштуу бай факты-материалдар, илимий-теориялык адабияттар, көз караштар, концепциялар кеӊири талдоого алынды жана мунун натыйжасында «Манас» эпосундагы бейвербалдык каражаттардын туюнтулуш өзгөчөлүктөрү ачып көрсөтүлдү. Бул жагынан төмөнкү натыйжалар диссертациялык иштин илимий жаӊылыгы деп табылат:

1. «Манас» эпосундагы бейвербалдык каражаттар алгач ирет иликтөөгө алынышы жана мунун натыйжасында этнолингвистикалык, когнитивдик багыттагы болочок изилдөөлөргө өбөлгө түзүлүшү;

2. Кыргыз тилиндеги бейвербалдык каражаттардын изилдениш тарыхынын териштирилиши;

3. «Манас» эпосундагы бейвербалдык каражаттардын семантикасынын жана текст ичинде колдонулушунун айкындалышы;

4. «Манас» эпосундагы бейвербалдык каражаттардын семантикалык топторго бөлүштүрүлүшү;

5. «Манас» эпосунун негизинде этномаданияттык өзгөчөлүктү чагылдырган менталдык абалдардын аныкталышы.



Иштин теориялык жана практикалык мааниси. Диссертациялык иш сүйлөшүүдөгү вербалдык жана бейвербалдык каражаттардын карым-катышын так аныктоодо, лингвомаданият таануу, этнолингвистика жана маданият аралык коммуникация маселелерин тереӊ изилдөөгө өбөлгө болот.

Изилдөөнүн жыйынтыктарын «Манас» эпосун тереӊдеп таанып-билүүдө, кыргыз тилинин лексика, стилистика бөлүмдөрүн окутууда, этнолингвистика, бейвербалдык семиотиканын маселелерин иликтөөдө даяр материал катары кароого болот.

Иштин коргоого сунушталган негизги жоболору:

1. Бейвербалдык каражаттардын вербалдашуу процесси тилдин бардык деӊгээлдерин ичине камтыйт.

2. «Манас» эпосунда фонациялык жана кинесикалык бейвербалдык каражаттардын жыш колдонулушу эпостун көркөмдүүлүгүн, образдуулугун арттырат.

3. «Манас» эпосунда бейвербалдык каражаттар тилдик белги катары эмоциялык-экспрессивдик абалды туюндурууда олуттуу кызмат аткарат.

4. «Манас» эпосунда бейвербалдык каражаттар коомдук-экономикалык жана маданий шарттарга ылайык өзгөрөт жана улуттук өзгөчөлүккө ээ.

5. Соматикалык фразеологизмдер бейвербалдык каражаттардын негизинде пайда болгон.



Изилдөөчүнүн жеке салымы. Диссертациялык иштин максат-милдеттеринин аныкталышы, илимий адабияттарга сереп салынышы, факты-материалдар топтолуп, талдап териштирилиши, сыпаттап баяндалышы, илимий натыйжалары, коргоого коюлган теориялык негизги жоболору, жыйынтыктары изилдөөчүнүн жеке салымы деп табылат.

Иштин апробацияланышы. Иштин мазмуну боюнча «Ахмет Байтұрсынұлы – қазақ руханиятының кɵсемi» аттуу эл аралык илимий конференцияда (Алматы 2013), К.Карасаев атындагы БГУда ФЭЦ факультети тарабынан уюштурулган «Образования. Культура. Современность. » (26 февраля, Бишкек 2014) аттуу илимий конференцияда, Япониянын Цукуба университети жана БГУ тарабынан уюштурулган «Цивилизациялардын кесилишиндеги – тил, маданият, коомдук аспектилер» аттуу эл аралык илимий конференция (Бишкек 2014), «Казак лексикографиясы: тарыхы, тажрыйбасы, болочогу» аттуу эл аралык илимий-теориялык конференцияда (Алматы 2015) баяндамалар жасалды.

Коргоого коюлган илимий-теориялык жоболор, практикалык сунуштар жана темага тиешелүү маселелердин айрымдары илимий журнал, жыйнактарда, кабарларда жарык көргөн 15 илимий макалада чагылдырылган.



Иштин түзүлүшү. Диссертациялык иш кириш бөлүмдөн, үч негизги баптан, корутунду, пайдаланылган илимий адабияттардын тизмесинен, глоссарийден жана тиркемеден турат.

Киришүүдө изилдөөнүн актуалдуулугу, максаты, милдеттери, объектиси, коргоого коюлуучу жоболор аныкталат.

Биринчи бапта изилдөөнүн теориялык аспектилери, паралингвистиканын изилдениш тарыхы, классификациясы талдоого алынат.

Экинчи бапта «Манас» эпосундагы бейвербалдык каражаттардын номинацияланыш ыкмалары иликтөөгө алынат.

Үчүнчү бапта «Манас» эпосундагы бейвербалдык каржаттардын эмоциялык жана менталдык абалды туюндурулушу каралат.

Корутундуда алынган жыйынтыктар тууралуу маалымат берилет.

I БАП.



БЕЙВЕРБАЛДЫК КАРАЖАТТАРДЫН

ИЗИЛДЕНИШ ТАРЫХЫНА СЕРЕП
1.1. Бейвербалдык каражаттардын

жалпы тил илиминде изилдениши

Тилдеги бейвербалдык каражаттардын улуттук ɵзгɵчɵлүктɵрүн үйрɵнүү – бул ошол тилдин ɵзүн үйрɵнүү сыяктуу эле зарылдык болуп саналат. Ал эми паралингвистика (грек, πἀƿἁ - жанында, жакын, кошумча) тил таанымдагы жаӊыча усул экени белгилүү. Паралингвистика пикир алышуу процессин коштоочу факторлордун системасын изилдейт. Ал эми азыркы учурда тилдеги бейвербалдык коммуникацияны изилдеген илимий тармакты белгилейт жана бул илим төмөнкү маселелерди иликтейт:



  • кинесиканын бардык түрүн

  • фонациянын түрлɵрүн

  • сүйлɵшүүнүн бардык түрлɵрүн - диалогдон интервьюга чейин.

Кинесикалык изилдɵɵнүн илимий негизинин башатын Ч.Дарвин түптөгөн [Дарвин 2001: 76]. Бирок, б.э.ч. 335-ж. Аристотелдин чечендик ɵнɵрдүн негизи баяндалган «Риторика» деген эмгегинде, адамдарды айтылган сɵзгɵ ынандыруу, ишендирүү, макул кылуу ыкмалары көрсөтүлгөн. Угуучунун кɵңүлүн буруу үчүн чечендер качан, кандай учурда, кандай себептерден жек кɵрүү, муюу, жакшы кɵрүү, кызганыч, коркуу сезимдерин пайда кылуу шарттарын билүүсү зарыл. Бул нерселер чеченге сүйлɵп жатып байкоосуздан угуучулардын терс эмоциясын пайда кылбоонун алдын алыш үчүн колдонууну кɵрсɵтɵт. Аристотель бейвербалдык каражаттар сүйлɵɵ кебинде ойду жеткирүүдɵ эң чоң каражат экендигин байкаган. Мисалы, таң калган адамдын оозу ачылган абалда, эриндеринин бурчтары бир аз кɵтɵрүлүп, кɵздɵрү чоң ачылып, кɵзүнүн нуру тɵгүлбɵй, каштары кɵтɵрүлүп, маӊдайында горизонталдык сызыктар пайда болуп, жүзү каткан бойдон караган адамды түшүнɵбүз [Кибанов 2012: 21]. Байыркы мезгилде чечендер ушул кɵрүнүш угуучунун жүзүнɵн байкалса, айтылып жаткан сɵздɵрү таң калууну, кызыгууну жаратып жатканын билип, кебин андан ары улаган. Ал эми угуучулардын жек кɵрүү, ачууланганын, түшүнбɵй, жактырбай жатканын терс эмоцияларынан байкаса, кебин токтотуп, же ошол аудиториянын табитине, ɵзгɵчɵлүгүнɵ жараша сүйлɵшкɵн. Адамдардын бет түзүлүшүнɵ, кебетесине, баскан-турганына карап, ал адамдын кандай киши экенине баа берсе болот деген ойлорун айткан.

Байыркы доордун мыкты дарыгерлери Цельс жана Гален да ушул жагдайларга абдан кызыгып, чечендик ɵнɵрдɵ ымдоо-жаӊсоолордун ар бир элементин туура пайдалана билүү керектигин, аша чаап колдонуу терс кɵрүнүшкө жатарын белгилешкен.

Байыркы Грециянын белгилүү чечени Демосфен оозеки кептин дикциясына кɵңүл бурган. Анткени, оозеки кеп үн ыргагы аркылуу гана жандуу, жеткиликтүү болорун, эл ишенимине татырын баамдаган.

Аристотель сыяктуу эле Цицерон да сүйлɵɵчүнүн угуучуга таасир этишине чоң маани берип, тɵмɵнкү эрежелердин сакталышына: чечендин сырткы кɵрүнүшүнɵ, мимикаларынын башкарылуусуна, ɵзүн токтоо кармашына, ашыкча кыймыл-аракеттерге жол бербешине кɵңүл бурган [Аристотель 1978: 413]. Ал эми кыймыл-аракеттин, ымдоо-жаңсоолордун алгачкы сɵздүгү б.э.ч. I кылымда жашап ɵткɵн римдик чечен Квинтилианга таандык [Аристотель 1978: 33,59].

Физиогномисттер (грек. physis - жаратылыш, gnomon - билүү) адамдын өӊ-түсүнө, дене – мүчөсүнө, баскан-турган кыймыл-аракетине карай, ал адамды таанып-билсе болорун айтышкан [Степанов 2007]. Алар кайра жаралуу доорундагы Иоанн Дунс Скот жана Леонардо да Винчи, ошондой эле XVI-XVIII кылымдарда жашаган Френсис Бэкон жана швейцариялык чыгаан физиогномист Иоганн Гаспар Лафатер болушкан. Иоганн Гаспар Лафатер ɵзүнүн «Адамдарды физиогномиясынан таануу искусствосу» аттуу эмгегинде, негизинен, биринчи жолу адамдын жүзүнүн ачык-айрым, жандуу кыймылынын системалык илимий изилдɵɵсүн колго алган [Уайтсайд 1996].

XVI к. кɵрүнүктүү немис окумуштуусу врач-хирург Парацельс да ɵзүнүн тажрыйбаларында ымдоо-жаңсоолордун табиятынын ченемин ачып берүүгɵ аракет кылган, бирок анын идеясы кеңири чɵйрɵгɵ тарай алган эмес [Гартман 2009].

1664-жылы Джон Баливер адамдын ымдоо-жаңсоо аракети аркылуу сүйлɵшүү сырын ачып берүү үчүн эки китеп чыгарган: хирология - кыймыл-аракеттин табигый тили жана хирономия - колдун риторикалык ɵнɵрү, ыкмасы жɵнүндɵ. Китепте биринчи жолу ымдоо-жаңсоо (жестикуляция) аркылуу сүйлɵшүүсүнүн белгилери системага түшүрүлгɵн таблицалары берилген.

Ошентип, дененин кыймыл-аракетинин, колдун жаңсоосунун, б.а. кинесиканын элементтерине кызыгуу менен кɵңүл бурулуп, хирономия (грек. chier-кол) деген ɵзүнчɵ илим пайда болгон [Аристотель 1978: 33,59].

Адамзат турмушунда колдонулган ымдоо-жаӊсоолору, ишаараттары, интонациянын маанилерин, ордун аңдап түшүнүүнүн классикалык үлгүсү катары XVIII кылымдын француз агартуучусу Жан-Батист Дюбонун «Поэзия жана живопись тууралуу сынчыл ой жүгүртүүлɵр» деген эмгегин эсептɵɵгɵ болот. Анда автор мындай деп белгилейт: «Мурдатан бери эле оозун ачпай, кол же дене мүчɵлɵр аркылуу сүйлɵɵчү «нема» деген илим болгондугун бышыктап өткөн.

ХХ кылымдын башында бул багыт боюнча эң бир таасирдүү эмгек катары Ч.Дарвиндин 1972-жылы жарык кɵргɵн «Адамдардын жана жаныбарлардын эмоцияларынын билдирүүсү» деген китеби саналат. Ал илимий эмгек дене тили (ишаарат, кыймыл-аракет) багытындагы изилдɵɵлɵргɵ жол ачып, жандандырган. Дарвиндин кɵптɵгɵн идеялары жана байкоолору учурда дүйнɵнүн бардык окумуштуу, изилдɵɵчүлɵр тарабынан таанылган [Дарвин 2001].

Өткөн кылымдын 70-жылдарынын аяк ченинде австралиялык окумуштуу Аллан Пиз «боди лэнгвидж» дене кыймылынын тили боюнча изилдɵɵлɵрүн баштаган. Ал учурда коммуникация негиздери боюнча окутуу методикасынын автору жана адамдардын сүйлɵшүү психологиясы боюнча таанылган устат.

ХХ кылымда бейвербалдык каражаттар аркылуу баарлашууга кызыгуу ɵскɵндүктɵн, бул тармакты изилдеген кинесика (бай. грек. kinesis - кыймыл) аттуу ɵзгɵчɵ тармак пайда болгон.

Ал эми паралингвистика деген түшүнүк 1940-жылдардын аяк ченинде америкалык лингвист А.Хилл тарабынан киргизилген [Николаева 1990: 21]. Бирок бул кɵрүнүш советтик тилчи Н.В.Юшманованын кɵңүлүн 1930-жылдары эле бурган. Анын «Экстранормалдык фонетика» деген иши – мунун ачык далили. Андан сырткары швейцариялык лингвист Ш.Балли: “Ымдоо-жаңсоолор, дененин ар түрдүү кыймыл - абалы жана ишаараттары башка белгилер сыяктуу эле лингвистика тармагында ɵз орду бар тилдик белгилер системасы”- деп белгилейт [Балли 1955: 51]. Фердинанд де Соссюр: “Тил - ойду чагылдыруучу белгилердин системасынан турат, аны дүлɵй-дудуктардын алиппеси, символикалык образдар, аскердик сигналдар, сылыктык формалары шарттуу белгилери менен салыштырса болот жана да ушул системанын эң маанилүүсү деген [Соссюр 1999: 23]. Ошону менен бирге тилди белгилер системасы катары карап, семиотика илимин негиздеген.

Ошентип, адам баласы сүйлɵп жатканда угуучунун кɵңүлү, негизинен, тɵмɵнкү үч факторго бурулары белгилүү:



  • биз эмнени сүйлɵп жатканыбызга - 7%;

  • кантип сүйлɵп жатканыбызга - 38%;

  • биздин денебиздин тилине – 55% [Поваляева 2004: 7].

Демек, оюбузду билдирүүдө сɵз 7% аркылуу айтылуучу маалыматты, ички сезимибизди, ошол маалыматка жараша эмоциябызды туюнта алсак, үн ыргагы аркылуу оюбуздун 38% фонациянын элементтери камтыса, колу-буттун, бети-баштын, ооз, мурун, каш, дененин турган абалынын ымдоо жаңсоолору, кинемалары 55% информациянын бөлүгүн жеткирерин далилдеген.

ХХ кылымдын 50-60-жылдарында бейвербалдык каражаттарды изилдɵɵ иштери совет жана орус окумуштуулары тарабынан да колго алынган. Буга мисал кылып паралингвистика жана кинесика маселелерине арналган З.М.Волоцкая, Т.М.Николаева, Т.В.Цивян [1962], Б.А.Успенский [1966], А.А.Капанадзе, Е.В.Красильниковдун [1970] эмгектерин, лексика багытындагы Е.М.Верещагин, В.Г.Костомаров [1981], А.В.Филиппов [1975], С.Б.Гончаренко [1984], З.З.Чанышева [1979], Ю.Л.Агафоновдун [1982] изилдөөлөрүн, грамматика багытындагы И.В.Василенко [1978], Т.И.Малинин [1982], кинеманын лексика-семантикалык талаасынын функционалдык өӊүтү багытындагы М.В.Дементьев [1985], Т.Т.Железанова [1982], И.И.Серякова [1988], Б.В.Беглова [1996] жана С.М.Пахардын басылмаларын [1999], А.Акишина, Х.Канонун [1991] ымдоо-жаӊсоо сөздүгүн келтирүүгө болот.

Ошенетип, XXI кылымда бейвербалдык каражаттар түшүнүгү бир жактан такталган. Орус изилдөөчүсү Г.Е.Крейдлин бул системаны бейвербалдык семиотика деп атап, бейвербалдык бирдиктердин катарына колдун ишааратын, буттун кыймыл-аракетин, мимика, позаларды жана дене кыймылдарын кошкон [Крейдлин 1/2000: 342]. Г.Е.Крейдлиндин жана М.А.Кронгауздун «Семиотика - сүйлɵшүүнүн азбукасы» [2000] деген эмгеги жарык кɵргɵн. Анда кыймыл-аракет ишаараттары бейвербалдык каражаттардын негизги бирдиги болуу менен сүйлɵшүүнү толуктайт, түшүндүрɵт, коштойт, сɵздүн ордун алмаштырат, кээ бир кездерде вербалдык каражаттарга карама-каршы келет. Андан соң М.В.Рябинина [2002] паралингвистикалык кɵрүнүштɵрдү, белгилерди чагылдыруучу лексикалык бирдиктердеги семантиканын болуусу, баарлашуучулардын социалдык мүнɵздɵмɵлɵрү боюнча кабар берет.

Негизинен, бейвербалдык каражатты изилдɵɵдɵ бирдиктүү пикирлер аз жана терминологиялык башаламандыкка да жол берилип келген, ар бир окумуштуунун ɵзүнүн кɵз карашы жана классификациялык бɵлүштүрүүлɵрү бар. Мисалы, А.Хилл, Г.В.Колшанский паралингвистикалык каражаттар деп аташса, Г.Л.Трейгер экстралингвистика, М.Давыдов эмоциялык интонация, Г.Е.Крейдлин, Е.М.Верещагин бейвербалдык каражаттар деп аташат. Биздин изилдөөбүздө бейвербалдык каражаттар деген термин колдонулат.

В.А.Лабунскаянын «Невербальное поведение» [1986] аттуу эмгегинде жана М.А.Поваляева, О.А.Рутердин “Невербальные средства общения” [2004] аттуу эмгектеринде бейвербалдык каражаттарды тɵмɵндɵгүдɵй топторго бɵлүштүрүлɵт:

1. Кинесика: (ымдоо-жаңсоо, дене-мүчө абалы).

1. А. Экспрессивдүү кɵрүнүктүү кыймыл-аракеттер.


  • адамдын турган-турпаты (поза);

  • кыймыл-аракети, жаңсоолору (жест);

  • ишаарат белгилери (мимика);

  • жүрүм-туруму (походка);

  1. Б. Кɵздүн визуалдык байланышы.

  • Кɵздүн кыймыл багыты;

  • Кɵздүн карап калуу тынымы;

  • Кɵздүн кароо жыштыгы;

  1. Просодика жана экстралингвистиканы (ар түрдүү үн ыргактарын), кээ бир окумуштуулар фонация деп да бɵлүп жүрүшɵт: үндɵгү түрдүү ыргактар, тыным, басым, унчукпоо кубулуштары).

  • Интонация;

  • Yндүн бийиктиги;

  • Тембр;

  • Тыным;

  • Дем алуу;

  • Күлкү;

  • Ыйлоо;

  • Жɵтɵлүү;

  1. Такесика: сүйлɵɵчү менен угуучунун ортосундагы динамикалык кыймыл-аракеттердин колдонулушу.

  1. Проксемика: (аралык, орун мамилелери).

  • Багыт;

  • Аралык;

Л.В.Куликова «Эл аралык сүйлɵшүүлɵрдүн коммуникативдик стилдеги парадигмасы» [2006] деген эмгегинде ишмер кишилердин сүйлɵɵ манерасы, мейкиндик жана ɵздүк алкагын аныктай билүү, бир эл менен экинчи элдин маданиятынын ɵзгɵчɵлүктɵрү, бейвербалдык каражаттар муундан-муунга салттуу түрдɵ мурас катары берилерин, бейвербалдык сигналдардын эксплицистикалык түрдө чагылдыруу менен аларды тɵмɵндɵгүдɵй таблицалар аркылуу туюндурган.

Эгерде биринчи ɵлкɵнү А деп, экинчи ɵлкɵнү Б деп алып, ошол эки ɵлкɵ бири-бири менен карым-катыш түзсө, В маданият аралык сүйлɵшүүсү келип чыгарын кɵрсɵтɵт:



1-схема
Маданият аралык баарлашуу В


А маданияты

Б маданияты




В



2-схема

Каталог: media -> uploads -> Diss
uploads -> Сабақ "Тұрақты дамуға көмектесу" Орталығы" Қоғамдық қоры "Маңғыстау облысының табиғи ресурстар және табиғат пайдалануды реттеу басқармасы"
uploads -> Сабақ "Тұрақты дамуға көмектесу" Орталығы" Қоғамдық қоры "Маңғыстау облысының табиғи ресурстар және табиғат пайдалануды реттеу басқармасы"
uploads -> Балалардың құқықтарын қорғау 2013 «Маңғыстау облысының балалар құқықтарын қорғау басқармасы»
uploads -> Форт-Шевченко қаласын дамытудың 2013- 2015 жылдарға арналған кешенді жоспары
uploads -> Маңғыстау облысы Төтенше жағдайлар департаментінің және бағынышты мекемелердің қызметі бойынша тиімділік талдауы
uploads -> 23. орталық азиядағы тұРАҚты даму "Тұрақты дамуға көмектесу" Орталығы" Қоғамдық қоры
uploads -> Конференция жұмысына 179 елден, оның ішінде Қазақстаннан және әр түрлі қоғамдық ұйымдардан өкілдер қатысты. Онда басты негізгі 5 құжат қабылданды, соның бастыларының бірі «ххі ғасырдың Күн тәртібі» деп аталады
uploads -> Халықты әлеуметтік қорғау және жұмыспен қамту жүйесі басшыларының, мамандарының және басқа да қызметшілері лауазымдарының үлгілік біліктілік сипаттамаларын бекіту туралы
uploads -> Сабақ "Тұрақты дамуға көмектесу" Орталығы" Қоғамдық қоры "Маңғыстау облысының табиғи ресурстар және табиғат пайдалануды реттеу басқармасы"
Diss -> Кыргыз республикасынын


Достарыңызбен бөлісу:
  1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   12


©engime.org 2017
әкімшілігінің қараңыз

енгізу | тіркеу
    Басты бет


материалдарды жүктеу