Баш – тилдеги бейвербалдык каражаттарды түзүүдө эң активдүү катышкан дене бөлүктөрүнүн бири. Ошондуктан адам ачууланганда башы алды менен реакция берип, түрдүү кыймылдарга ээ болот. Айткандарыбыз далилидүү болуш үчүн төмөндө эпостон алынган тиешелүү мисалдардын негизинде карап көрөлү.
Баш чайкоо – бир нерсеге абдан ачууланып, кайгырып, ɵкүнүп турган абалы [КТС1: 235]: Атемир башын чайкады, Ачуу келип бир катар, Мойнуна минди шайтаны [СО: 1108].
Башын койгулоо - Өз башын өзү койгулап, Өткөрө тилдеп Алмаңды, Ыйлап кетти Коңурбай [СК: 713].
Адамдын көзү ички эмоцияны чагылдырууда олуттуу роль ойнойт. Өзгөчө ачууланганда көз түзүлүшү өзгөрүп, адамдын жагдайга болгон мамилесин ачык, даана чагылдырат. Бул боюнча психологдор көптөгөн изилдөөлөрдү жүргүзгөнү маалым. Эпосто да каармандардын ачууланган абалын көз аркылуу чагылдырып берген, аны төмөнкүдөй лексемалардан көрүүгө болот.
Кɵзүнɵн жалын чыгуу – каарын тɵгүү, абдан ачуусу келүү, бирди кɵрсɵтчүдɵй болуп, жеп жиберчүүдɵй болуу, тилибизде кɵзүнɵн от чыгуу, каары чыгуу синонимдик маанилеш сɵздɵр менен да колдонулат: Кан Балтайдын чубагы, Кɵзүнɵн жалын тɵгүлүп, Баарысынын алдында, Бута бою бɵлүнүп [СО: 808]. Арстан Алма баатырдын Ачуусу келип калганы. Жаалы чыгып сɵзүнɵн, Жалыны чыгып кɵзүнɵн [СО: 1029].
Көзүнүн чаары чыгуу - Муну көрүп Манастын, Каары чыгып бетине, Чаары чыгып көзүнө, Кошойго айтып калганы, ачуусу келе түшүү, ачуусу кармай калуу. Накыл кептин тутумундагы чаар фарсынын жар деген сөзүнөн өзгөрүлүп калган. Жар - ачуу, каар; туталануу. Кыргыз тилинде жалгыз колдонулбайт, чыгуу, чыга түшүү деген этиш сөздөр менен дайыма бирге жүрөт. Адамдын ачуусу көзүнөн гана билинет да. Ошон үчүн кыргыздар көз- жандын айнеги деп таамай айткан. Аттын ачуусу кулагынан билинет. Качырып тиштээрде ат кулагын артына жапырат. Иттин ачуусу куйругунан билинет. Ит корккондон куйругун төмөн түшүрүп жиберет. Кайратына келгенде куйругуна чыгарак кылып ороп алат. Мына ушундан кыргыздар адамдын көөп турган кезин чагарактап турган кези деп сыпаттайт. Бул сүйлөм итче куйрукту төрт ороп, чагарактап турган кези дегенди кыскартып, жылмалап айтканы [Карасаев 1982: 192]
Эки кɵзү алактоо – адамдын ички сезими уйгу-туйгу болуп, тынчсызданып, эки кɵзү кайнап, жинденип, каары кɵзүнɵн кɵрүнүп тургандагы абал: Алактаган эки кɵз Ɵрттɵй кайнап чекчейип, Каары бɵтɵн кɵрүнүп [СК: 139].
Кɵзү кызаруу – аябай ачуулангандын жеткен чеги катары каралат, каарданган эмоциялык абалдын берилиши: Тикирее каранып, Кɵзү кызыл ɵрт болду, айкырган үнү Алмаңдын, Бузуп кетер ɵңдɵнүп [СК: 654].
Ачуудан кɵзү айлануу – жилигип туталанганда, кыжыры кайнагандагы абалдын лингвистикалык каражаттар аркылуу берилиши: Калкыңдан азган капырсың, Казакка кантип батырсың, Ачуудан кɵзүн айлантып, Алмамбетке аны айтып [СО: 1027].
Кɵзү жайноо – аябай ачууланганда, кɵз тоголоктошуп, чоңоюп, жайылган абалга келиши: Тегерегин карабай, Теги жанын аябай. Ɵрттɵй кɵзү бек жайнап, кан ичмеси чын кармап [СК: 80]. Майлаган буудай жүздɵнүп, Күүгүм туман кɵздɵнүп, Ɵрттɵй кɵзү бек жайнап, Кан ичмеси бек кайнап [СК: 446].
Кɵзүнɵн ɵртү зыркыроо – аябай ачууланган абалын биринчи кезекте адамдын кɵзү түздɵн-түз чагылдырары бышык. Бул жерде метафоралык да, түз маанилик да катышып жатат. Текст ичинде ачууланды, жинденди ж.б. кɵрүнүштү кɵркɵмдүк иретинде күчɵтүү аркылуу берилет, бирок чындыгы да бар экендиги талашсыз. Кɵзүнɵн ɵртү зыркырап, Тиштенип тиши быркырап, Кабыргасы качырап, Коңурбайды бет алып, Келе жатат күркүрɵп [СК: 683].
Кɵзү бɵлүнүү - заар, каары кɵзүнɵн кɵрүнүп турганы: Кɵрчү болсоң Жолой кан Кɵк жолборстой чамынып, Бɵрүдɵй кɵзү бɵлүнүп, Бɵтɵнчɵ сыры кɵрүнүп, Кабагы тайыз, Заары күч, Бул каапырдан күдɵр үз [СК: 142]. Карышкырдын жалаңдаган сүрү кɵзү аркылуу ɵткɵн сыяктуу кебете, караңгыда кɵзү жылтылдап ɵзү кɵрүнбɵсɵ да, кɵгүш тартып каардуу кɵзү алыстан эле кɵрүнгɵнүн берип жатат.
Кɵзүнɵн жалыны чыгуу - каардануу, жаалдануу: Ачуусу келе калганы, Жаалы чыкты сɵзүнɵн, Жалыны чыкты кɵзүнɵн [СО: 118].
Көздүн ар кандай абалын чагылдарган да сөздөр бар. Алар көз карашты сыпаттап, көздүн чоңойуу, кичирейүүсүн атаган да лексемалар ачуулануунун деңгээлин көрсөтүп бере алышат.
Чакчаюу – кɵзү тостоё чыгып чакырайып кɵрүнүү, чакчаю, чакчайып кароо [КТС2: 696], аябай ачуусу кайнап, жинденгенин кɵзүн чекчейте кароо ымдоосу менен берилет: Кɵзү кайнап чакчайып, Айбалтадай муруту Бɵлɵк-бɵлɵк бириндеп, Алɵɵкɵнүн Коңурбай, Келе жатат жакындап [СК: 788].
Чекчейүү - кадала кароо, тикирейе кароо, кɵзүн чекирейтип тирмие кароо [КТС2: 721], ачууланып, каарданып турган абалы: Ɵрттɵй кайнап чекчейип, каары бɵтɵн кɵрүнүп [СК: 139].
Акыраюу – кɵздү чоң ачып бакыраюу, жаман кɵрүп алая кароо [КТС1: 85]: Акырая бир карап, Ачууланып калганы [СК: 389]. Алгыр бүркүт кɵздɵнүп Акырая караган, Астында аты карагер, Айбаты катуу бу бир эр [СО: 181].
Эпосто көздүн мындай өзгөрүшүн атаган сөздөр окуянын жүрүшүн, каармандардын ар канадй жагдай-шарттардагы психологиялык абалын ачып берүүдө активдүү роль ойнойт.
Адамдын көзү менен катар эле кабагы да маанайды берүүдө өзгөчө мааниге ээ. Кыргыз тилинде буга байланыштуу кабагы салыңкы, кабагы ачык, кабагы бүркөө, кабагым-кашым дебей, каш-кабагы өзгөрүү деген сыяктуу туруктуу сөз айкаштары бар. Булардын бардыгы адамдын маанайын, психологиялык абалын туюндурган сөздөр экени көрүнүп турат.
Эпосто ачуулануу түшүнүгүн берүүдө кабакка байланышкан төмөнкүдөй сөздөрдү киргизебиз.
Кабагын түйүү - кабагы бүркɵлүп, жактырбагандай, ачуулангандай, сабыры суз, түнɵрүңкү абалда болушу [КТС1: 701]. Түйүлүптүр кабагың, Карап туруп түрүңдү, Адам кɵрсɵ ɵлгүдɵй, Азыркы айбат сүрүңдү [СО: 1052]. Жапак жүрөт күүлөнүп Жаалданып сүйлөнүп, Ачууланып эр Манас Аларга кабак түйүптүр.
Кабагы бийик болуу - Кабагы бийик, ɵңү саз, Каары башка заары күч Ушул тонду кийгенде Карай албай жүзүнɵ Сыргактын кɵзү уялып, Жактырып турду Алмаңды [СК: 260].
Кабагын карыш салуу - Малдан келдиң сабылып, Кабагың карыш салынып, Көзүңдөн агат кара жаш, Дагы кандай шумдук табылып? [СК: 360].
Ачуулануу жагдайында пикир алышуу учурунда адамдын дене бөлүктөрүнүн ичинен ооз да бейвербалдык каражаттардын курамын толуктайт. Эпосто оозго байланыштуу төмөнкүдөй сөз тизмектерин көрүүгө болот:
Оозу-мурдун жалануу – кɵбүнчɵ эриндерин, уурттарын ж.б. тил менен жалмалоо, жалоо, тилдин учун тийгизүү кыймылы менен сугалактанган, жутунган, демиткен абалда болуу, жалмаңдоо түшүнүгүн берет [КТС1: 477], жиниккенде, жинденип чамынгандагы баатырлардын сүрүн, кыжырланганын ушул кыймыл-аракет менен образдарын манасчылар ачып кɵрсɵткɵн: Оозу-мурдун жаланып, Арсландай айкырып, Айдап жүрɵт эр Сыргак [СК: 843].
Оозу араандай ачылуу – алкымы, оозу чоң ачылып, айбаты кɵрүнүү: Араандай оозу ачылып, Алып ийчү эмедей Аңдып турат сур жолборс, Ар мүчɵсүн карасаң, Арслан сыны кɵрүнɵт [СК: 146]. Бул сɵз айкашында биринчи компоненти араандай деген сɵз экинчи компонентиндеги кыймыл аракетти сыпаттоо, салыштыруу аркылуу берилип жатат.
Каарданганда, ачууланганда адамдын жүзү муруттун кыймыл-аракети аркылуу да берилет: Титиретти журтту, Тикирейтип мурутту Сакалы саадак кабындай, Муруту Букар шабындай [СО: 1051].
Ооз көңдөйүндөгү органдардын ичинен тиш бейвербалдык каражаттар катары ачуулануу эмоциясында көбүрөөк колдонулат: Каалгадай кашка тиш. Эми калайыктан башка тиш, Кашкайып чыгып алыптыр [СК: 756].
Тиштенүү - тиштерин бек бири-бирине бекем такап кысуу, үстүңкү тиштери менен астыңкы эрдин кыса тиштɵɵ. Ачуусун тыйып кармануу, чыдоо [КТС1: 558]: Кɵзүнɵн ɵртү зыркырап, Тиштенип тиши быркырап, Кабыргасы качырап, Коңурбайды бет алып, Келе жатат күркүрɵп [СК: 683]. Алмамбет жетип тиштенип, Ал да келип бир сайды [СК: 755].
Эрдин тиштɵɵ - ызырынуу, кекенүү, бирɵɵгɵ карата ичинде кек сактап жүрүү [КТС1: 756]: Каарданып берениң, Кабылан Манас кырааның, Эрдин кесе тиштенип, Кызыл чоктой кɵздɵнүп, Шамал чыгып оозунан, Жалын чыгып кɵзүнɵн [СК: 756].
Эрдин кесе тиштɵɵ - Эрдин кесе тиштенип, Кызыл чоктой кɵздɵнүп, Шамал чыгып оозунан, Жалыны чыгып кɵзүнɵн, Каарданып берениң, Кабылан Манас кырааның [СК: 756].
Ал эми адамдын колу, манжалары, муштуму оң жана терс эмоцияны чагылдырган бейвербалдык каражаттар катары пикир алышууда кеңири колдонулат. Эпостогу ачуулануу эмоциясы кол аркылуу төмөнкүдөй берилген:
Колун силкүү - бир адам экинчи адам менен учурашкан сыяктуу кол берет, бирок колунун болгон күчү менен жулкулдатып, силкилдетип, ачуусун, кегин же жинденгенин билдирүүсү: Кармап колун Кɵкчɵнүн, Кан Алмамбет силкиптир. Калбаны катуу баштады, Силккенинде оң колду, Yзүлүп кете жаздады, Кɵк сүлɵɵсүн кундуз, Учуп түштү баштагы [СО: 1033].
Муштоо – муштуму менен уруу [КТС2: 264], жинденгенде, ачуулангада ɵзүн кармана албай муштуму менен муштап жиберүү: Канкордугу мынчалык Каң дедире Дɵңгɵнү Муштап келип жиберди [СК: 139].
Ачуулануу эмоциясын берүүдө жогоруда белгиленген дене мүчөлөрүнөн башка адамдын жүзү өзгөчө көрүнүшкө ээ болот. Андагы өзгөрүүлөр кыргыз тилинде ар кандай сөздөр менен аталат да, эпосто көркөмдүүлүк каражатын түзүп турат. Адам ачууланганда алды менен жүзү кубарып, өңү өзгөрүп башка бир абалга өтөт. Мындай абалга байланыштуу сөздөр эпосто бир топ берилген.
Кубаруу - аябай ачууланганынан ɵң-алакеттен кетүү, кубарып-кумсаруу, купкуу болуу [КТС1: 87], аябай ачууланган эмоциалык абалда адамдын жүзү, ɵңү да ɵзгɵрүлүп турат. Ошол бейвербалдык каражаттын берилиши аркылуу адамдын жинденип турганын турганын түшүнɵбүз: Кургап калган чɵп ɵңдүү Ушалап эрди салганмын! Жүз миң аскер келсең да, Жутармын чайнап тойбосмун [СО: 213].
Каны качуу – ɵңү кубарып-кумсарып кетүү, купкуу болуп, аябай ачуусу келүү [КТС1: 765]: Каарданып берениң, Кабылан Манас кырааның Сыр найза алып колуна, Каны качып этинен Качырып келди Мадыны [СК: 756].
Ɵңү бузулуу - бир нерсеге катуу кыжырланган, ачууланган, кыжаалат болгондо, кыйналган учурда ɵзүн башкача сезип, ɵзгɵрүлɵ түшүү [КТС2: 356]. Мисалдан карап кɵрɵлү: Жуучу келдим дегенге, Ɵпкɵң мынча кысылды, Ɵңүң мынча бузулду, Кыялыңар мурунтан, Кызга жуучу келгенди Кырып жүргɵн шекилдүү [СО: 1107].
Сурдануу – түсүн үйрүү, ачуусу келип кумсаруу [КТС2: 461]: Буудай ɵңдүү кызыл жүз, Буластаган Алмамбет, Буурканып сурданып [СО: 1047]. Сыпатына тааныбай Сурдандаңар бир далай, Кишинин түрүн биле албай, Кирдеттиңер бир далай [СО: 1118].
Кабаруу – ачуулануу, кыжыры кайноо, каардануу [КТС1: 701]: Каарданып дүпүлдɵп, Кабарып, тɵрɵң турганы [СО: 1052], Кабаарыган түсүңдɵн, Калкыңда акыл калбады [СО: 1052].
Кабаарыган түсү - ачуулануу, кыжыры кайноо, каардануу [КТС: 701]: Кабаарыган түсүңдɵн, Калкыңда акыл калбады. Бир миң киши кыруучу, Куршугуңуз кармады [СО: 1052].
Мындан тышкары эмоция конкреттүү бир дене бөлүгү аркылуу гана берилбестен, адамдын жалпы сырткы көрүнүшү аркылуу да берилет. Башкача айтканда, адамдын турган турпаты, чачы, басканы жана башка ушул сыяктуу кыймылдары анын канчалык деңгээлде ачууланып жатканы тууралуу маалымат бере алат. Манасчылар эпосто каармандардын каарданганын угуучуга жеткирүү үчүн тилибиздин бай элементтерин колдонгонун баамдоого болот. Алсак, адам кимдир бирөөгө же кандайдыр бир нерсеге ачууланганда үтүрөйүп, керсейип, кайкайып ж.б. абалда болушу мүмкүн. Мына ушул сыяктуу абалдар эпосто төмөнкүдөй бейвербалдык каражаттар менен берилген:
Yтүрɵйүү - Жаман кɵз менен карап, кабак бүркɵɵ, кабак чытуу, түнɵрүү [КТС2: 673]: «Yтүгүңɵ шоодай!» - деп, Yтүрɵйүп бу калмак, Yксɵңдɵгɵн бу калмак,Yксɵңдɵгɵн куу калмак, От бербеди балага [СО: 52].
Ойку-кайкы бастыруу – толкун сымал, ɵйдɵ-ылдый закымдап, бир жерде турбай атын бастыруу. Ээлигип-дээлигип, ачууланган эмоциялык абалында адамдын каны кызып, бир жерде тынч алып олтура албай, ары-бери ойкутуп-кайкытып атты бастыруу: Астындагы Ачбуудан Ойку-кайкы бастырып, Жайсаңдын жанын чыгарып, Каарланып шаштырып, Кайран Жолой канетет [СК: 141].
Түктɵнүү - каарданган кɵрүнүштɵ болуп, кабагын бүркɵɵ, беттен жинденгенден серт кɵрүнүштɵ болуусу: Эрдин кесе тиштенип, Эки кɵздɵн от чыгып, Ажыдаардай түктɵнүп [СК: 714].
Куршугуу – ачууланган кишинин дене мүчɵсү жыйылып, тырышып турган абалы: Бир миң киши кыруучу, Куршугууңуз кармады, Бирге жүргɵн кырк баатыр, Биринин эси калбады [СО: 1052].
Какаюу – бой кɵтɵрүү, кейкейүү, кекирейүү, менменсинүү [КТС1: 732]: Кежиге чачы үксүйүп, Каары келип какайып, кармашаарга жан таппай, Каары күчтүү каапырга [СК: 137].
Кайкаюу – бой кɵтɵрүү, менменсинүү, теңине албоо, теңсинбɵɵ кыйынсынганда, бирɵɵнү жектегенде, урушуп турганда, каарданганда, боюн ɵйдɵ кɵтɵрүп, жанындагы адамды үстүнɵн карап, тикирейип, кайкаган абалда турушу [КТС1: 719] : Каарын тɵгүп кайкайып, Канча жерден алымын, Алып турду Алооке [CК: 48].
Кежигесин кержейтүү - желке-моюндун арт жагын кейкейтүү, чалкалатуу кыймылы менен ачуусу келүү, кыжыры кайноо, жактырбай, тырчыюу, кɵңүлү бузулуу деген маанини билдирет: Калайман баштап чыр салды, Yйүң күйгүр бул бурут, Кейишти кечээ баштады. Кежигесин кержейтип, Ат кылып биттеп таштады [СК: 141].
Бели артына бекчейүү - далысы бүкүрɵйгɵн, бели артына кеткен абал, аябай жаалданган адам түз турбастан бир аз эңкейген абалда болуп, башы алдыга жүткүнгɵндɵй түр кɵрсɵтүп, ал аркылуу кɵңүлү аябай бузулуп, ачууланганын билдирет: Берен Манас султандын Бели артына бекчейип, Алактаган эки кɵз ɵрттɵй кайнап чекчейип, Каары бɵтɵн кɵрүнүп [СК: 139].
Кежиге чачы үксүйүү - жаалы чыгып, ачууланган адамдын абалы: Кежиге чачы үксүйүп, Каары келип какайып, Келе жатат түктɵйүп [СО: 278].
Yрпɵйүү - сексейген, үрпɵйгɵн, үксɵйгɵн кɵрүнүштɵ болуп, ачуусу келүү, ачууланып урушуу маанисинде берилген [КТС2: 671], Түсү кетип түктɵйүп, Түгү чыгып үрпɵйүп, Каарданып дүпүлдɵп, Чындап арслан күпүлдɵп [СК: 580].
Yксүйүү- Кежиге чачы үксүйүп, Каары келип какайып, Кармашаарга жан таппай Каары күчтүү каапырга, кайраты толук эр экен [СК: 137]. Жеп ийчүдɵй үксɵйүп, Качырган каман тɵштɵнүп, Алуучу аюу кɵздɵнүп [СК: 143].
Чачы сүксɵйүү – Тɵбɵ чачы сүксɵйүп, Жеп ийчүдɵй үксɵйүп, Качырган каман тɵштɵнүп [СК: 143].
Октолуу – окторулуу, атырылуу, алга катуу умтулуу [КТС2: 302], ачууланып, демиткенде, жинденген эмоциялык абалды дене-бойдун турган турпаты да коштоп, акырын гана кыймылдабастан, аткан октой атырылган кыймыл-аракет коштойт. Бул кɵбүнчɵ баатырларга, эр-азамат жигиттерге таандык кыймыл болуп саналат: Кара чаар жолборстой, Карасаң Алмаң октолуп. Алиги турган кɵй баатыр, Бирин-бири кɵздɵдү. Баарысы батпай токтолду, Кɵрүнгɵн кебин айтууга, Ажыбай чечен октолду [СК: 476].
Айбаты катуу – сүрдүү, айбаты күчтүү деген маанисинде берилип жатат. Астында аты карагер, Айбаты катуу бу бир эр, Ажыдаардай айбаттуу, Арстандай кайраттуу [СО: 181]. Айбаты катуу, заары күч, Арстан эрди кɵргɵндɵ, Ɵлүм келди оюна, Калтырак кирди боюна [СО: 231]. Бул атоочтук сɵз айкашы айбат зат атоочу менен катуу сын атоочунун айкалышы менен, баатырдын кɵрүнүшү, келбети, ɵңү-түсү аябай сүрдүү, кайраттуу экенинен кабар берип жатат. Бир эле ɵң-түс эле эмес, адамдын үнү да айбаттуу экенин тɵмɵнкүдɵй тилдик каражаттар менен берип жатат: Айбаттанып айкырып, Аскердин алдын жапырып [СК: 341].
Качыруу – кол салуу, тиш салуу [КТС1: 808]: ачууланганда душманына кол салуу үчүн умтулган дене-бойдун кыймылы, бул жерде карама-каршысынан бет келип качыруу кыймылы берилип жатат, б.а. проксемикалык кыймылдын, аралыктын катышы каралып жатат: Келберсиген Коңурбай, Алгарага камчы уруп, Каарданып бакырып, Сыргакты беттеп качырып [СК: 854].
Чамынуу – жулунуу, жулкунуу, атырылуу, күүлɵнүү [КТС2: 702]: Ок жалындай октолуп, Арсландай чамынып [СК: 661]. Ак жолборстой чамынып, Айкырып атка мингенде [СК].
Күүлɵнүү – күч алуу, күчɵɵ, күчкɵ келүү, алга умтулуу, катуу кыймылдоо [КТС2: 151], ачууланганда, жини келгенде эмоция менен катуу-катуу кыймылдап, сүйлɵнгɵн абал: Кейип Жакып турганда, Акбалта кирди күүлɵнүп, Бай Жакыпка сүйлɵнүп [СК: 108]. Деп, ошентип, Манас кан, Күп-күп этип күүлɵнүп, Күркүрɵп кɵк жал сүйлɵнүп [СК: 205]. Кɵкчɵ баатыр күүлɵнүп, Кɵк жал Алмаң султандын Кɵзүнɵ айтып сүйлɵнүп [СО: 1075].
Жулкунуу – алкынуу, булкулдап албууттануу, алга карай обдула умтулуу, катуу булкуп-силкүү, катуу кыймылга келтирүү, ачууланып турганда чамынып атырылган абалда болуу [КТС1: 590]: Деп ошондо Каныкей, Каарданып жулкунуп, Кармап турду баланы, Кое бербей булкунтуп [СК: 938]. Же: Кечилдин каны Коңурбай, Келе жатат жулкунтуп, Алгарасын булкунтуп, Катынын кара баскандай, Астынан жоосу качкандай [СК: 859].
Булкунуу – жулунуп-жулкунуу, алкынып буркан-шаркан түшүү, албуутануу, силкинүү, кескин тартылган, булкунган кыймылда болуу: Жулкулдашып булкушуп, Кийим калбай үстүндɵ, Ат үстүндɵ силкишип, Качырышып киришип [СК: 754].
Жулкушуу – күч менен катуу тартуу, булка тартуу, урушуу, тарткылашуу, жулмалашуу [КТС1: 590]: Ичи кайнап ɵрт болуп, Улак кандын Сыргагы, Коңурбай менен жулкушуп, Бир жеңишип кɵрɵм - деп [СК: 689].
Ээленүү - кызуу, токтоо бербɵɵ, чыдамсыздануу, токтоно албай күүлɵнүү, ачууланганда, буркан-шаркан түшүп албууттанып турганда, эч бирɵɵ токтото албай, ээ-жаа бербей ээленип туруусу: Ээленип Манас булкунуп, Эри ɵлгɵндɵй жулкунуп, Ээленип турган туйгунуң, Ач арсландай жаланып, каарданып булкунтуп [СК: 258].
Тутулуу - ɵзүнɵн-ɵзү бир нерсеге ачууланып, жини келип, түнɵрүү, кабагын ачпоо, себебин айтпай эле туталана берүү: Эки жакты каранып, Эзелден кɵк жал арслан, Эрди-мурдун жаланып, Каарданып тутулуп, ачарсландай жутунуп [СК: 205].
Сүйлɵнүү - жемелɵɵ, жекирүү, ачуулануу [КТС2: 466], Анда Манас сүйлɵндү: «Акылың жок, жер Кɵкчɵ.Кɵптɵн коркуп турбачы, Кɵɵсɵрлүк кебиң кылбачы!» [СО: 129]. Жете электе Манаска Жеп ийчүдɵй сүйлɵнүп [СК: 138].
Сакалын жулкуу – Ачууланып бай Жакып, Сакалын жулуп алганы [СО: 289].
Жакасынан алуу – ачуусу келгенде урушуп кеткен адамдын жакасынан бучкактап кое бербей, асылып, салгылашып, мушташып кетиши. Кылыч менен чабышып, Чукул кирип келгенде, Жакасынан алышып, Ат үстүнɵн тартышып [СК: 815].
Ачуулануу эмоциясын улуттук өзгөчөлүктү чагылдырган кыймыл-аракеттер менен да берүүгө болот. Өзүнчө подтексттик мааниге ээ, кыргызга гана тиешелүү иш-аракеттер да ачуулануу эмоциясын чагылдырып турат. Эпосто мындай бирдик катары камчы сүйрөп кирүү деген бейвербалдык каражат кездешет.
Камчы сүйрɵп кирүү – ачууланганын, жинденгенин, билдирүү. Yй ээси менен келише албаган, уруш, жаңжал чыгаргысы келген камчысын колунан түшүрбɵй кыйкымдуу учурду күткɵн адам [КТС2: 665]: Айыбына Манасты Ошол бурут бербесе, Камчы сүйрɵп киргиле, Кызыталак буруттун Как куйкасын тилгиле [СК: 120].
Кыргыз тилинде адамдын ачуулануусу көркөмдөлүп, фразеологизмдер аркылуу да туюнтулат. Мындай туруктуу сөз айкаштары эпостогу окуяларды, каармандардын сезимин берүүдө да колдонулган.
Көзүнөн чаары чыгуу - Абдан ачуулануу, каардануу, жаалы келүү [КТФС: 176]: Муну угуп Манастын, Каары чыгып бетине, Чаары чыгып көзүнө, Кошойго айтып калганы [СО: 1490].
Бетинен түк чыгуу – ачуусу келүү, сурдануу, каардануу: Бетинен тешип түк чыгып, Кабылан Манас баатырың [СК: 498].
Ошондой эле ачуусун келтирүү, кыжырлануу, каардануу деген терс эмоциялар эпосто ар кандай салыштыруу аркылуу да берилет: Арсландай толгонуп, Каарына чыдабай, Кара чаар жолборстой, Калча турду комдонуп [СК: 803], же: Кайра жаачу булуттай Каары бетине айланып [СК: 104], - ошондой эле: Кабыландай каркырап, Ажыдаардай аркырап, Жалыны кɵөдɵн шаркырап [СК: 1052]. Ɵзү жайнап сɵгүлүп, Оозунан заары тɵгүлүп, Качырып салган Коңурбай, Ажыдаардай кɵрүнүп [СК: 891], Түрү жылан ɵңдɵнүп, Бетинин баары түктɵйүп [СК: 859], «Манас!»-деп, ураан чакырып, Акбалтайдын Чубагы Быт-чыт кылып кытайды, Арсландай айкырып [СК: 817]. Ооздон оту буркурап, Кɵɵрүктɵн чыккан жалындай, Кɵздɵн оту шыркырап [СО: 1033]. Арстандай чамынып, Ал мүнɵзүн кɵргɵндɵ, Жан калбады жай алып [СО: 151]. Ак селдеси казандай, айкырса үнү азандай [СК: 240]. Кындан сууруп кыйкырып, Ажыдаардай айкырып, Бет алдында кытайды, аралап кирди Алмамбет [СК: 829]. Кɵзү кɵрдүн оозундай, Кɵрүнгɵндү соргудай, Мурунунун таноосу Бурулуш жылга буткулдай, Кезиккенде ал Кочку Жɵн эле аты менен жуткандай [СО: 107].
Эпосто бул аталган эмоция метафоралык каражаттар аркылуу да берилет. Каарданып кабылан, Калайыкты чочутуп [СК: 407]. Эки жакты каранып, Эзелден кɵк жал арслан, Эрди-мурдун жаланып, Каарданып тутулуп [СК: 108]. Чарайнага ак токтолду, Ачуусу келип Манастын, Эки кɵзү от болду [СО: 265]. Кызыл чоктой кɵздɵнүп, Шамал чыгып оозунан, Жалын чыгып козүнɵн, каарданып берениң, Кабылан Манас кырааның [СК: 756]. Бетинен тешип түк чыгыгып, Калың турган кɵп кошуун, Канкор Манас каарданып [СК: 765]. Аны кɵрүп Манастын, Ачуусу келе калганы, Жаалы чыкты сɵзүнɵн, Жалыны чыкты кɵзүнɵн [СО: 118]. Буркурап түшүп күркүрɵп, Оозунан от чыгып, Кош колдоп саят Мадыкан [СК: 750]. Түсү кетип түктɵйүп, Түгү чыгып үрпɵйүп, Каарданып дүпүлдɵп, Чымын жанын ойлобой, Чындап арслан күпүлдɵп [СК: 580]. Кɵзүнɵн жалын шыркырап, Тиштегенда Алмамбет Кашка тиши быркырап [СК: 657]. Урунарга тоо таппай, Урушаарга жоо таппай, Жүрɵрүнɵ жол таппай, Тиерине кол таппай, Алтайдын тоосун жакалап, Асыл кɵк жал келатты [СО: 156]. Жүз миң аскер келсең да, жутармын чайнап тойбосмун [СО: 213].
Жалпы эпостун мазмунунда каармандардын ачууланганы көбүнчө кан ичмеси кармады деген туруктуу сөз айкашы аркылуу берилет: Мээнеттүү жандан күч чыгып, Бетинен тике түк чыгып, Арсландай көзү жайнады, Кан ичмеси кармады [СК: 565].
Эпостогу окуяны айтып жаткан манасчынын колунун, денесинин, бети-башынын, кɵзүнүн кыймыл аракети, ымдоо-жаңсоолору менен катар үндүн ɵзгɵрүшү эпостогу каармандын эмоциялык абалы берилип, күзгү катары чагылдырылып турат. Мисалы: «Нак ɵзүнɵ кошо байла!»-деп, Айгайды алар салганы, Аны кɵрүп Манастын Ачуусу келе калганы, Жаалы чыкта сɵзүнɵн, Жалыны чыкты кɵзүнɵн,-деген саптарды айтып жатканда манасчы: «Нак ɵзүнɵ кошо байла!»-деп-Манастын душмандарына сɵзүн монотондуу баяндабастан, сɵзсүз түрдɵ үнүн жогору кɵтɵрүп, басым түшүрүлүп, өзгөчө эмоция менен айтса, Жаалы чыкты сɵзүнɵн, Жалыны чыкты кɵзүнɵн,- деген жерде Манастын ошол кездеги ачуусунун келгенин, кыжыры кайнап турган абалы манасчы ɵзүнүн үн угумдарынын ɵзгɵрүшү аркылуу, кɵзүнүн кыймылы аркылуу эң жогорку деңгээлде чагылдырат. Дасыккан манасчыны эл да окуяны жɵн гана баяндоосун, же жатка айтуусун баалабастан, ушул манас айтуучулук ɵнɵрүн бейвербалдык каражаттарды туура пайдалануу менен ийинине жеткирип аткарып, чагылдырып берүүсү, окуяга угармандарды сүңгүтүп тартып алуусу аркылуу да бааланып келет.
Изилдөөнүн жүрүшүндө терс эмоциялардын ичинен ачуулануу эмоциясы эпосто маанилүү жана кеңири кездешкен бейвербалдык каражаттардын бири экенине күбө болдук. «Манас» эпосунда ачууланууга байланыштуу 391 бейвербалдык каражаттарды лексикалаштырылган тилдик бирдик табылды.
Достарыңызбен бөлісу: |