2.3. Бейвербалдык каражаттардын сөз түркүмдөрү аркылуу берилиши
Адам баласы тарабынан аткарылып жаткан бейвербалдык каражаттардын бардыгы кандайдыр бир эмоциялык абалдын негизинде пайда болот. Бул жөнүндө У.Джеймс «Психология» (М., 1991) аттуу эмгегинде Ч.Дарвиндин: «Эмоциялар белгилүү бир физиологиялык реакциялар менен тыгыз байланыштуу» деген идеясын колдоо менен, аны уланткан. Ушуга байланыштуу эмоцияны коштоп жүргөн бейвербалдык каражаттардын фонациялык элементтери да ар түрдүү абалга карай өзгөрүп турат. Ал элементтер тилдеги кээ бир сөз түркүмдөрүнүн айтылышына, семантикасына таасир этет.
Бул бөлүмдө бейвербалдык каражаттардын вербалдашуусунда сөз түркүмүнүн колдонулуш табияты талдоого алынат. Алсак, күчөтмө сын атоочту жасап, сын сыпаттын жогорку деӊгээлин көрсөткөн эӊ, өтө, абдан, эбегейсиз, ашкан, мүлдө, чымкый, чылк, андан көп деген күчөтмө бөлүкчөлөрдүн жардамы менен уюштурулат. Мисалы: Кара куйрук нарларын Айдап жүргөн андан көп, Кажылдатып катынын Байлап жүргөн сандан көп [СО: 1594], же Абыдан көрүп айкөлүӊ Кайра чапты калкылдап, Аккула ат менен алкылдап [СО: 302], Ачууланып күүлөнүп, Атырылып сүйлөнүп: Атемирдин мазагы, Абыдан өттү азабы [СО: 434].
Бейвербалдык каражаттын бир бөлүгү болгон фонациялык элементтер коштоосу менен, күчөтмө сын атооч катышкан сүйлөмдөрдө интонация көтөрүӊкү үн менен айтылып, башка сөздөрдөн айырмаланып турат. Алсак, күчөтмө сын атоочту төмөнкү учурларында фонациялык элементтер коштоп турат:
1. Сын атоочтун толук кайталанып айтылышы же кыскартылып кайталанышы аркылуу да күчөтмө сын атооч түзүлүп: кыпкызыл, капкара, жапжашыл деген сыяктуу сөздөр катышканда; Арба-дорбо сүйлөшүӊ, Аркалыктай мүнөзүӊ, Аппак сакал башыӊда, Ордосуна паашанын Осолдуктан киргенсиӊ [СО: 357], Жакыптын уулу эр Манас Ойрон салып кытайга Кыпкызыл канга батыптыр [СО: 621], Букара кылган элиӊер Кыргыз экен, сарт экен Кыябына бир келсе Кыпкызыл оору дарт экен [СО: 666].
2. Субстантивдешип кайталанган сын атоочтор да күчөтмө сынды уюштурган кезде: актын агы, мыктынын мыктысы, сулуунун сулуусу ж.б.
Мындан сырткары ат атооч сөз түркүмүнүн ичинен шилтеме ат атоочторду айтып жатканда ымдоо-жаӊсоо дайыма коштоп жүрөрүн байкай алдык. Анткени, шилтеме ат атоочтор бир өӊчөй заттардын ичинен бирөөнү бөлүп көрсөтүп, мейкиндик жагынан сүйлөөчүгө жакын турган затты көрсөтөт, - деп окумуштуу С.Кудайбергенов өз эмгегинде белгилеп кеткен. Демек, шилтеме ат атоочтун тиги, бул, ушу, мына бу ж.б. сөздөрдү айтып жатканда ээктин, баштын, каштын колдун кыймыл-аракети ошол зат турган багытка жаӊсалат. Не деген сөзүӊ ушу деп Канына сүйлөп калганы [СО: 371], Улуксунган Атемир Ушу жерде көрдү Жакыпты: Үшү кетти канынан, Тынчы кетти жанынан [СО: 376]. Ал эми дааналап, күчөтүлүп көрсөтүлгөн учурда же объектинин жакын эмес, өтө алыс аралыкта турганда: тиги, тигил дегендин ордуна тээтиги, аркы дегендин ордуна тээ аркы ж.б. шилтеме ат атоочун айтканда баш, кол, ээк салыштырмалуу бийигирээк көтөрүлүп, үн бир аз көтөрүӊкү тондо айтылат: Бетине койгон белги жок, Тээтигиӊ эмнеӊ-деп турду [СО: 738].
Ушундай эле көрүнүш сурама ат атоочтор катышкан сүйлөмдөрдө да байкалат. Ким? эмне? кайсы? кандай? кана? кайда? качан? ж.б. белгисиз затты, же сандык жана сапаттык белгилерди аныктоо үчүн колдонулуучу сөздөр сүйлөмдүн контекстине жана интонацияга карай кээде суроо, кээде күчтүү сезим маанисинде айтылганына жараша баштын, дененин, колдун, ээктин, көздүн, тулку-бойдун ж.б. дене-мүчөлөрүнүн кыймылы коштойт. Адам бир нерсени сурап жатканда баштын кыймылы вертикалдык абалда өйдө-ылдый чайпалган кыймыл коштойт. Баарысы айран калыптыр, Бабасы мындай чал экен, Манасы кандай жан экен? [СО: 379]. Контекстик маанисине жараша сүйлөшүүнүн добушу, интонациясы, басымы түшүп айтылат. Сүйлөө кебинде фонациялык бейвербалдык каражаттар ойду так, толук, көркөм туюндуруунун зарылдыгынын жыйынтыгы болуп саналат.
Тангыч ат атоочтордо болсо берилген маани көрсөтүлгөндүктөн, баштын кыймылы горизонталдык абалда кыймылдап, баш чайпаган ишааратты көрсөтөт. Тангыч ат атоочтор эч бөлүкчөсүнүн сурама ат атоочторго кошулушу аркылуу жасалат да маани жагынан аныктама жана сурама ат атоочторго карама-каршы болуп, дайыма тануу маанисинде колдонулат: эч ким, эч нерсе, эч кандай, эчтеме, эч убакта, эч качан ж.б. Тангыч ат атоочу бар сүйлөмдөрдө тануу маанисин туюндурган колдун, дененин, баштын, ооздун ж.б. бейвербалдык каражаттар коштоп келет. Мисалы: Эсиӊ болсо ойлогун Эгем таала өзүӊө Эч нерсе келбес катар!-деп [СО: 654].
Мындай өзгөчөлүк кыргыз тилиндеги бөлүкчөлөрдүн оозеки кепте айтылышында байкалат. Аны төмөндө «Манас» эпосунан алынган мисалдар менен талдоого алып көрөлү.
Тилде лексикалык мааниси басаӊдаган, грамматикалык мааниси басымдуу болгон, өз алдынча лексикалык мааниге ээ болбогон, сөзгө, сөз айкашына, сүйлөмгө кошумча маани берүү үчүн колдонулган бөлүкчөлөрдүн бейвербалдык контекстинин аткарган кызматы да өзгөчө. Бөлүкчөлөр – сөздүк курамындагы сөздөрдүн ичинен, асыресе, оозеки кепке көбүрөөк мүнөздүү катмар. Алар стилдин дал ушул түрүн»дө, диалогдук кепте, көркөм чыгармаларда дээрлик жыш колдонулары маалым.
Атадан балага, муундан-муунга мурасталып, элдик эс-тутумда оозеки түрдө жашап келген «Манас» эпосунда абыдан, түк, эң, чылк, өңкөй, аябай, өтө, дегеле өңдүү көптөгөн күчөткүч бөлүкчөлөр эпос текстинин көркөмдүк наркын байыткан, укулуктуулук даражасын арттырган, элестүүлүк касиетин күчөткөн каражат катары кызмат этери талашсыз. Ошол эле маалда дастан айтылып жатканда манасчынын интонациясы, кебинин темпи, кыймыл-аракети, үнүнүн кубулушу, тембри, ымдоо-жаңсоосу, колу, дене-мүчө кыймылы, бетинин кызарышы, эмоциялык абалынын өзгөрүп турушу угуучуну өзүнө тартып, эпостогу окуяга сүңгүтүп турган. Ошондон улам кызматчы сөздөр да, анын ичинде бөлүкчөлөр да адегенде оозеки кепте пайда болуп, андан соң акырындык менен жазма текстке тарала баштайт. Демек, оозеки кепте кызматчы сөздөрдү кыймыл-аракет, ымдоо-жаңсоо сыяктуу бейвербал каражаттар коштоп жүрөт [Цой 2008: 103]. Адистердин эсеби боюнча, сүйлөөчү тарабынан айтылган ойдун 7% тыңдоочуга сөз каражаттары аркылуу жеткирилсе, 55% ымдоо-жаңсоо, кыймыл-аракет, ишаарат, дене-мүчө кыймылы б.а. кинемалар түзсө, 38% фонетикалык каражаттар же фонациянын элементтери болгон: үн-дабыш, интонация, күлүү, үшкүрүү, шыпшынуу, ыйлоо ж.б. сыяктуу бейвербалдык каражаттар аркылуу жеткирилип турат экен [Cooper 1979].
Кандай гана ымдоо-жаңсоо болбосун, анда милдеттүү түрдө кандайдыр бир максат көздөлөрү талашсыз [Ботобекова 2007: 15]. Сан кылым бою калыпташкан манасчылык өнөрдө да коммуникативдик максатка жетүү үчүн кадимки пикир алышуудан айырмаланып, эмоциялык-нарктагыч көркөмдүккө сугарылган кыймыл-аракет, ымдоо-жаңсоолор аркылуу угуучуларды окуяга сүңгүтө багындыруу дайыма манасчылардын көңүл чордонунда турары бышык. Мында дене-бой, кабак-каш, көз караш, кол-бут-баш, отуруш өңдүү манасчынын турган турпаты менен кыймыл-аракети алдыңкы планга чыгат да, манасчыларга таандык салт-жөрөлгө, жаш өзгөчөлүккө тете элдин нарк-насилин, каада-салтын, үрп-адаттын, улуттук психологиясын, дүйнө таанымын нускалоо аркылуу окуя синкретизм менен берилет. Ошондо бейвербалдык каражаттар коштогон вербалдык каражаттардын, анын ичинде бөлүкчөлөрдүн да функционалдык күчү даана ачыла баштайт. Кыскасы, тектеш жана тектеш эмес башка элдердеги дастан айтууда калыпташкан салттуу ыкмалардан айырмаланып, кыргыздарда «Манас» дастаны кандайдыр бир музыкалык аспаптын коштоосунда айтылбастан, өздөрүнө гана мүнөздүү болгон бөтөнчө, өтө көркөм мимика-жесттердин коштоосунда айтылуу жөрөлгөсү калыптанган [Жирмунский 1974: 67]. Мисалы: Санаты канча мага айтчы, Айдаган жылкы малыңар? Кажылдаган калмакка Урушкан менен шо жерде Түк келе албас алыңар [СО: 66]. Мында түк бөлүкчөсү терс маанини туюндурган этиштин –ба мүчөсү менен бирдикте эреже катары терс формадагы тануу, жокко чыгаруу маанисин берип, терс маанини күчөтөт да, эч, жок, таза, ным, дым, такыр, таптакыр өңдүү сөздөр менен синонимдик катышта болот. Терс маанидеги бул өңдүү сөздөр манасчы тарабынан сөөмөйүн көрсөтүү, колун серпүү, башын силкүү, муштумун түйүү, алаканын шак коюу, тизесин чабуу, ордунан обдулуу, колун булгалоо, кабагын түйүү, өңүн бузуу, бетин түктүйтүү, көзүн алайтуу, кызарып - татаруу, каш-кабагын чытуу, бешенсин тырыштыруу, мурдун чүйрүү, ээгин эңшейтүү сыяктуу терс эмоцияны ымдап жаңсаган кинесикалык кыймыл-аракеттин коштоосунда айтылат. Муну менен катар түк күчөтмө бөлүкчөсү фонациялык жактан үндүн бийиктиги, кыраат-ыргактын кубулушу, тембрдин кескин өзгөрүшү, басымдын түшүрүлүшү менен коштолуп берилет. Yндүн ыргак-кырааты аркылуу эпостогу окуянын маани-маңызы күчɵтүлүп, сезим-туюм, угуу, тыңдоо, кабылдоо жандуулугу да, аны менен бирге сөз күчүнүн көркөмдүүлүгү да андан ары артырылат.
Демейде кɵркɵм чыгармадагы каармандын образын сыпаттап ачып берүүдө бейвербалдык каражаттарга кирген басым, интонация, кыраат, үндүн бийиктиги, тактыгы, темпи, тембри, тыным сыяктуу фонациянын элементтеринен сырткары күлүү, ыйлоо, онтоо, үшкүрүү, шыпшынуу, өкүнүү, жекирүү, опузалоо сыяктуу үн угумдары коштолуп турат. Ошондон улам манасчылардын үнүнүн диапозону жактан ашкере кенен болушу, кыргыз эпосторунун ичинен манасчыларга гана таандык аткаруу чеберчилиги, чыгарманын өзгөчө обон-ыргак, кыймыл-аракет, ымдап-жаңдоо менен коштолуп аткарылышы калыпташкан [KyrgyzInfo.Ru. Кыргызча Тексттер]. Буга мисал кылып ошол эле түк бөлүкчөсүн алууга болот: Жарлыгы жалган түк болбойт, Жаман деген жан оӊбойт, Жамандык келген күнүндө Жалынып келсеӊ чоӊ колдойт [СО: 86]. Бул жерде терс каармандардын образын ачууда да түк бөлүкчөсү баарын деген жамдама ат атоочтун ордуна колдонулуп, ыр сабынын уйкаштыгын сактоо менен ошол эле ырдын укулуктуулугун арттырып, поэтикалык өңүтүнө көрк берип, фоникалык, ритмикалык үндүк-тыбыштык түзүлүшүн да сактап турат. Манасчы да бул акыркы Түк койбой талап алабыз деген ыр сабын монотондуу аткарбастан, фонациянын элементтерин окуянын маани-маңызына жараша коштоп, басым коюу менен сүрɵттɵп айтат. Оозеки сүйлɵшүү кебинде да түк бɵлүкчɵсү катышканда: Болот түк эле басып келип бизден кабар албай койду го деп айтып жатканда Басым түк деген сɵзгɵ түшɵрү бышык, анткени бир жолу, кайрылып келип, эстеп, такыр, бир дагы ж.б. сɵздɵрдүн ордуна колдонуп, сɵздүн тɵркүнү эмнеде болуп жатканын угуучуга жеткиликтүү болуш үчүн дагы түк деген сɵздɵ үндүн тембри ɵзгɵртүлүп айтылат. Эпостогу түк бөлүкчөсү кызматчы сөз катары С.Орозбаковдун вариантында 130 жолу кайталанып, ыр саптарынын поэтикалуулугун, көркөмдүүлүгүн арттырат.
Күчɵткүч бөлүкчөлөр сөз айкашында, сүйлөмдө дайыма негизги сөздөн мурда келип, анын маанисин күчөтүп көрсөтүп, сын атооч менен айкашканда күчөтмө даражаны уюштуруу касиетине да ээ болот. Мисалы: Эсенкан буюрду бизди деп, Эң сонун көрдүк сизди деп Атасы ким, аты ким? Арткы уругу, заты ким? Билсек дешип сурашты [СО: 68]. Мында эң деген күчөтмө бөлүкчө сонун деген сын атооч менен кошо келип, сөздүн маанисин күчɵтүп берди. Манас айтуучу да «ошол ырлардын мазмунуна жараша жасалган кыймыл-аракеттер, бай мимика, эпоско мүнɵздүү музыка, миң кубулган дооштун сырдуу ыргагы менен угуучуларды бирде кайгыртып, бирде кубантып жогорку чеберчиликте көркөм, укулуктуу аткарат» деп белгиленет [Манас эпосу жана искусство 1994: 68]. Адамдын жүзү тили менен кошо сүйлɵйт демекчи, кыргыз элинин улуттук нукура бейвербалдык каражаттары манасчынын «Манас» айтуудагы кыймыл-аракетинде сакталган. Ошондой эле манастын өзүнүн обону, сөз ыргактары да муундан-муунга, атадан-балага өтүп бир системага түшүп биздин күнгө жетип отурат. Ошол эле эң деген сөздүн күчөтмө бөлүкчө катары колдонуп, өзүнчө интонациялык акт менен аткарылып, «Манас» эпосунун С.Орозбаковдун вариантында 139 ирет колдонулган.
Ошол эле тим, өтө, абдан, эң бөлүкчөлөргө чектегич эле бөлүкчөсү кошо айтылса, өзүнөн кийинки сөз же сөз айкашынын маанисин күчөтүп көрсөтөт [Азыркы кыргыз адабий тили 2009: 504-506]. Демек, сүйлөмгө, текстке, эпостун сюжетине, окуянын жүрүшүнө андан да бетер кызытып, «жан» киргизип, угуучуну да өзүнө сүңгүтүп тартып алат. Мисал үчүн бул ыр саптарын карап көрөлү: Жоголгонуң ким эле? Жообуңду айт деди тим эле, Издегениң ким эле? Ишиңди айт деп тим эле! [СО: 94].
Азыркыга чейин жетик маани берилбей келген кызматчы сөз милдетин аткарган күчөтмө бөлүкчөнүн күчүн манас айтуучулук ɵнɵрүндɵ кɵркɵм сɵз каражат катары эң сонун колдонулганын көрөбүз. Манас айтып жатканда кинесика, фонация, проксемика сыяктуу бейвербалдык каражаттарды ушул күчөтмө маанидеги кызматчы сөздөрдө да көп пайдаланганына күбө болобуз:
Ай мунарын жем кылып, Аябай сыйлап багыпмын. Күмүштөн боону тагыпмын, Күн мунарын жем кылып, Күпкөгө салып багыпмын [СО: 28]. Мында аябай - функционалдык бөлүкчө. Чакчыл этиштик мааниде да, атоочтук этиш маанисинде да колдонула берет. Бирок өйдөкү контекстте бөлүкчө катары колдонулат да, лексикалык маанисинен биротоло алыстап, абстракцияланып, этиш, сын атооч, тактоочтор менен айкаша келип, өзүнөн кийинки сөздүн маанисине күчɵтүү маанисин кошумчалайт. Аябай деген күчөтмө бөлүкчөнүн аябагандай, аябаган деген варианттары менен дайыма өзү байланышкан сөзүнөн мурун келип, кошумча поэтикалык күчүн арттырат да, эпосто 35 жолу колдонулат экен. Алсак: Ат арытып, тон тозуп, Азап кылдың сен деди, Аны укканда Дөгөндун Абыдан ачуу келгени, Абсап жагын көргөзүп: Ал мунуңду сен деди [СО: 70]. Абыдан – негизги сөздөн мурда келүүчү бөлүкчө, лексикалык мааниси солгун, грамматикалык мааниси абстрактуу. Сын атооч, этиш, айрым тактоочтор менен бирге айтылып, күчɵтүү маанисин берет. Эпосто уйкаштыкка карай абдан деген варианты да колдонулат. Бул жерде абыдан деген сөз менен каармандын жөн гана ачуусу келбегенин, каттуу каарданып жинденгенин берүү менен катар манасчы бул сөздү сөзсүз түрдө өзгөчө кырааттын (сөз же фразага үндүн так, таамай, ачык түшүшү) коштоосунда айткан. Анткени манасчылардын баары эле манас айтууну үйрөнүүдө үндүн тембрин, дикцияны, диапозонун да чогуу машыктырууга үйрөнгөн. Ыр саптары айтуучунун эпосту аткарып жаткандагы психологиялык абалына, окуялардын көркөм баяндалыш өзгөчөлүгүнө ылайык айтылган [Фалев 1922: 28]. Буга мисал катары тɵмɵнкү ыр саптарын келтирүүгө болот: Кыраан Манас баатырдын Абыдан ачуу келгенде Алдам колдо дегенде Көзү көрбөй көр болуп Кулагы укпай кер болуп Соот-кыяк, чарайна Айрылчуудай жык толуп (СО: 304). Бул ыр сабында абыдан деген бөлүкчө жок болсо, үзүндүнүн угуучуга элестүү таасир калтыра албастыгы айдан ачык. Анткени жаңсоо - дененин кыймылы эмес, жан дүйнɵнүн кыймылы (Жест - есть не движение тела, а движение души) [Кох 1970: 13]. Бул жагынан абыдан деген күчөтмө бөлүкчөнү айтып жатканда колдун жогору көтөрүлүшү, көкүрөк кере дем алып, үндүн бийик чыгарылышы, алакандын жайылышы аркылуу бабабыз Манастын ачуусу ашкере келгендиги күчɵтө сүрɵттөлөт. Кыскасы, абыдан күчөтмө бөлүкчөсү С.Орозбаковдун нускасында 94 жолу кайталанып колдонулган экен.
Жыйынтыктап айтканда, бөлүкчөлөрдүн тилдеги текст уюштуруучу кызматчы сөздөрдөн алган ордун, негизги түркүмдөгү сөздөр менен болгон алака-катышын, ойду туюнтууда коштолгон бейвербалдык контекстин изилдөө жагы келечектин иши экендиги талашсыз.
Тилде адамдын ички сезимин, туюмун билдирген сөздөр бар. Аларга сырдык сөздөр, элестүү сөздөр, тууранды сөздөр кирет. Бул сөздөр оозеки кепте, жазууда бейвербалдык каражаттар менен коштолуп жүрөт. Орус окумуштуулары бейвербалдык каражаттардын катарына жогоруда аталаган сөздөрдү киргизишет. Ал эми сырдык сөздөр адамдын ички сезими, эмоциясы менен тыгыз байланышта болгондуктан, бейвербалдык каражаттарды көпчүлүк учурда коштоп жүрөт.
Сүйлөөчүнүн турмуштагы ар түрдүү көрүнүштөргө карата болгон мамилесинин негизинде келип чыккан кубануу, кайгыруу, өкүнүү, коркуу, чочуу, таң калуу, жек көрүү, шылдыңдоо, ыраазы болуу сыяктуу толуп жаткан ички сезимдик абалдарын чагылдырууга арналат да, натыйжада сүйлөмгө экспрессивдик, эмоциялык түс берип, анын көркөмдүүлүгүн күчөтөт [Кыргыз адабий тилинин стилдик түрлөрү: 1983].
Сырдык сөздөрдүн тигил же бул маанисин тактоодо жаңдоо жана ымдоо да негизги болбосо дагы, көмөкчү ролду ойнойт. Жаңдоо жана ымдоо сырдык сөздөрдөгү интонация менен ажырагыс бирдикте колдонулат, бирок ал ар дайым эмес, кээ бир учурда пайдаланылат [Иманалиев 1969: 45].
Жаӊсоо жана ымдоо адамдардын оозеки жана жазуу жүзүндөгү пикир алмашуусунун негизине кызмат кылуучу кээ бир сөз жана сөз тизмектеринин, сүйлөм жана жалпы эле контексттин мазмуну менен ажырагыс байланыштуу келүүгө тийиш. Жаңсоо жана ымдоо интонациянын сапаты, мүнөзү менен ажырагыс бирдикте турат да, ошол интонациянын өзгөчөлүгүнө жараша ал дагы ар түрдүү абалдагы кыймыл-аракет аркылуу берилет.
Демек, сырдык сөздөрдү бирдей, окшош жаңсоо жана ымдоонун болушун зарыл талап кылбайт. Көпчүлүк сырдык сөздөрдү жаңсоонун жана ымдоонун көмөгүсүз эле, интонация жана конткесттин жардамы менен анын кандай тургандыгын так ажыратууга болот. Ошондуктан сырдык сөздөрдүн көп маанилүүлүгүн тактоодо жаңсоо жана ымдоо интонация, контекстке караганда, экинчи орундагы көмөкчү гана ролду ойнойт.
Оозеки жана жазма адабий кепте колдонулуучу сырдык сөздөрдөгү жаӊсоо жана ымдоонун ролун бирдей даражада коюшка болбойт, анткени ал жазма кепке караганда, оозеки сүйлөө кептеги айтылып жаткан сырдык сөздү интонациялык жактан көбүрөөк коштоп жүрүп, тигил же бул сөздүн маанисин угуучунун тагыраак түшүнүүсүнө жетишерлик даражада мүмкүнчүлүк түзөт.
Сырдык сөздөрдүн маанисин баяндоодо көбүнчө: таң калды, кубанды, сүйүнүп кетти, чочуп кетти, кайгырды, терең же катуу үшкүрдү, кекенди, жек көрүү менен кароо жана башка ушул сыяктуу сөз жана сөз тизмектери адабий чыгармаларда кеңири колдонулат.
«Манас» эпосунда сырдык сөз менен ымдоо-жаӊсоолор кошоктошуп келген төмөнкүдөй саптар бар. Мисалы: Колун сууруп кетти деп, Татай-кокуй, нетти!-деп, Үтүрөйүп Акбалта, Үйдө отуруп алыптыр. Бул мисалда татай-кокуй деген сырдык сөз жана үтүрөйүп деген бейвербалдык каражат камтылып, Акбалтанын учурундагы эмоциялык абалын туюндуруп турат.
Оозумду кестиң, кокуй – деп, Ой-бой салып курутту.Бул мисалдардан көрүнүп тургандай, сырдык сөздүн сүйлөмдөгү коннотациясы автордук кептеги ремарка-сүйлөм (же ремарка-сөз) аркылуу такталат.
Тил илиминде сырдык сөздөр вокалдык жесттер деген термин менен да аталып жүрөт. Тагыраак айтканда, оозеки айтылган сырдык сөздөргө ушундай аталыш берилген. Эмоциялык сырдык сөздөрдүн жазууда берилиши – вокалдык жесттер жалпысынан универсалдуу [Шаронов 2009: 9].
Текстте эмоциялык сырдык сөздөрдүн мааниси түздөн-түз эмоция менен аныкталбастан ошол сырдык сөз аркылуу берилген, каармандын тигил же бул окуяга болгон тыбыштык реакциясын туюндурган вокалдык жест менен аныкталат.
Вокалдык жесттер тилде үшкүрүү, кыйкыруу, онтоо, ышкыруу ж.б. сыяктуу этиштер менен айтылат. Бул айтылгандарды «Манас» эпосунун мисалында карап көрөлү.1. Үтүрөйүп калмактар, Үшкүрүшүп алыптыр [СО: 1229]. Үшкүрүп Үрбү шол бойдон, Сүйлөй албай калганы [СО: 1229].
Орчун аскер чубашып, Ой, дат! – дешип, чуулашып Аа –деди да, ыйлады [CO: 913].
Сакал чачын жулушуп, чайылдап чуу-чуу кылышып. Чочуду биздин жаныбыз [СО: 201]. Элебей туруп эр Серек, Эчкирип жаман бакырды. Көрүп Серек акырды, Көзүн жаштап бакырды [СО: 1403].
Жалпы симптоматиканы байкоонун жыйынтыгында базалык (универсалдык) эмоциялардын теориясы түзүлгөн. Психологдор, антропологдор жана этнологдор бардык улуттук-маданий коомчулукка мүнөздүү болгон төрттөн онго чейинки негизги эмоцияны көрсөтүшөт. Базалык эмоцияларга коркуу, ачуулануу, кайгыруу, жек көрүү, кубануу ж.б. кирет [Шаронов 2009: 25].
Вокалдык жесттерди сүрөттөөдө универсалдык эмоциялардын теориясы маанилүү. Анткени жалпы симптомдук реакцияны аныктоо менен ар кандай маданияттардагы вокалдык жесттерди салыштырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Универсалдуу эмоциялардын симптоматикалык көрсөткүчтөрүнө көпчүлүк учурда интонация, мимика жана жесттер кирет. Текст ичинде аларды табууда сырдык сөздүн артына жашырылган вокалдык жестти аныктоого болот.
2.4. Соматикалык фразеологизмдер
Азыркы мезгилдеги күнүмдүк турмуш-тиричилигибизде сүйлөп жатканда тилдик каталарга гана маани берип, маданияттын өзөгүн түзүп турган нерселер көз жаздымда калууда. Кээ бир учурда адамдардын ортосунда түшүнбөстүктүн пайда болушуна да алып келет.
Адамдардын ортосундагы пикир алышууда бир катар маанилүү функцияларды аткарууда кептик негизги компоненттерге бейвербалдык каражаттар кирет (ыйлоо, күлүү, жесттер, мимика, дене кыймылдары ж.б.).
Коммуниканттардын сүйлөшүүдө бейвербалдык каражаттарды колдонуусу индивидуалдуу мүнөзгө ээ. Ар бир тилдеги руханий маданиятты таанууда соматикалык башкача айтканда, дене кыймылдарынын компоненттеринен түзүлгөн фразеологизмдик бирдиктер өзгөчө мааниде турат.
Жесттик коммуникация вербалдуу тил сыяктуу эле улуттук феномен болуп саналат [Верещагин, Костомаров 1981: 157]. Бул ойду соматикалык (бейвербалдуу) тилдин эки жактуулугу далилдей алат. Тагыраак айтканда, бейвербалдуу тил биологиялык жана тубаса түрүндө болот. Алсак, ага жүздүн кубарышы, көздүн чакчайышы, эриндин чормойушу сыяктуу кыймылдар кирет. Ал эми экинчи жагы социалдык, башкача айтканда, адамдар коомдошуу процессинде бири-биринен үйрөнүп алышат. Мындай кыймылдарга: желкесин кашуу (бир маселени ойлонгондо), көкүрөгүн кагуу, бармагын көрсөтүү ж.б. кирет. Бейвербалдык каражаттардын мындай эки жактуулугу алардын бардык маданиятта бирдей болушунан жана айырмаланышынан келип чыгат.
Маалыматты берүүнүн бейвербалдык ыкмасы тилде туруктуу сөз айкаштары менен туюндурулат да, фразеологиялык бирдиктердин курамына кирип, кыргыз тилинин тилдик катмарын түзүп турат.
Жесттер – фразеологиялык айкашты түзүп турган жалгыз система эмес. Тилдин бул тармагын изилдөөгө алган окумуштуулардын бири Ю.Д.Апресян адамды дүйнөнүн динамикалуу жана ишмердүү жаны катары мүнөздөйт да, адам төмөнкүдөй компоненттерден турат деп көрсөтөт:
1. Физикалык кабыл алуу (көрүү, угуу, сезүү). Ал кабыл алуу органдарында жайгашкан (көз, кулак, тери).
2. Физикалык абал (ачка болуу, суусоо, каалоо, кызыгуу). Ал адамдын ар кайсы дене бөлүктөрүндө жайгашкан.
3. Ар кандай сырткы жана ички көрүнүштөргө физиологиялык реакция (кубаруу, үшүү, ысуу). Мында дененин кайсы бир бөлүктөрү же дене бүтүндөй катышат.
4. Физикалык кыймыл жана ишмердик (иштөө, эс алуу, басуу). Бул кыймылдар бут же дене менен аткарылат.
5. Каалоо (каалоо, аракет кылуу, азгыруу). Бул кыймыл денеде же жан дүйнөдө жайгашат.
6. Ойлонуу, интеллектуалдык ишмердик (ойлонуу, элестетүү, божомолдоо). Бул иш - аракеттер аң-сезимде жайгашкан.
7. Эмоциялар (коркуу, кубануу, сүйүү, ачуулануу, кыжырдануу, үмүт, кайгыруу, таң калуу). Адамдын эмоциясы анын жан дүйнөсүндө, жүрөгүндө же көкүрөгүндө жайгашат.
8. Кеп (билдирүү, убада берүү, сурануу). Ал тил аркылуу ишке ашат.
Демек, адамдын ар бир иш–аракетине, эмоциялык абалына, реакциясына дененин кандайдыр бир бөлүктөрү тиешелүү. Кээде бир эле дене бөлүгү бир канча эмоцияны чагылдырышы мүмкүн. Алсак, адамдын жан дүйнөсүндө эмоция гана жайгашпастан, кээ бир каалоолор да болот [Апресян 1995: 42].
Эмоциянын пайда болушуна жана өнүгүшүнө адамга тиешелүү бардык системалар катышат: кабыл алуу, физиологиялык реакция, интеллект, физикалык система (өзгөчө ар кандай мүнөздөгү моторика, мимика) жана кеп. Эмоция адамдын жан дүйнөсүнүн сырткы жана ички окуя, жагдайларга жараша өзгөрүшүнөн пайда болот. Ушул негизде эмоциянын жана дененин абалынын окшошуу процесси жүрөт. Алсак, коркунуч абалда адамдын ички сезими башкача бир абалга өтөт: денеси калтырайт, муздак тер каптайт. Тилде мындай окшошуу процессинин негизинде фразеологиялык бирдиктер пайда болот. Мисалы: каны качуу (катуу корккондо купкуу болуп кетүү, кубарып-кумсаруу), жүрөгү түшүү ж.б.
Эмоциянын пайда болушу эки негизги формага ээ:
1) Дененин эмоцияны пайда кылган жагдайларга карата аң-сезимге баш ийбеген физикалык реакциясы. Алсак, таң калуудан улам көздүн чакчайышы – көзү чанагынан чыгуу; бир нерсеге кызыкканда көздүн жайнап калышы ж.б.
2) Эмоцияны пайда кылган факторлорго карата субъекттин кыймылдык жана кептик мамилеси. Мисалы: макул болбоо маанисинде баш чайкоо, сөөмөйүн кезөө, мурдун чүйрүү, көзүн сүзүү ж.б.
Кыргыз тилинин сөздүк курамындагы өзгөчө мааниге ээ тилдик каражаттар фразеологизмдер болуп саналат. Фразеологизмдер өзгөчө көркөм, таасирдүү жана элестүү сүрөттөөчү касиеттери менен эркин сөз айкашындагы сөздөрдөн айырмаланары байыркы мезгилдерде эле так аныкталган.
Соматикалык фразеологизмдердин курамында көз, мурун, бет, ооз, тил, тиш, кол, бут сыяктуу дене мүчөлөрүнүн аталыштары жыш колдонулгандыгы белгилүү. Бул сөздөрдүн фразеологизмдердин компоненттеринде болушу бир мыйзам ченемдүүлүккө баш ийет, экстралингвистикалык жана тилдик ички факторлор менен шартталат.
Адамдын бардык дене мүчөлөрү фразеологизмдин компоненттерин түзө бербейт. Кээ бир дене аталыштары бир канча фразеологиялык бирдиктердин курамында катышат, кээ бирлери бир гана жолу же таптакыр катышпайт.
Соматизмдердин фразеологиялык активдүүлүгү, фразеологизмдердин курамында колдонулушу адамдын тигил же бул дене мүчөсүнүн жашоо турмушта, эмгекте аткарган функциясына жараша болот. Фразеологизмдердин ичинен адамдын жүрүш-турушуна байланыштуу бирдиктери өзгөчө мааниге ээ. Бул түрмөктөрдүн курамында тилдик эмес каржаттар катышып, пикир алышууда ымдоо-жаңсоонун элементтери коштолуп, кандайдыр бир маалыматты алып жүрөт.
Мындай фразеологизмдердин негизин (кинесикалык фразеологизмдер) ымдоо-жаңсоолор түзөт. Алардын өзгөчөлүгү болуп сүрөттөө жана ага байланыштуу символика болуп саналат. Жест адам жүзүнө тиешелүү кыймыл-аракетти символдоштурат. Фразеологизмдердин мааниси ымдоо-жаңсоолорго караганда кеңири: жаалы менен кароо, жумган көзүн ачпай коюу, кирерге жер таппоо, жанын коерго жер таппоо ж.б.. Мисалы: Аны көрүп Манастын, Ачуусу келе калганы, Жаалы чыкты сөзүнөн, Жалыны чыкты көзүнөн [СО: 118]. Адамды жана анын кыймыл-аракетин мүнөздөгөн фразеологизмдер көбүнчө мотивдешкен, аларда нерсе менен кубулуштун ортосунда ассоциативдик байланыш болот.
Фразеологизмдер менен бейвербалдык каражаттардын карым-катышын алгач ирет орус тил илиминде Е.В.Красильниковдун “Жесты и языковые фразеологизмы” [1977], А.В.Филиппов, В.Д.Кутловскаянын “Фразеологизмы и жесты” [1975] аттуу эмгектеринде чагылдырылган. Е.В.Красильниковдун пикири боюнча, көптөгөн фразеологизмдер бейвербалдык каражаттардын негизинде пайда болгон: «Условный жест – фразеологизованное явление в жестовом языке и языковой фразеологизм имеют семиотическое родство. Поэтому не случайно, что проекция условного жеста в язык – словесное описание жеста – нередко представляет собой фразеологический оборот. То, что фразеологизм в языке может возникать на базе жеста, легко объяснимо» [Красильников 1977: 58].
Казак тил илиминин изилдөөчүсү Г.Смагулова кыймыл-аракеттин негизинде пайда болгон фразеологизмдерди «кинесикалык фразеологизмдер» деп атап, ага тиешелүү мисалдарды киргизет [Смагулова 1980: 62-63]. Бул пикирге таянсак, кыргыз тилиндеги төмөнкү фразеологизмдер жана туруктуу сөз айкаштары кинесикалык фразелогизмдин катарын түзүшөт: алакан жаюу, жакасын кармануу, буту-бутуна тийбөө, желкесин кашуу, мурдун көтөрүү, мурдун тыржыйтуу, эки көзү чанагынан чыгуу, бармагын тиштөө, кучак жаюу, кабагына кар жаады, эрдин чүрүштүрүү, таӊдайын кагуу, тишин кайроо ж.б.
Ал эми фразеологизмдердин курамындагы көптөгөн бейвербалдык каражаттар мезгилдин өтүшү менен өзүнүн түз мааниси көмүскөлөнүп фразеологизмдик мааниге өткөн. Алсак, бетине түкүрүү, бетине көө жабуу, жер чукуп отуруп калуу, ж.б.
Бул пикирди А.В.Филиппов жана В.Д.Кутловскаянын көз караштары толуктайт: «Эгерде, жесттер эскирсе анда, түпкү мааниси да ɵзгɵрүлɵт, башка бир табияттагы түшүнүккɵ ɵтүп, фразеологизмдердин пайда болушуна алып келет» [ Филиппов, Кутловская 1975: 79].
Фразеологизмдердин бул катмары универсалдуу жана бардык тилдерге тиешелүү кубулуш. Бул адамдын эгоцентристтик түшүнүгү менен байланыштуу. Анткени адам айлана-чөйрөнү «өзү» аркылуу таанып билет [Апресян 1995: 57].
Жогоруда айтылган көз карашты изилдөөчү A.M.Эмирова төмөнкүдөй түшүндүрөт: «Адам жаралган мезгилинен тартып эле ɵзүнүн дене кыймылдарына байкоо салат жана таанып билет. Ошону менен бирге айлана-чɵйрɵдɵгү болуп жаткан окуя-кубулуштарга ошол дене кыймылдарын туура багыттаганга аракет кылат» [Эмирова 1972: 141]. Демек, бейвербалдык кыймылдар адам жаралгандан бери калыптанган, ɵздɵштүрүлгɵн кɵрүнүш экендиги талашсыз. Күнүмдүк турмушта аткарылып жүргөн бейвербалдык абалдар убакыттын өтүшү менен соматикалык фразеологиздердин пайда болушун шарттап келген. Алсак, алгач колун шилтеп басып кетүү көрүнүшү кадимки кыймыл-аракет болуп саналган. Ал сүйлөөчүнүн эмне кылсаӊ өзүӊ бил, мага бары бир, билгениӊди кылып ал, эмне болсо - ошол болсун деген вербалдык каражаттарды коштоп келип, убакыттын өтүшү менен бул кыймыл аракет-аткарылбаса да, лексемалык бирдиктер коштолбосо да, өтмө мааниге өтүп, туруктуу сөз айкашына айланып, соматикалык фразеологизмди пайда кылган. «Колун шилтеп басып кетти» деген сөз айкашы айтылганда кеп эмне жөнүндө болуп жатканын ар бар адам туюп турат.
Айлана-чөйрөдө болуп жаткан кыймыл-аракеттердин аң-сезимде мындай өңүттө чагылышы, адамдын өзүнүн денесинин кыймылы антропоцентристтик (адамдын борбордук дүйнɵ таанымдык) түшүнүктө соматикалык фразеологизмдердин пайда болушуна алып келет. Окумуштуу Г.И.Берестнев белгилегендей, соматикалык фразеологизмдер аркылуу курчап турган чөйрөнүн адам аң-сезимине чагылышын аңдап билүүгө болот [Берестнев 2001: 67].
Кыргыз тилинде соматикалык фразеологизмдер менен бейвербалдык каражаттардын окшош жана айырмачылыктары тууралуу изилдөөчү А.Ботобекова мындай белгилейт: «Соматик фразеологизмдердин ишараттардан айырмасы – алардын туруктуулугунда, өз алдынча берилгенде мааниге ээ эместигинде. Алгач, ар бир ишараттын маанисин билдирүүчү сөздөрдүн комплекси адамдын кыймыл-аракетин билдирип келсе, кийинчерээк рухий ал-абалды туюндуруучу сөз тизмектеринин катарын түзүп калган. Ишараттар мындай абалда фразеологизмдик бирдиктерге айланат. Күндөлүк турмушта колдонулган белгилүү бир кыймыл-ишарат адамдын ички жан-дүйнөсү, сезими, ал-абалы менен байланышкан болот. Экинчи мааниси кийинки планга сүрүлүп чыгып, туруктуу маанини туюнтуучу касиетке ээ болот. Бул учурда ишараттык маанинин жок болушу жана бир гана фраземалык маани сакталып же экөө параллель иштелиши мүмкүн» [Ботобекова 2002: 102].
Кыргыз тилиндеги фразеологиялык мааниге өткөн семиотикалык соматизмдерди төмөнкүдөй топторго бөлүштүрүүгө болот:
1) адамдын жаңсоолорун (жесттерин) сүрөттөгөн фразеологизмдер: кол куушуруу (кечирим сурап, алдына түшүү, өтүнүч кылуу), бутуна жыгылуу (жалынып, жалбарып кечирим суроо, өтүнүү) ж.б.
2) адамдын жүрүш-турушун (позасын) сүрөттөгөн фразеологизмдер: мурдун көтөрүү (кекирейүү, менменсинүү, көпкөлөң тартып чиренген абалда болуу), аягы жерге тийбөө (эпилдөө, абдан элпек болуп көрүнүү, бир жерге жай алып тура албоо).
3) адамдын дене кыймылдарын сүрөттөгөн фразеологизмдер: башын жерге салуу (уялуу, тике карай албай ийменүү, батына албай коюу) ж.б.
4) адамдын ымдоосун (мимикасын) сүрөттөгөн фразеологизмдер: көзүн ала качуу (бирөөнү тике карай албай жалтактоо. Көрүнбөөгө, карабоого аракеттенүү, жалтануу) ж.б.
Соматикалык фразеологизмдердин компоненттерин түзүп турган негизги элемент – жүрөк. Жүрөк - адамдын эмоциясынын жана сезимдеринин негизги чордону, ошондуктан анын тегерегинде адамдын ар кандай эмоциялык-психологиялык абалын (коркуу, кайгыруу, кубануу, тынчтануу, сүйүү ж.б.) берген фразеологиялык бирдиктер чогулган. Мындай фразеологизмдер, негизинен, адам органдарынын кадимки абалынын бузулушун сүрөттөгөн метафоралык сөз айкаштарынан улам пайда болот. Мисалы адам жан дүйнөсүндө кандайдыр бир жагымсыз же жагымдуу сезим, басым, кысынуу, кубануу сыяктуу сезимдер жашайт. Ал сезимдер жүрөгү түштү, жүрөгү айланды, жүрөгү кабынан чыкты, жүрөгү күйдү, жүрөгү жылыды, жүрөгү ачышты, жүрөгү алкымына капталды, жүрөгү зыр дей түштү, жүрөгү муздады, жүрөгү жылыды, жүрөгүн өйүдү, жүрөгүн өлтүрдү, жүрөгүнүн сары суусун алды, жүрөгүнө так салды деген сыяктуу фразеологизмдер менен берилет.
«Манас» эпосунда аталган фразеологизмдик топтор бир топ кездешип, каармандардын болуп жаткан жагдай-шартка болгон мамилеси, ошондогу абалы, алардын жан дүйнөсүнө таасир этиши көркөм чагылдырууда көмөктөшөт. Аны төмөнкү саптардан байкай алабыз:
Алкымга жүрөк чыкканы, Боконо жүрөк болк этип, Жүрөгү кетип кабынан, билеги кетип сабынан [СО: 1109]. Күүлөнсө бир жакка аттанып, бир шаарды бузуучу, Ал мүнөзүн көргөндөр жүрөгү чыгып калуучу [СО: 1051]. Баркыраган доошу, Тай чабым жерден угулду, Олтурат элем үйүмдө. Окшуп келип жүрөгүм, Оозума келип тыгылды [СО: 37]. Байбиче белги көрүптүр, Ал белгини көргөндө, Он эки катпы бечара, Жүрөгү түшүп өлүптүр [СК: 40].
Бул саптардан көрүнүп тургандай, жүрөккө байланышкан фразеологизмдер көбүнчө коркуу сезимин туюндурат.
Ошентип, ымдоо, жаңсоону же дене кыймылдарын сүрөттөгөн соматикалык фразеологизмдер эмоциянын же көзгө көрүнбөгөн сезимдердин жана процесстердин абалын сырткы дүйнөгө чагылдырып берет. Алардын семантикасынын негизин адам жан дүйнөсүн билдирген сөздөр түзөт. Башкача айтканда, эмоцияны түшүндүргөн соматикалык фразеологизмдер көпчүлүк учурда эмоциянын адам денесинин абалына (анын сезимдери же ошол сезимдерге туура келген аң-сезимдүү же аң-сезимсиз кыймылдарга) салыштырылышынын жыйынтыгында пайда болот. Мисалы: көз айырбоо – бирөөнү же бир нерсени тигилип көпкө карай берүү, тиктөө, тиктеп тура берүү; буту жерге тийбөө - тыным албай, өтө тез, ыкчам кыймылдоо, жаны жай албоо; кол шилтөө – эч нерсеге карабай, бардыгын мейлиге салуу, бардыгына тобокел деп көз жумуу; каны кайноо - ачуусу келүү, каардануу, жини келүү, кыжырлануу ж.б.
Демек, адамдын денеси – көп пландуу феномен, ал табияттын гана объектиси эмес, ошондой эле маданияттын, тилдин да объектиси деп жыйынтык чыгарууга болот. Ар кандай дене мүчөлөрү коммуникация процессинде айтылган маанилерди берүүдө катышат. Алар бейвербалдык түрүндө же ымдоо, жаңсоолордун, турган турпаттын интерпретациясы аркылуу берилет. Ошону менен бирге тилде фразеологиялык бирдик катары сакталып калат. Демек, мындай учурда дене бөлүктөрү тилдик образдар, символдор катарында колдонулат. Ойду вербалдуу бергенде тилдик образдар пикир алышууда идея алмашууда гана эмес, эмоция алмашууда да маанилүү орунга ээ. Тилдеги эмоциялык-экспрессивдик маани фразеологизмде кеӊири ачылат. Ошондуктан тил – элдин жан дүйнөсү болсо, фразеология – тилдин жан дүйнөсү деп атасак болчудай.
Эмоцияны туюндурган соматикалык фразеологиялык бирдиктерди карасак, анда тигил же эмоцияны сөз аркылуу чагылдырганда тилде ар кандай метафоралык салыштыруулар колдонулары анык болду.
Тизе бүгүү - багынуу, баш ийүү: Сарттар тизе бүккөнү: «Болду эми, шүк!»-деди, Биз да калмак түркпүз, Каканчындан калкынын, Казабында жүрүппүз [СО: 103].
Көз салуу – каралашуу, жардам берүү: Баягы Догон карыга: «Алсаң менде мал-деди, Ар түлүгүм бар-деди, Алтын менен зар-деди, Барымды менден ал-деди, Бирок балама көзүң сал!»-деди [СО: 75].
Мыйыгынан күлүү, мурутунан күлүү – үн чыгарбай билинер-билинбес жылмайып коюу, кичине күлүмсүрөө. Качканын көрүп Чубактын, Мурутунан күлдү эми. Кыйының Манас билди эми, Кыл муруту солк этип, Мыйыгынан күлдү эми [СК: 517].
Дал болуу – дендароо болуу, эмне кыларын билбей жалдырап калуу, өзүн жоготуп коюу [КТС1: 393]: Жети күнү урушуп, Жетимиш жерден жара жеп, Чубак чыкты хан болуп, Бүткөн бою былк этпей, Сал сыяктуу дал болуп [СК: 716].
Фразеологизмдердин образдуулугу метафора жолу менен гана ишке ашпастан, фразеологизмдин компоненти болгон сөз-символдор менен да пайда болот.
Адамдын дене мүчөлөрү ар бир маданиятта байыркы мезгилдерден бери эле символдук мааниге ээ. Алар мифтерде, жомоктордо, көркөм чыгармаларда айтылып, аска бетиндеги жазууларда, эмблемаларда чагылдырылган. Салттуу тилдик түшүнүк боюнча, символдук мааниге жүрөк, кан, боорду эске албаганда негизинен адамдын сырткы дене бөлүктөрү гана ээ болуп келет. Ал эми көп колдонулган сөздөр: көз, баш, кан, жүрөк.
Төмөндө соматикалык фразеологизмдердин компонентин түзүп турган дене мүчөлөрүнө ар бирине токтолуп көрөлү.
Жүрөк – көптөгөн маданиятта өзгөчө мааниге ээ болгон символ. Кыргыз жана башка бир топ элдин маданияттарында жүрөк – эмоция эң көп жайгашкан бөлүк. Ал эми Кытай маданиятында бул орун боорго, Африкада мурунга, Францияда өткө тиешелүү [Маслова 2001].
Кыргыздарда жүрөк символ катары көп пландуу кубулуш. Ал адамдын каалоосу, сезими, маанайынын символу гана болбостон, интуициянын, аң-сезимдин, жан дүйнөнүн, дененин, ой жүгүртүүнүн, эрктин борбору. Бул компонент катышкан соматикалык фразеологизмдер жана алардын «Манас» эпосунда колдонулушу тууралуу жогоруда белгилеп кеттик.
Достарыңызбен бөлісу: |