Артыкова Жамал Абдисаламовна «Манас» эпосундагы бейвербалдык каражаттардын туюнтулуш өңүттөрү Адистиги 10. 02. 01 кыргыз тили Филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертация



бет2/12
Дата27.05.2018
өлшемі3,02 Mb.
#40915
түріДиссертация
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   12


Орток белгилер / символдор

А

Б


Коммуникативдик Коммуникативдик


в
аракеттер аракеттер

Лингвокогнитивдүү Лингвокогнитивдүү


фонд А Ɵз ара түшүнүү фонду В фонд Б

(адекваттуу интерпретация)

Адамдардын бири-бири менен сүйлөшүүсүндө тил сыяктуу, бейвербалдык каражаттар да негизги мааниге ээ болуу менен, мамлекет аралык сүйлөшүүдө, алака түзүүдө зор мааниге ээ экени көрүнүп турат. Анткени, бейвербалдык каражаттардын берген семиотикалык белгилери да ар бир элде эки башка түшүнүктү берет. Маданият аралык сүйлөшүүдө А жана Б маданияты бири-бирине түшүнүксүз болсо, акыры эки маданияттын жуурулушкан жеринде эки элдин этнопсихологиялык жүрүм-турум нормасына ылайык В маданияты келип чыгат. Мына ошол учурда эки башка тилде сүйлөгөн элди, бири-бирине жакындатуучу орток негизги символикалык бейвербалдык каражаттар пайда болот.

Ошентип, пикир алышуу процессинде ойду берүү үчүн тилдик жана тилдик эмес каражаттар колдонулат. Булардын ичинен тилдик каражаттар вербалдык каражаттар деп, тилдик эмес каражаттар бейвербалдык каражаттар деп аталат. Азыркы мезгилде бул элементтердин пикир алышуудагы карым-катышына байланыштуу ар кандай илимий көз караштар пайда болду. Алсак, орус окумуштуусу Г.В.Колшанский вербалдык жана бейвербалдык элементтерге терең изилдөө жүргүзүп, мындай жыйынтыкка келет: «Вообще паралингвистический аспект релевантен только в сочетании с изучением вербального общения. Случаи, так называемого неязыкового общения, лежат вне сферы паралингвистики, на стыке психологии с физиологией и этнографией» [Колшанский 1973: 17]. Дагы бир көңүлгө алуучу нерсе, тилдик эмес элементтер паралингвистикалык каражаттарга окшош, бирок аларды паракыймылдар (парадействия) менен чаташтырбай, адамдын физиологиялык өзгөчөлүктөрү катары кароо керек.

Коммуникация процессиндеги бейвербалдык каражаттарды бир системага салып, алардын теориялык жана практикалык маанисин ачып берген Г.Е.Крейдлиндин «Невербальная семиотика» [2002] аттуу эмгегин атасак болот. Бул эмгек көп жылдык иликтөөнүн жана бай тажрыйбанын негизинде пайда болгондугу менен айырмаланат.

Азыркы лингвистиканын актуалдуу маселелеринин бири пикир алышуу учурунда маалыматты берүү процессин коштоп жүргөн кубулуштарды изилдөө болуп саналат. Анткени, соӊку мезгилдерде изилдөөчүлөрдүн көӊүлүн кеп, айтымдын мазмуну менен формасын коштоп турган дал ушул факторлор бурууда. Бейвербалдык пикир алышуу – коммуникациянын алгачкы формасы. Тарыхый жактан коммуникациянын бейвербалдык каражаттары тилге салыштырмалуу биринчи өнүккөн. Алар алгачкы функцияларында туруктуу жана эффективдүү болуп, адам аӊ-сезиминин өтө жогору болушун деле талап кылган эмес. Ошондой эле алар вербалдык каражаттардан айырмаланган өзгөчөлүктөрү да пайда болгон. Тагыраак айтканда, бейвербалдык каражаттарды түздөн-түз кабыл алууга болот, адресатка күчтүрөөк таасир этип, мамиле, баалоо тууралуу так маалымат берет жана кандайдыр бир себептер менен сөз аркылуу айтууга мүмкүн болбогон жагдайларда мыкты каражат болуп саналат.

Негизинен бейвербалдык каражаттардын пайда болуусу жана колдонуусу боюнча боюнча үч теориялык көз караш бар:

а) бейвербалдык коммуникация генетикалык жактан алгачкы болуп саналат;

б) бейвербалдык коммуникация тарыхый жактан экинчи ыкма болуп саналат;

в) коммуникациянын бейвербалдык жана вербалдык каражаттары дайыма параллелдүү жашайт, бири экинчисине көз каранды болуп калган учурда гана өзүнүн жеке маанисин жоготушу мүмкүн [Мирцхулава 2005: 35].

Биздин пикирибизче, бейвербалдык каражаттар генетикалык жактан коммуникациянын алгачкы формасы болуп саналат. Бейвербалдык коммуникациянын негизинде кийинки булактар келип чыгат - биологиялык жана социалдык, тубаса жана адамдын коомдук тажрыйбасынан улам жаралган (туунду) булактар. Адамдагы эмоцияны туюндурган кээ бир мимика-жесттер, дене кыймылдары турмуштук тажрыйбадан пайда болгон жана реакцияны берүү сигналынын кызматын аткарат.

Бейвербалдык коммуникациянын биологиялык табиятынын дагы бир далили анын элементтерин аӊ – сезимдүү түрдө башкаруу кыйынчылыкты туудурат. Мисалы, адам жүзүнүн кубаруусу же кызаруусу, көздүн карегинин чоӊоюшу, эриндин кыйшайышы, көздүн тез-тез ирмелиши ж.б [Смирнова 1973: 34].

Психолингвистикалык багыттын белгилүү өкүлдөрүнүн бири Г.С.Паулдун пикири боюнча, тыбыштык тил жесттик тилдин негизинде пайда болгон, тыбыштык тил улам өнүгүүнүн натыйжасында жесттик тилден өзгөчөлөнүп калган [Пауль 1995: 28].

Пикир алышуунун бейвербалдык каражаттары алгач антропология, фи­зиология, психология, психиатрия жана социология өӊдүү ар кандай илимий тармактардын алкагында иликтенген. Алсак: физиологияда бейвербалдык феномендер тубаса жаралган, б.а. ген аркылуу берилет жана вербалдык пикир алышууга караганда (алгачкы маймыл сымал адамдардын пикир алышуунун куралы катары колдонулуп, тилден мурун орун алган) алгачкы форма болуп саналат [Crystal 1975].

Психологияда коммуникациянын бейвербалдык компоненттеринин адамдар тарабынан кабыл алыныш маселеси каралат [Wallbott 1988].

Психиатрия үчүн мындай бейвербалдык сигналдар бейтаптын ал-абалы жана дарылоонун натыйжаларын билүүдө өзгөчө мааниге ээ.

Психоанализ болсо бейвербалдык компоненттерди адамдын ойлорунун жана каалоолорунун аӊ-сезимсиз түрдө аткарылгандыгын изилдейт.

Социология бейвербалдык каражаттардын адамдардын ортосундагы карым-катышты түзгөн пикир алышуудагы ордун аныктайт [Goffman 1971].

Ал эми лингвистикада бейвербалдык каражаттар салыштырмалуу кийинчерээк карала баштаган. Паралингвистикалык каражаттардын лингвистикада каралыш маселеси Р.Л.Бирдвистел [Birdwhistell 1964; 1970]; П.Экман жана В.В.Фризен [Ekman, Friesen 1979; 1981]; К.Р.Шерер [Scherer 1977]; Леонхард [Leonhard 1976]; Д.Эфрон [Efron 1972]; Э.Холл [Hall 1959]; Дж.Трейгер [Trager 1958] ж.б. эмгектеринде кеӊири чагылдырылган.

Дж.Трейгер паралингвистикалык кубулуш катары оозеки кепти коштогон тыбыштарды, кинесикалык кубулуштардын жыйындысын жана семантикалык маркерлердин бир катарын эсептейт да, вербалдык сүйлөшүүгө кирбеген тыбыштык каражаттарды чечмелеп, паралингвистика деген терминди киргизген.

Д.Кристел интонацияны изилдеп, анын пауза, ритм жана башка үнгө байланыштуу кубулуштар менен байланышын карап, айтымдын маанисине тийгизген таасирин иликтеген жана паралингвистика менен лингвистиканын байланышын аныктаганга аракет кылган. П.Лион интонациянын эмоциялык функциясын аныктап, аны стилдик (оратордук, снобистик), тилдик жана эмоциялык (ачуулануу, кубануу, кайгыруу) интонация деп үчкө бөлөт; Д.Джонс хронема (хронемика – сүйлөшүү учурундагы паузанын созулушун жана пунктуациянын нормаларын изилдейт) деген түшүнүктү киргизет.

Коммуникациянын бейвербалдык каналын вербалдык каналдар менен байланышта изилдөө аракети алардын ортосундагы окшоштуктар менен айырмачылыкты түшүнүүгө алып келди. Вербалдык жана бейвербалдык каражаттардын ортосундагы негизги айырмачылыктар алардын колдонулуш чөйрөсүнө байланыштуу аныкталат. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, бейвербалдык каражаттардын вербалдык каражаттарга караганда маалыматты берүү мүмкүнчүлүгү кеӊири.

Ошентип, батыш изилдөөчүлөрү паралингвистикалык каражаттардын, алды менен, оозеки кепте колдонулушуна кызыгышкан. Ошондой эле паралингвистикалык каражаттар айтымдын сөздүк элементтерин кошумчалай келишине көӊүл буруу менен, изилдөө ишин тил менен гана байланышта кароо керектигин баса белгилешкен.

Орус лингвисттери бейвербалдык коммуникацияга болжол менен өткөн кылымдын ортосунан баштап көӊүл бура баштаган. Бул маселеге В.Г.Костомаров жана Е.М.Верещагин [1981]; Г.В.Колшанский [1974]; И.Н.Горелов [1980, 1991, 1996]; В.И.Аданакова [1988, 1989, 1990]; А.В.Дементьев [1985, 1988]; Г.Е.Крейдлин [1998, 1999, 2001]; Н.В.Накашидзе [1981] жана башка изилдөөчүлөр кайрылган.

Паралингвистиканын орус тил илиминде тилдик тармак катары калыптанышында Г.В.Колшанскийдин орду чоӊ. Ал паралингвистиканын кээ бир базалык түшүнүктөрүн жана бул илимдин изилдөө чөйрөсүн тактаган.

Г.В.Колшанскийдин пикири боюнча ымдоо-жаӊсоолорду изилдөөнү биологиялык, психолингвистикалык, паралингвистикалык, маданий-тарыхый жана этнографиялык аспектилер менен бирдиктүү жүргүзүү керек [Колшанский 1974: 32].

Колшанскийдин изилдөөлөрүнүн биринчи үч аспектисинде ымдоо-жаӊсоолордун келип чыгышы, алардын адамдын филогенезинде пайда болуу мезгили жана кеп менен ымдоо-жаӊсоолордун процесстеринин моделдери талданат.

Паратилди изилдөөнүн дагы бир маанилүү аспектиси – этнографиялык аспекти. Этнопсихолингвистика жана этнопаралингвистика менен байланышкан факторлор жалпы паралингвистикалык кубулуштардын номенклатурасында, функциясында жана өзгөчөлүгүндө көрүнөт.

Г.Е.Крейдлиндин вербалдык жана бейвербалдык белгилердин карым-катышын изилдөөсүндө негизги максаты кылып, бейвербалдык компоненттердин ички тилдик семантикалык типологиясын вербалдык каражаттар менен байланышын аныктоону алган. Ал эми предмети бейвербалдык коммуникация, кыймыл-аракет жана адамдардын өз ара карым-катышы болгон илимди бейвербалдык семиотика деп атооону сунуштайт.

Г.Е.Крейдлин ымдоо - жаӊсоолордун тилин система катары карап, мындай жыйынтык чыгарат:

1) ымдоо-жаӊсоонун тили өзүнүн тарыхына ээ;

2) ар бир ымдоо-жаӊсоо тили өзүнүн сөздүгүнө жана грамматикасына ээ;

3) ымдоо-жаӊсоо тили табигый тилде интерпретацияланат [Крейдлин 1999: 173].

Ошондой эле коммуникациянын бейвербалдык компоненттеринин вербалдык каражаттарына арналган изилдөөлөр да пайда болду. Ар кандай тилдердин материалдарында бейвербалдык каражаттардын сөздүктөрү түзүлдү: Ж.Э.Амбарумцева [1982], Е.М.Верещагин, В.Г.Костомаров [1981], Г.Е.Крейдлин, С.А.Григорьева, Н.В.Григорье­в [2001]. Ал эми Е.М.Верещагин жана В.Г.Костомаров [1981] вербалдык тилдин формасында чагылдырылган ымдоо-жаӊсоолорду лексикалык өӊүттөн изилдөөгө аракет кылышкан.


1.2. Бейвербалдык каражаттардын

түркологияда изилдениши

Түркологияда бейвербалдык каржаттарды изилдөөнүн башталышы катары түрк тилдерине мүнөздүү болгон табыш жана элес тууранды сөздөргө байланыштуу жүргүзүлгөн иликтөөлөрдү айтууга болот. Мындай изилдөөлөрдүн башында 1918-жылы жарык көргөн Н.И.Ашмариндин «Основы чувашской мимологии» аттуу эмгеги турат. Аталган эмгекте алгач ирет мимемаларды изилдөөнүн теориялык негиздери гана эмес алардын практикалык классификациясы сунушталган.

Кийин академик Н.К.Дмитриев өзүнүн «Строй тюркских языков» аттуу эмгегинин «К изучению турецкой мимологии» аттуу бөлүмүндө түрк тилдериндеги өзгөчө мимикалык кубулуштардын тобуна токтологон. Анда кандай гана тилдик бирдик болбосун башка бирдик жана формалар менен бирдикте гана мааниге ээ болот. Ошондон улам кептин эки жагы бар: биринчиси - пикир алышууда коммуниканттардын ортосундагы байланышка негизделген практикалык контекст, экинчиси – лингвистикалык контекстте башка тилдик бирдиктер менен тыгыз байланышта болгон семантикалык бирдиктер. Анткени тил – тилдик бирдиктердин жыйынтыгы гана болуп саналбастан, кептик циклдерден жана фразалык түзүлүштөрдөн турган система. Демек, пикир алышууда кандайдыр бир маалыматты берүү максаты көздөлсө, башка да тилдик бирдиктер кошулат. Мында адамдар ортосундагы ой, идеянын берилишиндеги комплекстүү бирдиктери экени белгиленген [Дмитриев 1962].

Казак изилдөөчүсү Б.Момынованын пикири боюнча, когнитивдик көз караштан алганда дене кыймылынын, ымдоо-жаңсоонун изилдениши социалдык, психологиялык, лингвистикалык жана башка тилдик фактыларга караганда жаңы, теориялык жактан жетик изилдене элек багыт болуп саналат [Момынова 2003: 16].

Казак тилинде бул маселеге арналган төмөнкүдөй эмгектерди атоого болот: С.Бейсембаеванын «Невербальные компоненты коммуникации в казахском языке» аттуу диссертациялык иши [2002], Б.Қ.Момынова, С.Бейсембаева «Қазақ тіліндегі ым мен ишараттың қазақша-орысша түсіндірме сөздігі» [2003]; Б.Момынованын «Лидерлер имиджін қалыптастырудағы бейвербалды элементтер мен бағалауыштық лексиканың рөлі» [2003], А.Т.Оналбаеванын «Фразеологизмы жестовой семантики» [2010], А.Т.Оналбаеванын «Невербальное общение: социальный и национально-культурный контекст» [2010], Р.Ш.Бердалиеванын «Национально-культурная специфика невербальной модели общения (на материале художественных текстов казахских писателей)» [2010] ж.б.

Булардын ичинен С.Б.Бейсембаеванын эмгегинде бейвербалдык каражаттар пикир алышуучулардын жынысына, жаш-курак өзгөчөлүгүнө, ымдоо-жаӊсоо белгилеринин аткарылышына, ымдоо-жаӊсоолордун түзүлүшүнө, кепте көп же аз колдонулушуна жана семантикасына карата бөлүштүрүлөт.

Өзбек тилинде М.Саидхановдун «Невербальные средства коммуникации и их лингвистическая манифестация в узбекском языке» [1993] деген диссертациялык иши өзбек тилиндеги бейвербалдык каражаттардын функционалдык кызматын изилдөөгө арналган. Иш үч баптан турат. Биринчи бап «Пикир алышуу жана бейвербалдык каражаттар» деп аталат да, анда адамдардын пикир алышуу процессиндеги бейвербалдык каражаттардын орду талдоого алынат. Өзбек элинин байыртадан бери калыптанган пикир алышуу формасы катары ритуалдык, этикет формасы, жест жана мимика көрсөтүлөт. Пикир алышуунун максатына ылайык өзбектер бейвербалдык каражаттарды төмөнкү учурларда колдонот: 1) сүйлөшүп жаткан адамдардын ортосунда тилдик байланыш жок болсо; 2) коммуникативдик актыда тоскоолдук болсо; 3) коммуниканттар башкалардан бир нерсени жашыруу үчүн колдонот; 4) коммуниканттардын бирөө бир нерсени далилдөө үчүн колдонот; 5) угуучуга таасир калтыруу үчүн колдонушат [Саидханов 1993: 26].

Чуваш тилиндеги бейвербалдык каражаттардын табияты А.В.Кузнецовдун «Вербальные средства этикетного общения в чувашском языке: Опыт компаративного, контрастивного и этнолингвокультурологического изучения» [2004] аттуу диссертациялык ишинде кеӊири иликтөөгө алынган. Бул иште чуваш тилиндеги бейвербалдык каражаттардын өзгөчөлүгү, алардын коомдо, маданиятта жана тилдеги орду аныкталган.

Кээ бир түрк тилдериндеги бейвербалдык каражаттардын орду, мааниси «Национально-культурная специфика речевого общения народов СССР» (НКСРОНС) [1982] аттуу жыйнакта берилген. Мында азербайжан, татар, башкыр жана кыргыз тилдериндеги пикир алышуунун өзгөчөлүктөрү жана бейвербалдык каражаттардын тилдеги, маданияттагы орду кенен каралган. Ошону менен бирге абхаз, монгол, калмак, адыгей, эскимос тилдериндеги пикир алышуудагы бейвербалдык каражаттар тууралуу сөз болот. Жыйнакта ар бир тилдин коммуникативдик шарты, үндүн тембри, андан соӊ ар бир улуттун маданиятындагы ритуалдар, паралингвистикалык каражаттар баяндалат. Алсак, кыргыз элинин пикир алышуусундагы өзгөчөлүк тууралуу Д.Сыдыкбекованын сыпаттамасы берилет. Автор кыргыз тилиндеги ымдоо-жаӊсоолор башка тектеш тилдерге караганда азыраак экендигин белгилейт: «Жестикуляция и мимика киргизов отличны от таковых даже у родственных по языку и истории народов – казахов и узбеков: так жесты казахов кажутся сравнительно более размашистыми, а мимика несколько более оживленной. В жестикуляции узбеков заметнее более дробные движения пальцев, имеющие, впрочем, немалую выразительность. В киргизской народной этике считается предосудительным усиленно жестикулировать или мимировать» [НКСРОНС 1982: 86].

Азербайжан тилиндеги пикир алышуунун өзгөчөлүктөрү тууралуу жазылган А.Р.Балаян, А.Ш.Шабановдордун макаласында азербайжан элинин кебинин темпи, сырдык сөздөр, ымдоо жана жаӊсоолор сыпатталат. Ошону менен бирге азербайжан эли сүйлөшүү учурунда ымдоо-жаӊсоолорду салыштырмалуу көп колдонору баса белгиленип, анын аймакка да көз каранды экендиги айтылат: «Мимика и жесткуляция носят территориальный, а также, причем главным образом, социально-статусный характер» [НКСРОНС 1982: 88].

Татар жана башкырлардын пикир алышуудагы өзгөчөлүктөрү Ф.Ф.Султановдун макаласында берилген. Коммуникативдик жүрүм-туруму боюнча татар жана башкырлар окшошуп кетишет. Албетте, бул окшоштук алардын тилдеринин тектештиги, жашаган аймактарынын жакындыгы, өткөн кылымдардагы социалдык жана экономикалык турмушунун окшоштугу, ислам дининде болушу, орус тилинин таасири менен шартталат. Татар жана башкыр тилдери сырдык сөздөргө жана тууранды сөздөргө өтө бай. Сырдык сөздөр маани жактан эмоциялык жана императивдик деген топторго бөлүштүрүлөт. Ал эми мал-жаныбарларга колдонулган тууранды сөздөрдү тыбыштык жесттер деп аташат. Ымдоо жана жаӊсоолорду алсак, анда татар жана башкыр элдеринин кебинде аз колдонулары белгиленет. Анын себебин авторлор мындай түшүндүрүшөт: «Это обусловлено сильным влиянием в прошлом на коммуникативное поведение татар и башкир мусульманской религии, исповедовавшей своего рода чувственный аскетизм и подавлявшей всякую внешне выраженную эмоциональную активность человека» [НКСРОНС 1982: 88].
1.3. Бейвербалдык каражаттардын

кыргыз тил илиминде изилдениши

Элдин психологиясы сан кылым өнүгүп, жүздөгөн жылдар бою калыптанары анык. Анын ичинде сөз менен айтылбаган мимика-жесттер, кыймыл-аракеттер кездешет. Кыргыз эли байыртадан эле ички сезимдерин, эмоциясын ушул өӊдүү үнсүз каражаттар менен бере алышкан. Кээ бир учурларда ымдоо-жаңсоолор кадимки сөзгө караганда көркөм, курч маанини берет. Бул өзгөчөлүк жеке эле кыргыз тилине тиешелүү эмес экендиги анык. Демек, сүйлөшүү учурундагы негизги фатикалык жана коннотативдик функцияны кинесикалык коммуникация аткарат. Башкача айтканда, ымдоо-жаңсоолор кептик элементтерге караганда чоң маалыматты камтып, кыска убакыттын ичинде ал маалыматты берүүгө жөндөмдүү. Маселен, «Манас» эпосундагы колго байланыштуу кол куушуруу деген бейвербалдык каражатын карап көрөлү: Казак, кыргыз калкы бар Карыя Жакып каркы бар, Сарттардан жыйын сурады, Сарттар коркуп сабыркап, Кол куушуруп турганы [CО: 147]. Бул жерде кол куушуруу – кечирим суроо, сурануу, алдына түшүү, өтүнүү, өтүнүч кылуу деген маанини камтып турат. Мындай жагдайды сөз менен берүү жетишсиз. Келтирилген мисалдагы кол куушуруу угуучуга, окурманга бир кыймыл-аракеттин абалы менен так, даана жеткирилип, ичине жөнөкөй сөз менен айтып жеткирүүгө мүмкүн болбогон экспрессия жана эмоцияны туюндурат. Ошондуктан кеп агымында айтым менен бирге ар кандай эмоция жана сезимдерди берүүдө ымдоо-жаңсоолор кызмат аткарат. Ал ачуулануу, кубануу, сүйүнүү, ыраазы болуу, жек көрүү, капалануу ж.б. эмоциясы.

Ушул сыяктуу эмоцияларды берүүдө бейвербалдык кыймылдар түздөн-түз катышат. Мындай кыймылдар ойду же маалыматты тилдик бирдиктер менен берүүгө мүмкүн болбогон учурда, же сүйлөөчү, баяндоочу эмоциялык басымда турганда, же сөздөр тигил же бул эмоциялык боекчону талап кылганда колдонулат. Мына ушундай учурларда сөздөр менен катар ымдоо-жаӊсоолор пикир алышуу процессине катышат. Ошондуктан көпчүлүк элдер үчүн улуттук мүнөздөгү бейвербалдык кыймыл-аракеттер таралган. Ал кыймыл-аракеттер угуучуга да, айтуучуга да маалыматты берүүдө чоң мааниге ээ.

Ымдоо - жаңсоолордун таралуу чөйрөсү да төмөнкүдөй ар түрдүү болот:

а) бир канча улутка тиешелүү;

б) ымдоо-жаңсоолор сырткы түзүлүшү окшош болгону менен ар бир улутта ар кандай болот.

Кыргыз тилинде азыркы мезгиле чейин эпикалык чыгармаларда бейвербалдык каражаттардын өзгөчөлүгү изилдөөгө алынбай келет. Кээ бир учурларда бир эле ымдоо-жаңсоо бир канча мааниге ээ болот. Ал эми бейвербалдык каражаттардын саны чексиз, семантикалык жактан алып карганда алардын маанилери кеңири. Бирок мындагы көп маанилүүлүк коммуникацияны жайлатпайт, пикир алышуучулардын бири-бирин түшүнүү мүмкүнчүлүгүн кыйындатпайт жана маалыматты берүүгө жолтоо болбойт.

Алсак, макул болбоо жана карама-каршылыктуу пикир болгон абалды бейвербалдык элементтер менен берүүгө болот. Мисалы: кол шилтөө, баш чайкоо, ордунан туруу жана терс бурулуу ж.б.

Ымдоо-жаңсоолордун жаралашын төмөнкүдөй топторго бөлүштүрүүгө болот:

- биологиялык;

- маданияттык-тарыхый;

- этнографиялык;

- паралингвистикалык.

Кыргыз тилинде да бейвербалдык каражаттар ар кандай терминдер менен аталып келет.

Кыргыз тилинде ымдоо-жаңсоолордун колдонулушу, алардын текст ичиндеги орду С.Иманалиевдин «Кыргыз тилиндеги сырдык сөздөр» [1969] аттуу эмгегинде учкай айтылып кеткен. Аталган эмгекте бейвербалдык каражаттар жаңдоо, ымдоо деген термин менен аталат. Окумуштуунун пикири боюнча, жаңдоо жана ымдоону адамдар ар дайым эле колдоно бербейт. Аны адамдар оозеки сүйлөө кеби менен бирдикте белгилүү гана шартка жараша колдонушат. Бул учурда жаңдоо жана ымдоо көбүнчө адамдардын ички сезимин билдирүүчү сырдык сөздөрдү коштой келип, айрым көп маанилүү сырдык сөздөрдүн тигил же бул маанисин тактоодо бир аз көмөк берет [Иманалиев 1969: 46].

Кыргыз элинин ымдоо-жаӊсоолорунун улуттук өзгөчөлүгү жөнүндө Д.Сыдыкбекованын, этнографиялык жагы А.Мырзакматовдун, байыркы таш бетиндеги жазмалардагы ымдоо-жаӊсоолордун чагылдырылышы жана алардын маанилери тууралуу Л.Жусупакматовдун эмгектеринен кезиктирүүгө болот [Сыдыкбекова 1982, Мырзакматов 2000, Жусупакматов 1998]. Ал эми Т.Аширбаев жазуучулардын тилинде, оозеки кепте ымдоо-жаӊсоолордун орду жөнүндө, С.Ж.Мусаев паралингвистикалык каражаттардын прагматикалык аспектиси, С.Өмүралиева көркөм чыгармалардагы бейвербалдык каражаттардын аткарган функцияларын, Т.Маразыков ымдоо-жаӊсоолордон түзүлгөн унчукпоо тууралуу өздөрүнүн эмгектеринде кыскача токтолуп кетишкен [Аширбаев 2000, Мусаев 2000, Өмүралиева 1999, Маразыков 2004].

Окумуштуу Т.Токоевдин «Кыргыз тилиндеги экспрессивдик синтаксистик конструкциялар» деген монографиясында вербалдык эмес каражаттар жөнүндө бир катар маалыматтар берилген. Маселен, – Кайдагы проблема …, - Нияз Айдарды акырая карап, курулуштун начальнигинен көзүн ала качты (Ө.Д.) - Өзүң билесиң го… деги байка,-деп Алдей акырын үшкүрүп алып, ордуна кетти (Ч.А.). Бул контекстте кесинди конструкциялардын колдонулушунда, биринчиден, диалогдо катышып жаткан кейипкерлердин бири экинчисинин репликада айтыла турган «вербалдашпаган семантиканы» «кайдагы проблеманы айтып башты оорутуп жатасың, бул жердеги проблемалардын бардыгын курулуш башчысын кийлигиштирбей, өзүбүз чечебиз» деген чыгармадагы апозиопезис аркылуу чагылдырылган ой-мазмун жалпы контексттен белгилүү болуп турат. Бул жагдайдын подтексттик мазмуну сүйлөшүүнүн субъектисинин психологиялык абалын мүнөздөгөн өзүнө өзү ишенбөөчүлүк, кийлигишүүгө байланышкан коннотациядан белгилүү болуп турат [Токоев 2006: 127].

Белгилүү окумуштуу, профессор Б.Усубалиев көркөм чыгарманын жалпы эстетикалык дөөлөтүн ачып берүүнүн негизги өбөлгөлөрүнүн бири – бул анын тилин иликтөө деп белгилейт. Ошондой эле, чыгармада ой менен тил – экөө бирге жуурулуша ишке ашып, ачыкка чыгаарын төмөнкүдөй белегилейт: ...Айталы, ичинен уйгу-туйгу болуп, жер карап отурган адамды берүү керек дейли. Адегенде ошол элестин өзү турмушта болууга тийиш жана мен аны ошондой, психологиялык жактан ынанымдуу көрө билишим зарыл. Албетте, бул - өзүнчө маселе жана зор чеберчиликти талап кылат. Элес пайда болгондон кийин, аны дал ошол кейпинде беришим, дааналап айтканда, жаратышым керек. Бул үчүн ушул элести берүүгө мурда эле аздыр-көптүр даярдыгы бар, образдуулук дүрмөтү бар каражатты табууга тийишмин: «Ал жер карап үңкүйүп отурду». Үңкүйгөн сөзүн таба албадым дейин, эмне беришим ыктымал. Анткени бул сөз бир гана сырткы кейпти берип жаткан жок, ал, баарыдан мурда, кейипкердин психологиялык уйгу-туйгусу менен да өтө тыгыз байланышта болуп отурбайбы. Демек, мен үңкүйгөн сөзүн таппаган болсом, анда кейипкер уйгу-туйгуда экенини узун сабак сөз кылып, сырткы кейпин сүрөттөөгө (жерди теше тиктеп отурат, ыйлап жиберчүдөй жер тиктеп отурат, кабагын карыш салып, жер тиктеп отурат, эч кимге назар бурбай жер карап отурат ж.б.) өтөм. Ошентип, акыры ички абалы менен сырткы кейпин узун сөз менен чубалжытып жебиреп беришим ыктымал, бирок анын баары биригип келип үңкүйгөн деген жалгыз сөз камтыган тактыкты, образдуулукту жана мазмунду бере албайт. Мында сөз, болгондо да образдуулукту өзүнөн өзү камтып турган сөз жөнүндө кеп болду [Усубалиев, 1994: 41].

Ымдоо – жамдоолор, кыймыл – ишарат факторлору дээрлик бардык функционалдык стилдердин оозеки формаларына, айрыкча сүйлөшүү стилине мүнөздүү фактор болуп саналат. Көркөм чыгарманын стилин кошпогондо, калган китеп стилдеринин жазма формасында ымдоо-жамдоо, кыймыл – ишаралардын сыпатталып берилиши максатка ылайыктуу эмес. Ал эми көркөм чыгармада бул фактор өзүнүн көп түрдүү белгилери, көркөмдүк өзгөчөлүктөрү менен автордук максатта кеңири колдононулат [Аширбаев, 2004, 98].

Кыргыз тилинде ымдоо-жаңсоолорду атайын иликтөөгө алган изилдөө А.Ботобекованын эмгеги болуп саналат. Бул изилдөөдө биринчи жолу бейвербалдык каражаттар ишарат, паралингвистикалык каражаттар, вербалдык эмес каражаттар деген сыяктуу терминдер менен берилген. Аталган эмгекте бейвербалдык каражаттардын жалпы тил илиминдеги классификациясы, кыргыз элинин коммуникативдик жүрүм-турум өзгөчөлүктөрү сыяктуу маселелер талдоого алынып, илимий жыйынтыктар кабыл алынган [Ботобекова 2002]. «Паралингвистикалык факторлордун көркөм чыгармада алган орду» деп аталган бөлүмүндө Т.Касымбековдун «Сынган кылыч» романынын негизинде бейвербалдык каражаттарга анализ жүргүзүлгөн. Албетте, бул толук болбосо да кыргыз тил илиминде текст ичиндеги бейвербалдык каражаттардын орду тууралуу жазылган алгачкы эмгек десек жаӊылышпайбыз.


Каталог: media -> uploads -> Diss
uploads -> Сабақ "Тұрақты дамуға көмектесу" Орталығы" Қоғамдық қоры "Маңғыстау облысының табиғи ресурстар және табиғат пайдалануды реттеу басқармасы"
uploads -> Сабақ "Тұрақты дамуға көмектесу" Орталығы" Қоғамдық қоры "Маңғыстау облысының табиғи ресурстар және табиғат пайдалануды реттеу басқармасы"
uploads -> Балалардың құқықтарын қорғау 2013 «Маңғыстау облысының балалар құқықтарын қорғау басқармасы»
uploads -> Форт-Шевченко қаласын дамытудың 2013- 2015 жылдарға арналған кешенді жоспары
uploads -> Маңғыстау облысы Төтенше жағдайлар департаментінің және бағынышты мекемелердің қызметі бойынша тиімділік талдауы
uploads -> 23. орталық азиядағы тұРАҚты даму "Тұрақты дамуға көмектесу" Орталығы" Қоғамдық қоры
uploads -> Конференция жұмысына 179 елден, оның ішінде Қазақстаннан және әр түрлі қоғамдық ұйымдардан өкілдер қатысты. Онда басты негізгі 5 құжат қабылданды, соның бастыларының бірі «ххі ғасырдың Күн тәртібі» деп аталады
uploads -> Халықты әлеуметтік қорғау және жұмыспен қамту жүйесі басшыларының, мамандарының және басқа да қызметшілері лауазымдарының үлгілік біліктілік сипаттамаларын бекіту туралы
uploads -> Сабақ "Тұрақты дамуға көмектесу" Орталығы" Қоғамдық қоры "Маңғыстау облысының табиғи ресурстар және табиғат пайдалануды реттеу басқармасы"
Diss -> Кыргыз республикасынын


Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   12




©engime.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет