шарттарынын жана талаптарынын өз ара катнашы экендигин айтат.
10
айрым бир турмуштук практикалык мазмун (кубулуш, окуя, процесс)
сүрөттөлгөн тапшырмалар болот. Тексттүү тапшырма кесиптик
ишмердүүлүккө багытталуу менентекстте кесип боюнча терминдер,
фактылар ж.б. кирет, бул учурда адистешүү аларга тыштан ачык түрдө
таңууланбастан студенттердин аң-сезимине кирет да, кесипке өз алдынча
калыптануу процесси болот.Бул жагдай кесиптик ишмердүүлүккө карата
кызыгуунун пайда болуусуна шарт түзүүменен студенттердин
математикалык даярдыктарынын өнүгүшүнө алып келет.
Кесипке багытталган математикалык тапшырматөмөндөгүлөрдөн
турат: тапшырманын мазмуну, шарты, талабы; тапшырманын
математикалык-мазмуну, көз карандылык, мамиле, формула.Болочок
юристтердин кесибине багытталган математикалык тапшырмаларды түзүү
үчүн, кесипке тиешелүү маалыматтардын негизинде билимдерди
интегралдаштыруу зарылдыгы турат.
Интегралдаштыруу (integrazio) латын сөзүнөн которгондо биригүү,
кошулуу, чогулуу, кабыл алуу. Интегралдаштыруу окутуу процессин
интегративдүү мүнөздө түзүү менен ой жүгүртүүнүн ийкемдүүлүгүн
өнүктүрүп, ошол эле учурда көптөгөн технологиялык жаңы
мүмкүнчүлүктөрдү түзөт жана студенттин билимин жана көнүмүшүн
универсалдаштырып, кесиптик компетенттүүлүгүн калыптандырат.
Окумуштуулардын илимий изилдөөлөрүн талдоонун негизинде
кесипке багытталган математикалык тапшырмаларды түзүү үчүн, эң
алгач, мындай тапшырманын мазмунун болочоктогу кесибине тиешелүү
маалыматтардын негизинде түзүү зарыл деген тыянакка келдик. Мында
маалыматтык материалды тандоого байланышкан бир катар практикалык
маселелер пайда болот: а) кандай кесиптик жактан маанилүү мазмундун
студенттерге математикалык тапшырма аркылуу берилиши;б) кесипке
багытталган тапшырмада кесиптик билимдердин кандай көлөмү
камтылууга тийиш экендигинин аныкталышы;в)кесипке маанилүү мазмун
кандай жол менен ЖОЖдо окула турган профилдик сабактардын
материалы менен шайкеш келиши керек ж.б.
Жогорудагылардын
негизинде
кесиптик
жактан
маанилүү
маалыматтарды тандап алуунун критерийлери иштелип чыкты:
1) Маалыматтын кесиптик маанилүүлүгүнүн критерийи: юристтин
таанып-билүү кызыкчылыгын билдирип турган айрым бир объекттин,
субъекттин, кубулуштун же процесстин сүрөттөлүшүн камтып туруусу.
2) Маалыматтын окутууда колдонуучулугунун критерийи: маалымат
кабыл алуу үчүн жеткиликтүү болууга тийиш жана юридикалык
материалдын математикалык түшүнүк менен дал келүүсү.
3) Тапшырманын мазмунун түзүү үчүн маалыматты колдонуу
критерийи: маалымат көлөмү боюнча математикалык тапшырманын
11
мазмуну менен салыштырылып, ал эми анын элементтери математикалык
мүнөздөмөлөрдү берүүсү.
Юридикалык факультеттердин биринчи курсунда окула турган
«Укуктун жана мамлекеттин теориясы» дисциплинасынын алкагында
математикалык тапшырмалар «
Достарыңызбен бөлісу: