Педагогикалык психология



бет1/8
Дата25.09.2024
өлшемі44,02 Kb.
#205099
  1   2   3   4   5   6   7   8
Байланысты:
pedagogikalyk-psihol1-1


Педагогикалык психология
Педагогикалык психология педагогика жана психология илимдеринин ашташкан жеринен пайда болгон илим болгондуктан, ал илимдер менен өтө тыгыз байланышта, алардын негизинде өнүгүп келе жатат.
Негизги тушунуктор:
ПЕДАГОГИКАЛЫК ПСИХОЛОГИЯ - окутуунун жана тарбия берүүнүн психикалык мыйзам ченемдүүлүктөрүн жана мугалимдин психологиясын изилдеп үйрөнүүчү психология илиминин тармагы. Педагогикалык психология окуучулардын таанып-билүү ишмердүүлүгүнүн, инсандык сапатынын калыптанышын жана алардын терең билим алуусуна таасир этүүчү шарттарды, факторлорду изилдеп үйрөтөт. Ошондой эле педагогикалык психология мугалим менен окуучулардын, мугалимдердин өз ара мамилелерин жана педагогикалык ишмердүүлүктүн психологиясын да изилдейт.
YЙРӨНYY - адамдын жаңы билимдерге, машыгууларга, билгичтиктерге, жүрүм-турумдарга, жалпы эле турмуштук тажрыйбаларга ээ болушу. Yйрөнүү адамдын белгилүү иш-аракеттерди аткаруусунан кийин калыптануучу процесс. Y. окуу, оюн, жана башка ишмердүүлүктөрдө же бирөөлөрдүн жасаган жүрүм-турумун, адаттарын туурап кайталоодон кийин калыптанат. Yйрөнүү калыптанганда адамдын жүрүм-туруму өзгөрөт.
ӨЗДӨШТYРYY (усвоение) - адамзат тарыхында топтолгон коомдук-тарыхый (илимий, рухий, маданий жана материалдык) тажрыйбаларды, мурастарды үйрөнүү аркылуу адамдын ал тажрыйбаларды, мурастарды өз аң-сезимине, жүрүм-турумуна айландыруусу.
Ө.-нүн негизинде окуу жана тарбия берүү, өзүн-өзү тарбиялоо жараяндары ишке ашат.
Ө.-дө адам өзү мадимий түрдө аракеттенет жана өзүн-өзү өстүрөт, жетик инсан катары калыптанат.
ОКУТУУ окуучуларга программанын негизинде максаттуу түрдө билимдерди берүүнүн, ык машыгууларга үйрөтүүнүн жолу.
О. аркылуу адамзат тарыхында топтолгон тажрыйбаларды максаттуу түрдө жаш муундарга берүү, үйрөтүү жараяны ишке ашат.
О. жараяны мугалим менен окуучулардын өз ара биргелешкен иш аракети болуп, эки тарап тең мадимий активдүү- абалда аракеттенишет. О. мугалим тарабынан жетектелинет.
ОКУТУУНУН МАКСАТЫ - окуучуларды билимдерди, билгичтиктерди жана көндүмдөрдү кабылдоого, түшүнүүгө, эсте сактап калууга жана зарыл учурда аларды өз турмушунда, өз ишмердүүлүктөрүндө колдоно билүүгө үйрөтүү аркылуу турмушта өзү дуушар болгон проблемаларды чечүүгө көнүктүрүү.
ОКУУ - билимдердин системасына ээ болуу аркылуу өзүн-өзү өзгөртүп, өстүрүүгө багытталган ишмердик. Баланын О. ишмердүүлүгүн мугалим жетектейт жана атайын программанын негизинде О. системалуу түрдө жүргүзүлөт.
ТАРБИЯ - адамзат тарыхында топтолгон коомдук тажрыйбаларды, адептик түшүнүктөрдү, жүрүм-турум принциптерин, асылдык дөлөттөрдү, нарк-насилдерди максаттуу жана пландуу түрдө жаш муундарга үйрөтүү.
Т.аркылуу адамга белгилүү установкалар калыптандырылып, коомдо жашоонун эрежелери үйрөтүлөт.


Достарыңызбен бөлісу:
  1   2   3   4   5   6   7   8




©engime.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет