Педагогикалык психология жөнүндө түшүнүк. Адамзат тарыхында баланы окутуу жана тарбиялоо маселелери эӊ орчундуу маселе катары каралып, балдарды белгилүү иш-аракеттерди жасоого үйрөтүү жана аларга коом талабына жараша тарбия берүү зарылдыгы адамзаттын маданиятынын бир тармагы катары адамзат менен кошо такай өнүгүп келген.
Педагогикалык психологиянын предметин жана милдеттерин тереӊ түшүнүү үчүн педагогикалык психологиянын башка илимдер менен болгон байланышын кароо керек.
Адам баласын окутуу жана тарбиялоомаселелери философия, социология, тарых, педагогика, психология ж.б. илимдер тарабынан изилденет. Алардын ар бири өз көз карашынан туруп окутуу жана тарбия берүү процесстерин изилдөөгө алат. Алсак, педагогика жаш муундарды окутуунун, тарбиялоонун максаттарын жана милдеттерин, анын каражаттарын жана методдорун, аны практикада ишке ашыруунун ыкмаларын изилдеп үйрөтөт.
Бардык илимдер сыяктуу эле алгач педагогика философия илиминин курамында өнүгүп келген. Алгачкы жолу улуу педагог Ян Амос Коменский (1592- 1670) педагогиканы өз алдынча илим катары негиздеген. Ошондон бери өнүгүп олтурган педагогика бүгүнкү күндө эӊ өнүккөн көп тармактуу илимге айланып олтурат.
Педагог - окутуу жана тарбия берүү ишин практикада ишке ашыруучу кесип болуп, педагог жаш муундарга билим жана тарбия берет.
Психологдор окутуу жана тарбиялоо процесстеринин өнүктүрүүчүлүк касиеттерин, анын натыйжалуулугун арттыруу максатында окуу предметтеринин мазмунун жана тарбиялык таасирин өркүндөтүүгө көбүрөөк көӊүл бурушат. Психология илиминдеги жетишкендиктерге таянып окуучуларга эмнени, кантип жана кандай ырааттуулукта окуу материалын берүү окуу-тарбия иштерин натыйжалуу болушуна алып келет деген идея педагогикалык психологиядагы эӊ негизги маселе болуп саналат.
Практик психологдор мектеп тармагында окутуу жана тарбия процессиндеги психологиялык негиздеги, детерминациядагы конкреттүү милдеттерди чечүүгө жардам берет. М: тигил же бул окуучунун начар окушунун, окууга кызыкпашынын же окуучу менен мугалимдин мамилелеринин бузулушунун себептерин жоюу багытында иш жүргүзөт. Азыркы кезде мектептерде психологиялык кызмат көрсөтүү иши кеӊири практикаланууда.
Психология илими теоретик жана практик педагогдордун ишине кошумча болуп гана окуу жана тарбия, инсанды калыптандыруу маселелерин психологиялык жактан, теориялык жактан негиздейт.
Педагогикалык психологияга байланыштуу илимий адабияттарда анын предмети жөнүдө басымдуу түрдө төмөнкүдөй аныктама кездешет: педагогикалык психология - окутуу жана тарбия берүү процесстеринин психологиясынын жалпы мыйзам ченемдүүлүктөрү жана мугалимдердин психологиясы жөнүндөгү илим.
Педагогикалык психология негизги эки чоң проблеманы изилдейт.
- балдар үйрөнө турган эффективдүү методдорду ойлоп табуу жана аны мектеп практикасына киргизүү;
- психикалык өнүгүүнүн булактарын, резервдерин теориялык деңгээлде изилдөө.
Жогоруда айтылгандарга негизденип педагогикалык психологиянын предмети окутуу процессинде баланын билим алууга багытталган ишмердүүлүгүнүн жекече өзгөчөлүктөрүн изилдөө болуп саналат деп айтууга болот.
Педагогикалык психологиянын предметин тереӊирээк түшүнүү үчүн ал изилдөөгө алчу маселелерге токтолуу зарыл.
Педагогикалык психология изилдеп үйрөнүүчү маселелер төмөнкүлөр:
1.Баланын өнүгүшүндөгү сензитивдик мезгилди1 табуу жана аны баланы өнүктүрүүдө толук пайдалануу. Бирок бул иште төмөнкүдөй кыйынчылыктар бар.
а) Азыркы күнгө чейин психология илиминде баланын акыл-эсинин жана инсандык өнүгүүсүнүн сензитивдик мезгилинин бүт баарысы аныктала элек. Буга кошумча азырга чейин сензитивдик мезгилдин башталышы, канчага дейре созулушу жана качан бүтүшү белгисиз бойдон калууда.
б) Сензитивдик мезгил ар бир балада өз өзгөчөлүктөрүнө ээ болуп; ар башка мезгилде башталып, ар түрдүүчө өтөт.
Психология илиминде бир эле балада бир канча жолу сензитивдик мезгил болуп өтөт деген божомол ой бар. Ошондуктан мугалим үчүн ар бир баланын сензитивдик мезгилин туура пайдалануу маселеси эӊ негизги иштерден болуп саналат.
2. Балага аӊ сезимдүү түрдө педагогикалык таасир этүү аркылуу анын психикалык өнүгүүсүнө жетишүү болуп саналат. Бул маселеде окутуунун бардык түрү эле психикалык өнүгүүгө алып келеби же проблемалык жана өнүктүрүүчү окутуу гана өнүгүүгө алып келеби?
Окутуу өнүгүүгө жана жетишүүгө кандай таасир этет жана алар өз ара кандай карым-катнашта? ж.б.у.с. суроолорду чечмелөө талап кылынат.
3. Педагогикалык психология окутуунун жана тарбиялоонун максаттарын, мазмунун жана методдорун аныктоодо окуучулардын курактык өзгөчөлүктөрүн көӊүлгө тутат, б.а., педагогикалык психология окутуу менен тарбиялоонун жалпы жана курактык катышын изилдейт.
Ар бир курактын өзүнө мүнөздүү болгон баланы интеллектик жана инсан катары өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүгү бар. Кайсыл куракта окутууга (же тарбияга) көп басым жасоо керек? Окутуу жана тарбиялык таасир этүүлөр бири-бирин толуктап, бириктирип, кошумчалап туруп баланын психикалык өнүгүшүнө таасир этүүгө болобу? ж.б.у.с. суроолорго педагогикалык психология жооп берүүсү зарыл.
4. Адамдагы сапаттар, касиеттер бири-бири менен тыгыз байланышта болуп бир тутумду түзгөндүктөн, кайсыл учурда жана кандай таасир эткен учурда ошол тутум жаӊы сапатка көтөрүлөт деген маселе да изилденет.
5. Педагогикалык психологияда баланын жетилиши, шык, жөндөмдүүлүк, генотип, чөйрө менен окутуунун байланышы кандай экендиги да изилденет.
Окутуу баланын организминин өнүгүшүнө таасир этеби? Окутуу жана тарбиялоо процесстеринде шык менен жөндөм кандай байланышта болушат? –деген суроолор чечмеленет.
6. Баланын окууга жана тарбияланууга психологиялык жактан даяр болуу маселеси да педагогикалык психологияда изилденет. Билим жана тарбия алууда баланын мектепте окууга даяр болуусунун мааниси чоӊ. Кээде жаш бала өзү теӊдүүлөрдү туурап эле 1-класска бара берген учурлар кездешет. Мындай учурларда “баланын шагын сындырбайлы” деген ойдон ата-энелер да буга каршы болушпайт. Баланын окууга даяр же даяр эмес экендигин психологиялык диагностикалоо өтө кыйын. Акыл-эс (сабака көӊүл буруу, мугалимдин айткандарын эстеп калуу жана мектеп эрежелерин аткаруу ж.б.) жана инсандык (турмушта билим алуунун зарылдыгын түшүнүү, өзүн мажбурлап мектеп койгон талаптарды аткаруу, жакшы окууга умтулуу ж.б.) жагынан окууга даяр болгондо 1-класска окууга кирген бала окууда ийгиликтерге жетишсе, акыл–эс жагынан өнүп өссө, ал эми окууга (айрыкча психологиялык жактан) даяр болбой туруп эле 1-класска келип кирген бала окууга терс мамиле жасайт, жетишүүсү начар болот. Мектепте окууга даяр эмес бала эӊ оор сабак материалдарын өздөштүрүүгө акыл-эс жагынан жөндөмдүү болсо да, бала өз шык-жөндөмүнөн күмөн санап, өзүн төмөн баалайт, жыйынтыгында балада окууга карата терс мамиле калыптанат. Натыйжада эӊ жакшы окуй алууга мүмкүнчүлүгү бар баладан начар окуучу чыгат.
7. Педагогикалык психология сабактан жетишпеген, начар окуган окуучулар менен иш алып барат жана атайын изилдөөлөрдү жүргүзөт. Мектеп психологу педагогикалык психологиялык билимдердин негизинде иш жүргүзөт.
8. Мугалимдин адаптацияланышы - мугалимдик кесипте иштөөгө ынгайлашуу– мектепке иштегени келген жаш мугалимдин педагогикалык ишмердүүлүктүн реалдуу шартына ынгайлашуусу жана көнүгүшү болуп саналат. Жаш мугалимдин кесипке ынгайланышы обьективдүү (педагогикалык коллективдеги психологиялык маанай, мектептин материалдык базасы, саат жүктөмүнүн өлчөмү, сабактардын расписаниеге коюлушу, мугалимдин жашоо шарты, ден соолугу ж.б) жана субьективдүү (педагогодук кесипти сүйүүсү, педагогго мүнөздүү сапаттарга ээ болуусу, педагогикалык такт, өзүнө жана башка адамдарга талап кое билүүсү, окуучулар менен мамилелеше алуусу ж.б) себептер менен байланыштуу. М: жаш мугалим педогогикалык кесипти канчалык жакшы көрсө, ал ошончолук оӊой жана мугалимдик иштин түйшүгүнө тез ынгайлашат.
Ошондой эле педагогикалык психологияда эӊ орчундуу маселелер катары окутууну жекече жүргүзүү (индивидуалдаштыруу), мугалим менен окуучулардын мамилеси, мугалимдин психологиясы, педагогикалык инновациялар жана окутуунун жаӊы технологиялары, окутууну компьютерлештирүү жана техникалык каражаттарды колдонуу маселелери да изилдөөгө алынат.