өзгөчө орунду ээлейт. Жарандарды тарбиялап, алардын
эң жакшы адамдык сапаттарын
өстүрүү жана жүрүш-турушун оңдоо анын негизги максаттары болуп саналат. Демек,
Аристотелдин көз карашында, саясат таануу адамдарды акыйкат жакшы турмушта чогуу
жашоого үйрөтүү үчүн зарыл
.
Ал эми саясий бийлик кандайдыр бир деӊгээлде тил аркылуу ишке ашат. Тил менен
саясатчы тилдик жөнөкөй ыкмалардын жардамы менен реципиенттин инсандык чөйрөсүнө
өтөт. Мисалы, «мен» деген ат атоочтун ордуна «биз» ат атоочун колдонот, пикир алышуу
тилин тандайт (кош тилдүүлүк болсо), же манипуляциялык ыкма сыяктуу (тилдик оюн )
татаал формаларды тандайт. Манипуляциялык ыкма – элге өзүнүн көз карашын, пикирин
таӊуулоо болуп саналат. Адресант аны чындык деп эсептебейт, бирок өзү үчүн пайдалуу.
Бул көрүнүш реципиент тарабынан сынчылдык ойломго тоскоол кыла турган атайын
ыкманы колдонуу менен байланыштуу.
Бийликтин тили бардык коомчулукта пайдаланылат. Алсак, диктатура шартында тил
коомго үстөмдүк кылууда негизги курал катары колдонулат. Ал эми күчтүү демократиялык
коомдо тилди өз орду менен, ыктуу колдонуу жалпы коомчулук арасында өзүнчө бир
пикирди,көрүнүштү жаратат, башкача айтканда, бийликти кармоонун негизги куралы деп
айтууга болот.
Саясий дискурстагы тилдин кызматын изилдөөдө эки негизги маселе бар –
бийликтин
тили
жана
тилдин бийлиги. Бийликтин тили
- учурдагы бийлик кандай сүйлөгөндүгүн,
кандай тилдик каражаттарды жана ыкмаларды колдонорун аныктайт, т.а, бул
лингвистиканын предмети. Ал эми
тилдин бийлиги
- ал тилдик каражаттар жана ыкмалар
жалпы элдик массага кандай таасир этиши. Бул саясий лингвистикада иликтөөгө алынышы
керек [Маслова
, 2008
].
Саясатчынын кеби жалпы элдик массанын аӊ-сезимине
туура таасир бериши керек,
анын айтымдары жалпы көз караштарга жана адресаттардын пикирине ылайыкталат.
Ошондуктан дасыккан саясатчы кебинде жалпыга маалым ар кандай символдорду,
архетиптерди жана ритуалдарды колдонот. Кыргыз тилиндеги саясий кепке кыргыздын ат
оюндарына, согушка, ооруга байланыштуу лексикасынын негизинде түзүлгөн метафоралык
түшүнүктөр мүнөздүү. Мисалы:
шайлоого ат салышуу, мөөрөйдү алуу, шайлоого аттануу,
атка минер, оорукчан коом, маалыматтык согуш
ж.б.
Саясатчынын кеби дайым эле аргументтештпейт жана логикалык жактан байланыштуу
болбойт. Албетте, бул көрүнүш кокустук эмес, анткени кээде өзүнүн кызыкчылыгын коргоп
жатып, угуучунун эмоциясына, сезимине жана башка моралдык жагдайына таасир этиши
мүмкүн. Дагы бир таасирдүү ыкма – адамдын когнитивдик чөрйөсүнө тиешелүү
түшүнүктөрдү да камтып кетүү болуп саналат. Мындай учурда бир ойдон экинчи бир ойго
билгизбей өтүп кетүүгө болот [Маслова
, 2008
].
Бийликтин тили карама-каршылыктуу келет. Бир жагынан, ал бардык адамдарга
белгилүү болот. Белгилүү болгондой, саясатта көпчүлүк талаш-тартыштар,
талкуулар сөз
үчүн келип чыгат. Башкача айтканда, кээ бир саясатчылар сөздү кебинде туура эмес, же
атайын максатты көздөп колдонушу мүмкүн.
Экинчи жагынан, саясатчылар коомго тил аркылуу таасир кылуусу үчүн, көпчүлүк калк
тилдин ролун толук аӊдап билбөөсү зарыл. Ошентсе да, саясатчылар өздөрү тилдин саясий
дискурстагы ордун дайым эле биле беришпейт.
Тилдик оюн – тилдеги бир эле сөздүн ар кандай түрдө, мааниде колдонуу. Мисалы,
депутаттар, саясатчылар, атка минерлер көп колдонгон сөздөргө булар кирет. Мисалы:
мамлекет – өлкө, Мекенибиз, жерибиз; эл – журт, калк, карапайым калк, жарандарыбыз,
коомчулук, электорат, шайлоочулар
ж.б.
196
Бул синоним сөздөрдүн ар биринин колдонулуш чөйрөсү бар, таасир этүүчү касиетке
ээ. Алсак, тигил же бул депутат карапайым элдин алдына келгенде кебинде бул сөздөрдү
колдонот
: калайык, эл-журт, аталар, энелер, бир туугандар
ж.б. Албетте анын кеби элдин
аӊ-сезимине таасир калтыруу, өзү жөнүндө жакшы пикир жаратуу максатын көздөйт.
1.Саясий чөйрө үчүн сөздүн негизги маанисин күчөтүп, ага байланыштуу
коннотацияны, өзгөчө оӊ маанидеги сөздөрдү колдонуу мүнөздүү. Сөздүн маанисине таасир
этүү анын сырткы формасын өзгөртүү аркылуу ишке ашат. Алсак, сөздөрдү кыкартуу,
аббревиация ж.б. Мисалы:
Ж.Оторбаевдин жумуштан кетишине ЖК депутаттары
себепкер
(интернет).
2.Сөздөр аркылуу манупилация кылуу. Мында сөздүн маанисине негизделбестен, тигил
же объектти атоода тиешелүү сөздү тандап алуу. Натыйжада модалдуулук сүйлөөчү
тараптын пайдасына өтөт. Мисалы:
Кыргызстанда гендердик маселе мышык ыйлай
тургандай
(интернет).
Бул сүйлөмдө терс маанидеги коннотация
мышык ыйлай тургандай
деген туруктуу сөз
айкашы менен берилип, субъекттин баалоосун эксплицистикалык каражат аркылуу
туюндуруп жатат.
Сүйлөөчүнүн мындай номинацияны колдонушунун эки себеби бар: а)аудитория терс
жана нейтралдуу баалаган объектти оӊ жана нейтралдуу багытка буруу же тескерисинче
максатты көздөө. Объекттин терс образын жаратуу үчүн терс маанидеги сөздөр,
компоненттер колдонулат. Ал эми оӊ образды жаратуу үчүн нейтралдуу жана оӊ маанидеги
сөздөр, сөз айкаштары колдонулат.
Тилдик материалды талдоонун жыйынтыгында азыркы учурда саясий тилге, өзгөчө
дүйнөлүк саясий системанын өзгөрүшүнө экстралингвистикалык факторлор чоӊ таасир этери
маалым болду. Кийинки мезгилдерде пейоративдик лексика, терс коннотациядагы лексика,
кеӊири колдонулуп келе жатат. Мисалы:
Деги, мамлекеттин маанилүү тармагын ушундай
“эрдиктери” менен атагы чыккан,
Достарыңызбен бөлісу: