Дипломдук иш темасы: Жаңы кыргыз корпусундагы "Атоочтуктарды" энтектөө



Pdf көрінісі
бет7/66
Дата08.02.2022
өлшемі1,4 Mb.
#98772
түріДиплом
1   2   3   4   5   6   7   8   9   10   ...   66
Байланысты:
diploma paper alinapdf

Аннотация 
Бул дипломдук иште кыргыз тилиндеги этиштин үч өзгөчө формасынын бири, б. а., 
“Атоочтук” тууралуу кызуу талкуулардан кийинки натыйжалар көрсөтүлгөн. Тагыраак 
айтканда, изилдөөдө жаңыдан курулуп жаткан кыргыз корпусунда белгисиз энтек белгиге 
ээ болгон атоочтуктун энтектөө (эн коюу) жолдору каралат.
Бул тил каражатын энтектөө 
“Turkic Apertium” аттуу атайын копмьютердик котормо платформасы аркылуу ишке 
ашырылды. 


13 
Бул иштин максаты – сын атоочтун жана этиштин грамматикалык өзгөчөлүктөрүн 
өзүнө камтыган атоочтуктун Кыргыз корпусундагы энтек белгисин тактап аныктоо болуп 
саналат. Изилдөө куралы катары корпустун эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн кыргыз 
тилинин бардык морфологиялык касиеттерин аныктоо зарыл. Бирок жаңы Кыргыз 
корпусун куруу тажрыйбасында бир топ маселелер жаралды, анын ичинде атоочтукка 
белгилүү энтек топтомдорунун ичинен (UPENN, Apertium, Universal Features, Leipzig 
tagsets, ж.б.) туура жана ылайыктуу энтек белги коюу маселеси да болду. 
Натыйжада, этишке жана зат атоочко кошумча маани берүүчү этиштин өзгөчө 
формаларын (атоочтук, чакчыл, кыймыл атооч) “Turkic Apertium” символдоруна таянып 
энтектөө жана ага ыңгайлаштыруу аракети жасалды. Мунун негизинде, кызуу 
талкуулардан соң, атоочтук “
gpr
”-т.а. орус тилинен “глагольное прилагательное” энтек 
белгисине ээ болуу чечими кабыл алынды.
Тилекке каршы, кыргыз тилинин корпусун түзүү жана корпустук лингвистика жаатында 
иш алып баруу боюнча маселелер колго алынбагандыктан, Кыргызстандын тил илиминин 
бул тармагын алдыда көп иштер али күтүүдө. Атоочтук сыяктуу башка да тилдик 
өзгөчөлүктөрдү энтектөө жана белгилөө, кыргыз корпусунун презентабелдүүлүгүн
жогорулатуу үчүн андагы кездешкен көптөгөн көйгөйлөрдү чечүүгө, мындан улам кыргыз 
корпусунун өнүгүшүнө, Кыргыз Улуттук Корпусунун түптөлүшүнө чоң салым кошот деген 
ишенимдемин. Жаңы түзүлгөн бул кыргыз корпусу эң алгачкы корпус болгонгондуктан, 
бул эмгек келечекте Кыргызстандын Лингвистика чөйрөсүнө корпустук лингвистика аттуу 
жаңы тармактын пайда болушуна жана өнүгүшүнө өбөлгө болот. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   10   ...   66




©engime.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет