Байланысты: Халықаралық пед. оқу. жинагы 10-11.04 2024 (1)
ПЛЕНАРЛЫК БАЯНДАМАЛАР ПЛЕНАРНЫЕ ДОКЛАДЫ 13
билим берүү процессин уюштуруунун мазмунун жана принциптерин аныктоого күчтүү
таасир этип турган. Жогорку билим берүү системасын, анын ичинде педагогикалык билим
берүүнү иликтеген изилдөөлөрдө, негизги карама
-
каршылыктардын бири катары
“негизинен билимди өздөштүрүүгө гана багытталып калган окутуунун технологиялары
менен ой жүгүртүү өз адынчалыгын, чыгармачылык активдүүлүктү, адамдын
интеллектисин, инсандыгын өнүктүрүүгө болгон коомдук, жеке керектөөлөрдүн
ортосундагы карама
-
каршылыктар” эсептелгени бекеринен эмес.
Азыркы этапта жогорку мектептин педагогикасы үчүн баалуулуктардын жаңы
шкаласын
калыптандыруу
мүнөздүү.
Алардын
арасында
билим
берүүнү
антропологиялаштыруу жана индивидуалдаштыруу баалуулуктары жогорку билим
берүүнүн милдеттерин жаңыча чечүүнүн символу катары кесиптик даярдыкты жүргүзүү
менен бирге дүйнө таанымы кенен, жеке маданий деңгээли бийик билимдүү адамды
калыптандырууга өбөлгө түзөт.
Жогорку окуу жайда кесиптик жактан даярдоонун
натыйжаларына көңүл бурууда
изилдөөчүлөр анын
сапаты жана квалификациялык талаптарга жооп беришинин
зарылдыгы, бүтүрүүчүгө өзүнүн
кесиптик тармагында ийгиликтүү болушуна мүмкүндүк
түзгөн
компетенциялардын биримдигинин болушунун зарылдыгы тууралуу айтышат.
Жогорку кесиптик билим берүүнү стандартташтыруудагы жаңы жагдай катары андагы
мурдагыдай окутуу процесси же билим берүүнүн мазмунун эмес,
анын жыйынтыктарын стандартташтыруу эсептелет.
Жогорку окуу жайда кесиптик жактан даярдоо маселесине арналган 2002
-
жылдан
кийинки изилдөөлөрдө
“кеситик жактан тарбиялоо” жана “кесиптик социалдашуу” деген терминдерге окумуштуулардын көп кайрыла баштагандыгы байкалат (Н.М.
Борытко, Л.А. Ларина, А.В. Мазуренко, А.В. Репринцев, С.М.Салов, Е.Н. Сорочинская
ж.б.) [
3
]. Кесиптик жактан даярдоо процессинде студенттердин өзүнүн өнүгүүсүнүн
субьектиси
болуп калуусу үчүн алардын интеллектуалдык, руханий жана кесиптик
потенциалын моделдөөнүн өтө татаал процесси жүрөт.
Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында
болочок мугалимдерди
кесиптик жактан даярдоонун
теориялык абалына, практикасына жана келечегине арналган
бир катар изилдөөлөрдү бөлүп көрсөтүүгө болот:
Педагогикалык кадрларды даярдоонун теориялык
-
методологиялык негиздерин
аныктоого, билим берүүнүн парадигмаларын аныктоого, сапатын жогорулатууга жана
аларды салыштырууга, баа берүүгө, инсанга багыттап окутууга байланыштуу суроолор
И.Б.Бекбоев, Э.М. Мамбетакунов, Н.А. Асипова, А.М. Мамытов, А. Алимбеков,
А.Т.Калдыбаева, С.К. Калдыбаев, Н.К. Дюшеева ж.б. эмгектеринде камтылган [
4].
Педагогикалык кадрларды даярдоо проблемалары ата
-
мекендик окумуштуулар
тарабынан докторлук жана кандидаттык диссертацияларда ар тараптуу изилдөөгө
алынган. Алсак, Алимбеков А., Дюшеева Н.К., Кибардина Л.П., Раимкулова А.С.,
Рыскулова Р.А. тарабынан изилденилип, окумуштуулар ишмердик жана кесиптик
сапаттары боюнча учурдун талабына жооп берген компетенттүү адистерди даярдоого
орчундуу маани берип келишүүдө.
Башталгыч класстардын мугалимдерин даярдоо, аны эффективдүү ишке ашырууга
өбөлгө түзгөн каражаттарды, жолдорду, ыкмаларды жана шарттарды иштеп чыгуу
маселелерине А.А. Алимбеков, М.Д. Айдарова, Н.В. Г.К. Казиева, Г.А. Касымова,
Омуралиев, Н.С. Шадиев ж.б. изилдөөлөрү арналган [
4].
Предметтик мугалимдерди даярдоого жана окутуунун жекече методикаларына
карата Э.М.Мамбетакунов, Бабаев Д.Б., Төрөгелдиева К.М, Абдиев А.А., Субанова М.С.,
Алиева Б.М., Курманов М., Аттокурова К.К. ж.б. эмгектерди белгилөөгө болот [
4].
Аталган авторлордун эмгектеринде
педагогикалык кадрларды даярдоонун теориялык
жана практикалык маселелерине, болочок мугалимдерди даярдоонун мазмунун