1.4. I бап боюнча жыйынтык
Бейвербалдык каражаттар пикир алышуудагы экспрессивдик-регулятивдик функцияны аткаруучу, кɵрүү аркылуу кабыл алынуучу кыймыл-аракеттердин диапозону болот. Мында колдун, буттун, дененин, беттин, кɵздүн ж.б. дене мүчɵлɵрүнүн кыймылынан сырткары, үндүн ɵзгɵрүлүп чыгуусу, ыйлоо, үшкүрүү, ɵңү-түстүн кызарып-бозоруп ɵзгɵрүүлɵрү, ошондой эле буюмдарды колдонуу аркылу берилүүчү тилдик эмес түшүндүрүү каражаттары: эшикти каккылоо, сүйлɵп жаткан кишиге кɵңүл бурдуруу үчүн бокалды кашык менен ургулоо, адамдын кийинүүсү, чач жасалгалоосу, түстɵр, кол жазмасы, сүйлɵшүү учурундагы аралыктар, жыттар бейвербалдык каражаттарга кирет.
Ымдоо-жаңсоолор адам баласынын пикир алмашуусунун негизги куралы болгон тыбыштык сүйлөө кебин белгилүү гана айрым учурда коштоп жүрүүчүсү болуп саналат. Адамдар өзүнүн жек көрүү, жактырбоо, кубануу сыяктуу ой-пикирин күчтүү эмоциялык сезимде билдирүү мезгилинде жандоо көбүрөөк колдонулат да, ал айтылып жаткан сөздү, же сүйлөмдү коштой келип, анын кандай мааниде айтылып жаткандыгын ажыратууда белгилүү даражада жардам берет.
Жыйынтыктап айтканда, башка тилдерде бейвербалдык каражаттардын изилдɵɵ иши бир топ мезгилди кучагына алса, кыргыз тил илиминде бул багыт заманбап, жаш илимдердин арасын толуктагандыктан, изилдɵɵ иштери али алдыда турат. Элибиздин улуттук нукура, муундан-муунга, атадан-балага ɵтүп келген салттуу бейвербалдык каражаттарын лингвистикалык аспектиде карап, талдап чыгуу аркылуу, тилибиз менен паралелдүү түрдɵ колдонулуп, ой-туюмунун эквиваленттүүлүк милдетин аткарган бейвербалдык сүйлɵшүүнүн касиетин ачуу менен кыргыз элинин этнолингвистикалык жактан, философиялык дүйнɵ таанымынын ɵзгɵчɵлүгүн андан да терең ɵздɵштүргɵн болор элек.
II БАП.
БЕЙВЕРБАЛДЫК КАРАЖАТТАРДЫН
«МАНАС» ЭПОСУНДА НОМИНАЦИЯЛАНЫШЫ
2.1. «Манас» эпосундагы бейвербалдык каражаттардын классификациясы
Азыркы учурда бейвербалдык каражаттардын бирдиктүү типологиясы калыптанбаганы анык. Андыктан бул маселе ар тараптан изилдөөгө алынып, ар кандай классификациянын пайда болушун шарттап келет. Бул бапта мындай изилдөөлөрдүн айрымдарына сереп салып көрөлү.
Орус окумуштуусу И.Н.Горелов бейвербалдык компоненттерди физикалык табиятына жараша фонация, мимика-жест, пантомимика деп бөлүштүрөт. Шилтөө мааниси жесттер аркылуу туюндурулса, сүрөттөө же сыпаттама жест жана пантомимика менен, суроо, кызыгуу мааанилери ар кандай белгилер менен, модалдык маанилер фонациялык жана кээ бир жесттик, мимикалык каражаттар аркылуу туюндурулат [Горелов 1980: 75].
Н.И.Смирнова кинесикалык каражаттарды мындай бөлүштүрөт:
1) коммуникативдик (учурашуу, коштошуу, көӊүл бурдуруу, коркутуу, ыраазы болуу, элдешүү, сурануу, божомолдоо, тактоо, суроо, көрсөтүү, сүрөттөө, тыюу салуу, шылдыӊдоо, баса көрсөтүүнү туюндурат);
2) модалдык (макул болуу, макул болбоо, ыраазы болуу, ишенбөө, шылдыӊдоону туюндурат);
3) эмоциялык (өзүнө ишенбөөчүлүк, коркуу, кыйналуу, көӊүл калуу, жек көрүү, таӊ калуу, кубануу, сыймыктануу) [Смирнова 1977: 37].
Г.Крейдлин семантикалык жактан коммуникативдик жана симптоматикалык жесттер деп жесттердин эки негизги тибин көрсөтөт.
Коммуникативдик жесттер бир адам экинчи адамга жест аркылуу берген информацияны камтыйт. Өзүнүн табияты боюнча ал диалогдук кепке тиешелүү. Коммуникативдик жесттер экиге бөлүнөт:
1) дейксистик жесттер - бир жагдайга тиешелүү болгон, пикир алышууга катышкан адамдарга багытталат;
2) этикеттик жесттер – конкреттүү, аныкталган жагдайда колдонулат. Ага урматтоо, сыйлоо, учурашуу жана коштошуу сыяктуу жесттер кирет.
Симптоматикалык жесттер сүйлөөчүнүн эмоциялык абалын билдирет [Крейдлин 1988: 114].
А.А.Канападзе, Е.В.Красильникова, З.З.Чанышева, О.В.Мудраянын классификациясы боюнча бейвербалдык каражаттар символикалык (ритуалдык, шарттуу) жана сүрөттөө (нерселик, ритмикалык, шилтеме) деп бөлүштүрүлөт [Мудрая 1995: 43].
Көрүнүп тургандай, паравербалдык каражаттардын бул классификациясы Ч.Пирстин бөлүштүрүүсүнө негизделген, башкача айтканда, ал белгинин үч түрүн бөлүп көрсөтөт: белги-символдор, белги-индекстер жана белги-иконалар.
Бейвербалдык каражаттардын коммуникациядагы ролуна, маанисине жана маалыматты берүү мүмкүнчүлүгүнө ылайык аларды белгилик (символикалык, көрсөтүүчү, эмоциялык жана сүрөттөөчүлүк) жана белгилик эмес (ритмикалык, контактылык жана издөөчү) деп да бөлүштүрүүгө болот.
Символикалык жесттер коомдук-маданий тажрыйбалардын жыйынтыгынан улам пайда болгон жана стилистикалык, эмоциялык-экспрессивдик мааниге ээ. Мындай кинемалар автордук ремаркасы жок эле каармандын социалдык абалын жана маданиятын сүрөттөйт.
Көрсөтүүчү жесттер текстте мейкиндик, мезгилдик жана жеке мамилени туюндурууда колдонулат. Алар текстте этиштик номинациялар жана колдун, баштын, манжалардын, көздүн кыймылынын сүрөттөлүшү аркылуу берилет.
Сүрөттөөчү жесттер аркылуу колдун жардамы менен нерселердин формасы, көлөмү көрсөтүлөт. Эмоциялык жесттер көп маанилүү. Ымдоо жана жаӊсоо көбүнчө аӊ-сезимдүү түрдө колдонулбастан, сүйлөөчүнүн маанайын жана мамилесин көрсөтөт, бирок кээде нерсенин чыныгы абалын жашырып, жасалмалуу да болушу мүмкүн.
Белгилик эмес жаӊсоолор сүйлөө учурунда ойлонгонго, экинчи адам менен байланыш жасоого жардам берет.
Издөөчү жаӊсоолор кеп процессинде ойлонуу учурунда паузаны толуктайт, ритмикалык жаӊсоолор кепти коштоп, логикалык басымды берүүгө көмөктөшөт. Контакттык жаӊсоолор көӊүл бурдуруу жана пикир алышуучулардын ортосундагы мамилени аныктоодо жана көрсөтүүдө колдонулат [Русина 2002: 48]
Изилдөө көрсөткөндөй эӊ алгылыктуу классификация катары П.Экман жана В.Фризендин бөлүштүрүүсүн эсептөөгө болот. Мында ымдоо-жаӊсоонун 8 тиби көрсөтүлөт:
1) Акцептуалдык кыймылдар – сөздү же фразаны бөлүп көрсөтөт.
2) Идеограммалар – ойдун багытын, маӊызын көрсөткөн кыймылдар.
3) Дейксистик кыймылдар — объектти, орунду же жыйынтыкты көрсөтөт.
4) Мейкиндик кыймылдар - мейкиндик маанини туюндурат.
5) Ритмикалык кыймылдар - болуп жаткан окуянын ритмин жана темпин чагылдырат.
6) Кинетограммалар - адамга тиешелүү эмес физикалык дене кыймылдары.
7) Пиктограммалар - айтылып жаткан нерсени абада сүрөтүн тартып көрсөтүү.
8) Символдук кыймылдар - вербалдык маалыматтарды көрсөтүү, сөздү кайталоо же анын ордуна колдонулат [Ekman, Friesen 1979: 41, 73].
Азыркы мезгилде паралингвистикага фонациялык (просодикалык), кинесикалык жана графикалык каражаттарды камтыйт деп каралат. Булардын ичинен фонацияга кептин тембри, бийиктиги, пауза, мелодикалык кубулуштар, ошондой эле кептеги тыбыштардын (диалектилик, социалдык жана идиолектилик) айтылыш өзгөчөлүгү киргизилсе, кинесикага ымдоо-жаңсоолор, адамдын турган турпаты (позасы); графикага жазууда колдонулган ар кандай кошумча белгилер, символдор ж.б. киргизилет. Ошондой эле проксемикалык компоненттер да паралингвистикалык каражаттарга кирет, анткени мейкиндиктин, аралыктын да коммуникативдик мааниси зор.
Ошентип, пикир алышуудагы бейвербалдык каражаттарды иликтөөдө буга чейин топтолгон илимий тажрыйбага таянуу менен аларды кинесикалык (ымдоо-жаңсоо жана пантомимика), просодикалык жана проксемикалык каражаттар деп түркүмдөштүрүү зарылчылыгы келип чыгат. Жогоруда көрсөтүлгөн паралингвистиканын элементтери «Манас» эпосунда топтолгон факт-материалдар, мисалдардын негизинде төмөнкүдөй топторго бөлүштүрүлдү.
2.1.1. Кинесика
Биздин жашообуздагы дене мүчөлөрүнүн кыймылдарынын тилинин аткараган функцияларынын ичинен адамдын эмоциялык абалынын индикациясы маанилүү болуп саналат. Бул бейвербалдык коммуникацияда системалуу изилдөөгө алынган биринчи компонент болуп саналат.
Адамдын кинесикалык жүрүм-турумундагы эң негизгиси - анын бет түзүлүшү. Коммуникацияда сүйлөшүүчүлөрдүн жүзү дайыма көңүл чордонунда турат. Анткени адамдын көзү эч качан алдабайт.
Бет түзүлүшүнүн ар бир кыймылы бир гана эмоцияны туюндурат деген - калпыс пикир. Себеби бир эле кыймыл бир канча эмоцияны чагылдырышы мүмкүн.
Батыш изилдөөчүсү Дж.Ф.Витманн өткөн кылымдын 20-жылдары Ч.Дарвиндин адам жүзүндөгү универсалдуу негизги эмоциялар тууралуу айткандарын негиз кылып изилдөө жүргүзүп, адамдын ар кандай эмоциядагы 72 сүрөтүн тарткан. Изилдөөнүн жыйынтыгында бир канча эмоция же эмоциялык абал болору көрсөтүлгөн. Ошондой эле алардын бир тобун эч кандай кыйынчылыксыз эле аныктаса болот. Мисалы: бир жери ооруганы, таң калуу, көңүл буруу, уялуу, кубануу. Ал эми кээ бир эмоцияны так ажыратып берүүгө мүмкүн эмес. Алсак, ачуулануу, жек көрүү, көңүл калуу, капалануу, жек көрүү, жаман көрүү ж.б. [Frois-Wittmann 1930: 86].
Дж.Витмандын изилдөөсү боюнча, адамдын жүзү анын эмоциялык абалын чагылдырып турарын түшүнүүдө зор мааниге ээ. Чындыгында, Дж.Витманн адамдын жүзү кээ бир эмоцияны чагылдырып бере албастыгын далилдеген. Бирок адамдын жүзү эмоциянын кластерлерин оңой чагылдырат жана адамдар аны дароо эле аныктай алышат. Ошентсе да, Дж.Витманн өзүнүн эмгегинде адамдын жүзү эмоциянын канча кластерин чагылдырышы тууралуу айткан эмес. Жарым кылым кийин бул маселенин жообун П.Экман менен анын жообун табууга аракет кылышкан [Ekman, Friesen 1979: 98].
Д.Лэтерс жана башка бир катар окумуштуулар кошумча изилдөөлөрдү жүргүзүп, эң аз дегенде он (сегиз эмес) негизги эмоциялык категория бар экендигин далилдешти. Булардын катарына төмөнкү эмоциялык абалдар киргизилет: бактылуулук, таң калуу, коркуу, ачуулануу, жаман көрүү, жек көрүү, кызыгуу, уялуу, чечкиндүүлүк.
Ал эми П.Экман жана анын шакирттери тарабынан дене кыймылынын 24 дискреттүү жана 20 аралаш бирдиги бар экендиги аныкталган.
Адам жүзүндөгү эмоцияны туюндуруу менен байланышкан маанилүү маселелердин бири – маданиятка тиешелүү универсалдуулук. Бул жерден эки көз карашты көрсөтүүгө болот. Биринчисине адам жүзүндөгү эмоциялар универсалдуу деген Ч.Дарвиндин көз карашы кирсе, экинчисине ага карама-каршы келген Клинебергдин көз карашы кирет. Клинеберг кытай көркөм адабиятындагы эмоциянын чагылдырылышын изилдеп, мындай деген жыйынтыкка келет. Дүйнө адам жүзүндөгү кыймылдардын окшоштугуна карабастан, ачуулануу жана таң калуу сыяктуу негизги эмоциялар европалыктар үчүн такыр башка көрүнүш. Демек, ар бир улуттун маданиятында тигил же бул эмоцияны туюндурган кандайдыр бир мимикалык компоненттер бар. Ал эми кээ бир эмоциялардын ар кайсы улуттун маданиятында окшошоштугу жөн гана – кокустук [Клинеберг 1935: 278].
О.Клинебергден кийин Р.Л.Бирдвистелл дене кыймылдарын жана мимиканы оозеки тил сыяктуу бирдиктерге жана өзүнчө түзүлүшкө ээ болгон өзгөчө тил катары карайт. Дүйнө тилдеринин бардыгын мүнөздүү болгон универсалдуу сөз, тыбыштык комплекстер жок жана болбойт деп белгилеп, изилдөөчү мындай жыйынтыкка келет. Дүйнөдө бир дагы дене кыймылы, ымдоо-жаңсоолор пикир алышуу учурунда бирдей реакцияны туудурбайт [Бирдвистелл 1967: 53 ].
Албетте, бул көз караш адам жүзүндөгү универсалдуу компоненттер тууралуу Ч.Дарвиндин көз карашына карама-каршы келет. Мындай карама-каршылыктын башын ачуу үчүн П.Экман тарабынан эмоциянын нейромаданияттык модели сунушталат. Бул программа алты эмоцияга карата адам жүзүндөгү булчуңдардын активдүүлүгүн көрсөтөт.
Көптөгөн эмпирикалык фактылар боюнча бир маданияттан экинчи маданиятка өткөн эмоцияны чагылдырган мимиканын тили жок. Башка маданияттын өкүлүнө түшүнүктүү болгон кандайдыр бир эмоцияны туюнтуу үчүн бет булчуӊдарынын кыймылын үйрөнүү зарылдыгы жок.
Ошентип, жогорудагылардын негизинде төмөнкүдөй жыйынтык чыгарууга болот:
1. Адамдын жүзүн чагылдырган өзөк эмоциянын катарына жаман көрүү – ачуулануу - жек көрүү эмоциялары кирет.
2. Бул эмоциялар адам жүзүндөгү булчуң кыймылдарынын жыйындысы болот.
Бет түзүлүшүндөгү булчуӊдардын кыймылы менен белгилүү бир эмоциянын ортосундагы катыш бардык улуттук маданият үчүн инварианттуу деп табылат. Бирок ар башка маданиятта адам жүзүндөгү эмоциянын өзүнчө эрежелери болот.
Белгилүү болгондой, бардык мимикалык компоненттердин ичинен адамдын көзү эч кандай жасалмалуулукка жол бербейт.
Кинесикалык кыймылдарды, өзгөчө мимиканы интерпретациялоодо жагдай-шарттын жалпы контекстин жана сүйлөөчүнүн социалдык жана маданий өзгөчөлүгүн эске алуу керек.
Адамзат жашоосундагы физиогномикалык тарыхын сактоочу, чагылдыруучу база - көркөм адабият. Бирок көркөм адабиятта көпчүлүк учурда эмоциянын мимикалык туюндурмасы толугу менен бериле бербейт. Буга «Манас» эпосунан төмөнкүдөй мисалдарды келтирүүгө болот: Кара көзү чачырап, Кайраса тишин качырап, Муруту шаптай сайылып, Жүзүнүн заары жайылып, Күркүрөшү күн болуп, Бетинен чыгып заары, Беш байпактык жүн болуп, Турган экен баатыры [СО: 818]. Көрүнүп тургандай, ачуулануу эмоциясынын мимикалык жактан туюндурулушу келтирилген мисалдар аркылуу кадиксиз тастыкталган.
Көркөм текстте көбүнчө бир гана эмоция чагылдырылса, кээде бир же эки мимикалык компоненттер сүрөттөлөт: Жапак жүрөт күүлөнүп, Жаалданып сүйлөнүп, Ачууланып эр Манас, Аларга кабак түйүптүр. Түйүп алып муштумун, Көп өткөргөн билегин, Байжигитке кеп айтып [СО: 1257]. Үтүрөйүп калмактар, Үшкүрүшүп алыптыр [СО: 1229].
Ушул сыяктуу толук эмоциялык мимикалык туюнтманы берүүдө автор окурмандын көз алдына физиогномикалык стереотипти түзүүгө түрткү берет. Эмоциянын физиогномикалык стереотиптери, биздин пикирибизче, улуттук-маданий өзгөчөлүккө ээ.
Кинесиканын эң негизги түшүнүктөрүнүн бири - жаӊсоо (жестика) түшүнүгү. Бул түшүнүктүн чечмелениши илимий адабияттарда ар кандай көз карашта берилген. Мисалы, америкалык психолог Д.Моррис жестти (жаңсоону) кеңири түшүнүк катары карап ага мындай аныктама берет. Реципиентке (угуучуга, окурманга) визуалдык сигнал болгон бардык кыймылдар жест болуп саналат. Ошондой эле мимика жана пантомимика да ушул түшүнүккө тиешелүү көрүнүш. Мындай аныктама берүү менен бирге Д.Моррис жесттин коммуникативдик багытын да баса көрсөтөт. Бул аныктаманы Л.А.Капанадзе, Е.В.Красильников сыяктуу окумуштуулар колдошот [Капанадзе, Красильников 1973: 464].
Ошентсе да, тил илиминде А.В.Филипповдун жестке берген аныктамасы толук жана так деп эсептөөгө болот: «Жест - знаковая единица общения и сообщения, которая имеет мануальную, мимическую или пантомимическую форму выражения, выполняя коммуникативную функцию, характеризующаяся воспроизводимостью и смысловой ясностью для представителей какой-либо нации или для членов какой-либо социальной группы» [Филиппов 1975: 185].
Жестти бөлүштүрүүдө психологдор, социологдор, лингвисттер тарабынан жасалган көптөгөн классификациясы бар. Биз иштин изилдөө максатына ылайык жесттин функционалдык типологиясына токтолобуз жана ошол көптөгөн классификациялардын ичинен эӊ алгылыктуусу катары окумуштуу Н.И.Смирнованын классификациясына токтолдук. Анткени «Манас» эпосунун негизинде топтолгон мисалдарды классификациялап бөлүштүрүп келгенде, биздин көз карашыбызга туура келди.
Жесттин тилдик функциясына карата Н.И.Смирнова бул классификацияда бардык коммуникативдик жестти төмөнкүдөй топторго бөлүштүрөт:
1. Кепте тилдик элементтердин ордуна колдонулган жесттер: саламдашуу, коштошуу, тыюу салуу, коркутуу, шылдыӊдоо, тактоо, тануу, суроо ж.б.
2. Кепте тилдик элементтерди коштоп жүргөн жесттер: көрсөтүү, сүрөттөө ж.б.
3. Модалдык жесттер: колдоо-колдобоо, ишенүү-ишенбөө, ыраазы болуу-ыраазы болбоо ж.б.
4. Эмоциялык жесттер: адамдын ар кандай сезим - абалдарын туюндурган жаңсоолор, мимикалар жана дене кыймылдары.
Жест колдонулуш өзгөчөлүгүнө карай сөзгө карата комплементардык (толуктоочу) элемент катары келет. Бул функцияны «Манас» эпосунда кездешкен жесттер да толугу менен аткаргандыгына күбө болобуз.
А) Айтымды коштоп жүргөн жесттер: Аттан түшүп эр Чубак Алмаңды көздөй жүгүрүп: Кечкин, берен, күнөөм-деп, Тизеси жерге бүгүлүп. Эки колу боорунда, Эр жабдыгы жанында [СК: 585]. Баарын айтып берген соң, тизеси жерге бүгүлүп, Таластагы алты арамдан түңүлүп. Чиркин, көп кетирип санааны, Бооруна кысып кучактап, Манастан калган Семетей [СК: 41]. Мисалдардан көрүнүп тургандай, Чубак Алмамбетти көздөй жүгүрүшү жана тизесинин бүгүлүшү аркылуу Алмамбеттен айбыгып, кечирим сурап тургандык белгиси болуу менен катар, аны сөз менен параллелдүү түрдө коштолуп турат. Ал эми экинчи мисалдагы тизе бүгүү жана баланы бооруна кысуу жесттери аркылуу каармандын мүӊкүрөп тургандыгынан кабар берет.
Жандын баары күңгүрɵп, «Жакшы кеп!»-деп, дүңгүрɵп, Жалпы аламан баарысы, кол куушурду бооруна [СО: 134]. Бул жерде бооруна колун куушуруп алуусу аркылуу урмат-сыйды, айтылган кепти колдоп, макул экендигин тастыктап тургандыгы көрүнүп жатат.
В) Сөздүн ордуна колдонулган жесттер: Кой дээр киши жок болду. Акылмандын баары бар, Ак сакал Жакып дагы бар. "Манастын сөзү макул" — деп, Баш ийкеген чагы бар [СК: 419]. Акбалтанын Чубагы Алаканын койгулап, Арман кылып көп ыйлап [СК: 721]. Бул мисалдарда каармандардын кеби катышпай, алардын кыймыл-аракеттери аркылуу болуп жаткан окуяга мамилеси туюндурулуп жатат.
Кинесикалык коммуникациянын үчүнчү маанилүү компоненти - пантомимика, башкача айтканда, адамдын дене кыймылдары жана турган турпаты. Кээде адамдын турган турпаты менен жесттерди ажыратуу кыйынчылыкты туудурат. Биздин көз карашыбыз боюнча, окумуштуу В.Ламб бул түшүнүктөрдү так ажыратат. Анын аныктамасы боюнча, адамдын турган турпаты (позаcы) жагдайдын өзгөрүүсүнө жараша ар бир дене мүчөлөрүнө ылайыкталган кыймыл. Ал эми жест бир же эки дене мүчөлөрүнө гана тиешелүү болгон кыймыл-аракет [Ламб 1976: 35]. Мындай көз караш жест түшүнүгүнүн кең маанисине карама-каршы келбейт. Кыскасы, бул түшүнүктөрдүн чегин ажыратууга маанилүү фактор - убакыт. Демейде адам бир жесттен экинчи бир жестке тез убакыттын ичинде өтсө, турган турпатты өзгөртүү үчүн узагыраак убакыт талап кылынат.
Пикир алышуу учурунда адамдар кыска убакыттын ичинде көптөгөн жесттерди колдонот жана алар аркылуу бир катар маанилерди бере алат. Ал эми турган турпаты аркылуу маанилердин туюнтулушу чектелүү.
Пикир алышуунун бейвербалдык каражаттары боюнча изилдөөлөр көрсөткөндөй, адам баласы турган турпаты аркылуу төрт типтеги: жоопкерчилик, чечкиндүүлүк, макул болуу, бийлик же социалдык статус өӊдүү маанилерди бере алат [Ламб 1976: 65].
Ал эми ушул эле өӊүттөн эмоциянын берилишине токтолсок, ал мимика - жестке караганда айырмаланып турат. П.Экман, В.Фризендин изилдөөлөрү боюнча, турган турпат мимика - жестке караганда адамдын эмоциялык абалын анчейин чагылдыра албайт. Деген менен адамдын турган турпаты конкретүү бир эмоцияны канчалык деңгээлде жеткиликтүү бериши азырынча белгисиз. Алсак, ачууланганды билдиргенде муштум өзүнөн-өзү түйүлөт, дене түзөлөт, таарынткан адамды көздөй кыймыл пайда болот.
Мындай бейвербалдык каражатты «Манас» эпосунун төмөнкү саптарынан көрө алабыз: Кырмуз шаанын сарайга, Кыраан Манас барганы. Карап алып катыны, Кара бою калтырап, Коркуу кирди акыры [СО: 230]. Көрөөрбүз ушул!-деп, Оозун ачып эр Бакай, Отурган бойдон калганы [СО: 230].Биринчи мисалда кара бою калтыроо тиркеши – коркуу маанисин билдирсе, отурган бойдон калуу тиркеши – таң калуу маанисин туюндуруп турат.
Ошентип, психологдордун берген маалыматы боюнча, мимика жестке караганда турган турпат жөнүндө аз мааламыт берсе, анда көркөм адабиятта да ошол өзгөчөлүк сакталат.
Бирок текстте каармандын турган турпаты сүрөттөлбөсө, эмоция анын аң-сезимине терең таасир бере элек же ал эмоция башка паралингвистикалык каражаттары менен туюнтулган болот.
Ошондой болсо да, ачуулануунун физиологиялык симптому агрессиялык абалдын эң негизгиси болуп, каарман ачууланган адамды көздөй аң-сезимдүү түрдө эмес жүткүнөт. Ал эми физикалык агрессияга өткөн ачуулануу сөзсүз түрдө адамдын турган турпатына таасир этет. Мисалы: Кылыч менен чабышып, Чукул кирип келгенде жакасынан алышып, Ат үстүнөн тартышып [СК: 815]. Чоң камчысын колго алып, Ачууланып Көкчөкөз, Токолдой көздөй октолду [СО: 1422]. Атырылып, булкунуп, ачууланып, жулкунуп, Көтөрүлгөн Көбөшүң: «Көкчөкөздөр экен» - деп, Көңүлү жаман шашыптыр [ СО: 1442].
Биздин пикирибизче, көркөм чыгармада каарман ашыкча ачууланган болсо, анын турган турпатынын өзгөргөнү да башка эмоциялык абалдарга караганда текстте көбүрөөк берилет. Ошондуктан биз кинесиканын маанилүү функционалдык компоненттеринин ичинен мимика - жест, пантомимика жана адамдын агрессивдүү абалын карайбыз.
Жыйынтыктап айтканда, эмоцияларды туюндурууда көрсөтүлгөн бардык компоненттер: адамдын жүзү, колу информативдүү жана маанилүү булак болуп саналат да мындай жагдай көркөм чыгармада эмоциялык абалды сүрөттөөдө даана байкалат, биринчи орунда эмоциялык мимика, жест, соңунан пантомимика келет.
Кинесикалык коммуникациянын бул каралаган компоненттеринен башка дене мүчөлөрүнүн тили түшүнүгүнө кирген адамдын аралыктык кыймыл-аракети да коммуникативдик мааниге ээ.
2.1.2. Проксемика
Пикир алышуучуларга мейкиндик, аралыктын да мааниси чоң. Паралингвистиканын бул өзгөчөлүгүн проксемика бөлүмү изилдейт. Аталган багыт Э.Холл тарабынан алгач ирет негизделген. Анда пикир алышуучулардын ортосунда кандайдыр бир аралык сакталат деп белгиленет [Холл 1959: 48].
Э.Холл өзүнүн изилдөөсүндө сүйлөшүп жаткан адамдардын ортосундагы аралык пикирлешүү мотивин аныктайт деген жыйынтык чыгарат. Ал эми проксемиканын негизги түшүнүктөрү мейкиндик, дистанция жана аймак (территория) деп белгилеп, аралыктын интимдик, персоналдык, социалдык жана коомдук төрт тибин бөлүп көрсөтөт [Холл 1959: 48].
Интимдик аралык – адамды максималдуу жакын кармоочу аралык. Персоналдык аралык – дос, жолдош арасында сакталат. Социалдык аралык - бейтааныш адамдардын ортосундагы жана тааныш адамдардын формалдык жагдай. Коомдук аралык - бир топтогу адамдардын ортосундагы пикир алышуусунда сакталат. Алсак, лектордун аудитория менен пикир алышуусундагы аралык буга мисал болот.
Жазуучулар да сүрөтчүлөр сыяктуу эле чыгармаларында мейкиндикке, аралыкка абдан көңүл бурушат. Алардын чыгармаларынын жеткиликтүү же жеткиликсиз болушу каармандардын ортосундагы аралыкты окурманга элестүү бере алышына жараша болот.
Э.Холл көркөм текстти адамдардын жүрүм-турумундагы аралыкты аныктоочу булак катары биринчилерден болуп карап, аны жөн гана автор тарабынан конкреттүү бир маселени чечүү үчүн колдонулган адабий сүрөттөө ыкмасы деп эсептеген эмес. Мындай көрүнүштөр жана сүрөттөөлөр эпосто да манасчы тарабынан каармандын образын, мүнөзүн, ички туюмун ачып берүүдө да мыкты колдонулган.
Эмоциялык абалды сүрөттөөдө проксемикалык компоненттер коммуникациянын кинесикалык жана фонациялык компоненттерин толуктайт: Беренсинип, белсинип, Берен Манас ошондо, Астыга түштү теңселип [СК: 418]. Бет алдында кытайды, аралап кирди Алмамбет [СК: 829]. Кыраан Манас жаш бала. Бет алып чукул барды эми [СО: 1034]. Бул мисалдарда проксема имплицистикалык түрдө катышып турат. Жогорудагы мисалдарда Манастын, Алмамбеттин алдыга түшүп баскандыгы анын эч нерседен тайманбастыгы, элди башкарып, ээрчитип жүргөн касиетинен кабар берет.
«Манас» эпосунда каармандардын бири-биринен айбыгып, коркуп, бири-бирин сыйлоодо аралыктын сакталган проксемикалык каражаттарды арбын көрүүгө болот. Төмөнкү мисалдарды карап көрөлү: Баладан караан көрө албай Кайгыланып калыптыр, Айылдан узап бай Жакып Ат чабым жолго барыптыр [СК: 136]. Мында ат чабым деген лексикалык бирдик менен аттын оозун кое берип, ат чарчаган жерге чейин чаптырып барып, бай Жакыптын өтө кайгыга түшкөн абалын чагылдырып жатат. Аркасынан эр Манас Кошо келди жол менен Айкожонун кошуна Отургузду кашына [CК: 204]. Кудай айдап жеткирген Сизге ылайык булу бар, Алгын мынча малын – деп. Кандын келдик кашынан, ушу жолго салба – деп, Айттым эле башынан. [CК: 404]. Кашына келип отуруу бул маӊдайына, жакын келип турган абал. Бул аралык көбүнчө маанилүү сөз айтылаарда, кеӊешип бүтүм чыгараарда, кандайдыр бир сөзү же суранычы болгондо, кыргыз элинде ушул аралык сакталып жүргүзүлгөн. Тизеси жерге бүгүлүп, Кытайча чокунуп, жүгүнүп, Алмамбеттин алдына Таазим кылды чуркурап [CК: 656]. Бирөөнүн алдына келип, таазим кылып туруу бейвербалдык абалы - бул сыйлоонун, андан даражасы төмөн тургандыктын, кечирим суроонун белгиси катары кабыл алынган. Миӊ кадам жерден жол тосуп, Алиги келген алтооно Эки-экиден жолгошуп, Ат жылоодон алганы. Тегинен моюн ийбеген, Тизгинге адам тийбеген, Ачуусу келди Алмамбет, Тарт колуӊду мурдар – деп, Тартып алды тизгин бек [СК: 478]. Мин кадам жерден жол тосуп, алдын утурлап чыгуусу, бул чоӊ сый-урматтын, ошол кишиге берилгендиктин символу катары туюнтулган. Моюнга минсе шайтаным, Бирок менин айтарым, Арстан сындуу эрдир ээ, Алып келип үстүмө Ар качан кыйын болсо да Ат менен салам бердирбе [CО: 1070]. Олтурган кишинин үстүнө ат менен келип салам берүүсү, аттан түшүп, жакын келип учурашпай коюу көрүнүшү кыргыз элинде өтө орой, тарбия көрбөгөндүктүн, же оюу түз эмес, тоготпой койгондуктун белгиси катары кабыл алынган.Ошон үчүн «Ат үстүнөн мамиле кылуу» - деген фразеологизм эл оозунда айтылып калган. Ушул аттын үстүнө отуруп алып, алыстан учурашуу бейвербалдык абалында, проксемиканын терс мааниси камтылып турат. Ал бойдон барып Алмамбет Акылайдын үйүнөн: «Адам барбы мында?» - деп, Эшигинен сурады, Отурган төрдө Акылай Ордунан турбады [СК: 1094]. Бул жерде да келген кишинин алдынан тосуп чыкпай, үйүнүн төрүндө отуруп алып жооп берүүсү кыргыз элинде өтө жаман көрүнүш катары кабыл алынган. Бул бейвербалдык абалдын мааниси тоготпоо, жактырбоо, теӊсинбөө, душмандык оюу, таарынычы бар бар экендикти билдирген.
Бул мисалдардан көрүнүп тургандай, каармандардын ортосундагы аралык аркылуу кандайдыр бир маалыматты туюндуруп тургандыгына күбө болобуз. Кыргыз элинде аралыкты билдирген сөздөр бар. Мисалы: ат чабым, чакырым, миӊ кадам, эки аттам ж.б сыяктуу сөздөрдү алсак болот. Ат чабым – 25-30 чакырым келген кыргыздын эски аралык өлчөмү. Маӊдай-тескей бетме-бет, бет маӊдай деген түшүнүктү берет. Өйүз-бүйүз – суунун, өзөндүн эки жак жээги, маӊдай-тескей тарабы. Кашына келүү – адамдын жанына өтө жакын жана алдына келүүсүн билдирет.
Достарыңызбен бөлісу: |