Артыкова Жамал Абдисаламовна «Манас» эпосундагы бейвербалдык каражаттардын туюнтулуш өңүттөрү Адистиги 10. 02. 01 кыргыз тили Филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертация



бет6/12
Дата27.05.2018
өлшемі3,02 Mb.
#40915
түріДиссертация
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   12

Кан - тууганчылыктын, туугандык байланыштын, айырмачылыктын символу. Кан соматикалык компоненттин түзүү менен бирге кыргыз тилинде эмоциянын ар кандай спектирин аныктайт.

Каны бузулуу - ачуулануу, бир нерсеге чыдамы кетип, кыжырлануу; каны ичине тартуу - бир нерсеге каарданып, жаалы келип, кыжырланган, кубарып-кумсарган абалда болуу; каны кайноо, каны кызуу - ачуусу келүү, каардануу, жини келүү, кыжырлануу;

Каны качуу – купкуу болуп кетүү, кубарып - кумсаруу: Каарданып берениң, Кабылан Манас кырааның, Каны качып бетинен, Качырып келди мадына [СК: 756];

Кан ичме – киши өлтүргүч, канкор, ырайымсыз мыкаачы болуу: Оолугуп көк жал токтобой, Өрттөй көзү жайнады, Коржоңдогон кокуйдун Кан ичмеси кармады [СК: 359];

Баш – байыркы элдердин түшүнүгү боюнча, башка байланыштуу нерселердин бардыгы асманга жана асман телолоруна: күн, ай, жылдызга салыштырылган. Ал эми кыргыз элинде баштын синекдохалык мааниси орун алган. Башкача айтканда, адамдын, малдын, үйдүн жана башка ушул сыяктуу нерселердин ордуна колдонулат. Мисалы: баш байлоо (кудалашуу), баш алуу (жаңы бүлөлү болуу, келиндүү болуу); баш кошуу (үйлөнүү), башы бош эмес (үйлөнгөн).

Демек, баш адамдын маанилүү дене бөлүгү жана ой жүгүртүү, ойлонуунун символу катары фразеологизмдин компоненттерине кирет. Ал фразеологизмдер адамдын эмоциялык чөйрөсүн ар тараптан мүнөздөйт. мындай фразеологизмдик айкаштарды «Манас» эпосунан алынган саптардан карап көрөлү.



Башына кылыч ойнотуу – согушуу, чабышуу, жоюу, кыйратуу, жок кылуу: Башына кылыч ойнотуп, Каарданып кирди эле [СК: 434].

Көз – баштын жана бет түзлүшүнүн эң маанилүү бөлүгү. Анткени көз аркылуу дүйнөдөгү маалыматтын 80% берилет. Кыргыз тилинде көз кубануу, кайгыруу, таарынуу, ойлонуу жана башка ушул сыяктуу ички сезимдерди чагылдырууда өзгөчө мааниге ээ.

Көз кыйыгын салуу, көз салуу – алдыртан, акырын, тымызын байкоо, кароо: Баатыр Манас бадышаң, Тик карабай даӊкайып, Көздүн кыйыгын салып заңкайып [СК: 585].

Көзгө илбөө – теңине албоо, киши катарына көрбөө, тоотпоо, өзүнөн башкаларга маани бербөө, теңсинбөө: Жакыптын болбой сөзүнө, Жан деп илбей көзүнө: Кармап, байлап салгын!-деп, Жабылышып калганы [СО: 117].

Көзү умачтай ачылуу – уйкусу тароо, уйкудан ойгонуп кетүү, кадимки абалына келе түшүү: Азан үнү басылды, Уктап калган Ажыбай Умачтай көзү ачылды [СК: 805].

Көзү ачылуу – бир нерсеге ачык, даана түшүнүү, ак-караны ажыратуу, таанып билүү: Далайга жашың барганда Жандама күтүп карыганда Ачылар акыр көзүңүз Карыныңа канжар салганда Карматып алып жарганда [СК: 1032].

Көз жүгүртүү, көз чаптыруу - жалпысынан байкоо жүргүзүү, үстүртөн карап, байкап чыгуу: Бастырып чыгып келди эми, Көзүн салып Бээжинге, Көптүгү көлдөй кечилге Көз чаптырып турду эми [СК: 679].

Бут кыргыз тилиндеги соматикалык фразеологизмдердин компоненттеринде азыраак колдонулат. Анын аяк деген синонимдик варианты да кездешет. Мисалы: буту // аягы жерге тийбөө (бир жерге жай алып тура албоо, абдан элпек болуп көрүнүү), аягы менен тик туруу (бирөөгө жан дили менен аябай кызмат кылуу), бутуна жыгылуу ( жалынып-жалбарып кечирим суроо, өтүнүү) ж.б.

Мындай фразеологизмдердин мааниси – сөз айкашынын конкреттүү маанисинин метафоралык мааниге өтүшүнөн пайда болот. Фразеологизмдин ички формасы качандыр бир убактарда кандайдыр бир факт, окуя, кубулушту чагылдырган тилдик каражаттар болгон. Алсак, бут тосуу, ор казуу сыяктуу фразеологизмдер көрө албастык деген сөзгө кошумча маани берип турат жана түз маанисине да жакын келет. Ошондой эле алдоо деген лексемага тил эмизүү, көз боео деген сыяктуу туруктуу сөз айкаштары кирет.

Адамдын ымдоо, жаӊсоолору, турган турпаты, дене кыймылдары убакыттын өтүшү менен абстракттуу семантикага ээ болуп, фразеологизмдердин катарын толуктайт. Тагыраак айтканда, семиотикалык фразеологизмдер өнүгүү процессинде фразеологиялык мааниге ээ болот.

Г.Жамшитова кыргыз жана орус тилиндеги фразеологизмдерди салыштырып «Кыргызча-орусча, орусча-кыргызча тематикалык фразеологиялык сөздүк» [2000] түзүп чыккан. Бул эмгекте фразеологизмдер тематикалык топторго бөлүштүрүлүп, этиштик фразеологизмдер да камтылган. Аталган сөздүктө соматикалык фразеологизмдер деген термин колдонулбайт.

Символдордун тили - маданияттын байыркы метатили. Көптөгөн символдор архаикалык маданиятта жана байыркы цивилизацияда миңдеген жылдар мурун келип чыккан.

Адам эмоциясынын, сезиминин тилде чагылдырылышы жалпы тил илиминде жана кыргыз тилинде бир катар изилдөөлөрдө каралган. Азыркы мезгилде да тилдеги адамдык фактор лингвистикалык изилдөөнүн негизги маселесине айланып келе жатат.

Фразеологизмдерде берилген эмоциялар сезимди түздөн-түз чагылдырбастан, алар жөнүндө түшүнүк, ойду берет. Эмоцияны гана туюндурган соматикалык фразеологизмдерди албастан ассоциативдик-эмоциялык фразеологизмдерди да талдадык. Анткени мындай сөздөр угуучуга же окурманга тиешелүү эмоцияны элестүү кылып бере алат. Албетте, бул өзгөчөлүк алардын семантикасындагы эмоциялык идеяга жараша болот. Төмөндө «Манас» эпосунда кездешкен соматикалык фразеологизмдерди эмоцияны чагылдырышына карай тематикалык топторго бөлүштүрүлдү.

1) Ачуулануу (кыжырдануу, ыраазы болбоо, жек көрүү) эмоциясын туюндурган соматикалык фразеологизмдер:

Көзүнөн чаары чыгуу - Абдан ачуулануу, каардануу, жаалы келүү [КТФС: 176]: Муну угуп Манастын, Каары чыгып бетине, Чаары чыгып көзүнө, Кошойго айтып калганы [СО: 1490].

Бетинен түк чыгууачуусу келүү, сурдануу, каардануу: Бетинен тешип түк чыгып, Кабылан Манас баатырың [СК: 498].

Куйкасы курушуу – абдан ачуусу келүү, аябай ачуулануу, кыжырлануу: Кыжыры келип курушуп Куйкасы жаман тырышып [СО: 783].

Жанына киши жолой албоо, жанында жалгыз киши жок – деген фразеологизмдери аркылуу, ал кишинин айбаттуу, каардуу, ачуулуу экенин, эч бир адамдын даап жолой албашын туюндуруп жатат. Бул жерде бейвербалдык каражаттын проксемикалык түрү катышып, башкача айтканда аралыктын сакталышы, бир адам менен экинчи адамдын аралыкка болгон мамилеси кɵрсɵтүлдү: Жолугарга бир жан жок, Жолун тосор тири жан жок, Каарына тура албай, Кача берди казактар [СО: 1034].

Каарын тɵгүү, каарына алуудеген фразеологиялык сɵз айкаштары аркылуу да тилибизде колдонуу менен аябай ачуулануу, буркан-шаркан түшүп жаалдануу, каны кайноо деген түшүнүгү берилет [КТС1: 699], Каарына алганын, Тизесин жерге бүгүлтүп, Кыйыгына тийгенин, Өөдө-төмөн жүгүртүп [СК: 1230].

Оозунан заары тɵгүлүү - ачууланганда оозунан адамдын беделин түшүргɵн, жаман, ачуу сɵздɵрдүн чыгышы: Оозунан заары тɵгүлүп, Желигип долу бакырып [СК: 501].

Түгү бетинен кɵрүнүү - каарданганда, аябай ачуусу келип түнɵргɵндɵгү адамдын бетинин сүрɵттɵлүшү: Катынын кара баскандай, Түгү беттен кɵрүнүп, Түрү жылан ɵңдɵнүп, Бетинин баары түктɵйүп [СК: 859].

Тɵбɵ чачы үрпɵйүпжини келип, ачууланып, каардангандагы адамдын тышкы кɵрүнүшүн ашыра ɵтмɵ мааниде берилиши: «Yттүгүңɵ шоодой деп», Тɵбɵ чачы үрпɵйүп, Каарланып күүлɵнүп, Кан Манаска сүйлɵнүп [СК: 112].

Тили менен үркүтүү - жаман сɵздɵрдү сүйлɵɵ, урушу, ачуу сɵздɵрдү сүйлɵɵ: Эр Манастын кырк чоро, илге келген адамды тили менен үркүтүп, Тилге келбес адамды, Кылыч менен коркутуп [СК: 799].

2) Коркуу эмоциясын туюндурган соматикалык фразеологизмдер:



Дене бою дүркүрөө – Коңуругу күркүрөп, Көргөндүн бою дүркүрөп [СО: 241].

Жүрөк оозго тыгылдыкапысынан, байкоосуздан боло калган кооптуу нерседен, угулган кабардан улам катуу коркуп кетүү, апкаарый түшүү - Замбирек үнү күркүрөп Үч күндүк жерге угулду, Тамдын баары силкинип, Мордун учу жыгылды, Дукан калаа журтунун Жүрөк оозго тыгылды [СО: 241].

Көзү умачтай ачылды – көз бакырайып ачыла түшүү. Мындай абал көбүнчө чочуганда, корккондо, таң калганда болот: Келе жаткан эмне деп, Элеӊдей шашып карады, Умачтай көзү ачылды [СО: 346].

Коркуу абалынын фазеологизмдер аркылуу берилиши:

Эсин оодаруу – эмне кылаар айласын таптырбоо, коркутуу, чамасын чак кылуу, эсин эки кылуу: Эскирип келген куу чалдын, Эсин бир оодарып салсак-деп [СО: 1116].

Жүрɵгү түшүү - катуу коркуп калуу: Байбиче белги кɵрүптүр, Ал белгини кɵргɵндɵ, Он эки катбы бечара, Жүрɵгү түшүп ɵлүптүр [СК: 37].

Колтук ачпоо - душманга коркуп катылбаган, ɵзү барып эч кимге тийбеген: Ааламга азап баштаган, Койгулашкан жоо чыкса, Коркуп колтук ачпаган [СК: 64].

Жандан түңүлүү - Ɵлдүм, ɵлгɵн экенмин деп ойлоо, жашоодон үмүт үзүү, абдан коркуу [КТФС: 87]. Калайык жандан түңүлдү, Кочку турду күрсүлдɵп, Каарынан капырдын, Жер айрылды түрсүлдɵп [СК: 456]. «Кырып иер бекен»-деп, Кызыталак жандан түңүлүп [СК: 346].

Алкымга жүрɵк чыгуукатуу коркуп чочуп кетүү, жүрɵгүнɵ оозу тыгылуу деген маанини берет: Алкымга жүрɵк чыкканы, Боконо жүрɵк болк этип, Жүрɵгү кетип кабынан, Билеги кетип сабынан [СО: 1109].

Жүрөгү алкымына тыгылуу - Капысынан, байкоосуздан боло калган кооптуу нерседен, угулган кабардан катуу коркуп кетүү, апкаарый түшүү: Түндөгү түндүн өзүндө Көрүнбөдү көзүмө, Атакелеп баланын Айткан үнү угулду, Алкымыма жүрөгүм Апкаарып келип тыгылды [СК: 25]. Манасты кармап алды –деп, Балакетке салды –деп, Бай Жакыпка угулду, чочугандан Жакыптын Жүрөк оозго тыгылды [СК: 117].

Добушунан жан чыгуу – аябай коркуп, айласын таппай калуу, жүрɵгү түшүү, жаны кɵзүнɵ кɵрүнүү: Добушунан жан чыгып, Тебелеп кетчү эмедей, теги жанын аябай.

Жандан кечүү – каттуу коркуу, жанынан түӊүлүп отуруп калуу: Эсенкан каарын кɵргɵндɵ, Күрмɵ кийген күчтүүлɵр, Жандан кечип таштады! [СК: 210].

Жүрɵгү чыгуу – Күүлɵнсɵ бир жакка аттанып, Бир шаарды бузуучу, Ал мүнɵзүн кɵргɵндɵр, Жүрɵгү чыгып калуучу [СО: 1051].

Жүрɵгү оозуна тыгылуу коркуу эмоциялык абалында, чындыгында, жүрɵк кабынан чыкчуудай катуу согот, ушул кɵрүнүш бара-бара фразеологизмге ɵтүп, түз маанисинде да, ɵтмɵ маанисинде да колдонулуп келет: Баркыраган доошу Тай чабым жерден угулду, Олтурат элем үйүмдɵ, Окшуп келип жүрɵгүм, Оозума келип тыгылды [СО: 37].

Кулак жапыруу - Сеники туура дегенсип унчукпай отура берүү, бирдемени укса да, укмаксан болуп, кеп-сөз сүйлөбөй тим болуу, унчукпай калуу: Айкырыгын укканда Арам өлгөн Акбакай Коендой кулак жапырды, Даңканды көккө сапырды [СК: 44].

3) Кубануу эмоциясын туюндурган соматикалык фразеологизмдер: Жүрөгү жарыла жаздоо - абдан катуу толкундоо, сүйүнүү: Бала жоктон жүдөдүм «Эркек деп бирөө жүгүрсө» Жарылып кетер жүрөгүм [СО: 32].

4) Өкүнүү эмоциясын туюндурган соматикалык фразеологизмдер:

Эрдин кесе тиштөө - өкүнүү, өкүттө калуу: «Алым келбей бир жанга, Казылган кара көр болдум», Деп ушинтип эр Манас, Эрдин кесе тиштенип, Кызыл чоктой көздөнүп, Шамал чыгып оозунан, Жалын чыгып көзүнөн [СК: 756]. Шай колдогон шер Манас, Карап чыдап туралбай, Кайнап жини кармады, Эки жаагы шакылдап, Эрдин кесе чайнады [СК: 256].

5) Кызыгуу эмоциясын туюндурган соматикалык фразеологизмдер: көз салуу – бир нерсени байкоо, көз жүгүртүү, астыртан кароо: Кайдан чыкты мындай кеп? Кемек болгон балбанга Билерик көзүн салганы [СО: 174].

6) Кайгыруу эмоциясын туюндурган соматикалык фразеологизмдер. Каңырыгы түтөө – өтө кейүү, абдан кайгыруу, капалануу, бир нерсеге кейүү: Каңырыгы бек түтөп, Кабыргасы сөгүлүп, Кадырлашы Сыргакка Көздөн жашы төгүлүп [СК: 721].

Кабыргасы сөгүлүү – аябай жаны ачуу, зээни кейүү, катуу капалануу: Кабыргасы сөгүлүп, Көзүнүн жашы төгүлүп [СО: 275].

Каңырыгы түтөө- өтө кейүү, абдан кайгыруу, капалануу, бир нерсеге зээни кейүү: Арслан Чубак ошондо, Уйку жакка бет түтөп, Оюна түшүп, ар жумуш, Ойрон болгон Чубактын, Каңырыгы эң түтөп [СК: 498].

Жаны чыркыроо – катуу кайгыдан, азаптан, жаны аябай кыйналуу: Кабыргам кетти быркырап, Чымындай жаным чыркырап [СК: 151].

Койну жашка толуу – кайгадан кейип-кепчип, капаланып, кɵпкɵ чейин ыйлап, ыйы басылбаган адам: Баласын кɵрүп кургурдун, Койну толду жашына, Эсиң чыгып ыйлаган [СО: 26].

7) Бирөөгө нааразы болуп, кек сактаган абалды туюндурган фразеологизм:



Ичи кайнап ɵрт болуу – бирɵɵгɵ кек сактаганда, ичтен сакталган таарыныч, эстеген сайын жинденүү, нааразы болуу: Шейит болуп ɵлсɵм,-деп, Ɵлбɵй тирүү бар болсом, Коңурбай менен жулкушуп, Бир жеңишип кɵрɵм,-деп, Ичи кайнап ɵрт болуп [СК: 689].

8) Өкүнүү эмоциялык алды туюндурган фразеологизмдер:



Бармагын тиштөө – иштин оңунан чыкпаганына, өтүп кеткен ишке, өкүттө калуу, өкүнүү, арман кылуу: Көкчөнүн колго түшкөнүнүн Көрүп турат Музбурчак, Ажыратар арга жок, Жара чайнап бармагын, Эки көзү чачырап, Өлүп турат Музбурчак [СК: 869].

9) Таӊ калган абалды сүрөттөгөн фразеологизмдер:

Дал болуу – дендароо болуу, эмне кыларын билбей жалдырап калуу, өзүн жоготуп коюу [КТС: 393]: Жети күнү урушуп, Жетимиш жерден жара жеп, Чубак чыкты хан болуп, Бүткөн бою былк этпей, Сал сыяктуу дал болуп [СК: 716].

Эси кетүү - эмне кылаарын билбей, дал болуу. Эси кетип Чыйырды, Жыгылып кетти сороюп [СК:34].

Акылы баштан бɵлүнүү - Айбаты катуу, заары күч, Арстандарды кɵргɵнү, Карап туруп кан Мунар, акылы баштан бɵлүндү [СО: 204].

Элдин сүймөнчүгүнө ээ болуп, ооздон-оозго, муундан-муунга өтүп келе жаткан «Манас» эпосунун тили мезгилдин да, сөз кадырын барктай билген сөз зергерлеринин да сыноосунан өтүп келе жаткандыгын эпосто орундуу колдонулган фразеологизмдер да ырастап турат. Ал фразеологизмдер кандай формада, кандай ыкмада колдонулбасын, каармандын образын ачып берүүдө же объективдүү дүйнөнүн ар түрдүү жактарын чагылдырууда ойго тактык, кооздук, элестүүлүк киргизип, анын образдуулугун арттырып, тилде көркөм каражаты катары кызмат аткарып турат [МЭ].

Коммуникациянын паралингвистикалык жагын чагылдырган фразеологизмдер азыркы тил илиминде изилдөөнү талап кылган аспектилердин бири. Анткени бул тилдик каражаттар күнүмдүк турмуштун маанилүү чөйрөсүн мүнөздөйт. Г.В.Колшанский белгилегендей фразеологизмдер пикир алышууда адамдын билимин, тарбиясын, мүнөзүн, психологиялык өзгөчөлүгүн ж.б. аныктайт, башкача айтканда, бардык адамдык сапаттарды чагылдырат [Колшанский 1990: 96].

Жыйынтыктап айтканда, бейвербалдык кубулуштарды чагылдырган фразеологизмдер көркөм чыгармаларда каармандардын жесттик мүнөздөмөсүн берүүдө башка тилдик каражаттарга караганда вербалдык база болуп саналат. Албетте, жест жөнөкөй, түз маанидеги сөздөр аркылуу дагы вербалдашат, бирок фразеологизмдик туюнтмасы тилде өзгөчө мааниге ээ.



2.6. II бап боюнча жыйынтык

Окумуштуулар адам жүзүндөгү эмоцияны терең талдап, бир катар тажрыйбаларды жүргүзүп мындай жыйынтыкка келишет. Адамдын жүзү бактылуулук, таң калуу, коркуу, кайгыруу, жаман көрүү, ачуулануу, жек көрүү жана кызыгуу сыяктуу эмоцияларды бере алат. Ошондой эле булар эмоциялык категория деп аталат, анткени ар бири өзүнүн ичине бир канча эмоциялык маанилерди камтып турат.

Эмоциянын жестика, мимика өӊдүү бейвербалдык каражаттарга бөлүнүшүн шарттуу түрдө карайбыз. Анткени адамдын организими эмоцияны ар кыл чагылдырган бирдиктүү система. Албетте, көптөгөн жесттер адам жүзүндөгү кыймылдарды, денедеги булчуңдардын басымы жана дем алуусун коштоп турат. Эмоциялык коммуникациянын башка кинесикалык компоненттеринин системасында жесттер маанилүү маалыматтык жүктү алып жүрөт.

Дагы бир бир белгилей кетчү нерсе, жесттер адамдын агрессиялык абалын чагылдырууда өзгөчө мааниге ээ. Бирок жесттер аң-сезимдүү түрдө болот жана аларды оңой эле ажыратууга, подтексттик маанисин түшүнүүгө мүмкүн. Эгерде адам жүзүндөгү кыймылдар конкреттүү бир эмоция тууралуу толук маалымат берсе, дененин турган турпаты ошол эмоциянын интенсивдүүлүгү сыяктуу абалдарды туюндура алат.

Жыйынтыктап айтканда, агрессивдик кыймылдын стимулятору болгон ачуулануу алды менен адамдын бейвербалдык кыймылы аркылуу чагылдырылат. Алар паралингвистикалык каражаттардын кинесикалык, проксемикалык, такесика, окулесика, сенсорика жана просодикалык системасы болуп саналат. Эмоцияны туюндурууда ушул компоненттердин ар биринин өзүнүн орду бар. Жогорудагы мисалдардан көрүнүп тургандай, эмоция адамдын мимикалык, жесттик реакциясынан жана айтымдын просодикалык түзүлүшүнөн ачык көрүнүп турат. Мындай өзгөчөлүк көркөм текстте да сакталат.

Чыгарма жаратуучу көркөм образды түзүүдө тилдик каражаттарды тандап алып, окурманга таасирдүү кылып берүүгө аракет кылат. Жандуу, кызыктуу, эсте калуучу бейвербалдык компоненттер автор менен каармандардын ортосун жакындатат. Алсак, манасчылар эпостогу каармандардын ачууланганын, кубанганын, бири-бирине болгон сый-урматын жана башка эмоциялдык абалын тиешелүү бейвербалдык каражаттарды туюндурган лексемалар аркылуу беришет. Мисалы: көзү чакчайды, камчысын бооруна алды, баш урду, алакан жайды ж.б.

Болуп жаткан, же боло турган окуяга, нерсеге, затка жана адамдардын өз ара пикир алмашуу учурундагы алардын бири-бирине карата жасаган мамилесин, оюн билдирүүчү айрым ички сезимди жана эрктик мамилени билдирүүчү сырдык сөздөрдү жаңсоо жана ымдоо кээ бир учурда гана коштой жүрөт да, анын маанисин, интонациялык өзгөчөлүгүн аныктоодо белгилүү даражадагы өзүнүн жардамчы ролун аткарат. Ал айрым сырдык сөздөрдүн мурунку маанисин күчөтөт.

Тилдеги соматикалык фразеологизмдер образдуулукка ээ болсо, бейвербалдык каражаттар көмүскө мааниге ээ. Тагыраак айтканда, ар бир бейвербалдык каражаттардын түшүндүрмөсү бар, аны пикир алышып жаткан адамдар ɵзүнүн туюмуна, дүйнɵ таанымына, кыраакылыгына, билимине жараша аңдап билет жана колдонушат.


III БАП.

«МАНАС» ЭПОСУНДАГЫ

ЭМОЦИЯЛЫК ЖАНА МЕНТАЛДЫК АБАЛДЫН

БЕЙВЕРБАЛДЫК КАРАЖАТТАР АРКЫЛУУ ТУЮНДУРУЛУШУ
«Манас» эпосундагы каармандардын жүрүм-туруму менен кыймыл-аракеттеринин чыныгы турмушка шайкеш келиши эпостун көркөмдүк жана идеялык маанисин ого бетер көтөрүп, аны атактуу дүйнөлүк эпостордун катарына кошот. Мына ошол биринен-бири даана айырмаланып турган каармандардын күчтүү образдары аркылуу, түшүнүктүү жалпы элдик тил менен, ар түрдүү стилдик абалдар менен жасалаган көркөмдүк, эмоциялык таасирлер аркылуу, жалпы адамзаттык гумандык сезимдерди кенен сүрөттөө аркылуу кыргыз эли «Манас» эпосу менен дүйнөлүк аренага чыгып, сыймыктана алат [Юнусалиев 1985: 467].

Мазмунунун кызыктуулугуна жана тереңдигине, каармандардын күчтүү контрасттар жана таасирдүү элестер менен берилишине жараша эпостун сүрөттөө амалдары да, сөздүк поэтикалык техникасы да бай.

«Манас» эпосунун башталышында жомокчунун өзү тарабынан киришүү иретинде айтылган жорго сөздөрдү учуратабыз. Андан ары жомоктун өз мазмуну поэзиянын океанындай түгөнгүс жалаӊ ыр менен берилген. Жер-суунун, курал-жабдыктардын, жаныбарлардын көрүнүштөрү, кээ бир кыймыл-аракеттер негизинен сүрөттөө аркылуу берилген. Көрүнүштөр, окуялар жомокчунун өз сөзү түрүндө айтылуу менен катар, жомоктун башынан аягына чейин кээде узакка созулган монолог түрүндөгү драматизация да кең орун алган. Негизги каармандардын элестери, алардын кылык-жоруктары, кыймыл-аракеттери, декларативдүү баяндоо иретинде эмес, тандалган курч сөздөрдөн тизилген таасирлүү ырлар аркылуу, көркөмдүк сүрөттөр менен берилген [Юнусалиев 1985: 467].

«Манас» эпосунда каармандардын ой-сезими, ички дүйнөсү көп учурда алардын кыймыл-аракети аркылуу берилет. Анткени, каармандын каарманга, болбосо окуяга, шартка карата жасаган психологиялык мамилесин өзүнүн кыймылы, жасаган аракети аркылуу билгизип, ички дүйнөсүндөгү карама-карршылыкты көрсөтүүгө аракеттенет. Булар эпосто анчалык даана сүрөттөлүп берилбегени менен, эки каармандын ортосундагы болгон диалог сүйлөшүүлөрдө, монолог-кепте байкалат [Кырбашов 1983: 123]. Мисалы, Каныкейдин сезиминдеги Манаска карата болгон мамилеси анын кыймылы аркылуу угуучуга жеткирилет. Ок жыландай толгонуп, Он жылда келер жумушту Ушу күнү ойлонуп, Арстанга айтып салыптыр [СО: 582].

Манастын төрөлгөнүн уккан Жакып эсинен танып, кайра акылына келгенде «көздүн жашы он талаа, көрдүмбү деп бир бала» анын амандыгын тилеп ыйлап отурат [Кырбашов 1983: 16].

Бирок Жакыпты сүйүнүч басканы менен, кебетесинде, кыймыл-аракетинде, сөзүндө кооптонуу байкалып турат. Анын ушул абалдагы ички ой толгонуусу өз сөзү аркылуу угуучуларга жеткирилет. Кандайдыр элдин антипатиясы туулат: Эй, нени айтасың, Акбалта, Жанчыгымда бар эле Сары алтындан бир калта. Санап сага берейин, Жайытта малдан бир канча. Сүйүнчү дейсиң жакшы кеп, Эй ботом, Баласы боорун алыппы Де ботом, байбичем аман калыппы? [Кырбашов 1983: 17].

Жалпы элдин кыймыл-аракетин көрсөтүүдө да психологиялык сүрөттөө ыкмасы пайдаланылат: Эшиктеги ак таяк. Эсеттердин бөкөсү Эшик ачып ийиптир. Салам айтып бийлерге Салды башын Алмамбет. Айбатына баатырдын Апкаарышып калышып, Салам алик алышып. Баары турду дүрбөшүп, Башта булар отурган Баатырлык кебин сүйлөшүп. Алмамбет баатыр киргенде, Азыр булар турушту Айбатынан жүдөшүп [СО: 589] деген сыяктуу [Кырбашов 1983: 16].

Сезимдик туюмдардын бардыгын вербалдык каражат менен берүүгө мүмкүн эмес, окумуштуулардын изилдөөлөрүнө караганда, вербалдуулуктан мурда сезим менен кептин аралыгында пикирди ымдоо, жамдоо, көз караштар менен ойду берүү мүмкүнчүлүгү жаралат. Сезүү жана аң-туюмда таанып-билүү сөз каражаттарынан алда канча мурун, пикирди билдирүүнүн ар кандай жолдору өнүккөн [Рыскулова 2008: 21].

Коммуникативдик жүрүм-турумга унчукпоо да кирет. Ал пикир алышуунун уландысы болуп, функционалдык, семантикалык жана прагматикалык жактан эки типке бөлүнөт. Биринчи типке паратилдик жана жаӊсоо кыймылдары менен толукталган унчукпоо кирсе, экинчи типке үнсүз, тыбышсыз болгон унчукпоо кирет [Крейдлин 2002: 74]. Мисалы: Карады Манас жалт этип, От көзүнөн жарк этип [СК: 1580]. Бул мисалда айтылчу сөзү, ички эмоциясы көзүнүн жалт этип карап коюу кинемасы менен туюндуруп турат. Мындай сөздү укканда Козголбой түштүм жолума, Ачуум келип тиштенип, Айбалта алдым колума [СО: 637]. Ачууланган абалын тиштенип туруп, козголбой басып кетүү кыймылы менен каармандын кандай адам экени жөнүндөгү образы берилип жатат. Ушуну эле улай бул мисал аркылуу Манастын кандай адам экени төмөнкү бейвербалдык каражаттар менен мыкты чагылдырылып турат: Муну уккан соң Манастын кежири чогуу кармады, кеп сүйлɵбɵй, тил катпай, Кабыландын ызгаары, Бетине чыга калганы, Каалгадай кашка тиш, калайыктан башка тиш Бɵлɵ-бɵлɵ чайнады [СК: 714]. Бирок унчукпоо дегенде сүйлөбөй туруу, угуп туруу деген түшүнүктөр менен чаташтырбоо керек. Тескерисинче, кандайдыр бир кептик маалыматты берүү максатында унчукпай калуу жөнүндө сөз болуп жатат. Мисалы эпостогу Берениӊ Манас канкоруӊ Карап турду унчукпай. Ойлоп турду баш чайкап, Аш бышырым тил чыкпай. Ошондо Манас ойлоду деген саптарды алсак, Манас жөн гана унчукпай турбастан, ичинен кандайдыр бир ой-жоромол менен тургандыгын элестетүүгө болот, контекстте ал оюнун жыйынтыгы да маалымдалат.

Окумуштуу Т.С.Маразыков өзүнүн изилдөөсүндө турмушта көп эле кездешип жүргөн таарынып унчукпай коюу да өзүнчө бир текст болуп саналарын далилдүү фактылар менен көрсөтөт. Анда вербалдык эмес негизде нааразылык, таарыныч, ыза болуу, өкүнүү, жек көрүү, иренжүү, түңүлүү же жана башка сыяктуу мазмун туюндурулат. Таарынуунун деңгээли, мүнөздүү өзгөчөлүктөрү адресанттын кабагынан, көз карашынан, мимикаларынан, кыймыл-аракетинен деталдашып туюндурулат. Унчукпоо түрүндөгү текстте семантика-структуралык интеграция экстралингвистикалык факторлордун активдүү катышышы аркылуу ишке ашат. Унчукпоонун мотивдери, жагдай-шарттары, информативдик – коммуникативдик табияты ар башка мүнөзгө ээ. Көркөм стилдеги жазуу түрүндөгү унчукпоо текстинде текстти интеграциялоочу, уюштуруучу экстралингвистикалык факторлор активдүү роль ойнойт [Маразыков 2004: 11].

Ошентип, конкреттүү бир шартта унчукпоо жөн гана тынчтыктын болушун аныктабастан, каармандардын башка бир семиотикалык кодго өткөндүгүн маалымдайт. Мындай учурда унчукпоо менен паратилдик элементтердин айкашып сөз менен айтып бере албаган ал-абалды туюндурууга болот. Мисалы: Берениң Манас канкоруң Карап турду унчукпай. Ушундан тууган баланы Унчукпай туруп Манжууга Кан көтөрүп алсам, ээ! Жалбагай ооз, жар кабак, Адамда мындай болобу! [СК: 587].

Ойлонуп, пландаштыруу - көмүскө процесс, аны жүзөгө ашыруу - ачык иш-аракет. Бирок экөө тең адамдын тышкы кейпинен чагылдырыла турган психикалык жагдайды жаратат. Көмүскө иш чара, толкундоо, көз карашын (күлүңдөө, мостоюу, каары чыгуу ж.б.), колун, бутун, башын аракетке келтирүү менен коштолот, мындай учурда үн, сөзсүз коштолот. Ачык ишке өтүүчү жагдай эки түрдүү болот. Биринчиден кеп менен билдирүү өзүнчө сөздүк, сүйлөмдүк каражаттарды пайда кылат [Рыскулова 2008: 21].



Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   12




©engime.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет