Артыкова Жамал Абдисаламовна «Манас» эпосундагы бейвербалдык каражаттардын туюнтулуш өңүттөрү Адистиги 10. 02. 01 кыргыз тили Филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертация



бет8/12
Дата27.05.2018
өлшемі3,02 Mb.
#40915
түріДиссертация
1   ...   4   5   6   7   8   9   10   11   12

3.1.2. Эпостогу кубануу эмоциясынын бейвербалдык каражаттар аркылуу берилиши

Эмоциянын объективдүү көрсөткүчү болуп анын адамдын жүрүм-турумуна дал келген сырткы манифестациясы болуп саналат. Бирок дайым эле бул көрсөткүч бир эле эмоцияны чагылдырбайт. Тагыраак айтканда, адамдын бир эле кыймылы ар кандай сезимди чагылдырышы мүмкүн, же тескерисинче, бир эле сезим ар кандай ымдоо-жаңсоолор менен коштолушу ыктымал.

Психологдордун изилдɵɵсү көрсөткөндөй, кубануу - оң эмоциялык абал. Жанындагы адамдарга да оң таасирин тийгизип, сүйлɵшүүдɵ жакшы жыйынтык берет.

В.А.Лабунскаянын эмоциялык абалдын мимикалык коддорун жасаган классификациясын карап кɵрɵлү. Кубанган адамдын оозу жабык же бир аз ачылгандай болуп, эриндеринин бурчтары ɵйдɵ кɵтɵрүлүү менен, кɵздɵрү узатасынан кетип же бир аз чоң ачылган калыбында, кɵзү жалжылдап, кашы жогору кɵтɵрүлɵт. Каштын ички бурчтары да жогору кɵтɵрүлгɵн абалда, чекесинде горизонталдуу сызыктар пайда болуп, бет динамикалуу абалда болоорун белгилеп кеткен [Лабунская 1986].

Кубануу эмоциясын ырахаттануу, ыраазы болуу, сүйүнүү, шайыр болуп жыргап-кууноо сезимдерин жандап келип, тилде аларды оң маанидеги лексемалык компоненттер коштойт.

Лингвист Е.А.Булахтын изилдɵɵлɵрүндɵ кубануу эмоциясы аркылуу социалдык байланыштардын эмотивдери түзүлүп, терс эмоцияны жок кылып, оң маанидеги лексемалар дайыма жанында жүрөт. Алсак, жүзү нурлануу, жылмаюу, жаркылдоо, кɵзү жоодуроо, бурала басуу, кɵзү нурлануу, кашкая күлүү, барбаюу ж.б. [Булах 1997].

Текст ичинде кубануу эмоциясын берүүдө, негизинен, мимиканы чагылдырган этиш сөздөр колдонулат. Мисалы: жылмайды, күлдү, сүйүндү ж.б. Төмөндө алардын ар биринин семантикалык маанисине, эпостун ичинде бейвербалдык каражат катары кызмат аткарышына талдоо жүргүзүп көрөлү:

Кубануу – кубанычта болуу, сүйүнүү, шаттануу, кɵңүлү кɵтɵрүлүү [КТС2: 87]. Адам баласы жашоосунда кандайдыр бир жагымдуу, көңүлгө туура келген окуя болсо маанайы көтөрүлүп, кубануу сезимине ээ болот. Албетте, мындай учурда адам организиминде да өзгөрүү болуп, көздөрү жайнап, баскан турганы жайдары болуп, күлкүсү чыгып, ууртунда жылмаюу пайда болот. Манасчылар эпосто мындай көрүнүштөрдү угуучуга таасирдүү лексемаларды колдонуу менен жеткиргенге аракет кылышкан. Мисалы: Акбалта кɵрүп акыры, «Сүйүнчү!»-деп бакырды. Кубангандан бай Жакып: «Не дейсиң»-деп чакырды [СО: 36]. Эгер бул ыр саптарын оозеки түрдө манасчынын оозунан уксак, анда анын үнү көтөрүңкү маанайда болуп, кубануу тууралуу маалымат берет. Ал эми жазууда ошол эмоция илептүү белги менен көрсөтүлгөн.

Кубануунун негизги синоним сɵзү - сүйүнүү, жыргоо. Ал кубануу, шаттануу, сүйүнүү, кɵңүлү куунак болуу, маанайы ачык, күлүү деген маанини берет [КТС2: 467]: Жоо дегенде сүйүнүп, Эр мүчɵлүү бейтаалай, Эркектин кийимин кийинип, Ашып-шашып кенебей [СК: 499].

Кубануу сезиминин натыйжасын адамдын жылмайганынан, күлгөнүнөн, керек болсо ыйлаганынан, жүзүндөгү ар кандай физиологиялык өзгөрүүдөн көрө алабыз. Эпосто каармандардын кубануусу да ар түрдүү бейвербалдык каражаттарды туюндурган лексемалар аркылуу чагылдырылат:

Жаркылдоо – кабагы жарык, жайдары мүнɵздɵ болуу, кɵңүлү шат болуу [КТС1: 518]: Калк ичинде сайрады, Сүйлɵгɵндɵ баркылдап, Кейиштүү кыргыз ал журтка, Кеп баштады жаркылдап [СК: 109]. Жаркылдап сɵзүнүн уңгусу жарк деген кыймыл-аракеттин тездигин билдирүүчү элестүү сɵздɵн жасалып –ылда (-илде, -илде, -үлдɵ) - тууранды сɵздɵн этиш жасоочу татаал мүчɵнүн жалгануусу менен пайда болду. Адамдын сырткы ɵңү-түсү, кабагынын ачык болушу менен жарк этип кɵрүнгɵндɵй элес калтыруусунан улам ушул лексема тилибизде колдонулат.

Жылмаюу – күлүмсүрɵɵ, күлүмсүрɵгɵн кейипте болуу [КТС1: 625]: Жылмайып басып байбиче, Элечектен каш чыгып, Эки кɵздɵн жаш чыгып, Байбиче келип турганы [СО: 31].

Күлүү - күлкү келерлик кеп-сɵз укканда же тамашага, кандайдыр бир окуяга карата кɵңүлү кɵтɵрүлүп, шаттанып, кубанып турганда ж.б. ɵзгɵчɵ сезимин билдирип каткыруу, кыткылыктоо, жылмаюу аркылуу күлкүсүн чыгаруу. Жадырап-жайнаган абалда, шаңдуу-шат кɵрүнүштү билдирүүдɵ колдонулат [КТС1: 132]: Жабын-абын сɵздɵрү, Кытай экен билгени. «Кудай бизге берди!-деп», Кыраан Манас күлгɵнү [СО: 177]. Күлдү журттун баарысы: «Нээти менен айтат!»-деп, Күңгүрɵп күлүп калганы [СО: 104]. Таанып келди-деп, айтып, Каткырыгы баш жарып Катуу күлүп калышып [СО: 1085].

Каткыруу – кɵңүлү кɵтɵрүлүп, кɵңүлү куунак болуп турганда үнүн катуу чыгарып күлүү, каткырык салуу [КТС1: 804]: Каткырыгы баш жарып, Катуу күлүп калыптыр [СО: 1060]. Жети күнү, жети түн Жыйылбай оозум бүпбүтүн, Каткырыгым баш жарып, Катуу күлүп мен карып [СО: 1096]. Тилибиздеги каткырыгы баш жаруу, каткыруу сɵздɵрү кат этишинен каткыр сɵзү жасалган.

Оозу жыйылбоо – күлкүсүн тыя албоо, аябай күлүү, токтоно албоо [КТС2: 317] деген маанисинде берилип жатат. Адамдын кɵңүлү кɵтɵрүлүп, күлүп турганда, ооздун кыймылы активдүү катышат: Жети күнү, жети түн Жыйылбай оозум бүпбүтүн, Каткырыгым баш жарып, Катуу күлүп мен карып [СО: 1096].

Санын чабуу – аябай ыраазы боло кубанып, каткыра күлүп, кɵңүлү ачык болуп олтургандын белгиси катары кабыл алынат: Шаңкылдап күлүп эр Манас Санын чаап алганы: «Ырас айтат Серегим, Ыгы менен ар качан Тийип калат керегиң» [СК: 818]. Чын дилден кубанып каткыргында жана ɵкүнүп калганда колу менен жоон санын чаап койгон бейвербалдык кыймыл-аракети жасаларын байкадык.

Күлүү эмоциясы негизинен адамдын жакшы маанайда болгон абалында пайда болсо да, кээ бир жагдайларда адам корккондо, шылдың кылганда, кошомат кылган учурларда күлүшү мүмкүн. Эпосто мындай маанидеги күлүү да жок эмес:

А) кошомат кылуу - Айкөл Манас шерине Арсаңдап күлүп эки эр, Тартуу кылып эки атын: «Күнөөбүз кеч!»- деп турду эми [СК: 586].

Б) шылдыңдоо - Журттун коркуп калганын Каны Темир билди эми, Биле коюп ошондо Мыйыгынан күлдү эми. «Атаңдын көрү, жаман эл, Куудай сакал карыңды, Кудай алсын баарыңды!» [СК: 539].



Жүзү нурлануу – адамдын ɵңү, бети, ырайы кубангандан күлүңдɵп, нурдануусу, жүзү жагымдуу болуп нур чайып туруусу, кубангануу эмоциясын адам беттин мимкалык бырыштары, ооздун, кɵздүн, каштын, жаактын кыймылы аркылуу берилет: Токойдон чыгып буралып, Толук жүзү нурланып, Меңдибай чыгып келгени [СО: 24].

Кашкаюу – жүзү жарык, жайдары кɵрүнүү, ачык-айрым кɵрүнүштɵ болуу, аппак тиштери жаркырап, күлгɵнүнɵн кɵрүнүп турган абалы [КТС1: 813]: Каалгадай кашка тиш, Калайыктан башка тиш Кашкайып чыгып алыптыр, катуу күлүп эр Манас каткырыгын салыптыр [СО: 1084].

Кɵзү жайноо – кабагы ачык, кɵңүлү кɵтɵрүңкү болуп кубанып, сүйүнүп турган абал: Бурулчаны кɵргɵндɵ, Бууругуп Алмаң туралбай, Азизкандын жалгызы Чолпондой кɵзүн жайнатып, боюнда жабдык кыңгырап, Басып кирди ордого [СК: 674]. Кɵзү жайноо деген этиштик сɵз айкашы, кубанган абалдын кɵз аркылуу берилиши сүрɵттɵлүп жатат. Кандай гана эмоциялык абал болбосун (кайгыруу, таң калуу, уялуу, жакшы кɵрүү, жаман кɵрүү ж.б.), эң активдүү катышып, адамдын жан дүйнɵсүндɵгү болуп жаткан абалды, ички сезимин таамай чагылдырган кɵз болуп эсептелинет. В.Ключевский: Кɵз-жаныбыздын күзгүсү эмес, ал анын терезеси, ал аркылуу кɵчɵнү кɵрɵт, бирок кɵчɵ дагы жаныбызды кɵрɵт деп белгилеп кеткен [Ключевский 1959: 295-305].

Жоодурап кɵзүн кароо – маанайынын жакшы экени, кубанып турган абалында адамдын кɵз-карашы да ɵзгɵрүлүп, кабагы ачылуу менен кɵздɵрү да балбылдап, күлүңдɵгɵн абалы: Жоодурап кɵзүн карады, Жолборстук сыны тарады [СО: 1079].

Жүрɵгү акылдоо кээ бир учурларда кубанганда, жакшы сезим пайда болгондо, кубанычтуу окуя болгондо жүрɵгү элеп-желеп болуу деген лексемалар менен берилет: Умачтай кɵзү ачылып, Сүйүнүп жүрɵк акылдап, Ошол кезде таманы жерге такылдап [СК: 126].

Жүрɵгү алып учуу - толкундануу, кубанганда, жүрɵгү ээ-жаа бербей түрсүлдɵп согушу [КТС2: 87]: Алмамбеттин жүрɵгү, Алып учуп дегдеди, Асы тынчтык бербеди [СО: 1023].

Жүрɵгү дегдɵɵ - кɵңүлү эргип, токтоно албай, алеп-желеп болуу кандайдыр бир кубанычтуу нерсени күткɵндɵй тынчсыздана берүү [КТС1: 607]: «Бала туур бекен!?»-деп, Бай Жакып жүрɵк дегдеди [СО: 31].

Жүрɵгү болкулдоо – аябай толкундоодон, сүйүнгɵндɵн жүрɵк эти туйлоо, жүрɵк кабынан чыгып кетүүчүдɵй абалды сүрɵттɵп жатат: Торучаарды кɵргɵндɵ «Баабедин»-деп бакырып, Жылкычысын чакырып, Боконо жүрɵк болкулдап, Кɵкүрɵгү кирилдеп [СО: 69].

Муруту суюлуу– кубанып, күлүп турганда, маанайы ачык болгондо бети жайылып кеткенин билдирип жатат: Абасы Бакай кɵк жалдын, Муруту кетти суюлуп, Сүйүнгɵндɵн чыдабай, Эки кɵздɵн аккан жаш, Акырек ылдый куюлуп [СК: 371]. Бул бейвербалдык каражат татаал этиштик форма менен берилип, муруту деген сɵзү алгачкы мурут түк деген эки сɵз биригип, ошол эле учурда кыскарып кетишинен турушу мүмкүн: мурунтүк<муру(н) т(үк)>мурут. Түк сɵзү чач, сакал, жүн деген мааниде. Демек, кубанып күлгɵн кишинин бетиндеги сакалы, муруту бетине жайылган абалын элестетип жатат.

Мурутунан күлүү дегендин ордуна мыйыгынан күлүү деп айтууга болот. Анткени мыйык сөзү башка түрк тилдеринде быйык, мыйык, бызык, бытык түрүндө мурут маанисинде айтылат [Сейдакматов 1988: 184].

Мурду барбаюу – кээде мурду дердейүү деген синонимдери аркылуу тилибизде берилет, мактануу, ɵзүн сыймыктуу сезүү, кубануу [КТС2: 259]: Сүйүндү Манас дардайып, Чаначтай мурду барбайып, Кɵк арсландай чамынып Жаратканга жалынып [СК: 371].

Кабагы ачылуу – аябай капа болуп, кайгыга түшкɵн адамдын кɵңүлү жайланып, муңу басылып, тилеги орундалып, кɵксɵгɵнү табылып, кубануусу. Муңканган кебетеси кубанганды билдирген жүзүнүн, кабагынын ɵзгɵрүлүшү: Аман болсо Манасың, Күйүттүү кабак ачылат, Күйүккɵн жүрɵк басылат [СК: 96]. Кабак ачылат этиштик сɵз айкашындагы, кɵз караш менен каштын ортосундагы аралыкты билдирген кабак сɵзү кап+ак бɵлүктɵрүнɵн куралган. Сɵздүн уңгусу кап этиши, ал жап маанисин берет. Ага этиштен зат атооч жасоочу –ак мүчɵсү жалганып, кабак сɵзү келип чыккан. Кабак сɵзү алгач жапкыч, жапма дегенге жакын маани берген. Анткени, адам кɵзүн жумганда жана ачканда кабак кыймылдайт, кɵздүн асты бир калыпта турат [Сейдакматов 1988: 123].

Арстан түрү тарады – кабагы ачылып, жини тарап, кɵңүлү кɵтɵрүлүү, кубануу: Адамдай кɵзү карады, Арстан түрү тарады, Жоодурап кɵзүн карады, Жолборстук сыны тарады [СО: 1079]. «Манас» эпосунда арстан, жолборс күчтүн, ачуунун, каардуулуктун, тайманбасыктын символу катары берилген. Демек, кубануу абалындагы кɵрүнүштɵ арстан, жолборстой сүр болбойт.

Бою ысуу – жакшы сɵздү укканда адамдын кубануу сезими пайда болгондо дененин табы да кɵтɵрүлɵт, бул бейвербалдык каражатты тердɵɵ, кызаруу, ысуу, дем алуунун оорлошу ж.б. түрдүү бейвербалдык каражаттар коштоп олтурат: «Айтканыңды кылайын, Акыр сенин ышкыңа, Аманат жаным кыяйын!» Муну сүйлɵп салганы, Нургузарың кызыны Угуп бою ысыды [СО: 211]. Бою ысыды этиштик сɵз айкашы кээ бир контекстик маанилерине жараша денеси ысыды, жүрɵгү жылыды, бети ысыды сыяктуу лексемалар аркылуу, ошол кездеги адамдын ички эмоциялык абалын билдирип жатат.

Тула бою дирилдɵɵ - калтырыган, титирегендей абалда болуу, дир-дир этүү [КТС1: 425]: Боконо жүрɵк болкулдап, Кɵкүрɵгү кирилдеп, Тула бою дирилдеп [СО: 69]. Тула бою дирилдеп туруктуу сɵз айкашы, тула бою деген зат атооч сɵзү адамдын тулку бою, денеси деген маанини билдирет. Кубануу, толкундануу эмоциялык абалын турган-турпаты да чагылдырып, толкундануудан пайда болгон дененин кыймылын түшүндүрүп жатат. Ага дир деген тууранды сɵздɵн пайда болгон дирилдеп этиши айкашып келип жатат.

Кубануудан ыйлоо: Баатыр касаба тоодой көрүнүп;. Алмамбет, Чубак, Бакайдын Көргөндө көөнү бөлүнүп, Көрүшө албай калчуудай, Эрлердин көзүнүн жашы төгүлүп, Атасын көргөн балдардай, Кырк чоросу чуркурап, Өлбөй тирүү көргөнгө Баарысы ыйлап буркурап [СК: 1440]. Сүйүнгөн бир, корккон бир, Көзүнүн жашы төгүлдү. Аккан жашы буурчактап, Арстандардын баарысын, Амандашып кучактап [СК: 1445].

Кɵздɵн жаш чыгуу – кубангандан, толкундангандан кɵзү нымдашып, жаш чыгуу: Жылмайып басып байбиче, Эки кɵздɵн жаш чыгып, байбиче келип турганы [СО: 31].

Сакалдан жашы тɵгүлүү – адам негизинен эки учурда ыйлайт: биринчиси капа болуп кайгырганда, экинчиси кубанганда. Улгайган киши кубанып ыйласа, кɵздɵн аккан жаш сакалынан ылдый кулап жатканын сакалдан жашы тɵгүлүү лексемасы менен берилет: Каралдым балам келдиң-деп, Кадыр Алдам бердиң-деп, Бай Жакып ыйлап баркырап, Сакалдан жашы тɵгүлүп, Жамгырдай болуп жаркырап [СО: 1089].

Жашын тыйбоо – мууну бошоп, толкундоодон, кубангандан кɵз жашын тыйбай ыйлоо: Бала жерде туйлады, Бар-бар этип ыйлады. «Эркек бекен, кыз бекен, Мага качан айтат?!»-деп, Байбиче жашын тыйбады [СО: 33].

Мында кубануу эмоциясындагы кыймыл-аракеттин кандай мүнɵздɵ, деңгээлде ɵтɵɵрүн кɵрсɵтүп жатат. Негизинен, адам кубанганда жана кайгырган эмоцияларында кɵзүнɵн жаш чыгат. Демек, бир эле бейвербалдык каражат эки башка эмоциялык кɵрүнүштɵ аткарылып жатат.



Бакыруу - Акбалта кɵрүп акыры, «Сүйүнчү!»-деп бакырды. Кубангандан бай Жакып: «Не дейсиң?»-деп чакырды [СО: 36]. Бул жерде катуу кыйкырганды билдирүүчү этиш баа деген дабыш тууранды сɵзгɵ этиш жасоочу – кыр мүчɵсү жалгануудан пайда болгон [Сейдакматов 1980: 45].

Кыйкыруу катуу үн чыгаруу, бакыруу [КТС2: 163], адам кубангандан да катуу үн чыгаруу менен ɵзүнүн эмоциясын билдирет жана да сүйлɵп жаткан сɵзүнɵ кубанычын коштогон шаңдуу кыйкырык бейвербалдык фонациялык каражат коштойт: «Келиңер!» - деп, кыйкырып, Арстан эрдин бу күндɵ, Ач кыйкырык жаңырды, Кызмат барбы бизге?-деп, Кыраандан сурап салышты [СК: 1056]. Байыркы түрк тилинде кы сɵзү бирɵɵнү кыйкырып чакырууда колдонулган. Мисалы: Кы, бери кел! Ой, бери кел! Ага этиш жасоочу –кыр мүчɵсү жалганып, кыкыр сɵзү келип чыккан. Кийин уңгунун аягына й тыбышы уланып, кыйкыр түрүнɵ келген [Сейдакматов: 169]. Ф.Фолсомдун жана Н.Я.Маррдын кɵз караштары боюнча оозеки сүйлɵшүүнүн негизги каражаты болгон ымдоо-жаңсоо белгилери адамдын аң-сезими, психологиясы менен тыгыз байланышта жана бул белгилердин тилдин пайда болушуна ɵбɵлгɵ түзгɵн. Алгачкы адамдар бейвербалдык каражаттардын тобуна кирген фонациянын элементтерин, б.а. кыйкыруу, ыйлоо, кубанганда жана кайгыргандагы үн каражаттарын колдонуп, тилдин келип чыгуусуна ɵбɵлгɵ түзгɵн дейт [Фолсом 1974: 11]. Демек, кубануу эмоциясындагы кыйкырып чыккан үн бейвербалдык каржаттардын эң эскиси болуу менен, бул жерде келиңер деген сɵздү коштоо менен, айтып жаткан адамдын кɵңүлү куунак экендигин, фонациянын элементтери аркылуу берилеп айтылып жатат, жазууда тийиштүү тыныш белгилер коюлат.

Баркылдоо (‹барк+ылда) – барк-барк этип үн чыгаруу, кɵңүлү кɵтɵрүлүп турганда кубанган кезде адамдын үнү бийиктеп, бакылдап сүйлɵɵ, фонациялык бейвербалдык каражаттарга кирет: Ак шумкардай баркылдап, Ак сакалы жаркылдап, Кара тилин кайрады [СК: 165]. Бала каздай баркылдап, Балбан Кошой абакең, Ак сакалы жаркылдап [СК: 288].

Ураан чакыруу – кубанганда, коштоп, сүрɵп турганда айтылуучу чакырык. Мисалы: кыргыздарда хан кɵтɵргɵндɵ ошол адамдын атын айтып, ураан чакырган, бул фонациялык каражат аркылуу ошол адамдын хан болушуна тилектештигин, каршы эмес, кубануу менен кабыл алып жаткандыгын туюнтат. Ошондой эле аш-тойлордо байге сайылып, ат чабыш, эр сайыш ж.б. учурларда ураан чакырылган: Сүйүнгɵндɵн баарысы «Кайкайлап» ураан чакырып [СК: 190]. Маңдайдан чыкты бакырык, «Манастап!» - ураан чакырып [СК: 427].

Yшкүрүү - адам бир эле кайгырганда же капаланганда эле үшкүрбɵстɵн, аябай сүйүнгɵндɵ жүрɵгү элеп-желеп болуп, толкунданып турганда да ошол абалын үшкүрүү аркылуу билирт: Кɵргɵндɵ Манас үшкүрүп, Сүйүнгɵнү эмеспи, Баладай чуркап жүгүрүп, Аколпокту кийинип, Аккелтени колго алып [СО: 732].

Кыргыз тилинде адамдын ичинен кубангандыгын туюндурган да сөздөр бар: кымтыӊда, кымпылда, кымый, кымылда ж.б. Окумуштуу З.Дербишева бул этиштер боюнча мындай аныктама берет: «Эти глаголы используются для описания человеком внутренного состояния, которое ни внешне, ни на лице ничем не выдаются, ни как не проявляются [Дербишева 2012:300].



Кубануу сезими адамдын үнүнөн, көзүнөн гана билинбестен, анын жалпы баскан-турганында да өзгөрүү пайда болот. Эпостогу каармандардын кубануу сезими алардын жүрүм-турумуна таасир этип, тиешелүү лексемалардын жардамы менен текст ичинде чагылдырылган:

Баладай чуркап жүгүрүү - кубангандан бир орунда тура албоо, тез-тез басып, чуркоо бутунун кыймылы менен адамдын кɵңүлү шат болуп, ачык экендигин билдирет: Сүйүнгɵнү эмеспи, Баладай чуркап жүгүрүп, Аколпокту кийинип, Аккелтени колго алып, Жаны ордуна келгенде [СО: 734]. Кубануу эмоциясындагы абалда адамдын ички оң эмоциялык энергиясы бат-бат кыймылы, чуркоосу, секирүүсү сыяктуу кыймыл-аракеттер менен коштолоору бышык. Баладай чуркап жүгүрүү бейвербалдык каражатынын лексемасы, кɵңүлүндɵ кири жок, чын жүрɵктɵн сүйүнүү менен жасалып жаткан кыймыл-аракет экендиги көрүнүп турат.

Бурала басуу – шашпастан, ɵзүнɵ ишенгендей кадамы, басуусу. Кɵңүлү жайланып, кубанып тургандагы дененин кыймылы: Токойдон чыгып буралып, толук жүзү нурланып, Меңдибай чыгып келгени, Сабыркап турган Жакыпка, Саламды бала бергени [СК: 110].

Шат болуу – шаңдуу, кɵңүлдүү, куунак, шайыр деген түшүнүктү берет [КТС2: 785], кабагы ачылып, шатыра-шатман сүйлɵɵ, кыймыл-аракети да тез, энергиялуу болгондо айтылат: Кубанбаган бир жан жок, Куп дебеген тири жан жок. Шат болбогон бир жан жок, Жамандык ойлоор тири жан жок [СО: 1090]. Шат сɵзү тууралган дабыштын кескиндигин, кыскалыгын билдирген табыш тууранды сɵздɵн болуп, ага этиш сɵзүнүн айкалышы менен айтылып жатат.

Дардаюу – адам сүйүнгɵндɵ, кубанып, кɵңүлү жай алып турганда, дене-боюн бош коюп, бүжүрɵйбɵй, чалкалап турган калыбында болот, ошол учурун тилдик каражат аркылуу дардаю, кубанычы койнунда ж.б. терминдер менен берилет: Сүйүндү Манас дардайып, Чаначтай мурду барбайып, Кɵк арсландай чамынып, Жаратканга жалынып [СК: 348].

Барбактоо – бапыраңдоо, барбалаңдоо, дардалаңдоо [КТС2: 87], кубангандан далдаӊдап, калдастаган адамдын кыймылы: Калча десем Коңурбай, Барбактап калат экенсиң, Оолуга түшүп, сен мага, Калдактап калат экенсиң [СК: 770]. Барбактоо, дардактоо, калдактоо кыймыл-аркеттеринин берген мааниси бирдей болуп, ыр саптарынын уйкаштыгына жараша тыбыштык жактан ɵзгɵрүп, эпостогу каармандардын образын ачып берүүдɵ чоң жардамга келет.

Карпаңдоо – барпаң-барпаң этүү, барпаңдоо [КТС1: 793], кубанып, кубанычы койнуна батпай турганда далдаңдап, колу-буту туш келди эпсиз кыймылдап, бир орунда турбай, колу-буттун, дененин барпаңдаган кыймыл аракети: Карыса да карпаңдап, Кары буурадай тартаңдап [СК: 679]. Карп тууранды сɵзүнɵн –аң тууранды сɵз жасоочу мүчɵсү жалганып, -да этиш жасоочу мүчɵ аркылуу жасалды.

Электɵɵ - Бакдɵɵлɵт жүрɵт электеп, Берейинчи тоюңду, Анан карап келип турайын Катындар сенин жоюңду. Чакыргын!-деп күлдүрдү [СК: 117]. Элеп-желеп болуп толкундануу, чыдамын жоготуу деген мааниде келип жатат.

Кыргыз тилинде кубануу сезиминин адамга таасир этишин көркөм, образдуу баяндаган фразеологизмдер да бар:



Жарылып кетер жүрɵгүм – кубангандан, сүйүнгɵндɵн жүрɵгү элеп-желеп болгон, эмоциялык абалын туюндурат: Бала жоктон жүдɵдүм, «Эркек!»-деп, бирɵɵ жүгүрсɵ, Жарылып кетер жүрɵгүм [СО: 32].

Жыйынтыктап айтканда, «Манас» эпосунда кубануу сезими башка эмоциялык каражаттарга (ачуулануу, кайгыруу, коркуу, сыйлоо, таң калуу ж.б.) салыштырмалуу аз кездешерин байкадык. Мунун себеби, окуянын жалпы жүрүшүндɵ, негизинен, кɵңүл чордону кыргыз эли-жерин коргогон баатырлар жɵнүндɵ баяндалгандыктан, согуш темасы, басып алуучулук, калмак-кытайлардын кол салышы, зордук-зомбулук сыяктуу кɵрүнүштɵр баяндалып, ачуулануу эмоциясына караганда эмнегедир кубануу эмоциялык абал аз сүрɵттɵлгɵндүгүнɵн болсо керек. Ошентсе да, кубануу эмоциялык абалын чагылдырган түрдүү бейвербалдык каражаттарды лексемалаштырып сүрөттөгөн 120 лексикалык бирдик табылды.




3.1.3. «Манас» эпосунда ачуулануу эмоциясынын бейвербалдык каражаттар аркылуу берилиши

Адамдын терс эмоциясы көпчүлүк учурда, анын дүйнө таанымына, айлана-чөйрөгө болгон мамилесине жараша да болот. Терс эмоция адамдын ичи жана сыртында сөзсүз түрдө өзүнүн көрүнүшүн табат. Мындай өзгөрүүлөр экинчи бир адамдын психикасына таасир этип, анын да кыймыл-аракетинин өзгөрүүсүнө түрткү болот. Ал терс эмоцияны урушуу, каргоо, коркутуу, нааразы болуу сыяктуу абалдар пайда кылат. Албетте, бул абалдар адамдардын жашоо-турмушуна кескин өзгөрүүлөрдү киргизип, көпчүлүк учурда жагымсыз шарттарды пайда кылат.

Адамдын терс эмоциясына жактырбоо, жаман кɵрүү, кыжырдануу жана ачуулануу ж.б. кирет. Адамда бул сезимдер пайда болгондо каалайбы, каалабайбы, анын эмоциялык абалын жанындагылар айттырбай түшүнүшɵт. Демек, пикир алмашууда адамдын сырткы кебете-кепшири, дене-бою менен бирге кыймыл-аракети, ымдоо-жаңсоолору да кошо коштолот. Кыргыз тилинде аталган эмоцияга байланыштуу мындай макалдар бар: Адамдын кандайы – ачуусу келгенде билинет, Оң колуңдун ачуусун сол колуң менен бас. Булардын мааниси боюнча ачуулануу адамдын жашоо-турмушуна кандай таасир этери таамай баяндалган.

Ачуулануу - өзүн-ɵзү кармай албай, токтоно албай жеңилип кетүү, сабырдуулук кыла албоо деген маанини берет [КТС1: 169]. Бул сөздүн келип чыгышын карап көрөлү: ачуу - деген сын атоочко -лан атоочтон этиш жасоочу ɵнүмдүү мүчɵнүн уланышы аркылуу этиш жасалат. Тарыхый жагынан -ла жана ɵздүк мамиленин (-н) мүчɵсүнүн айкашынан түзүлгɵн татаал морфема. Бул курандынын жардамы менен жасалган туунду этиштер жалпы жонунан кыйымыл-аракеттин субъектиге карай жумшалгандыгын билдирет [Азыркы кыргыз адабий тили 2009: 383].

Аталган эмоциянын адам психологиясына өзгөчө таасир этери эпосто да жакшы эскертилген.

Ачуу деген бирɵɵ бар,

Аңдап муну билип ал.

Ал тозоктун адамы,

Аңдап алгын сен дагы.

Ай, кыламын! – деп, жапырба,

Ачууң келсе сабыр кыл [СК: 409] – деп, Бакай эр Манаска акыл айтып, оң колунун ачуусун сол колу менен баскын, ачуу душман акыл дос экендигине кеңеш берет.

Кыргыз тилинде ачуулануу түшүнүгү жинденүү, каардануу, кыжырлануу ж.б. терс маанидеги синонимдик лексемалар менен да аталат.

Каардануу – кыжыры келген, жинденген абал, ачуу, заар же ачуулануу, ачуусу келүү, каарын тɵгүү [КТС1: 698]. Мисалы: Деп ушинтип, эр Манас Эрдин кесе тиштенип, Кызыл чоктой кɵздɵнүп, Шамал чыгып оозунан, Жалыны чыгып кɵзүнɵн, Каарданып берениң, Кабылан Манас кырааның [СК: 756] же, Каарданып токтобой, Айдап баары балбанын, Камап кирди Коңурбай, Кайра тарткан коркогун, Карсылдатып кубалап, Сабап кирди Коңурбай [СК: 820]. Бул кинеманын аткарылышын тилибизде каар Чындыгында, жалпылама каар сын атоочунун –лан мүчɵсүнүн уланбай зат атооч түрүндɵ ɵз алдынча образ түзүп, стилдик боёк берип турат. Беттин мимикасын чагылдырганына да мисал келтирели: Айза кармап шайланып, Кармашканды сойчудай, Каар бетине айланып [СК: 294].

Кыжырданууканы кызуу, ачуулануу, жини келүү, туталануу, кыжыры келүү деген сыяктуу түшүнүктү билдирет [КТС2: 157].

Жаалдануу - каардануу, ачуулануу, жаалы келүү [КТС1: 455]: Жаалданып эр Манас Кылычы жалаң алганы, Кыйып ийсем жанын - деп, Кыя багып калганы [СО: 1049], же: Жапакка ачуу келгенге Жаалданып калыптыр, Башына сары чалыптыр, Yстүнɵ кызыл жамынып, Арстандай чамынып, Ал мүнɵзүн кɵргɵндɵ Жан калбады жай алып, Жалаң кылыч таянып [СО: 1051]. Бир эле беттин түзүлүшү жаалданып ɵзгɵрбɵстɵн, эпосто сɵздүн да жаалы чыгаарын манасчы тɵмɵнкүдɵй баяндайт: Ачуусу келе калганы, Жаалы чыкты сɵзүнɵн, Жалыны чыкты кɵзүнɵн [СО:118]. Бул жерде да жаал деген абстрактуу зат атоочко –лан мүчɵсүнүн уланышы менен этиш сɵзү жасалуу менен, кыймыл-аракеттин түшүнүктүн ичти кɵздɵй багытталышы, иштɵɵчүнүн ɵзүнɵ карата топтоштурулат да, кандайдыр бир сапаттык ɵзгɵрүшкɵ дуушар болгондукту билдирип жатат.

Айбаттануу – бирɵɵнүн кол салышына, ɵкүмдүк, зордук кылышына каршы кɵрсɵтүлгɵн кайрат, каршылык [КТС1: 50]: Ошондо Айдаркан уулу эр Кɵкчɵ, Айбаты журттан бɵлɵкчɵ [СК: 349]. Айбат менен караса, Алп кара куш сүрү бар [СО: 508]. Бул бейвербалдык каражатты беттин мимикалары аркылуу ишке ашат да, кɵздүн, ооздун, кабак-каштын кыймыл-аракети активдүү болот.

Адамдын ачууланган психологиялык абалы көркөм чыгармада тилдеги лексикалык, грамматикалык, фонетикалык каражаттар туюндурат. Изилдөөчү Г.А.Эфендиева бул каражаттарды эмоциялык-экспрессивдик лексика деп атап, аны эки түргɵ бɵлɵт [Эфендиева 1973: 92].

1.Эмоционалдуу лексиканын оң маанидеги экспрессивдүү боёктуулугу;

2.Эмоционалдуу лексиканын терс маанидеги экспрессивдүү боёктуулугу.

Оң маанидеги эмоциялык лексемалар кубануу, жакшы кɵрүү, сыйлоо, эркелетүү, эңсɵɵ, уялуу, суктануу сыяктуу сезимдер жагымдуу бейвербалдык каражаттарды пайда кылат. Мисалы, башын сылоо, ɵбүү, жерди кароо, кɵзүн ала качуу, таазим кылуу, кɵзү жоодуроо, бети нурлануу, санын чаап каткыруу, баш ийип салам берүү ж.б. оң маанидеги бейвербалдык каражаттар коштойт. Терс эмоциялык лексемалар, терс эмоцияны чагылдырган бейвербалдык каражаттардан (жек кɵрүү, ачуулануу, коркуу, каардануу, алдоо, кайгыруу, ɵкүнүү, душмандык кылуу, чочуу, мыскылдоо, жактырбоо ж.б.) пайда болот. Мисалы: кɵзүн чекчейтүү, алайтуу, кашы биригүү, ызаланып ыйлоо, жер муштоо, кɵзүнүн тɵбɵсү менен кароо, эки бети тултую, камчысын сүйрɵп кирүү, камчысын тиштенүү ж.б.

Ички сезимди билдирген эмоциялар (жакшы кɵрүү, жаман кɵрүү, ачуулануу, кубануу, коркуу, тоготпоо ж.б. у.с. психологиялык абалдар) тиешелүү лексика аркылуу тилибизде реалдашып, аларды бейвербалдык каражаттар коштоп, конкреттештирилип берилет.

Ф.Блум, А.Лейзерсон, Л.Хофстедтер Мозг «Разум и поведение» деген эмгегинде ачуулануунун эмоциялык абалынын мимикалык кодун иштеп чыккан. Анда, адам ачууланганда: ооз ачык абалында, эриндин бурчтары түшкɵн калыпта, кɵзү ачылып же бир аз жүлжүйүңкү болуп, кɵздүн жаалы чыгып, кашы мурду тарапка түйүлгɵндɵй, каштын эки чети кɵтɵрүңкү болуп, бешенесинде вертикалдуу сызыктар пайда болуп, бет кыймылдуу абалда болорун кɵрсɵткɵн.

Көркөм чыгармада берилген ар бир эмоция лингвистикалык жана паралингвистикалык каражаттар аркылуу аталат. Алардын номинациясы мындай учурда түз жана кыйыр мүнөзгө ээ. Чыгармада бул эмоция негизинен, конфликтүү жагдайда, окуяда, сүйлөшүүдө тиешелүү тилдик каражаттардын жардамы менен чагылдырылат.

Текст ичинде эмоция төмөнкүдөй жолдор менен берилет: эмоцияны туюндурган сүйлөм конструкциялары, пейзаждык лексика, автордук ремарка ж.б.

Көпчүлүк учурда терс эмоциялар эпосто каармандардын кеби аркылуу ар кандай тилдик жана тилдик эмес каражаттардын жардамы менен коштолот. Ал эми ошол терс эмоциялардын пайда болушун, себебин бир гана чыгармадагы каармандардын мамилеси жана жагдай-шарт менен жакшы тааныш болгон каарман гана аңдап биле алат. Мындай учурда кептик эмес контекстти колдонуу муктаждыгы чыгат. Тилдик система бул жерде контекст менен тыгыз байланышта болот.

Контекст - эмоцияны чечмелеп берүүчү эң маанилүү база болуп саналат. Айтымды бир гана системага салынган жана грамматикалык түзүлүшкө ээ болгон тилдик белгилер аркылуу толук түшүнүүгө мүмкүн эмес. Бейвербалдык каражаттар да терс эмоцияларды тематикасы боюнча кенен туюндуруп бере алат. Бирок көпчүлүк учурда бейвербалдык каражаттар тилдик каражаттар менен бирдикте гана келет. Толук эмоциялык маалымат мындай учурда лингва-семиотикалык жана мимикалык белгилердин системасынын айкашынан түзүлөт.

Контексттин максаты окурмандарга кандайдыр бир психологиялык абалды түзүп берүү экендиги байкалат. Ошону менен бирге эпостогу каармандарга жана жагдайга терс эмоциялык мамилени пайда кылат, башкача айтканда, ачуулануунун семантикалык мааниси эмес, прагматикалык аспектиси чагылдырылат. Мисалы: Анда Жакып кеп айтат, Ачууланып бек айтат, деп берилип, пикир алышууда жана эпостун контекстинде ачуулануу бейвербалдык каражатты туюндурат. Адам ачууланганда беттин булчуңдары түйүлүп, кабагы түнɵрүп, кɵздɵрү акшыйган абалдагы ымдоо-жаңсоолор коштолот: Атаа, олжоңдогон кайран эр, Олоктоп тарткан ошол жер, Ачарслан тɵштɵнүп, Ачуусу келип түнɵрүп, Алгыр бүркүт кɵздɵнүп [СК:156]. Мында, ачууланган Жакыпты ач арстанга теңеши, бетке мимикалык бырыштарынын түшүшү, кабагынын салаңдап, түнɵрүп турушу, кɵздɵрү бүркүттүн кɵзүнɵ теңелип сүрɵттɵлүшү - тилибиздеги кɵркɵм сɵз каражаттарынын күчү болуп саналат.

Ал эми эмоцияны туюндурган паралингвистикалык каражаттар кээ бир учурда тилдик каражаттардын ордуна колдонулат. Мындай экстралингвистикалык каражаттардын эмотивдик функциясы - адресатка таасир этүү ыкмасы. Паралингвистикалык каражаттардын ичинен коммуникативдик подсистеманын негизин түзгөн жана вербалдык функцияны аткарган фонация, ымдоо, жаңсоо, дене кыймылдары болуп саналат.

Ачууланган кишинин кеби фонациялык жактан бийиктеп, диапозону кеңейип, кɵтɵрүңкү абалда кыйкырып айтылат, сырткы келбети да ɵзгɵрɵт: Деп ошентип Манас кан, Күп-күп этип күүлɵнүп, Күркүрɵп кɵк жал сүйлɵнүп, Эки жакты каранып, Эзелден кɵк жал арслан, Эрди-мурдун жаланып, Каарданып тутулуп, Канкор тууган кырааның, Ач арсландай жутунуп [СК: 205]. Бул жерде күркүрɵп кɵк жал сүйлɵнүп деген метафора аркылуу арстандын коркунучтуу кебетеси, каардуу жырткычтыгы, күр-күр этип күрүлдɵгɵн доошу элестүү, образдуу, таасирдүү кылып чагылдырылган. Эпосто ачуулануунун фонация аркылуу берилиши жогоркудай лексемалар аркылуу туюндурулганын көрөбүз.



В. Гумбольдт тилдеги тыбыштардын табияты тууралуу мындай пикирин айтат: «Помимо языка, звук сам по себе способен выражать боль, радость, отвращение и желание; порожденный жизнью, он передает её в воспринимающий его орган; подобно языку, он отражает вместе с обозначаемым объектом вызванные им ощущения и во все повторяющихся актах объединяет в себе мир человека или, иначе говоря, свою самостоятельную деятельность со своей восприимчивостью» [Гумбольдт 1984: 76]. Демек, үн адамдын ички сезиминде болуп жаткан уйгу-туйгуну, эмоциялык сезимдерди чагылдыруучу негизги каражаттардын бири. Төмөндө ошол үнгө байланышкан кээ бир абалды жана аны туюндурган тилдик каражаттарды карап көрөлү.

Апыраңдоо – бапыраңда, карбаластаган аракетте болуу, катуу-катуу оройлонуп сүйлɵɵ [КТС1: 129], ачууга алдырып, ызы-чуу түшүп, кыйкырып сүйлɵп жаткандагы абал: Эмине болуп кетти?-деп, Апыраңдабай баарыңар Айтыңарчы кепти?-деп [СО: 57].

Күпүлдɵɵ - күп-күп эте бакылдап сүйлɵɵ, опурулуп бек-бек үн чыгаруу, ачууланган, эмоцияга алдырып, жинденген адамдан чыккан үн: Каарданып дүпүлдɵп, Чымын жанын аябай, Чындап арслан күпүлдɵп [СК: 580]. Коңурбай мындай дегенде, Эсенкан турду күпүлдɵп, Оолуга түшүп түпүлдɵп [СК: 770].

Бек сүйлɵɵ - катуу, кɵтɵрүңкү, бийик (үнгɵ, дабышка карата) [КТС1: 255], бекемдеп, ныктап ачууланып жатканын сүйлɵгɵн сɵздɵрүнɵ түшкɵн интонациясы, басымы аркылуу билдирүү: Анда Жакып кеп айтат, Ачууланып бек айтат [СО: 1107].

Ɵкүрүү - жини келгенде, ачууланганда бакырып кыйкыруу, катуу чамынып ɵкүрɵңдɵɵ [КТС2: 347]: «Эмне качып турасың?!»- деп, ошентип ɵкүрүп, Алгаранын оозун кое берди Коңурбай [СК: 856].

АйкырууКаарданып катуу кыйкыруу, айкырык салуу [КТС: 56], Сыргак чукул барганда, Бээжиндин каны Коңурбай, Качырып калды айкырып [СК: 830]. Айкырган үнү Алмаңдын, Бузуп кетер ɵңдɵнүп, Качырды кɵздɵп түйүлүп, Эки кɵзү тɵрт болду [СК: 654].

Күркүрɵө - катуу чамынган күүлдɵгɵн же каарданган абалда болуу [КТС2: 147], Мурун кеткен жылкымды, Ажыратып алам – деп, Коңурбай келет артынан, Күндɵй болуп күркүрɵп, Кɵрүп турду Алмамбет, Бүткɵн бою дүркүрɵп [СК: 682]. Кɵзүнɵн ɵртү зыркырап, Сыр найзаны бек кармап, Жер айрылып дүркүрɵп, Азизкандын жалгызы келе жатат күркүрɵп [СК: 683]. Аркасынан күркүрɵп, Алда канча кол менен Ай жаң-жуң сайып ɵттү эми [СК: 855].

Кыйкыруукатуу үн чыгарып, бакыруу [КТС: 163], ачууланганда, жини келгенде үнү бийиктеп, үндүн тону аркылуу ачуусу келгенин билдирүү: Уй куймулчак Сарала, уюлгутуп кыйкырып, Кырып жүрɵт Алмамбет [СК: 1852]. Каарды катуу баштады, Кыйкырыгы таш жарып, Ошол турган балбанды, Кырып ийе таштады [СК: 112].

Айгай салуубүрɵɵнү чакырган же кандайдыр бир себеп менен дүрбɵтүп чуу салган кыйкырык бакыруу [СК: 852]. Жоокерлер душмандары менен салгылашып жатканда, ачууланганын билдирүү максатында, коркутуу үчүн, сүр болсун үчүн, кɵп болуп кɵрүнүү ниетинде да, жанындагы жоокер адамдарына дем бериш үчүн айгайлашып кыйкырып, ызы-чуу сүрɵɵнгɵ алышкан: Алмамбет айгай салыптыр, Алиги турган Кɵй баатыр, Алда эмне кылат-деп, Ачууланса бу калмак Баарыбызды кырат-деп [СО: 1030], же: Кырга чыгып алыптыр, Кыйкырып айгай салыптыр [СК: 987].

БакырууYнүнүн бардыгынча кыйкыруу, катуу үн чыгаруу [КТС1: 201], ачууланып, каарданып ураан чакырган кездеги үн угумдары жогорулап, бийиктеп отурат: Чылгый ичи ɵрт жанып, Чын найзаны колго алып, Каарланып бакырып, «Мɵндүлɵп» ураан чакырып [СК: 107]. Каарданып бакырып, Жер ченчисин чакырып, Зордуктап алып кетерин, Түбүнɵ чогуу жетерин [СК: 398].

Буркулдообурк-бурк этүү, күүлɵнүп-күчɵнүү [КТС1: 333]: Буркурап түшүп күркүрɵп, Оозунан от чыгып, Козголбой турат эр Манас [СК: 750].

Сɵзүнɵн жаалы чыгуу – лексемасы аркылуу сүйлɵп жаткан кеби ачуу, заар сɵздɵр менен айтылып, ɵтɵ бийик үн менен коштолгонун билебиз. Албетте, бул кɵрүнүш ачуулануунун, каардануунун жеткен чеги болуп саналат жана фонациялык каражаттын коштолушу менен шартталат. Бул жерде негизги маанини үн, тон ойнойт: Арстан Манас баатырдын Ачуусу келип калганы. Жаалы чыгып сɵзүнɵн, Жалыны чыгып кɵзүнɵн [СО: 1029].

Демек, адамдын үнү ачуулануу абалында өзгөч абалга өтүп, тилде аны так чагылдырган бирдиктер мол экендигине күбө болдук. Бул боюнча Ш.Баллинин мындай аныктамасы бар: «наши голосовые органы производят mutalis mutandis те же символические движения, что и наши руки» [Балли 1955: 148].

Бул аталган эмоциянын берүүдө адамдын ар бир дене бөлүктөрү ар кандай абалга өтөт. Төмөндө эпосто ачуулануу эмоциясын берүүдө катышкан, бейвербалдык каражатты түзгөн адам дене мүчөлөрүнө талдоо жүргүзүп көрөлү.



Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   4   5   6   7   8   9   10   11   12




©engime.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет