Артыкова Жамал Абдисаламовна «Манас» эпосундагы бейвербалдык каражаттардын туюнтулуш өңүттөрү Адистиги 10. 02. 01 кыргыз тили Филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертация



бет11/12
Дата27.05.2018
өлшемі3,02 Mb.
#40915
түріДиссертация
1   ...   4   5   6   7   8   9   10   11   12

3.1.5. Эпосто кайгыруу эмоциясынын бейвербалдык каражаттар аркылуу берилиши

Адам турмушунда айлана-чөйрөдө болуп жаткан нерселер дайым эле бир кылка болуп, бир агым менен жүрө бербейт. Кээ бир окуялар адамдын маанайына же анын жашоосуна оң таасирин тийгизип, бактылуу кылса, экинчи бир жагдайлар тескерисинче терс атмосфера жаратып, маанайдын бузулушуна алып келет. Тилекке каршы, адамдын жашоо- турмушунда ошол терс эмоция оң эмоцияга салыштырмалуу көбүрөөк болуп, аң-сезимге таасир этүүчүлүк касиети жогору болот экен. Бул пикирибизди коомдогу күнүмдүк болуп жаткан окуялар далилдей алат. Ошондой эле изилдөөнүн жүрүшүндө «Манас» эпосундагы бейвералдык каражат катары келген, эмоцияны лексикализациялаган сөздөрдүн ичинен терс эмоцияны туюндурган номинациялардын молдугу да айгинеледи.

Бул бөлүмдө ошондой терс эмоциянын бири кайгыруу // капалануу сезиминин эпосто номинацияланышы, тилдик каражаттар аркылуу берилиши каралат.

Кыргыздар байыртадан эле кайгы адамзатка пайдасыз, андан жакшылык болбосун өзүнүн улуттук көрөңгөсүн түзгөн макалдарында, учкул сөздөрүндө таамай айтып келишкен. Мисалы, Кайгыга көңүл басынат, Кайрат кылсам жазылат (Казыбек); Кайгы – адамдын касы (Байтемиров) ж.б.



Кайгыруу эмоциялык абал кандайдыр бир себептен улам, капа чегип, санаа тартуу сезими. Убайым, капалык, азап чегүү дегенди туюнтат. Кайгыруу абалын, кɵптɵгɵн дене кыймылы, колдун жаңсоолору, беттин, жүздүн мимикалык ымдоолорунан да байкалып турат, б.а. бейвербалдык каражаттар аркылуу бизге аң-сезимсиз, тилге кɵз карандысыз абалда чагылдырат. Ошол дене кыймылдарынан улам, дененин абалы, колу-буттун ымдоо-жаңсоолору, беттин ар кандай мимикалык кыймылдарына карай тɵмɵнкүчɵ тилдик каражаттар менен берилет. Ал эми, кайгыруу деген сɵз эмоциялык абалдын негизги денотанты болот:

Кайгылануу – бул сɵз кай+гы бɵлүктɵрүнɵн куралган. Байыркы түрк тилинде кай этиши кɵңүл буруу, кейишүү, кайгысын бɵлүшүү маанисин берген. Мындай этиш азыркы кыргыз тилинде ɵзүнчɵ колдонулбайт, бирок кайыш (мисалы: кабыргасы кайышуу) деген учурда сакталып калган. Ал эми –гы мүчɵсү этиштен зат атооч жасашы теп+гы, түрт+гы сыяктуу учурлар да дана катталган [Сейдакматов: 127]. «Каралдым кайда болду?» - деп, Бай Жакып кɵзүн салыптыр Баладан караан кɵрɵ албай, Кайгыланып калыптыр [СО: 112

Кейүү - кейитер, кайгы тарттырар кандайдыр бир ишке, кырсыкка ж.б. байланыштуу капалануу, кейиште болуу, кайгыруу, санаага батуу [КТС1: 820], мында жаак эти, оозу, кашы, кɵзү тɵмɵн карагандай абалда болуп, муңайган калыптагы беттин кɵрүнүшү жана бейвербалдык үн угумдары да милдеттүү түрдɵ катышып, ар бир айтылган кеп үн угумдары болгон, үшкүрүк, онтоо, шыпшынуу, оор дем алуу, ый менен коштолуп отурат: Кебез белбоо, кең ɵтүк, Кейип жүрɵт ɵкүрүп, Кечилдин каны Коңурбай [СК: 851]. Келбетин кɵрүп кейиди, Айбатынан алсырап, Кайратын кɵрүп кайгырды [СО: 717]. «Кеткеним келбей калды»-деп, Кейишке башын салыптыр [СО: 127].

Эрдин кесе тиштɵɵ - абдан ɵкүнүү, ɵкүттɵ калуу [КТС2: 858], «Алым келбей бир жанга, Казылган кара кɵр болдум»,- Деп, ушинтип, эр Манас, Эрдин кесе тиштенип, Кызыл чоктой кɵздɵнүп [СК: 756].

Ɵңү сары чɵп болуу – адамдын ɵңү саргарып, жүзү чɵптɵй куурап саргаруусу менен бир нерсеге кыжаалат болуп кыйналуусу, ɵкүнүп-ɵксɵɵсүн билдирет: Ɵңү сары чɵп болуп, Ɵкүнүчтүүсү кɵп болуп [СК: 754].

Ɵксүп ыйлоо – буркурап-боздоп ыйлоо, боздоо, катуу ыйлоо, арманда болуу, кайгы-муңдуу дегенди билдирет: Жан болуп дүйнɵ келгенге, Жаман бушман кылгамын, Ɵксүп ыйлап, жаш тыйбай, Ɵкүнүчтɵ калгамын [СО: 1095].

Кучактоо – кучагына алуу, кулачын жайып, кучагына оролто кысуу [КТС2: 123]. Бири-бири менен кайгырганда, кɵңүл айтканда, айласы куруп эмне кылаарын билбей калганын туюндурат: Кара жашы бурчактап, Кайгайлашып кытайлар, Бирин-бири кучактап [СО: 204]. Бул кайгыргандын эң бир жеткен чеги деп кароого болот. Мында кыймыл-аракет бир адам тарабынан аткарылбастан, экинчи бир адамдын катышуусу аркылуу аткарылат. Муну такесикалык бейвербалдык кинемалар (бирɵɵнүн далысына таптоо, колун кысуу, ɵбүү ж.б.у.с.) деп В.А.Лабунскаянын классификациясында берилет [Лабунская 1986]. Кучактап этиш сɵзүнүн уңгусу байыркы куч сɵзүнɵн алынган. Ал азыркы кыргызча кучакта этишинин маанисинде колдонулган. Мындай куч сɵзү кыргыздын эпикалык чыгармаларында алиге колдонулат. Мисалы Дартым жетсе бир күнү Как белиңден кучармын [Эл ыры], же Жыгылды Жолой жер кучуп, Акылы баштан чын учуп [СК: 563].

Алапайын таба албоо –далбастоо, эмне кылаарын билбей, айласы кетүү, шаштысы кетүү, албастоо, далбастоо, катуу кайгырганда акыл-эсин башкара албай калуу [КТС1: 92]: Кайгырып туруп Каныкей, Ирмеген сайын жаш кетип, Алсырап ыйлап тура албай, Алапайын таба албай [СК: 782]. Бул татаал этиштик сɵз айкашында алапай сɵзү арабча лаббай деген сɵздɵн ɵзгɵргɵн түрү. Лаппай сɵзү бирɵɵ чакырганда жооп иретинде айтылат. Арабча «ия!» деген маанини билдирет. Кыргыздын оозеки тилинде сɵз башында «л» тыбышы келген эмес, ошондуктан кыргыз тилинде сɵздүн алдына «а» тыбышы кошулуп, алапай формасын алган. Демек, кайгырып, сар-санаага түшкɵн адам «ия!», «эмне!» дегенге да алы келбей алдастоо кыймылын түшүндүрүп жатат [Сейдакматов 1980: 21].

Каңырыгы түтɵɵ - катуу кейүү, бир нерсеге зээни кейип, кайгыруу, капа болуу [КТС1: 767]: Оюна түшүп, ар жумуш, Ойрон болгон Чубактын, каңырыгы эң түтɵп [СО: 987].

Оң эмоциянын башында турган кубануу сезимин күлкү коштогон сыяктуу эле, терс эмоциянын бири кайгырууну ыйлоо толуктайт.



Ыйлоо – капалуу, кайгылуу ишке, кырсыкка ж.б. карата көзүнө жаш алып муңкануу, ый баштоо. Бул дагы нерв системасына таасир этүүдөн улам үн аркылуу чыккан ички сезимдин сырткы чыгышы десек жаңылышпайбыз. Демек, сырткы дүйнөдөгү жагымсыз, терс көрүнүштөр мээге, көзгө, үнгө таасир этип, адам баласы кайгырганын, капаланганын көз жашы, каргылданган үнү сыяктуу көрүнүштөр менен туюндурат. Мисалы: Кызылдай жанын бу күндɵ Кыйнап келет бай Жакып, «Кызыл аяк неткен?!»-деп, Ыйлап келет бай Жакып [СК: 107].

Кыргыздардын маданиятында, күнүмдүк жашоо турмушунда ыксыз ыйлоо жаман көрүнүш катары каралат. Жосунсуз ыйлагандарга карата Кайгы – пайдасыз, ый- жардамсыз; Ыйдын түбү – ый деген сыяктуу макалдар айтылып келет. Бирок кээде адамды жооткотуу үчүн Ыйлап жүрүп арык казсаң, ырдап жүрүп суу сугарасың деген да макал бар.

Кыргыз тилинде ыйлоонун кандай деңгээде болгонун көрсөткөн лексемалар бар. Алар ыйлоо деген сөздүн синонимдик катарын түзөт. Алсак, ага бышактоо, боздоо, өксө, буркуроо, баркыроо, үңүлдөө ж.б. кирет. Бирок көпчүлүк учурда алар ыйлоо деген сөздүн алдына келип колдонулат. Мисалы: боздоп ыйлады, буркурап ыйлады, үңүлдөп ыйлады, бакырып ыйлады, бышактап ыйлады ж.б. Бул жерден көрүнүп тургандай, ар бирине өзүнчө үн, вокативдик каражаттар тиешелүү. Ошондой эле алар аркылуу адамдын болуп жаткан жагдайга, шартка, окуяга канчалык деңгээлде күйгөндүгү, кайгыргандыгы даана байкалат. Пикирибиз далилдүү болуу үчүн эспостон алынган ыр саптарын карап көрөлү:

Кɵзүн жаштооМанас башка койгондо, Башы үзүлɵ жаздады, Эки кɵзүн жаштады. Эстен таанып далдайып, Айнакул калды шалдайып [СО: 53].

Жашын тɵгүү – кайгылуу ишке кɵз жашын тыйбай кɵп ыйлоо, муңдануу, кайгыруу, азапка түшүү: Кайран катын Каныкей, Баягы Кошойго ыйлап барды эми. Кабырга сɵɵгү сɵгүлүп, Кɵзүнɵн жашы тɵгүлүп [СО: 987].

Ɵксүү- буркурап-боздоп ыйлоо, боздоо, катуу ыйлоо [КТС2: 347], Муну укканда Шуйкучу, ɵксɵп-ɵксɵп бакырып, ɵксүп ыйлайт сапырып [СК: 778].

Баркырап ыйлообаркыроо-бар-бар этип ыйлаганда катуу үн чыгаруу, барылдаган дабыш чыгаруу [КТС1: 220], ыйлоо- капалуу, кайгылуу ишке, кырсыкка ж.б. карата кɵзүнɵн жаш алып муңкануу, ый баштоо.: Кɵңүлү турду сɵгүлүп, Кɵздɵн жашы тɵгүлүп, Бир кудайга зар айтып, Баркырап ыйлап жалынып [СО: 15].

Боздоо буркурап муңдуу ыйлоо, муңкануу, зарлап какшоо [КТС1:291], Баягы кайран катын Каныкей, Ажыбайды кɵргɵндɵ, ыйлап турду буркурап, Боздоп турду чыркырап [СК: 975]. «Баласы жоктон жүдɵдүм», «Эркек!»-деп, бирɵɵ жүгүрсɵ, Жарылып кетер жүрɵгүм. Ботосу жоктон майышып, Боздоп жүрдүм кайышып [СК: 132].

Буркуроо – муңканып катуу ыйлоо [КТС1: 333], адам катуу кайгырганда, буркуроо аркылуу фонациялык каражаттардын эсебинен пайда болуп, кайгыруу эмоциялык абалын коштоп турат.

Ɵкүрүү - бакырып кыйкыруу, катуу чамынып ɵкүрɵңдɵп, ɵкүрүү [КТС2: 347], кайгыга батып турганда ыйлаганда, жакын адамы каза болгондо жоктоп үн салуу [КТС2: 347]: Ушундай деп ɵкүрүп,ɵксɵп-ɵксɵп бакырып, Сайрап турду Шуйкучу [СК: 779]. «Ɵлɵбүз!»-деп, ɵкүрүп, Ɵткɵн ишке ɵкүнүп, «Айрылдык кара жандан!»-деп, Аманат жандан шек кылып [СО: 987].

Бакыруу – кайгырганда, жаны ачып кейигенде, арманын сɵз менен бере албай калганда, ичтеги муңдун баарын, бакыруу менен чыгарып алышы: Чыркырап энем бакырып, Караан кылып Мажикти «Бери кел»,-деп чакырып [СК: 602].

Чыркыроо – чырылдап ыйлоо, чырылдаган ачуу дабыш чыгаруу [КТС2: 258]: Энекем турду чыркырап, Эки кɵздɵн аккан жаш Кан аралаш шыркырап [СК: 618].

Окумуштуу Ш.Баллинин белгилөөсү боюнча, тилдеги ар бир тыбышты эмоциянын түрлөрүнө жараша бөлүштүрүүгө болот. Алсак, жоон үндүүлөр аркылуу ачууланууну, ичке үндүүлөр менен жагымдуу маанайды билдирүүгө болот: «... при произнесении округлых гласных (o/u), губы выпячиваются; это движение, даже вне речевой деятельности, выражает плохое настроение, насмешку, презрение: bouder «дуться» [Балли 1955: 148]. Демек, эпостон алынган жогорудагы кайгыруу эмоциясына байланышкан боздоо, бакыруу, айкыруу, чыркыроо сыяктуу фонациялык каражаттар жоон үндүүлөрдүн негизинде түзүлүп, эмоция менен тилдин ортосундагы диссонансты жаратып жатат.



Жер кучактоо – аябай кайгыргандын белгиси катары саналат. Салттык кɵрүнүш болуп эсептелинет, жакын адамы каза болгондо, же жаман кабар болгондо, ушул бейвербалдык каражат колдонулат.Жети жыл жатып кожоңуз, Жер кучактап ыйлады, Ыйлап жашын тыйбады [СО: 146]. Жер кучактоо бул семиотикалык кыймыл болуп саналат, белгилер системасына кирет. Жерди кучактоо кыймылын кайгынын жеткен кульминациясы деп түшүнсɵк болот. Бул жер кучактоо сɵз айкашынын биринчи компоненти жер планета, тиричилик ɵнүккɵн аалам деген түшүнүктү билдирген зат атооч сɵзүнɵн жасалып, кучактап кыймыл-аракетти билирген этиш сɵзүнɵн жасалды.

Алаканын койгулооАкбалтайдын Чубагы Алаканын койгулап, Арман кылып кɵп ыйлап, «Асылым, Сыргак-деп ыйлап» [СК: 721]. Ɵкүнүү, арман кылуу, капаланып, кайгыга түшүү эмоциялык абалында алаканын бири-бирине кою кыймылы менен билдирүүсү.

Адамдын үнү - эмоциялык жагдай тууралуу маалымат алып жүрүүчү негизги каражаттардын бири. Ар бир эмоциялык абалга жараша үнү ылайыкташып, өзгөрүп турат. Ошондуктан адамдын тигил же бул көрүнүшкө болгон мамилеси туура айтканда, үнү анын канчалык деңгээлде чындык экенин далилдеп коет. Кайгыруу сезими пайда болгондо үн каргылданып, катууланып же басаңдап, сөз менен айта албаган нерсени үнү аркылуу түшүндүрүшү мүмкүн.



Жалынуу – жалбарып жан дили менен абдан сурануу, жалдырап ɵтүнүү [КТС1: 486], адам кыйналып, аянычтуу абалда турганда, бир нерсени ɵтүнүүсү. Негизинен, бул эмоциялык абалды фонациялык каражаттар коштойт жана параллелдүү түрдɵ кол катышы мүмкүн. Фонациялык каражаттын болушу гана жалынуу процессин камтыйт. Мисалы: «Колдой кɵр»-деп жалынып, Баса түшүп токтолуп [СК: 661]. Бул жерде: Колдой кɵр!-деп аянычтуу үн менен сурануу, кайрылуу, жалынуу маанисин берүүчү үндүк каражаттар кошо коштолбой, тескерисинче, буйрук берүү, жини келүү, мыскылдоо ж.б. үн каражаты аткарылса, сɵз ɵз маанисин таптакыр жоготуп, ɵзгɵртүп жиберет.

Зарлоо – кайгы-муңун, арыз-арманын айтуу, ички дартын, зардуу ой-тилегин билдирип кейүү, зарлап-муңканып ɵтүнүү [КТС1: 641]: Акбалта зарлап муну айтып, Алакɵɵгɵ алдырып салган шумду айтып [СК: 22]. Же: Ботосу жоктон зарланып, Ботолууну кɵргɵндɵ, Боздоп Жакып арданып [СО: 15].

Муңдануу – кайгы артуу, кайгы муң басуу, башына убайымдуу санаа түшүү [КТС2: 258]: Бугу ичине сыя албас, Бузукулар оңбо-деп, Муңданып Кɵкчɵ тыйылбас [СО: 1036]. Кайгырганда адамдын үнү гана өзгөрүлүп калбастан, сырткы жүрүм-турумунда, көрүнүшүндө тиешелүү белгилер пайда болот: муңайат, бүрүшөт, жалооруйт, сумсайат ж.б.

Телмирүү - зарлап муңайган, аянычтуу абалда болуу [КТС2: 528], кайгырганда жалооруп, жалдырап туруп калуу: Тентек ɵскɵн балаң бар, «Телмирип жүрɵт бекен?»-деп, Кɵңүлүмдɵ алаң бар [СО: 53]. Же: Теңдигимен айрылып, Телмирген Бакай мен болдум» [СК: 398]. Телмирүү лексикону кайгыга, санаага түшкɵн адамдын кыймылсыз бейвербалдык абалы. Демек, унчукпай коюу да, телмирип кыймылдабай коюу да адамдын ой-туюмун билдирүү менен кадимки сүйлɵшүүгɵ кирип, ички жан дүйнɵсүндɵгү эмоциялык абалдан кабар берет.

Сурдануу – түсүн үйрүү, ачуусу келип кумсаруу [КТС2: 460]: Сыпатына тааныбай Сурдандыңар бир далай, Кишинин түрүн биле албай, Кирдеттиңер бир далай [СО: 1118]. Сурдануу эмоциялык абалында адамдын эң биринчи ɵңүнүн ɵзгɵрүлүшү, адамдын ички логикалык жана психологиялык теңсиздигин билдирип жатат. Крейдлинг белгилеп кеткендей, ачуулануу, кайгыруу, кубануу эмоцияларындагы бет, кол, бут, дене бейвербалдык кыймылдары кɵз карашка, кɵздүн кыймылына туура келиш керек. Айталы, кɵзүң күлүңдɵп турса, бетиң кайгырып жаткандай түр кɵрсɵтүп турган менен ал калп эле жасалмалуу болуп жатканы билинип калат. Анткени тилиң чындыкты жашырышы мүмкүн, а бирок кɵз эч качан жашыра албайт. Ошол сыяктуу эле дененин кызарып, бозоруп, саргарып ɵзгɵрүүсү да - ар түрдүү эмоциялык абалдарды коштоп жүрүүчү бейвербалдык каражаттар. Бул бейвербалдык каражаттарды жасалма жол менен бере албайт, демек сурдангандагы беттин мимикалык куулуп-кумсарган абалын эч качан атайлап бере албайт. Адамдын ɵңү-түсүнүн ɵзгɵргɵндүгүнɵ карап бул абал тилибизде сурдануу лексемасы аркылуу этиш сɵзү менен берилип жатат.Сур арап тилинен кирген сɵз, ɵң, бет, жүз, кебете деген зат атоочко –ла+ын этиштин мүчɵсүнүн жалгануусу менен жасалды [Карасаев 1996: 681]. Сурдануу лексемасы, кайгыргандагы, ачуулангандагы, жинденгендеги терс эмоциялык абалында да берилип, эквивалентүү бейвербалдык каражат.

Сумсаюу – суздануу, кейиште болуп томсоруу [КТС2: 458]: Оттук, курдан айрылып, Ошпурду кɵздɵй сумсайып, Чалдын жɵнɵп кеткенин, Балдардан кɵргүл неткенин [СО: 53]. Сумсайып этиш сɵзүнүн уңгусу сум болсо, ага жалганган –ай мүчɵсүнүн кɵпчүлүгүнүн уңгусу азыркы кезде ɵз алдынчалыгын жоготушкан. Бул факт аталган мүчɵнүн байыркылыгын кɵрсɵтүп турат. Мындан улам, кыргыз тилиндеги сырткы келбетти, кɵрүнүштү сүрɵттɵгɵн сɵздɵргɵ, айрыкча сын-сыпат маанисиндеги атоочторго кɵбүрɵɵк жалганат. Аталган сɵз түркүмүндɵ -й (ай//-ей) атайын ɵзүнчɵ мүчɵ катарында колдонулат. Мунун жардамы аркылуу дайыма ɵтпɵс маанидеги этиштер жасалат. Сɵз болуп жаткан морфема айрым сенек формалардын (-чай, -кай, -дай ж.б.) курамына да катышып, алардын морфологиялык элементине айланып кеткен: бол-чой (бол-чо-й) ж.б. [Давлетов, Кудайбергенов 1980: 139].

Бул эмоциялык абалдын негизги денотативи кайгыруу лексемасы болсо, ошол абалдын сигнификаттык маанилеринин бири сумсаюу.



Муңаюу капалуу кɵрүнүштɵ болуу, кайгырган, муңайым тарткан, убайымдуу [КТС2: 259]: Аман болгун жеңе –деп, Асылы Токто дебе-деп, Эр Алмамбет муну айтат, Эркечти кошо муңайтат [СО: 53]. Бу кандай кыйын кеп болот?! Муну айтып Жакып бай, Муңайып турду бир далай [СО: 83]. Дагы кыйналуу, арманы бар деген мааниде да берилип жатат: Кызыгын билсе кыздардын Кытайда болот сулуулар, Аны кɵргɵн жигиттин, Арылбаган муңу бар [СО: 1013].

Майышуу – кайгы-кападан кыйналган абалда болуу, кыйынчылыкты кɵтɵрɵ албай ошого баш ийүү: Бай Жакып турду майышып, Баласына кайышып «Барбаймын!»-деп, айта албай, Бай Жакып сɵзүн кайтарбай [СО: 57]. Майышуу лексемасынын мааниси сынуу, ийилүү маанисинде келип, бул кɵрүнүш кайгырып-капаланганда, сар-санаа болгондо башкача айтканда адамдын терс эмоциялык абалындагы кебете-кешпирди, ɵң-түстү чагылдыруучу сɵз. Ошондой эле бул жерде ырдын уйкаштыгын сактоо максатында айтылып жаткан кайышуу сɵзү да ушул эмоциялык процесстин ɵзүн чагылдыруучу синоними удаалаш келип жатат.

Алсыроо – алдан таюу, алсыздануу, күчү кетип чарчоо [КТС1: 106], кайгыргандан ыйлагандан алсызданып, чарчоо, денени бошошу: Кайгырып туруп Каныкей, Камчы бою жаш кетип, Алсырап ыйлап тура албай, Алапайын таба албай [СК: 782]. Алсырап сɵзүнүн уңгусу арап тилинен кирген кубат, күч деген маанини туюндуруп турат.

Бүрүшүү - Эчкидей болуп бүрүшүп, Бети-башы тырышып, Кылчылдап кытай турганда, Аянбай салды согушту [СК: 693].

Бүк түшүү - буттарын бүгүп, кɵмкɵрɵсүнɵн бүрүшүп жатуу, кайгыга жеңдирип, күйүткɵ алдырып, күчтɵн тайып мүңкүрɵп калуу, чɵгүү дегенди билдирет [КТС1: 344]: Он эки катбы бечара, Жүрɵгү түшүп ɵлүптүр, Түшкɵндɵ бала тик түшүп, Кɵргɵн кемпир бүк түшүп [СК: 142]. Бүк түшүү кыймыл аракетти билдирген этиш сɵзүнүн маанисине кɵңүл буралы, Г.Е.Крейдлин белгилеп кеткендей, кокусунан же кɵзɵмɵлгɵ алынбаган, денеден бɵлүнүп ɵз алдынча колу, буттун кыймылы болбойт. Мындай түшүнүк менен сүйлɵм туура эмес курулары бышык. Мисалы: Анын колу мени түртүп салды эмес, Ал колу менен мени түртүп салды. Же, Анын ийини, буту столду коюп кетти дебестен, Ал буту менен столду коюп кетти деп айтыш керек [Крейдлин 2002]. Демек, бүк түшүү кыймыл-аракетти билдирген этиш сɵзү да, ошол кайгыга түшкɵн адам тарабынан коркуу, таң калуу жана кайгыруу үч абалын туюнтуу менен, Кемпирдин буттары бүк түшүптүр деп берилбестен, Кɵргɵн кемпир бүк түштү деген туура ыр саптары аркылуу берилди.

Ары-бери туйлооОшондо энем Алтынай Ары-бери туйлаптыр, Ɵксɵп жатып ыйлаптыр [СК: 601].

Адам баласы кандайдыр бир жагымсыз иш, окуя ж.б. болуп кеткенине кейиште болуу, кейип, кайгырып өкүнүп калат. Өкүнү-кайгыруу эмоциясынын негизги себептеринин бири. Бирок өкүнүү кайгырууга караганда жеңил формада өтүшү мүмкүн. Жашоо-турмушубузда адамдар өкүнгөндө башын чайкайт, алаканын чабат, санын чабат ж.б.



Баш чайкоо – бир нерсеге абдан ɵкүнүп, кайгырып туруу маанисинде колдонулат [КТС1: 235]: Калмактардан кан Жолой Башын чайкап күйүнүп [СК: 152]. Башты чайкоо аркылуу кайгыруу эмоциясын туюндуруп жатат. Бул жерде ички абал баш аркылуу берилип жатат. Баш чайкоону омонимдик кыймыл катары карасак болот. Анткени, таң калганда, ɵкүнгɵндɵ, суктанганда да бул кинема аткарылат. Бирок баштан сырткары беттин мимикаларына, кɵздүн ымдоолоруна, үндүн тонуна, б.а., эмоциялык абалдын чагылышын башка бир паралингвистикалык абалдарга да кɵңүл буруу керек дейт В.И.Шаховский [Шаховский 2003]. Мына ошондо гана негизги денотантка тиешелүү болгон эмоциянын бейвербалдык каражаттары аркылуу байкаса болот.

Мындан тышкары, тилде өкүнүү абалы белем деген бөлүкчө аркылуу эле туюндурган учурлар да бар. Эпостун төмөнкү саптары буга мисал болот: Ошондо айтсаң Бээжинди Чийбейт белем сызыкты, Тынбай алты ай сылышып. Кылбайт белем кызыкты. Албайт белем талкалап, Тээтиги Бээжин калааны [СК: 596].

Мындан сырткары кайгыруу эмоциясынын соматикалык фразеологизмдер аркылуу берилиши:

Кабырга сɵɵгү сɵгүлүүаябай кейүү, кайгыруу, күйүттөн ичи эзилип, кабыргалары майышуу: Кайран катын каныкей, Баягы Кошойго ыйлап барды эми. Кабыргасы сɵгүлүп, кɵзүнүн жашы тɵгүлүп [СО: 987].

Аягы сыздоо - Сынган экен таягым, Сыздаган экен аягым. Кетилген экен туягым, Кемиген экен сыягым [СО: 1044].

Оозунан кɵк жалын чыгуу – кайгы, күйүттөн оозунан ыйы түшпөй калуу: Кайгысын айтат буркурап, Оозунан кɵк жалын чыгат шыркырап [СК: 857].

Каңырыгы түтөө- өтө кейүү, абдан кайгыруу, капалануу, бир нерсеге зээни кейүү: Арслан Чубак ошондо, Уйку жакка бет түтөп, Оюна түшүп, ар жумуш, Ойрон болгон Чубактын, Каңырыгы эң түтөп [СК: 498].

Иште «Манас» эпосунан алынган кайгырууга байланыштуу 243 лексикалык бирдик табылып, ар түрдүү дене кыймылдары, ымдоо-жаӊсоолорунун сүрөттөлүшү берилди. Жыйынтыктап айтканда, эпосто кайгыруу эмоциясы бир канча лексикалык топтор аркылуу туюндурулуп, каармандардын образын ачууда, тигил же бул окуянын таасирдүүлүгүн сүрөттөп берүүдө маанилүү роль ойнойт.


3.2. «Манас» эпосундагы этномаданий өзгөчөлүктү чагылдырган менталдык абалдардын бейвербалдык каражаттар аркылуу туюндурулушу

Бейвербалдык пикир алышуу - тил сыяктуу эле этностун салт-санаасы жана маданияты тууралуу маалыматтын булагы болуп саналат. Ошондой эле бейвербалдык пикир алышуунун белгилери, этностун тили сыяктуу эле жашоо-турумуштун жүрүшү тууралуу да маалымат боло алат. Дүйнө жузүндөгү элдер бири-биринен тили жагынан гана айырмаланбастан, дүйнө таанымы боюнча да өзгөчөлөнүп турушат. Этникалык дүйнө тааным жаратылыш жана адамдар дүйнөсү жөнүндөгү билимдердин жыйындысы аркылуу аныкталат.

Бейвербалдык пикир алышуу этнография менен тыгыз байланышта, жана да материалдык дүйнөдөгү буюмдар гана эске алынбастан, андагы ритуалдар, жөрөлгөлөр, мифтер да каралат. Адамзат тарыхынын алгачкы доорлорунда ритуалдар адамдардын маданиятынын бейвербалдык тексти болгон. Ал эми ритуалдарды билүү адамдардын маданиятын жана коомдук ордун айгинелейт. Ошентип, ритуалдар мааниси боюнча маданий-этникалык баалуулуктарды камтып турат [Колшанский 2010: 8].

Жашоодо пикир алышууда кеп канчалык маанилүү болсо, адамдын ички дүйнөсүн, психологиялык абалын, кубанычын, бир нерсеге кабатырлануусун туюндурууда каада-салттык жөрөлгөлөр ошончолук маанилүү. Кептен айырмаланып, каада - салттык жөрөлгөдө адамдын кудай алдындагы, кимдир бирөөнүн же табият алдындагы жоопкерчилик сезими камтылат. Табышмактуу, сырдуу кыймыл-аракет, ырым-жырым аркылуу каада-салтта өмүр менен өлүм, аалам менен жердин ортосундагы байланыш туюндурулат. Сөз кептин бирдиги болсо, жөрөлгөдөгү образдуу кыймыл-аракет, символдук белги, атрибуттар улуттук каада-салттын бирдиги катары кызмат кылат. Каада-салттык жөрөлгөдө сезим логикалуу түрдө чагылдырылгандыктан, сырдуу кыймыл-аракет, ырым-жырымдарды сезимдин артикуляциясы катары кароого болот. Мындай артикуляцияны кадимки эмоция эмес, татаал туруктуу мамиле түзөт. Каада-салтта эмоция эркин туюндурулбастан, жөнгө салынган туруктуу мамиле аркылуу берет [Төлөкова 2011: 29].

Улуттун белгилерин, анын байланыш кебиндеги маданий өзгөчөлүктөрүн, өз ара алака мамилесин, жүрүм-турумдарын тилдин ички түзүлүшү аркылуу гана изилдебестен, ошол вербалдык эмес каражаттарынын негизинде изилдешет [Ботобекова 2002: 102].

Ар бир маданияттын ɵзүнɵ гана тиешелүү кайталангыс стереотиптүү менталдык (лат. mens, mentis – акыл, эс, ой, туюм) дененин кыймыл абалдары болот. Менталдык абалдар аӊ-сезимдүү түрдө аткарылат жана жаш ɵзгɵчɵлүктɵрүнɵ, жынысына, социалдык иерархиялык абалына жараша колдонулуп, ɵзүнчɵ жазылбаган закон катары жашап, салттуу кɵрүнүш катары муундан-муунга ɵтүп жашап келет. Бейвербалдык белгилер кепти коштоп жүрсө да, кепке карата негизги орунга ээ болсо, кеп ага багыныңкы абалда болот. Менталдык абалда дене кыймылы аӊ сезимдүү түрдө аткарылат да, ал аркылуу адамдын дүйнө таанымы байкалып турат. Эмоциялык бейвербалдык каражаттар сыяктуу мында да дене-мүчөнүн кинемалары, мимикалары, символдук кыймылдар, фонация, проксемика, такесика, окулесикалык көздүн кыймылы, ольфакция ж.б. каражаттар аркылуу ишке ашат.

Казак окумуштуусу М.М.Муканов этникалык-турмуштук бейвербалдык белгилерди төмөнкүдөй топторго бөлүштүрөт: учурашуу белгилери; ыраазычылык белгилери; улууларды жана жакындарды сыйлоо белгилери; убада жана ант берүү белгилери; жек көрүү жана басмырлоо белгилери; таң калуу белгилери, өтүнүү белгилери [Муканов 1972: 110].

Кыргыз элинин этномаданияттык ɵзгɵчɵлүктɵрүн кароодо биз «Манас» эпосунун негизинде сереп салмакчыбыз.




Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   4   5   6   7   8   9   10   11   12




©engime.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет