Педагогикалык психология


Педагогикалык психологиянын милдеттери



бет3/8
Дата25.09.2024
өлшемі44,02 Kb.
#205099
1   2   3   4   5   6   7   8
Байланысты:
pedagogikalyk-psihol1-1

Педагогикалык психологиянын милдеттери. Педагогикалык психологияда ар дайым окутуу жана тарбия берүү ажырагыс биримдикте эриш-аркак жүрүүчү процесс катары каралат жана окутуу менен жанаша эле тарбия берүү процесси жүрүшү зарыл экендиги баса белгиленет. Тарбия берүүдө окуучуда окуу ишмердүүлүгүн ийгиликтүү аткарууга зарыл болгон инсандык сапаттар, жүйөлөр, кызыгуулар, муктаждыктар калыптанат. Мисалы: жоопкерчилик, тыкандык, эмгекчилдик ж.б.
Педагогикалык психологиянын эӊ негизги милдети – адамдын ар кандай социалдык тажрыйбаларды (усвоение) өдөштүрүүсүнүн мыйзамченемдүүлүктөрүн ачуу, аныктоо, б.а., коомдогу, маданияттагы тажрыйба кандайча жеке адамдын менчигине айланат деген маселени илимий негизде түшүндүрүү.
Психологдор айрым балдардын окууга терс мамиле жасоосу (окуучулардын окугусу келбөөсү), окуучулардын инсан катары жакшы өнүкпөй калышы тарбиянын начардыгы менен байланыштуу деп эсептешет. Мектепте начар окуган окуучулардын инсан катары өнүгүү деӊгээли төмөн болгондуктан, алар аӊ сезимдүү окуп билим алууга жана окууга (окуу ишмердүүлүктөрүн аткаруу амалдарын билбөө, билим алуу жүйөлөрүнүн өнүкпөгөндүгү ж.б.) психологиялык жактан даярдыгы жоктор болуп саналат. Алар өтө жөндөмдүү, акылдуу балдар болушу да мүмкүн. Бирок жогоруда айтып өткөн эки себептин таасиринен улам окуучулар окуу материалдарын начар өздөштүрүп, сабакты начар окушат. Педагогикалык психология мына ошол себептерди жоюунун үстүндө изилдөө иштерин жүргүзөт.
Педагогикалык психологиянын милдеттеринин бири окутуу процессинде окуучунун ийгиликке жетишүүсүнө зарыл болгон касиеттер кайсылар экендигин табуу жана аны окуучуларда калыптандыруунун каражаттарын жана методдорун иштеп чыгуу болуп саналат.
Педагогикалык психология окутуунун жана тарбиялоонун максаттарын, мазмунун жана методдорун аныктоодо окуучулардын курактык өзгөчөлүктөрүн көӊүлгө тутат.
Педагогикалык психологияда эӊ башкы маселе катары окутуу жана тарбия берүү процессинде балдарда психикалык өнүгүүнүн тез жүрүүсүн жана анын натыйжалуулугун арттырууну камсыз кылуу эсептелинет. Ошондой эле педагогикалык психологияда эӊ маанилүү маселелердин бири мугалимдин психологиясы болуп саналат. Анда мугалимдик кесипке тандоо, даярдоо жана мугалимдин кесиптик чеберчиликтерин өстүрүү, окуучуну жакшы окутуп, тарбиялоо үчүн мугалим кандай жалпы жана атайын кесиптик сапаттарга, педагогдук жөндөмдүүлүктөргө ээ болушу зарыл деген маселелер изилденет.
Жыйынтыктап айтканда, жаш муундардын ар кандай социалдык тажрыйбаларды өдөштүрүүсүнүн (усвоение) психологиялык мыйзамченемдүүлүктөрүн аныктоо, коомдогу маданият тажрыйбалары кандайча жеке адамдын менчигине айланат деген маселе педагогикалык психологиянын негизги милдети.


Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8




©engime.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет