БИЛИМ БЕРҮҮ
Ар бир адамдын инсан катары калыптанышынын негизин ал өздөштүргөн билимдердин, тажрыйбалардын жыйындысы түзөт.
Билим – чындыкты таанып-билүүнүн натыйжасы болуп, жаратылыштын, коомдун жана ойломдун мыйзам ченемдүүлүктөрүн билүү.
Билимдин эки түрү бар: эмпирикалык жана теориялык.
Басымдуу түрдө байкоого негизделип жаралган эмпирикалык билим нерселердин сырткы касиеттерин гана чагылдырат.
Теориялык билим нерселердин ички карым-катышын жана байланыштарын чагылдырат. Теориялык билим катары нерсени түшүндүрүүдө ойлоо сезүүнүн чегинен алыстап, түшүнүктөр, абстракция аркылуу жүрөт.
Билим берүү жалпы жана атайын болуп экиге бөлүнөт. Алар көлөмү, денгээли боюнча баштапкы, орто жана жогорку болуп үчкө бөлүнөт.
Билим берүү үч компоненттен турат.
окутуу.
Билим берүү өнүктүрүү.
тарбия.
Билим берүү тарыхый мүнөзгө ээ болуп, тарыхый өнүгүүгө жараша билим берүү да өзгөрөт. Коомдун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө жараша билим берүүнүн максаты, милдеттери, мазмуну өзгөрүүлөргө учурайт. Жаш муундарды заман талабына ылайык келген инсан катары жетилтүүнүн эӊ негизги каражаты болуп билим берүүнүн мазмуну саналат.
Коом жана турмуш талап кылган проблемаларды чечүүнү ишке ашыруу үчүн билим берүүнүн мазмунун аныктоонун мааниси чоӊ. Анткени билим берүүнүн натыйжалуу болушу, жаш муундарды заман талабына ылайык инсан катары жетилтүү билим берүүнүн мазмунуна жараша болот.
Психикалык өнүгүү жана окутуу
Психиканын өнүгүүсүндө окутуу жана тарбиялоо процесстери негизги роль ойнойт. Өнүгүү менен окутуунун карым-катышы илимде дайыма талаш маселе болуп, өнүгүү менен окутуу бир-бири менен өтө тыгыз, татаал карым-катышта болгон эки башка процесс катары түшүнүлөт. Курактык өнүгүүдөгү эң негизги мыйзамченемдүүлүк: аңдап билинбеген, жөнгө салынбаган ишмердүүлүк формаларынын аңдап билинген, өзүн жөнгө сала алуучу ишмердүүлүктүн формасына айланышы болуп саналат. Албетте буга окутуу, окуу ишмердүүлүгү аркылуу жетишилет.
Бала окуп жана тарбияланып жатып гана өнүгөт. Окутуу жана тарбия берүү баланын өнүгүү процессин ишке ашырууга багытталат. Мына ошондон окутуунун жана тарбиянын негизги милдети баланы акыл жагынан жана инсан катары өнүктүрүү болуп саналат.
Окутуу жөнүндөгү концепциялар, түшүнүктөр өнүгүү жөнүндөгү концепцияга, түшүнүктөргө таянып түзүлөт. Окумуштуулар өнүгүүнү кандай түшүнсө, ошого жараша окутуу процессин кандайча жүргүзүү керектиги жөнүндө өз сунуштарын айтышат.
ХIХ жана ХХ кылымдардын айкалышында АКШда Дж. Дью (1859-1952) дидактикалык утилитаризм концепциясын жараткан. Бул концепция практикалык көндүмдөрдү жана билгичтиктерди калыптандырууга өзгөчө маани берип, билимге анча маани берген эмес. Бул концепция билим берүүнүн прагматикалык теориясы деп да аталат. Дьюи мектептеги билим берүүнүн негизин балдардын практикалык ишмердигин уюштуруу түзүш керек, теориялык билим берүүнүн зарылдыгы жок, балдар түз эле иш жасоого үйрөтүү керек деп эсептейт. Ишти аткаруу процессинде окуучуларга (иш аткарууга) зарыл болгон билимдерди бериш керек деген. Билим берүүдө баланы турмуштук маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон практикалык тажрыйбаларга ээ кылуу негизги максат болуп, турмуштук шарт, жагдай, практикалык тажрыйбалар окуу материалы, билим булагы катары каралган. Ал эми окуу программалары, окуу китептери четке кагылган. Окуучуларга окуу предметтерин тандоо эркиндиги берилген. Сырттан түзүлгөн программаларды балага таӊуулоого каршы турушкан. Ошондон бул прагматизм теориясы деп да аталат. Окуу предметтери (сабактар) милдеттүү жана факультативдүү болуп экиге бөлүнгөн. Ушул теориянын негизинде У.Килпатрик проекттүү билим берүү түшүнүгүн, проект методун иштеп чыккан.
Дж.Дьюнун окутуу маселе чечүү аркылуу жүрүш керек деп эсептеген дидактикалык утилатризм концепциясы америкалык мектептердеги билим берүүнү өзгөртүүгө өтө күчтүү таасирин тийгизип, окутуунун мазмунун жана методдорун аныктаган, билим берүүнүн мазмунун андан ары өнүгүшүнө алып келген.
Достарыңызбен бөлісу: |