Педагогикалык психологиянын методдору. Ар бир илим өзүнүн предметине жана милдеттерине ылайык илимий иштерди жүргүзүүчү өз методологиясына, методдоруна жана методикасына ээ.
Педагогикалык психология педагогика жана психология илимдеринин негизинде жаралгандыктан, ал илимдердеги изилдөө методологиясы жана методдору бүт колдонулат. Бирок илимдин ар бир тармагынын жекече өзгөчөлүктөрүнө ылайык ал методологиялар жана методдор өзгөртүлгөн формада пайдаланылат. М: Жалпы психологиядагы байкоо усулу педагогикалык психологияда басымдуу түрдө күндөлүк усулу катары колдонулат.
Азыр педагогикалык психологияда клиникалык-педагогикалык байкоо методу кеӊири колдонулууда жана окуучунун жекече өзгөчөлүктөрүн реалдуу турмушта аныктоого жетишилүүдө.
Педагогикалык психологияда психология илиминдеги байкоо, эксперимент, сурап-билүү (ангемелешүү, интервью, анкета), тест методдор колдонулуп, педагогикалык психологиялык маселелер (окутуу жана тарбия берүүнүн таасиринен окуучунун психологиясында жана жүрүм–турумунда пайда болгон өзгөрүүлөрдү аныктоо жана баалоо) изилденет. М: Байкоо методу менен окуучулардын ар кандай кырдаалдардагы жүрүм-турумун жана алган билимидерин, үйрөнгөн билгичтиктерин турмушта колдоно билишин байкоого болот.
Педагогикалык психологияда байкоо жана эксперимент негизги методдор. Эксперименттин калыптандыруучу жана окутуучу түрлөрү өтө кеӊири колдонулат.
Жогоруда аталган методдордон сырткары педагогикалык психологиянын атайын методдору бар. Алар: психологиялык–педагогикалык эксперимент, тестилөө окуучунун үйрөнүүсүнүн жана тарбиялануусун деӊгээлин аныктоо үчүн колдонулат.
1.2. Педагогикалык психологиянын өнүгүү тарыхы
А.С. Макаренко ХХ кылымдын 20-30-жылдарында инсанды коллективде калыптандыруу теориясын жараткан. А.С. Макаренконун инсандын психологиясынын өнүгүүсү концепциясында: инсан менен коллективдин өз ара таасир этүүлөрү, инсандын өнүгүүсүнүн келечегинин багыты, инсандын мотивдерин калыптандыруу, мүнөздү калыптандыруу маселелери чечмеленген. Ал инсан менен коллективдин өз ара мамилесин жана өз ара таасир этүүлөрүн түшүндүрүүдө биогенетикалык жана социогенетикалык көз караштарга каршы өз пикирин сунуштаган.
Х1Х кылымдын аягында ХХ кылымдын башында педагогика жана психология илимдеринде эволюциялык идеянын таралышы психологиянын колдонмо тармагынын жана эксперименттик педагогиканын өнүгүшүнө өзүнүн таасирин тийгизген. С.Холл, Дж. Болдуин. Э.Мейман ж.б. психология, анатомиялык-физиологиялык, биологиялык-социалдык көз караштардын мазмунун баланын өнүгүүсүнө механикалык түрдө бириктирүү аркылуу түшүндүргөн педалогия илими пайда болгон. Мектеп окутпай эле баланын үстүнөн эксперимент жүргүзүп калган.
Педагогикалык психологиянын өнүгүү тарыхы окутуу идеясынын, билим берүү, окутуу концепцияларынын (теорияларынын) өнүгүшүндө чагылдырылат.
Тарыхый жактан алганда окутууга эӊ алгач кеӊири илимий түшүндүрмө берген окумуштуу Я.А.Коменский (1592-1670) болгон.
Я.А. Коменскийдин эмгектеринде окуу баланын ар түрдүү илим боюнча билимдерге ээ болуусу жана билимдерди пайдалануу аркылуу ар түрдүү маселелерди чечүүсү жана аракеттерди аткара алуусу катары түшүндүрүлөт. Билим чындыктагы обьектилердин жана процесстердин касиеттери, мүнөздүү байланыштары жөнүндөгү түшүнүктөр жана алардын тутуму катары түшүнүлгөн.
Достарыңызбен бөлісу: |