Л.С. Выготский окутуу, окуу түзүмү жөнүндө өз концепциясын атайын иштеп чыкпаса да, өзүнүн жогорку психикалык функциялардын өнүгүшүн түшүндүргөн тарыхый-маданий концепциясында окутуу, окуу маселелерин өтө тереӊ чечмелеген. Бул концепция боюнча жогорку психикалык функциялардын (логикалык эс, ойлоо, кеп ж.б.) өнүгүшү баарлашуунун жардамында социалдык чөйрөдөгү маданий баалуулуктарды (дөөлөттөрдү) адамдын өздөштүрүүсү аркылуу ишке ашат. Анын пикири боюнча өнүгүүнүн жүрүшүнө таасир этүүчү эӊ башкы фактор болуп окутуу саналат. Л.С.Выготский адамдын билим, билгичтик (ийкем) жана көндүмдөргө ээ болуусу менен адамдын жалпы сапаттарга жана жөндөмдүүлүктөргө ээ болуусун айрым-айрым нерселер катары карап: биринчисин окуу (окутуу), ал эми экинчисин өнүгүү деп атаган.
Л.С.Выготский өнүгүү менен окутуунун өз ара карым-катышын түшүндүрүүдө өнүгүүнүн жүрүшүндө окутууга жетектөөчүлүк роль таандык экендигин көрсөткөн. Өнүгүү менен окутуунун өз ара карым-катнашы жөнүндөгү маселени Л.С.Выготский өнүгүүнүн актуалдуу жана жакынкы зоналары аркылуу түшүндүргөн.
Өнүгүүнүн актуалдуу зонасын бала өз алдынча аткара алган маселелер (аракеттер, иштер ж.б.) түзөт. Ал эми бала өз алдынча аткара албаган, бирок башка бирөөлөрдүн жардамы, көрсөтмөсү, кеп-кеӊеши менен аткарып кете алуучу аракеттери, иштери өнүгүүнүн жакынкы зонасын түзөт.
Өнүгүүнүн жакынкы зонасына таасир этип олтуруп гана мугалим окуучуга билим берип, билгичтигин арттырып, көндүмдөргө ээ кылып, тарбия бере алат жана анын психикасын, инсандык сапаттарын өнүктүрүүгө жетишет.
Окуу маалыматтары окуучуларда “өнүгүүнүн жакынкы зонасына” түшсө гана окутуу натыйжалуу болорун баса белгилеп көрсөткөн жана “окуу процесси окуучунун психикалык өнүгүүсүнүн алдында баратса гана, аны жетелеп жүргөндө гана өнүгүү ишке ашат” – деген.
Жогорку психикалык функциялардын өнүгүшүнүн негизин түзгөн процесс болуп интериоризация саналат. Интериоризация процессинин негизинде таанып-билүү мүнөзүндөгү сырткы (күндөлүк турмушта көрүп-билип жүргөн) социалдык мамилелер, баарлашуу, окутуу жана тарбиялоо ж.б. тилдин жардамы менен ички психикалык көрүнүшкө айланат. Интериоризация процессинин натыйжасында адам жеке аӊ-сезиминде таанып-билүү ишмердүүлүгүн аткаруу мүмкүнчүлүгүнө (окутууда жана тарбиялоодо берилген рухий тажрыйбаларга, маалыматтарга ж.б.) ээ болот. П.Я.Гальпериндин, В.В.Давыдовдун жана Л.В.Занковдун окутуу жөнүндөгү идеялары