Педагогикалык психология



бет6/8
Дата25.09.2024
өлшемі44,02 Kb.
#205099
1   2   3   4   5   6   7   8
Байланысты:
pedagogikalyk-psihol1-1

Гумандуу психология. Психология илиминдеги эӊ чоӊ багыт болгон психоанализ - жаӊы психологиялык агымдын - гумандуу психологиянын (А.Маслоу, К.Роджерс ж.б.) жаралышына жана өнүгүшүнө түрткү берген.
Гумандуу билим берүү - окуучулардын самоактуализациясын өнүгүшүн камсыз кылууга багытталган окутуу. Анын өкүлдөрүнүн бири-К.Роджерс.
К.Роджерс гумандуу билим берүүнүн (окутуунун) өзөккү факторлору катары төмөнкүлөрдү эсептеген:

  1. бардык окуучулардын жакшы окуй алууга жөндөмдүү экендигине мугалимдин ишенүүсү;

  2. окуу программаларынын окуучулардын кызыгууларына дал келгендей кылып түзүлүүсү;

  3. мектепте коркутуп-үркүтүү жана кордоп кемсинтүүлөрдүн жоюлушу, мектепте достук маанайдын үстөмдүк кылуусу;

  4. окуучулардын мектеп иштерине аралашуусу жана алардын өз алдынча билим алуусуна шарттардын түзүлүшү;

  5. мектепте мугалимдердин баасы мааниге ээ болбостон, окуучулардын мектепте аткарган окуу ишмердүүлүгүнө өзүнө өзү берген баалоосунун мааниге ээ болуусу;

  6. окутуу процессине окуучулардын катышуусуна мүмкүнчүлүктүн, жаӊы тажрыйбаларга ээ болуусуна шарттардын түзүлүшү.(404 с.)

Карл Роджерстин окутуу идеялары. Жаш муундарга билим жана тарбия берүү процессин жакшыртуу, натыжайжалуу уюштуруу максатында өз көз караштарын сунуш кылгандардан америкалык окумуштуу, атактуу психолог, психотерапевт Карл Роджерс (1902-1988) болуп саналат. Ал окууну когнитивдик жана тажрыйбалуу окуу деп экиге бөлгөн.
Когнитивдик окуу – бул биз билип, көрүп жүргөн эле окуу: мугалим окуучулар үчүн билимдердин, билгичтиктердин, көндүмдөрдүн булагы болуп эсептелинет жана аларды окуучуларга даяр түрүндө үйрөтөт.
Тажрыйбалуу окуу деген бул окуучунун өз ишмердүүлүгүнүн, тажрыйбасынын негизинде билимдерге, ык- машыгууларга ээ болуусу.
Өнүгүү менен окутуунун карым-катышын көп окумуштуулар түшүндүрүүгө аракеттер жасашкан. Алардын бири орустун көрүнүктүү психологу Л.С.Выготский. Дүйнөгө таанылган орус көрүнүктүү психолог

Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8




©engime.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет